Жазда психикалык оорулар козуйбу?

Адистердин айтымында жаз менен күз мезгилинин башталышында айрым психикалык оорулар козуйт. Ар кандай өңүттө. Бирөө өзүн гений сезсе, бирөө болсо ойго келбеген жоруктарды жасап баштайт. Биз төмөндө маек кура турган респонденттерибизди ушундай оорусу бар дегенден алыспыз. Бирок, алар бизди "оригиналдуу" ой жүгүртүүсү менен таң калтырды.

Асылбек МАМБЕТКАЗИЕВ:
"Мен ойлоп тапканга окшош НЛО гана бар"
Редакцияга Асылбек Мамбетказиев аттуу киши баш бакты. Укмуштуудай ачылыш жасаганын айтып. Эмне болгон ачылыш экенине кызыгып көрдүк.


- Майы жок иштей турган кыймылдаткыч ойлоп таптым. Аны жасай алаарыма көзүм жетип турат. Кепилдик да бере алам. Бирок, ачык жасагандан коркуп атам.
- Неге коркосуз?
- Буга чейин бир идеямды уурдатып койгом.
- Ал эмне идея эле?
- Мектеп жашына жетелек балдарга арналган "Азбука" баракчасынын кыргызчасын ойлоп тапкам. Буга чейин ф,х, ш тамгалары менен башталган сөздөр жок экендигине байланыштуу эч ким жасай албай койгон. Мен аны жасап чыгып, билим берүү министрлигине алып барсам, мени түртүп чыгарып коюшкан. Кийин ошол мен жасаганды өздөрүнүкү кылып чыгарышты. Мен болсо талаада калдым.
- Майы жок болсо кыймылдаткыч эмненин күчү менен иштейт?
- Кудайдын берген кудурети го. Бул үчүн магнитти колдоном. Анан менде да бир кудурет бар. Ал тууралуу айтпайм.
- Кандайча ойлоп таап калдыңыз?
- Терең ой-жүгүртүү менен.
- Кыймылдаткычтар менен эмнени иштетейин деп атасыз?
- Көп тармактарда пайдаланса болот. Армияга зор күч берет эле. Жок эле дегенде отун кырккычты жасаса болот. Керек болсо ат кылып минип алып, он мүнөттө тоого чыгып келсе болот.
- Сиз эмне үчүн ойлоп тапканыңызды жасап көрүп, анан элге жар салбайсыз?
- Аны жасагандан кооптонуп жатам да. Менден тартып алып коюшат. Чынында ачыкка чыгаргандан коркуп жатам.
- Кимден кооптонуп атасыз?
- Аны да айта албайм.
- Үйүңүздө эле жасап көрбөйсүзбү, эч кимге айтпасаңыз каяктан билишмек эле?
- Кантип көргөзбөйсүң. Азыр техниканын күчүн силер билбейт окшойсуңар. Тээ космостон туруп эле, үйүңдө эмне кылып атканыңды билип алышат. Кыймылдаткычымдын майы жок иштеп атканын көрүп коюшат.
- Кесибиңиз боюнча кимсиз?
- Радио-механик, теле-мастер. ЭВМ заводунда оператор болуп иштегем.
- Кыймылдаткычыңызды жасагандан корксоңуз. Анан эмнеге гезитке жарыялап жатасыз?
- Менин идеям тууралуу макала жарык көрсө, беркилер кооптонуп, көз артпай калат беле деген ой да. Мүмкүнчүлүк болсо бир айдын ичинде макетин жасап, коомчулукка көрсөтөт элем.
- Дүйнөдө, сиздикине окшогон нерселер барбы?
- Уга да, көрө да элекмин. Мындай нерсе али ойлонуп чыга элек. Бир гана НЛО бар... Калганын айтпайм.
- Жасаган нерсеңиз сиз ойлогондой болбой калсачы?
- Андан кам санабай койсоңор болот.
- Азыр эмне иш менен алексиз?
- Бош үчүн ээн-эркин басып жүрөм да.
- Үйбүлөңүз барбы?
- Балдар бар. Катын жок. Ажырашып кеткем. Мүмкүн менин "чымындарыма" чыдабай, түшүнбөй койдубу... "Бирдеме ойлоп таптым" деп эле атсам, "айнып калган го" деди да.
- Балдарыңызда да ушундай касиет барбы?
- Азырынча байкалбайт. Мага эми араң келип атат. Аларга эртерээк го.
- Сиздин ойлоп тапкычтыгыңызга ишенбеген адамдар болду беле?
- Андайлар толтура. Четтен чыгат.
- Бул идеяңыз бирөөгө жагып калды дейли. Сиз канчага баалап сатат элеңиз?
- Сатмак эмесмин. Жөн эле Кыргыз элине белек кылмакмын.




Кубанычбек АПАС:
"Мен - жаңы, таза президент!"
Оппозиция уюштурган Курултайдагы элди аралап жүрүп, доктор Кубанычбек Апасты жолуктурдум. 2005-жылы 24-марттан кийин Бишкекке келип, "революцияны мен жасадым", "Бакиев, Кулов, экөөң эки канатым болгула" дегенден жакшы таанып калган элем. Анан дал ушул киши менен маектешким келди.


- Кубанычбек мырза, Курултайга кайдан келип жүрөсүз?
- Мен кыргыз элинин духун, көңүлүн көтөрөйүн деп келдим. Биздин тоо мүнөздүү кыргыз элине "башыңарды көтөргүлө! Кыргыз аскалардай тике тургула! Бандиттик бийликти жоготкула! Жаңы президент Кубанычбек Апасты шайлагыла!" деп айтайын дедим эле... Кыргызстанды көтөрөбүз. Дубайдай кылабыз!
- Кантип?
- Менин экономикалык программам бар. Кыргызстанды цивилизациялуу, демократиялык мамлекет кылабыз. Жаштарга келечекте жол ачабыз. Экономикалык жакшы шарттарды түзөбүз. Үйлөнгөндөргө 500-1000 доллар беребиз мамлекеттин атынан. Билим алуу бекер болот. Мен өзүм президент болсом, Кыргызстан үчүн бекер иштейм. Мага айлыктын кереги жок.
- Бийликти кантип кетирем деп ойлоп жатасыз?
- Мен БЭКтин күчүн, акчасын пайдаланайын деп атам. Көп кишилер мени сыйлап, баары мени колдошот экен. Анан алар "Эмне үчүн БЭК сизге сөз бербей атат?" деп таң калып атышат. Булар канча жылдан бери сүйлөп эле келатат, бирок жйынтык жок болуп атат. А мен келсем Кыргызстан дароо өзгөрүлөт.
- Баягында дагы "5 млн. доллар болсо эле бийликти чаап түшөм" деп атпадыңыз беле?
- Биздин кыргыздарда бай кишилер көп, ошолордон чогултуп туруп, мени президент кылып алып чыгыш керек. Проблемаларыңар чечилет да калат. Орточо айлык миң доллар болот.
- Акча таптыңыз дейли, бийликти кантип кетиресиз?
- Азыр оппозиция 5-6 миң гана адам алып чыкпадыбы. Мен митинг уюштурсам 100 миң адам чыгат. Ошондо элдин толкунунан бул бийлик өзү эле коркуп качып кетет. Бакиевдин куралданган, аскерлери коркуп качат.
- 100 миң чыгат деп ишеничтүү айтып атканыңызга кандай негиз бар?
- Мына силердей массалык маалымат каражаттары бар да. Мен элге кайрылуу жасасам эле, баары чыгат. Атайын мына азыр Москвадан келсем, оппозиция сөз бербей атышпайбы, келбесем дагы айтасыңар, "жашынып жүрөт" деп.
-Сиздин оюңузду уксам, бийлик дагы жарабайт экен, оппозиция дагы жарабайт экен. Анда ким менен иштейсиз?
- Мен жаңы команда алып келем. Булардын баары эскиче ой жүгүрткөн, партнаменклатуралык адамдар. А мен болсо заманбап ой жүгүртөм. Мен - жаңы президент! Таза - президент! Уурдатпай, мыйзамдын негизинде Кыргызстанды көтөрөм.
- Москвада эмне иш менен алек болуп жүрөсүз?
- Сизди коргоп атам, пресс-конференция уюштуруп атам. Чоң-чоң демократиялык журналдарга интервью берип, силерди коргоп, демократия үчүн күрөшүп атам. Ошондуктан мен бүткүл дүйнөгө белгилүү, залкар саясатчымын.
- Эмнеге сиз митинг болгондо, же президенттик шайлоо учурунда гана пайда болуп каласыз?
- Мен революциянын жарчысы болуп атпаймынбы. Көрүп атпайсыңарбы, мен келгенде дароо тополоң башталып атат. Мени оппозиция дагы, бийлик дагы эч ким тоготпой жатат. Алар "Кубанычбек Апас бийликке келип калат" деп, менден коркушат. Элдин маанайы болсо такыр башкача. Алар "Кубанычбек келсин бийликке, таза киши" деп айтышууда.
- 2005-жылы мартта сиз "революцияны мен жасадым" дедиңиз эле. Анан неге президент болбой калдыңыз?
- Ошондо Путин революция жасаганга акча берген эле. Кремль, Батыш колдобой койду.
- Неге?
- Мен деген чынчыл адаммын да. Аларга андай адам керек эмес. Мен Акаев менен Бакиевдей сатылбайм да, алданбайм. Мен өзүм "независимый", "мощный" президентмин. Мени анан Мотуевге теңеп, кара боек менен жазып жүрүшөт, "больной" деп.
- Окшоштугуңуздар болсо керек да...
- Бул жөн гана көрө албастык. Мага алар эч качан жетпейт. Кыргыз эли өзүнүн каармандарын, өзүнүн гладиаторлорун баалаш керек. Анан мени баалабай, Мотуевди жактасаңар силерди ким сыйлайт?

Даярдаган Акыл БАКТЫБЕКОВ