Кол салуу

Турат Мадылбековдун машинесин кимдер өрттөдү?
Нооруз күнү таңкы саат төрттөрдө Калык Акиев- Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн короосунда токтоп турган "Ата Мекен" партиясынын Чүй облустук координатору Турат Мадылбековдун үйбүлөсүнө тийиштүү машине өрттөлгөн. Учурунда байкап калып, өчүрүүгө аракеттенип атып, машинени багын жардырбай сактап калууга жетишишкен. Экс-опер-кызматкери, полковник Мадылбеков бул ишти кимдер жасаганынан кабардар.
- Машинаңыз кандайча өрттөнүп кетти? Ушул тууралуу айтып берсеңиз...
- Үйбүлөм менен Калык Акиев-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө убактылуу жашап атканмын. 20-март күнү кечки саат сегизде мен өзүмдүн машинемди гаражга киргизип коюп, жубайымдын 4222 мамлекеттик номерлүү Raf 4 машинеси сыртта калган. Жаңы машине болчу. 21-март күнү таңкы саат төрттө өрттөп кетишти. Саат 4.10до биздин кошунабыз кызын аэропорттон тосуп келип, машиненин өрттөнүп атканын көрүп калып, бизге келип айтты. Араңдан зорго өчүрүп калдык. Бирок ошого карабай ички салондун баары күйүп, машине жараксыз болуп калды. Ал кошунабыз көрбөй калганда, баг жарылмак, айланасында турган бардык машинелер өрттөнүп кетмек. Ал короодо ЦАРИИнин орун басарынын машинеси дагы бар болчу, ал да жарылмак. Ошо жарылса болмок экен деп атам...
- Кимдер кылышы мүмкүн деп ойлойсуз?
- Кимдер кылганын мен билем. Анткени, акыркы мезгилдерде эки мамлекеттик ведомство менин артымдан күнү-түнү аңдууларды жүргүзүп койгон. Кимдерге жолугам, кимдер менен сүйлөшөм, телефондорумду дагы тыңшап турушат. Мурунку оперативдик кызматкер катары мен муну өз алдымча иликтеп жатам. Четтери чыгып калды. Менин маалыматтарыма караганда, бул ишти азыркы генералдар, жана алардын орун басарларынын командалары жасаган. Мага ал адамдардын аттарынан бери белгилүү. Андан сырткары, кайсы машине менен жүрүшкөндөрүн, кайсы балдар аткарганын билем. Бул жерде милиция кызматкерлеринин сөзсүз түрдө тиешеси бар. Ошондой эле буга криминалдык чөйрөгө тийиштүү балдар дагы катышкан.
- Кандай максатта жасалышы мүмкүн деп ойлойсуз?
- Булар эми Мадылбековду коркутуп-үркүтүш керек деп ойлоп атышат да. Мага үч жылдан бери эле ар кандай кысымдар болуп келет. Мен мындай кысымдардан, аңдуулардан, машинемдин өрттөлүшүнөн эч качан коркпойм. Анткени, мен мамлекет үчүн эч кандай жамандык кылган жокмун. Ар дайым мыйзам чегинде жүрөм. Анан эмне үчүн булар менден коркуп, ушундай ишке барып атышкандарына таң калып атам. Булар ушундай провокациялык иштерди жасайбыз деп, элди өздөрү эле көтөрүп жибериши мүмкүн. Мен деле жөнөкөй жигит эмесмин. Бүт Республика колдобосо дагы, Чүй облусунун эли мени колдойт. "Ата Мекен" партиясынын облустук координатору катарында, Чүй облусунун тургундары тынчсызданып келип атышат. Бийлик мага карата туура эмес иш жасап алды, эми мен андан ары дагы күчтөнөм. Бул бийлик үйбүлөмө кол салууга да даяр болуп турат. Мындай кыянаттыктар жасалса, эң биринчи кезекте Бакиев, андан кийин ага кол куушуруп турган генералдар, алардын орун басарлары күнөөлүү болот. Ал эми заказды аткаруучулар бул бийлик турганда эч качан жазага тартылбайт. Бирок бийлик алмашаары менен алар тиешелүү жазасын алышат.
- "Кимдер жасаганын билем" деп атасыз, кандайча билип алдыңыз?
- Биз деле жөн жүргөн жокпуз. Бизди аңдып, ушундай жаман иштерди даярдап жүргөндөрдүн артынан биздин ветерандар дагы жүрөт. Өздөрүнүн дагы артынан аңдуу жүргөнүн алар билбейт. Алардын эмне иш кылып жүрүшкөнүнөн биздин ветерандар кабардар. Бул сөзүм шамал бойдон калбайт, Кудай буюрса, кези келгенде бул нерселердин баарын ачыкка чыгарам. Бул бийлик кеткен күнү, беш мүнөттөн кийин машинени өрттөгөндөрдүн ичинде көрсөтмө бере турган балдар бар. Ал генералдар өздөрү "Лексус" айдап жүрүшөт, мен келинчегиме айттым, "эртең бийлик алмашаары менен ошол генералдар "Лексустарын" сага өздөрү алып келип берет" деп...
- Машинени өрттөп атышканын көргөн адам барбы?
- Бул иш алдын ала пландалган. Эл канчада уктайт деп алдын ала билишкен дагы, саат төрттө жасап отурушат да. Мен атайын өрт кызматын дагы, милиция кызматкерлерин дагы чакырып каттоодон өткөрүп койдум. Бирок, булар өзүнөн-өзү өрттөнүп кетти деп кылмыш дагы козгобой коюшу мүмкүн.
- Өрттөп кетишкенин кантип билдиңиз, балким зымдары бири-бирине тийип калып машине өзүнөн-өзү өрттөнгөндүр...
- Өзүмдүн тажрыйбам бар болгондуктан, мен замыкание боло турган жерлердин баарын карап чыктым, зымдарынын баары таза экен. Машине бензин чачып үстүрттөн күйгүзүлгөнү билинип турат. Анан дагы кичинекей айнегин таш менен уруп сындырышкан. Ал короодо эч кандай таш жок, бирок ошол күнү машиненин жанынан чоң таш табылды.
- Эмне эле мынча "атамекенчилердин" үйү, машинеси өрттөлүп атат?..
- "Атамекенчилер" эле эмес, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын баарына кыянаттык жасалышы мүмкүн. Анткени, булар жогору жактан дал ошондой буйрук алышкан. Керек болсо, оппозициянын райондук, облустук лидерлерин дагы коркутуп, сындырууга аракет жасашат.
Дилбар АЛИМОВА




Чыдагыла, жакында башталат!
Оппозиция лидери Алмаз Атамбаев эки күндүк иш сапары менен Москвадагы досторуна жолугуп келди. Бу жолку сапары байсалдуу болуп, тагдыр чечүүчү саясый маселелер алкагында сүйлөшүүлөр жүргөн. Эң башкысы, аттары айтылбаган Орусиянын лөктөрү Алмаз мырзаны ак дилдеринен колдошорун, ошого катар Кыргызстандагы саясый оор абалга кайдыгер болбой тургандыктарын билдиришкен. Азырынча ушул жагдайдагы көп маалымат сыр катары сакталып туруусу учурдун шарты. Андыктан кеп кыска. Бирок, жакында үлкөн жүрүштөр башталары боюнча аракеттер көрүлүүдө. "Биздин көчөдө да той болот" дечү беле? Чыдагыла, туугандар!


Ажо оппозицияны сынга алды
23-мартта Курманбек Бакиев Ынтымак Курултайында сөз сүйлөп, өзүнө сын-пикир айткан жээкке да токтоло кетти. Оппозиция болбосо мамлекет, коом өнүкпөсүн эске алып, бирок оппозициянын бир беткей сындаганын жактырбасын айтып, оппоненттердин "кетсин!" деген сөздөрүнөн денесинин жыйрылганын сездирип койду. Эсиңерде болсо, оппозиция өкүлдөрү да Ынтымак Курултайына чакырылган, а натыйжада мындай жыйындан эч бир маселе чечилбесин, баягы эле "дүжүр" сөздөр болорун БЭКтин мүчөлөрү ачык айтышкан. Ал эми ажо: "оппозиция ой-пикирлерин Ынтымак Курултайында айтса болмок" деген пикирде экен. Кыскасы, эки жээк бири-бирине моюн берчүдөй эмес. Мындай көрүнүштө эл тараза болуп, баа бере турган күн да жакындап келатат.


Б.Жээнбеков Максимдин сунушун четке какканбы?
Соттун чечими менен "муунтулуп", жарыкка чыкпай калган "Ачык саясат", "Назар" гезиттеринин кожоюну Бабырбек Жээнбеков "Азаттыкка" кызыктуу маек куруптур. Бабыр мырзанын айтымында, аны Маммүлк төрагасы Турсун Турдумамбетов (Акаев доорунда Равшандын орун басары болчу) чакырып, "Ачык саясат", "Назар" басылмалары Максим Бакиев менен иштешсе, эч кандай куугунтук болбой турганын, жакшы шарттар түзүлөрүн, атургай Равшан Жээнбековго да кызмат берилерин айткан. Бирок, мындай сунушка Б.Жээнбеков макул болбой койгонун билдирүүдө, ошонун айынан гезиттерге кысым болгонун да жашырбай баса белгилеп келет.


БЭК айтканынан кайтпайт!
Мурда күнү БЭКтин бюросу болуп, бул отурумда оппозиция өкүлдөрү бийликке каршы ар кандай чекиндүү кадамдарга бара турганын, эл менен жакындан иштешүүнүн мезгили келгенин, о.э. Элдик Курултайда коюлган 7 талап аткарылбаса, элдик бийликти чындап орнотууну баса белгилеп өтүштү. Ушул күндөрү БЭКтин ар бир мүчөсү өздөрүнүн региондоруна барышып, элди ойготууга аракеттерин башташары белгилүү болду. Себеби, Элдик Курултайда коюлган 7 талапка бийлик кулак салып да койбогондуктан, радикалдуу саясый аракеттерди баштай берүүнүн мезгили келгенин да жашырышпады. Ушул маанайда алдыда дагы кандай чуулар чыгат (?), анысын көрө жаталы.


Оор салмактуу генерал мураскерби?
Акыркы кездерде интернет-сайттарда, гезит беттеринде бийликке мураскер болуу идеясы кылтыя баштады. Ошол маалыматтарды тыңдап көрсөк, ажого мураскер катары Элмурза Сатыбалдиевди көрсөтүшүүдө. Албетте, бул - чоң жаңылык! Анан биз саресеп салып көрсөк, ушул кезде ажо Курманбек Бакиевдин айланасында саясатта бел боло турган, эл ичинде абройлуу кадрлар деле жокко эсе экен. Ал эми бүгүнкү шартта баласын, же бир тууганын мураскер катары бийлик башына калтыруу болбостугун, эл каалабай тургандыгын сезе баштабадыкпы. Мындай шартта бакиевдерге ишенимдүү адам мураскер болушу мүмкүн. Бул жагынан алганда, Элмурза Ракиевичтен өткөн жакын адам табылышы кыйын. Бир чети Э.Сатыбалдиев саясатта жаңы фигура катары коомчулукту алаксытып, кандайдыр бир үмүт жаратышы мүмкүн. Бирок, азырынча мураскер катары муну алып чыкпайт. Качан гана абал оорлошуп, "кыл чайнашкан" кырдаалда Акүй акыркы дүрмөтүндөй кылып, Элмурзаны танк катары астыга кое бериши мүмкүн. Себеби, мындай оор салмактуу генералдар тарыхый күндөрдө жүк көтөрүп келген эмеспи.