Тасма "таажысы"
Алгач ирет америкалык киноакадемия аял режиссерду мыкты деп тааныды. Кино дүйнөсүндөгү баалуу наамдардын бири болгон "Оскар" сыйлыгына "Повелитель бури" аталган тасма мыкты деп табылып, анын режиссеру Кэтрин Бигелоу да "Оскар" алды. Ал эми комедиялык жанрды мыкты ойногон Сандра Баллок эң мыкты актриса катары Оскарга, ошол эле учурда жылдын эң жаман оюнчусу деп саналганы үчүн "антиоскардык" сыйлык "Алтын малинага" да татыды.


Ким кайда?
Майрамдык маанай өзгөчө өнөр адамдары тарабынан жаралат. Бул салтты улай, артисттердин баары Ала-Тоону аралай кетишти. Бишкекте жылдыздуу жубайлар Урмат Усенов менен Неля, ошондой эле Сыймык Бейшекеев айымдарга ыр арнаса, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Аида Кулуева, Ильяз Андаш Кочкорго жөнөшкөн. Ал эми Нарында ушул күндөрү Бактыгүл Бадыева концерт берсе, Султан Садыралиев ордолуу Ош жергесинде. Жалаң кыздардан куралган "Кызбурак" да Ош шаарында эки күн айымдарды куттукташты. Таластын кулуну Кубаныч Сатаев 8-март күнү алгач өзүнүн Боо-Терек айылында, ал эми кечинде Талас облустук маданият үйүндө концертин улантты.


Пайгамбар курак
Улуттук биринчи каналдын ардактуу диктору Бактыбек Мамытов ашуудан отчет берчү пайгамбар куракка келди. Тагыраак айтканда, жаз жаңыргандан бери диктор алтымыш жаштын таңын атыра, даамын сыза баштады. Кутман курак кут болушун каалоо менен Бактыбек мырзага алтымыш жаш мырза үчүн бийиктиктерди багындыруунун башаты гана экенин да эскерте кетели.


Абактагылар көңүлүн жубатып...
Кыргызстандагы эркиндиги чектелген айымдар да кечээ көңүлдөн сырт калышпады. Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн Урмат Усенов, Акбар Сүйүнбаев, бийчи Бакыт Байсариев, шоумен Эрмек Нурбаев жана "Тамашоунун" жигиттери борбор калаанын четиндеги аялдар колониясында 8-март күнү кайрымдуулук концертин берип кайтышты. Тагдырдын жазмышы менен эркиндигинен айрылып, мөөнөт өтөп жатышкан айымдар аталган өнөрпоздорго ыраазылыгын билдирип, ырларын муюп угуп, курган тамашаларына чын дилден күлүп отурушту. Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук кече продюсерлер Назгүл Насиева жана Рысбек Жабировдордун күчү менен өткөрүлгөн.


Кемени эми ким сүрөйт?
Дүйнөлүк сүйкүм тасмалардын бири "Титаниктин" баш каарманы Леонардо ди Каприо тасма ааламы менен коштошту. Бирок, убактылуу гана. Актердун айтымында, акыркы айларда тасма талаасынан чыкпай, өтө чыңалган графикте иштеген. Андыктан, чарчоо синдромуна кабылганча, эс алууга тайм-аут алууну чечкен. Мындай чечимди Хью Грант, Николас Кейдж, Алек Болдуин, атургай, Анжелина Жоли да кабыл алган.


Добр кимге "добрый"?
Добрдын "Шоу-бизнес" аттуу ыры жаңыра баштады. Аталган ырда кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ысымдары саналып, аларга Добр тарабынан мүнөздөмө берилет. Ошондой эле Добр жакында "Импульс" тобу менен дуэт курап, чыгыш стилинде да өзүн сынамакчы.


Өнөр соңу - саякат
Ырчы, обончу Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ бишкектик айымдарга үч күн бою ыр арнап болуп, эми Орусиянын Санкт-Петербург, андан ары Москва шаарына сапар алуу камында. Орус жергесиндеги мекендештерди чыгыш жаңы жылы менен куттуктап, Ала-Тоо авазынан обон салмакчы. Эске салсак, Сыймык Бейшекеев жакынкы өлкөлөрдөн сырткары, Түркия, Франция өңдүү мамлекеттерде да кыргыз үнүн жаңырткан.


Гүлнур айымдан ыр маанай тартууланат
Булбул үндүү Гүлнур Сатылганова жаз соңунда өтө турган чоң концертине даярдыкты эмитен баштап, жаңы ырларды жаратууга камылгасын баштады. Эң башкысы, бул жылда өтө турган концертинде сенсациялуу идея, кызыктуу табылгалар менен күйөрмандарын кубандырмакчы. Ошондой эле концерттин баасы асмандаган кымбат баада эмес, карапайым адамдардын чөнтөгүнө ылайыкташтырылган шартта болмокчу. Мындан сырткары, Гүлнур айым Кыргызстанды түрө кыдырып, турне маанайындагы салттуу концертин да берүүнү ойлонуп атат. Кудай буюрса, кыргыз күйөрмандар керемет үндүү Г.Сатылганованын өнөр аземине күбө болосуздар. Ашыкпай тургула!



Моисеев: "Мырзалар менен мамилем жок!"
Борис Моисеев америкалык бизнес айымга баш кошорун жар салды. Бирок, бир топ жылдан бери россиялык ырчы мырзалар менен мамиле түзөрүн айтып келген. Маектеринде мырзалар менен болгон байланышын жашырбай, атургай, өнөктөрүнүн ысымын да атаган Борис мырза алардын баары пиар ыкмалар болгонун үйлөнүү тоюнун алдында моюнга алып отурат.


Даярдаган Айым НУРЖИГИТОВА