"Баш жазуу"

Майрам, арак, пахмел
Кантип баш жазасыз?
Катуу "майрамдап койгондун эртесинде баш "жарылгыдай" абалга келип калат. Айрымдар жумушка чыкпай калышат. Бул учурда адам өзүнө кантип келүү керек? Башты кантип жазганда адам өзүн кайра бат эле сергек сезе баштайт? Мына ушул суроолорго жооп издедик.

К.Карабеков туздалган капустанын суусун ичет
Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков туздалган капустанын суусун ичет. Депутат тудалган бадыраңдын суусу башты жакшы жазбай турганын эскертет. Ал эми капустанын туздуу суусун ичкенде ичкен адамдын башы жазылып, бир топ сергий түшөт экен. Кабай мырза бул ыкманы бир нече жолу текшерип көргөнүн дагы жашырбайт.


100 грамм алып коюу керек
Ал эми медицина илимдеринин доктору Сабыр Жумабеков "пахмел" деген нерсе медициналык жактан алып караганда туура нерсе экенин айтат. Анткени катуу ичкен күндүн эртеси башты жазбаса кан-тамырлар кысылып, мээге кан барбай калышы мүмкүн. Мындайда жүз грамм ичип алса, кан суюлуп, кан-тамырлар кеңейет.


Рыскулованын кеңеши
Катуу ичип, эртесинде башы "жарылайын" дегендерге Миграция министри Айгүл Рыскулова "активированный уголь" анан аспирин ичип алса жеңил болорун кеңеш берет. Болгондо дагы бул дарыларды "башы ооруп" аткан киши эртең менен таңкы бештерде ичсе сен көр, мен көр болуп, башы жазылып калат экен. Ал гана эмес Айгүл айым жаш кезинде муну практика жүзүндө текшерип дагы көргөнүн айтып келет.


МАИчилерге түшпөйүн
десеңиз
Куудул Камчы Сарыбаев болсо негизинен көп ичпейт. Ичке төрт жүз грамм киргенде эле жүрөгү лакылдап баштаганда токтотуп коет. Эртесинде болсо бир стакан айран ичип алып кетет. Алкоголдук ичимдикти ичкендер адатта эртеси күнү МАИчилерге кабылуудан коркушат эмеспи. Оозунан арак жыттанып калат деп. МАИчилерге кабылуудан гана эмес, бирөөлөр менен жолукканда, жумушка келгенде бул бир топ ыңгайсыздыкты жаратат. Камчы Сарыбаев дал ошолорго жакшы кеңеш берет. Эртеси күнү ооздон жыттанбаш үчүн арак менен колду суулап алып, жаактарга чаап коюш керек. Ошондо шилекей тешиктерден арактын жардамы менен бул жагымсыз жыт дагы чыгып кетет.


Абдыжапаров ашлян-фу жейт
Белгилүү кинорежиссер Эрнис Абдыжапаров болсо жаш кезинде арактын катыгын берчү. Баш жазуу деген эмне экенин дагы билбей, башы ооруп кыйналып жүрө берчү экен. Бир күнү ошентип катуу ичкендин эртесинде жубайы ашлян-фу жасап койгон экен, аны жеп алып өзүн укмуш сезип калат. Ошондон кийин жеңебизди ичкендин эртесинде "ашлян-фу жасап бер" деп кыйнамай адат таап алган экен.


Өзүбековдун айласы алты кетет
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков ичкендин эртеси күнү иттей кыйналат. Айласы алты кетет. Ичкен күнү туура эмес жатып алып, тумчугуп калбасын деп жубайы кайтарып чыгат. Ал гана эмес жеңебиз жолошунун башын жазуу үчүн эртесинде пиво алып келип, ысык тамак жасап коет. Катуу ичкен күнү Асылбек Өзүбеков мончого барып, бууда отуруп атып араң өзүнө келет.


Дагы кеңештер
Бир стакан муздак сууга 5-6 тамчы нашатыр спиртин кошуп ичип алуу керек. Өзүнө келе албай жаткандардын оозун ачып куюп салса дагы болот. Ушундай эле сууга 20 тамчы жалбыз спиртин кошуп ичирсе дагы жардам берет.
Аябай мас болуп калган адамды чалкасынан жаткырып, кулагын алакандарыңыз менен катуу-катуу ушалап жибериңиз. Башка кан барып, масты өзүнө келтириши мүмкүн.
Коюу демделген чайдан ысык-ысык ичсеңиз башыңызды айлантпайт.
Ичкен адам аябай эле катуу кетип, бир топ кыйналып атса ашказанды тазалоого туура келет. Жөнөкөй эле ыкма эки манжаны оозго тыгып, кусуп салуу керек. Бул дагы жардам бербесе, кадимки эле сода же марганцовкадан бир аз гана кошулган кайнак сууну ичүү зарыл.
Стаканды суу май менен майлап алып, жумуртканын сарысын саласыз дагы, ага 10-20 тамчы аракты кошуп аралаштырып ичип алыңыз.
Лимондун жарымын кесип алып, колтуңузга сүртүп алсаңыз, бат эле сергек кылып коет.
Эгер жүрөгүңүз оорубаса, анда ичкен күндүн эртесинде мончонун буусуна отурган туура. Буу денедеги тешикчелерди ачып, алкоголдук ичимдиктер ошолордон чыгып кетишине шарт түзөт. Сиз мончодон чыкканча жубайыңыз шорпо даярдап койсо сонун болот.

Мидин Алыбаевдин жоруктарынан
- Белгилүү акын Мидин Алыбаев өзүн өмүрүндө бир гана жолу ичкен деп эсептечү.
- Койчу, ай. Ушул сөзүңө ким ишенет?
- Жок, ал калган күндөрү баш жазып жүрүптүр.
***
Кыргызстан Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Исхак Разаков акын Мидин Алыбаевди кабылдамасына чакырып калат. Мидин мындай улуу даражалуу адамга баргандан сүрдөп атканын айтса, достору 2-3 стакан арактан бастырып коюшат. Кабылдамага барып экөө кол алышканда эле, арак жыттанып атканын сезип Разаков мурдун бырыштырып, бир аз алысыраак качып коет. Анда Мидин Алыбаев "Исхак Разакович, сиз кабатыр болбой эле коюңуз, бул менин менчик жытым" деген экен.


Азимбек БЕКНАЗАРОВ, БЭКтин мүчөсү:
"Мас болгондо урушкум келип калат"

-Ичимдиктин дагы катыгын бересизби?
- Ичем. 24 жаштан баштап эле ичип жүрөм. Достор менен жолукканда, той-топур, жакшылыктарда ичип калам. Кээде көңүл айткан жерде дагы ичүүгө туура келет.
- Кантип мас болосуз?
- Мас болгондо көп сүйлөп калганымды билем. Агрессивдүү болуп, сөз көтөрө албай, талашып-тартышып, урушкум келип калат. Жылына 2-3 жолу аябай мас болуп келген учурлар болот.
- Аялыңыз бул учурда кантип тосуп алат. Баары бир ачуусу келет болуш керек?
- Ушу жашка келип жубайым "эмнеге ичтиң?" деп айта элек. Анткени мен ичсем себеби менен, чеги менен ичем. "Мен масмын, эшикти ач" деп эле айтам, кирип эле уктап калам. Тополоң кылуу дегенди билбейм.
- Эртеси кантип баш жазасыз?
- Башым оорубайт. Жакшы уктасам эле сопсоо болуп туруп кетем. Ичсем дагы, эртесинде кадимкидей эле иштеп жүрө берем, кыйналбайм.

Даярдаган Дилбар АЛИМОВА