Куту учкан дүйнө

Темир тор аркасынан дубай салам
Аалам аялзаты түгөл 8-март майрамын белгилейт. Аял абакта да айым, майрам абакта да майрам. Дал 8-март күнү борбор калаанын тышындагы аялдар түзөтүү колониясына жоон топ артисттерди ээрчий бардык. Күлсө да, көздөрүндө муң, өкүнүч, жылмайса да, үмүттөн күдөр үзбөгөн, бирок, жөн гана жылмайгандык түр көрсөтүү. Ырчыларды ушунчалык берилип угуп, өзгөчө Урмат Усеновдун "Тажадым мен, тажадым баарынан" деген сапты камтыган ырын көздөрүн жуумп, тагдырлары дал ушул ырга төп келгендей бирге кайталап жатышты... Баарынын бар санаасы - амнистия.

Абактагы айымдарды кепке тартуу, албетте, колониянын башкы көзөмөлчүлөрүнүн уруксаты менен. Айрымдарын сүрөткө тартууга үлгүргөнүбүз менен, кээсине фотоаппарат жандырганча колония жетекчилигинен тыюу алдык.

"Колумда кан жок менин!"
Бул айым 97-берене менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Теги Жалал-Абаддан.
- -...Өз көңүлүбүздү өзүбүз көтөрөбүз. Президентибизге ыйман-ынсап берип, амнистияга чыгарса, абактагы айымдар эркиндик күнүн эртерээк көрсөк экен дейбиз. Абалымды айтсам деле актанып аткандай эч ким ишенбейт. Кудайдын алдында акмын. Колумда кан жок менин! Киши өлтүргөн эмесмин. Илгери бир кылмышка күбө болуп, бирок, жашырып койгондугум үчүн бул жакта 1 жыл 8 ай отуруп чыккам. Мурда соттолгон адамды эч ким адам ордуна көрбөйт экен. Жакшынакай иштеп жүргөн жеримен мойнума бир өлүм илинди. Тергөө маалында кордоп, моюнга алдыргандарын өзүңөр жакшы билет чыгарсыңар. Противогаз кийгизип, кыйнап атышса да үч күн мойнума албадым. Бирок, акырында алардын кордугуна чыдабадым. Өз мисалымдан улам, бизге окшогон кембагалдар абакта, ал эми чындап киши өлтүргөндөр азатта жүрүшөт деп ойлойм. Уголовниктер да ойлонуп иш кылышса жакшы болмок.
...Беш жылдан бери отурам. Аты жаман, аты түрмө. Бирок, бул жакта деле кадимки турмуш. Көзөмөлчүлөр бизди сооротуп, амнистиядан үмүт үзбөөгө чакырышат. Бир күткөнүбүз ошол. Аял болгон соң, баарыбыз бул жерде бири-бирибизди түшүнөбүз. Чындап кылмыш кылгандары да жок дебейм. Бирок, менчилеп адилетсиздикке кабылып, зарлагандары да аз эмес.
Атама да, бир тууган иниме да топурак сала албай калдым. Убалым уктатпасын мени бул жакка салгандарды. Азатка чыкканда аларга жамандык да кылгым келбейт. Кудайга гана тапшырдым. Эгерде Кудай бары чын болсо, убалым ошолорду уктатпасын. Отурганыма деле өкүнбөйт, баары өтүп кетет. Ак жерден күйүп, жакын адамдарыма топурак сала албаганыма өкүт кылам. Айлам жок, жашоом ушул жерде өтүп келет.
Агам Мухтар, жеңем Нуржан, биртуугандарым Роза, Айнура, кызым Замира, уулум Улукбегиме салам айтып, март майрамдары менен куттуктайм. Эч качан баштарына кыйынчылык түшпөсүн. Мен алардын жана Кудайдын алдында акмын. Уул-кызымдын кайын-журтунун алдында да уялам. "Энеси түрмөдө отурат" дешет да алар. Билдирбегиле дегем, бирок, алар деле билип калышты окшойт. Акыйкат болгондо менин жүзүм жарык болмок да...

"Кармап көрбөгөн героин үчүн камалдым"
Мухабат Лейлектен болот. Беш биртуугандын кенжеси, үч баланын энеси, жолдошу каза болгон.
- Март майрамы менен бардык туугандарымды куттуктайм, баарына Аллахтан аларга бакыт тилейм. Тууган-урукту уят кылып, абакта отурам. Бирок, менин айыбым жок. Параны алчулардан алып, мени бул жакка тыгышты. Колумда жугу тургай, кармап көрбөгөн кайдагы героин үчүн 15 жыл ушул жерде мөөнөт өтөп отурам. Айыпсыз экенимди далилдөөгө, эгерде ошол каргашалуу героин мага таандык экени адилет сотто аныкталса, анда ушул жерде 30 жыл отурууга даярмын. Ушул жерге келгениме себеп болгон милиция кызматкерлеринин адал иштөөгө чакырышын өлкө башчысынан абдан өтүнөм, суранам.

"Жарандык иш менен кылмыш жазасын өтөп отурам"
Салтанат айым ушул 8-мартта баатыр эне аталмак. Эки баласы чарчап калып, 8 баланы тарбиялап жаткан эле. 12 жыл мөөнөт алган.

- Кара-Балтада "Калыйнур" кайрымдуулук фондун ачып, президенти катары иштетип жүргөм. Сот акыйкаттык кылбай, бейкүнөө ушул жерде отурам. Балдарым батирлеп ар жерде, жолдошум ыза болуп ичип кетти. Майрамдарда аял, балдарды, майыптарды куттуктап, белек берип, кайрымдуулук кылчу элем. Чет өлкөлөргө долбоор жазып, гумжардам алып таратчумун. Ошентип жүргөн маалда жер боюнча маселе чыгып, "фондго жер берилет, акча чогулткула" деп калышты. Акча чогултуп берген элек. Түркмөнстанга табыпчылык менен киши көрүп кеткен элем. Ошол маалда менин жоголуп кеткен мөөрүм басылып, документтер жасалыптыр. Ошонун айынан азаттыгымдан айрылдым. Ал эми чындап акчаны алгандар сыртта эркин. Тааныбаган, өмүрү көрбөгөн адамдар жабыркоочу катары мени айыпташыптыр. Аларды ушул убакка чейин көргөн жокмун, алар мени көргөн жок. Биринчи сотто го өзүм катышкам, ал эми экинчи сотко мен катышкан эмесмин. Ошондо сыртымдан өкүм чыгарылган экен.
Убагында өкмөт жардам бербеген муктаждарга демөөрчү таап, көмөк көрсөтчү элем. Жараткан мага да кайрымдуулугун кылып, акыйкаттыкты көрсөтүп, айыпсыз экенимди далилдөгө шарт түзсө экен. Акча алгандар издөөдө дейт, алардан дайын жок. Сегиз балам ыйлап, мени жоктоп талаада калды. Кудайга ишенгендей, биз сотко ишенгенбиз. Жарандык иш болсо да, кылмыш жообуна тартылып, балдарымдан ажырап абакта отурам. 12 жыл беришкен, СИЗОдо отурганым ага кирбептир. Ошол маалда операция болуп, ичим ачык бойдон камалып жаттым. Силерден суранарым, гезит аркылуу көп балалуу энелерге куттугумду жеткирип койгула! Алардын башына эч жамандык келбесин.

"Мен тирүүмүн"
Юлия 97-берене менен 10 жылга эркинен ажырап, төрт жылдан бери камакта. Улуту орус болсо да, кыргызча үйрөнүп, так сүйлөөгө аракет кылат.

- Киши өлтүрдү болуп, мөөнөт өтөп отурам. Ал кылмышка тиешем жок, бирок, "мен жасады" атыгып калдым. Мен эмес, жолдошум кылмыш кылган. Азыр ал качып жүрөт. Жабыркаган тарап 10 жылдык мөөнөткө да нааразы. Алар мага өлүм жазасын сураган. Жети жаштагы балам бар эле. Азыр анын кайда экенинен кабарым да жок. Бул жерде баары өз нугу менен, тигүү цехинде иштейм. Шарты жаман эле, бул эле тигил эле дебейм. Баары жакшы эле, бир гана эркиндик чектелүү. Учурдан пайдаланып, бир тууганымды, жээнимди майрамы менен куттуктап, мени күтүшүн суранам. Гезиттерде "мени өлтүрүп кетишти" деп жазылган экен. Мен тирүүмүн, мен саламатмын. Жакында жаныңарда болом демекчимин.
(Уландысы 13-бетте)