Айажар

Ийгиликтүү айым болгуңуз келеби?
Күчтүү айым бир гана үйбүлөлүк бакыттан башкасын бүт өзү жасап алат. Ал эми жеке жашоодо бактылуу болуу үчүн мырзасы дагы көмөк көрсөтүшү зарыл. Азыркы кезде карьера жасаган айымды "Служебный роман" тасмасындагы каарман аял менен окшоштурууга болбойт. Анткени азыркы аялдын күн тартибинде баары жазылган. Мисалы, сүйлөшүүлөрдүн, жолугушуулардын убактысы, машыгуу залына, сулуулук салонуна баруунун графиктери. Мындай айым өзүнө ишенет, ишинде ийгилик жарата билет, жашоого түз көз караш менен карайт. Анан дагы бул айым "качан мага жашоого комфорт шарт түзүп берет" деп күтүп отурбай, баарына өзү аракет жасайт. Квартирага акча топтойт, машине сатып алат, эс алууга да каражат табат...

Күйөөнүн эмне кереги бар?
"Күйөөгө чыгуунун кереги деле жок, эгер айым акчаны өзү таап атса. Табигый процесс болгон секс үчүн сөзсүз эле турмушка чыгыш керек эмес да. Кез-кезде жолугуп турууга мырза таап алса болот. Кааласа андан төрөп алса да болот" деп ойлонгондор бар чыгар. Бирок, ушул ийгиликке жеткен айымдардын баары күйөөгө чыгып, үйбүлө курууну максат кылышат. Элестетиңиз, бизнесиңиз укмуш, ийгиликтүү айымсыз дейли, акча деген жайнап атат, бирок үйгө келсеңиз жылуу сезимдери менен тосуп алар адамыңыз, жан шеригиңиз жок болсо, бул жашоонун кереги эмне? Карьерада ийгиликке жетип аткан айымдын жумуш менен үйбүлөнү айкалыштырууга да күчү жетет.

Аялга окшошсузбу же эркеккеби?
Ар бир адамда эркектик мүнөз, аялдык мүнөз деген болот. Мисалы, аялда психологиялык жактан 60-70% аялдык ой жүгүртүү болсо, анда ал жакшы күйөөгө чыгууну максат кылган, балдарды, үй жумуштарын, дүкөн кыдырууну сүйгөн катардагы эле айым. Эгерде психологиялык жактан 30% гана аялдык мүнөз болсо, анда ага дүкөн кыдырып, үй жумуштарын жасаган кызыктуу деле эмес. Ал кийимдер, тамактардын жасалыш рецепттери тууралуу сөз кылгысы келбейт. Мындай айым окуганды, карьера жаксаганды максат кылат. Лидер кыздарды мектепте окуп жүргөндө эле байкоого болот. Жакшы окушат. Ыйлап отуруп калбай, өзүнүн укугун талашып, жүрүм-туруму эркек балдарга окшошураак болот. Бул кыздар жогорку окуу жайларга өзү билип, тандап тапшырат. Айрым кыздарга окшоп "дос кызым тапшырды эле, мен да келдим" деп айтпайт. Анан дагы көпчүлүк учурда, студент кезден баштап эле өзү иштеп, акча таап баштайт. Анткени, финансылык жактан дагы эркин болууну каалашат.
Бизнес-айымдардан жигиттер коркот
Жигиттер менен сүйлөшүп жүрүүгө убакыт короткусу келбей, эртерээк карьера жасоону максат кылышат. Жигиттер деле мындай кыздарга жетүүгө көп аракеттене беришпейт. Анткени, көпчүлүк учурда анын акылынан, максатка карай түз умтулганынан коркушат. Мунун айынан көпчүлүк учурда ийгиликтүү айымдар турмушка чыгуудан кечигип калышат. Эгер айым 90% эркек мүнөз болсо, калган 10%ы деле аны жан шерик издөөгө чакырат. Бирок инстинкт боюнча, ар бир айым өзүнөн акылдуу, күчтүү жолдош издейт. Статусу боюнча өзүнөн мырзасынын жогору турушун каалайт. Өзүнөн төмөн турган талапкерлерди карагысы келбейт. Бирок айым канчалык ийгиликтүү болгон сайын, ага татыктуу мырзалар ошончолук азайып баштайт. Жогорку тепкичте турган эркектер "жолдошум жанымда болсо эле болду, мен үй кожойкеси болуп эле отурам" деген айымдарга үйлөнүп алган болот. Дагы бир себеп, ийгиликтүү айым сүйүү мамилелеринде дагы лидерлик сапаттарын көрсөтүп баштайт, ал эми жогорку тепкичтеги мырзалар бирөөгө башкарылгысы келбейт.

Мырзаны өзүңүзгө тарткыңыз келсе
Эгерде сизге жаккан мырзага жолуккан болсоңуз, төмөнкү эрежелерди сактап коюңуз.
1) Дароо эле жетишкен ийгиликтериңиз тууралуу сөз кылуунун кереги жок. Университетти кызыл диплом менен бүткөнүңүздү, бизнесиңиздин ийгиликтерин жашыруун сактап турсаңыз болот.
2) Жаныңызда мырза турса, эч качан өзүңүз отургучту жылдырып ала койбоңуз, ичимдикти өзүңүз куйбаңыз. Бул нерселерди мырза жасап, сизди тейлеп отуруш керек.
3) Жумушта "Мен күчтүүмүн, катуумун, энергияга баймын" деген эрежелерди карманып, ал эми жумуштан сырткары күчсүз, назик, колдоого муктаж аял боло билиңиз. Мисал үчүн үйгө келгенде, эмеректерди жылдырууда сөзсүз түрдө мырзаны жардамга чакырыңыз.
4) Эгер сиз кайсы бир иштин жасалышын андан жакшы билип турсаңыз дагы, эч качан ага үйрөтпөңүз. Эгер аябай эле муктаждык келип чыкса, буйрук түрүндө эмес, "минтип койсок болобу?" деп кеңеш иретинде гана айтып коюңуз.


- Лидерлик сапаты бар айымдарды
эркектер жактырбайт деген пикирге кошуласызбы?
Алмамбет ШЫКМАМАТОВ,
"Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси:
"Баары бир менин орун басарым..."
- Үйбүлөдө аялдын лидер болушуна табиятымдан кошула бербейм. Ал эми коомдук иште демилгени колго алып, коомчулуктун колдоосуна ээ болгонун колдойм.
- Эгерде сиздин жубайыңыз саясатка аралашам деп чыкса колдойт белеңиз?
- Эгерде менин аялымдын эркектерден ашына суурулуп чыккан лидерлик сапаттары болсо кантип колдобойм. Аялым саясатка аралашам деп чыкса кош колдоп колдомокмун дагы, бирок "үйдө баары бир мен башкаруучумун, сен менин орун басарымсың" деп айтмакмын.

Самсаалы ЧЕТИМБАЕВ:
"Алсыз эркектер коркок болот"
- Лидер аялдарды эркектер жактырбайт деген түшүнүк калыптанып калган да. Эгерде ошол эркек өзү аялдан алсыз болуп турса, албетте, жактырбайт. Күчтүү эркектер тескерисинче, аялынын мындай сапаттарын колдоп, өстүрөт деп ойлойм. Бирок Кудай аялды жаратканда эле эркектин кабыргасынан жасаган экен да. Ошон үчүн аял канчалык лидер болбосун эркектерден бир тепкич ылдый турат. Азыркы коомдо болсо Европаны туурап эркектен күчтүү деле аялдар чыгып атат.


Жылдыз МУСАБЕКОВА,
"Форум" гезитинин редакторунун орун басары:
"Граждандык согуш" баштап жиберем"
- Кыргыздын айрым эркек сөрөйлөрү колунан коко тыйын келбей турса да, "мен эркекмин" деген амбициясынан көтөрүлө албай келет. Ошондуктан алар аялдардын үйдө коломтонун бурчунда отурушун каалайт. Лидер аялдардын ийгилигин көрө алышпайт. Айымынын ийгилигин баалап, колдогон мырзалар кыргызда аз.
- Лидер аялдарда кандай кыйынчылыктар жаралат?
- Мындай аялдар көп эле кыйынчылыктарга тушугат. Көбүнчө күйөөлөрү бут тосот, кызганат, жөнсүз уруш чыгарат. Анан дагы балдардын, үйдүн түйшүгү өзүнчө маселе. Аларды санап отурсаң сөз жетпейт го…
- Сиз дагы гезиттерде журналист, жетекчи катарында лидерлик сапаттарыңызды көргөзүп келесиз, жеке өзүңүз кандай кыйынчылыктарга туш болуп атасыз?
- Менде азыркы тапта жумушка кеткенде баламды бакканга киши жок болуп атканы болбосо, калганы баары жакшы. Түшкө чейин бала багып отурууга туура келип атат. Болбосо, жолдошум деле түшүнүктүү. Көп жылдан бери журналисттин, гезиттин иши кандай экенин түшүнүп бүттү. Кием дегенимди кием, ичем дегенимди ичем, каалаган жагыма барам, каалаган сөзүмдү сүйлөйм. Башка дагы эмне керек? Кээде эле баланы таштаганга адам жок болуп калганда "Иштебей үйдө эле отур" деп калат, анан мен "граждандык согуш" баштап жиберем.

Кызжибек ЖУМАБАЕВА