Куту учкан дүйнө

Темир тор аркасынан дубай салам
(Башы 7-бетте)
"Жыландын баласы да торго түшпөсүн"
Миргүл жездесин өлтүргөн деп абакта. Сокулуктун тургуну.
- Кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи, 2008-жылы кокустан бир тууган жездемди өлтүрүп алдым. Эжемди, жээндеримди андан коргойм деп, ал тап берген бычакты ага кайра урупмун. Сегиз жыл мөөнөт алгам. Амнистия күтүп, азатты самап жүрөм.
Март майрамы менен апамды, биртууган эжелеримди, бүт аялзатын куттуктап кетем. Ал эми бул жердеги айымдарга эркиндик эртерээк келишин тилейм! Өзүм өңдүү жаштар жолунда кырсыкка кабылбасын, дайым түз жүрүп, эч ката кетиришпесин. Темир тор артына жыландын баласын да түшүрбөсүн Жараткан. Душманыма да мындай жерди каалабайм. Ичкеним-жегениме арыз даттануу жок, бир гана эркиндик жетишсиз.

"Кызым менин жолумду кайталабасын"
Гуля улуту казак болгону менен, Караколдун келини болот. Бардык караколдуктарды жана Караколдогу балдар үйүнүн жамаатына, адамгерчиликтүү директоруна, тарбиячыларына, анда тарбияланып аткан кызына салам айтып, 8-март майрамы менен куттугун узатты. Ал эми абакка кандайча кабылганын өзү эч жашырбай моюнга алып, өкүнүчүн да билдирди:
- Абактан чыксам, кызым тарбияланган балдар үйүнө да көмөктөшмөкмүн. Бошонуп барсам, мындан ары жаман жолго түшпөөгө тырышам. Жалаң уурулук менен бешинчи ирет отурушум. "Воляда" бул жактагыдай эле татаал экенин билем. Уурулукка деле аргасыз барчумун. Жолдошум каза болгондо, турмуш ого бетер кыйындап кеткен. Мен бул жакка түшкөнүмдө кызым 4 жашта эле. Азыр 7де. Жакында азатка чыгам. Жашым деле келип калды, кызымды алып турмуштун жаңы барагын ачкым келет.
Эң алгач 34 жашымда түшкөм. 53 миң акча уурдагам. Анда өкүнгөн да эмесмин. Кийинкилерине кейийм. Убактымды бекер коротуп алдым... Эң чоң мөөнөт мага 1997-жылы берилген. 10 жылдын жарымын отуруп чыккам. Ортодо сегиз жыл азат жүрдүм. Ошол сегиз жыл өмүрүмдөгү эң бактылуу кез эле. Анан кайра катачылыгым кайталанды. Эмнелерди гана уурдабадым, өзгөчө базардан көп уурулук кылдым. Бирок, азыр баарынан чарчадым. Токтолуп, акыл кирип дегендей...
Интернаттан мага кызымдын тарткан сүрөттөрүн айтып берип, кандай жүргөнүн кабарлап турушат. Менин жолумду кайталабай, түз багытта болушун тилейм. Сабаттуу болуп, билимдүү болушун самайм. Азатка чыксам, анын билим алып, келечекте карьера жасашына бардык шартты түзүп бергенге аракет кылам.

"Адамга ишенип, абакка кабылдым"
Майрамкүл айым каржылык иш менен камакта. 55 жашта.

- Камалганыма баш-аягы төрт жарым жыл болду. Мага карата арыз жазган адам союз учурунда депутат болгон киши. Ортого түшүп, андан бирөөгө акча алпергем. Суммасы - 50 миң доллардын тегереги эле. Көрсө, анын мага берген паспортунан да башка документи бар экен. Алданыпмын. Жабыркоочу деген кишинин арызы каралып, негедир мен жазган арыз капарга да илинбеди. Бийлиги чоң, бийликте тааныштары көп экен. Карыз алган аял азыр бул жакта абакта. Бир жыл качып жүрүп, кармалып, 14 жыл мөөнөткө кесилди. Ал менен таптакыр сүйлөшпөйм. Мен 10 жыл алдым. Жабыркоочу негедир эң жогорку чара сураган.
Кесибим боюнча бухгалтер-экономистмин. Союз маалында бир мекемеде 20 жыл өз кесибим менен иштегем, кийин союз ыдыраган кезде чет жерликтер менен иштегем. Чет жерде да иштеп жүрүп, денсоолуктун айынан Кыргызстанга кайткам. Өзүм экономист болуп, акчага аябай так элем. Коммерция дегенде адамга ишенип иш кыласың, бирок, тилекке каршы аягы ушундай бүттү. 2005-жылы операция болуп, андан жарым жыл өтпөй бул кырсыкка кабылдым. Ушул жылдын апрелинде мен УДОго чыгам деп турам, бирок, жабыркоочу тарап ага макул болбой, амнистияны колдонууга мүмкүндүк бербей атат. Мыйзамга ал баш ийбей, ушул тапта ага мыйзам иштеп атат. Анын тааныштарына, бийликтеги байланыштарына мыйзам баш ийет экен.
8-март күнү силер менен маектешип жатып, куттуктабай кетсем болбостур. Келиндериме, куда-кудагыйларым, эже-сиңдим, жеңелериме майрам кут болсун дейм. Жамандык көрүшпөсүн, кырсыктан тышкары болушсун. Бул жерде бирге мөөнөт өтөп отургандарга боштондук тилеп, ушул майрамдын арты жакшылык болсун деп каалайм.

"Маркум ата-энемден кечирим сурайм"
Бактыгүл мурда да беш жыл алып, отуруп чыккан. Кайрадан азыр абакта.

- Мурда жаштыгыма салып, көпкөнчүлүк менен отуруп калгам. Бул жакка түшүш оңой, кутулуш кыйын экен. Алгачкысында азаттык алып чыкканча атам каза болуп, энем өтүп кетти. Биртууганымдан да айрылыпмын. Туугандарым да мени кечирбей атышат. Балам Сокулуктагы интернатта. Жолдошум менен ажырашып кеткениме 12 жылдай болуп калды. Биринчисинде бошонуп барганда ата-энемден айрылганымды, биртууганымдан ажыраганымды угуп, башка бир туугандарым мени түшүнүшпөй жүргөн кез болчу. Өз айылымдагы бир жигитти кулпу менен бетке урупмун, бети айрылып кетиптир. Кайра үч жыл мөөнөт алдым. Балам да элдикиндей үйдө эмес, интернатта тарбия алып атат. Эртерээк бошонуп, балам менен чогуу болуп, жаңы турмуш баштоону самайм! Кудай буйруп, чыгып барсам баарынан кечирим сурайм! Баарынан кечиктим, бирок, кеч болсо да, байкелерим, жеңелерим, тууган-урук мени кечиришин суранат элем. Каза болгон ата-энемден да бар дилимден кечирим сурайм!

"Форманы ыйык көрөм"

Мөөнөт өтөп аткан айымдардын арманын, тагдырын угуп, башынан жаныбызда коштоп жүргөн көзөмөлчүнү да кепке тарттык. Нурила АТТОКУРОВА аялдар колониясында кадрлар бөлүмүнүн башчысы. Аталган түзөтүү мекемесинде 1998-жылдан бери эмгектенет.

- Жумушум өзүмө жагат. Форманы ыйык көрөм. Жалгыз уулум да формачан апасы бар экенине сыймыктанат деп ойлойм. Кызмат деген кызмат, анын оор-татаалына да карабай, милдетибизди аткарып келебиз. Абактагы аялдар деле биз сымал эле айымдар. Тагдырдын жазмышы менен ушундай абалда отурушат.
Жаңы иштеп баштаганда, ичимден аябай кыйналчумун, энелер, айымдардын темир тордо отурганына ыза болчумун. Кийин кызмат катары карап, ишке көнө түштүм. Ушундай иште да наздуулук, мээрим сакталып калат. Балалуу энелер бар, наристелерге мээрим төгүп, жакшы көрөбүз. Биз деле аялбыз, биз деле сүйгөндү, биз деле жакшы көргөндү билебиз. Албетте, наристелердин ушундай жерде төрөлүп, балалыгы ушундай эркиндиги чектелген жайда өтүп атканына кейибей койбойсуң.
Бул жакка жөндөн жөн келбейт. Кокусунанбы, атайлаппы, айтор, кылмыш жасады деп соттун чечими менен айыпталып келишет. Алар келген соң, мөөнөтүн өтөп, түзөлүп чыгышына аракет кылабыз. Назгүл Насиевага ырахмат, дайым майрамдарда концерт менен келип, абактагылардын көңүлүн көтөрүп кетет.
Кызмат деген кызмат экен, 8-март күнү да иш үстүндөбүз. Кыргызстандын бардык аялзатын куттуктайм. Ал эми айыпкерлер батыраак бошонуп, үйбүлөсүнүн маңдайында болушсун. Экинчи ирет бул жакка кайтып келишпесин!
Атайын "Учур" үчүн даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Гороскоп

15- марттан
21- мартка чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Каражат маселесине шалаакылык мамиле кылбаңыз. Жөн жерден капчыгыңызды жукартып алышыңыз мүмкүн. Ишиңиздеги туруктуулукка умтулуңуз. Жума аягында азыраак суммада киреше кирет.

Букачар (21.04 - 20.05)
Өнөктөш жана коллективдүү иштерден баш тартпаңыз. Алардын кеп-кеңешин уга билиңиз. Сиздин чыдамкайлыгыңызга чек коюлбайт. Көп кыйынчылыктардан оңой чыгышыңыз мүмкүн.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Сиз чындап эле материалдык абалыңызды жана жеке жашооңузду оңдогуңуз келсе, анда алыңыз келбей турган иштерге чарпыла бербеңиз. Бардык каражатты көзөмөлдөп, ишиңизге тыкыр болуңуз.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Учурда сизди түйшөлткөн бир чоң маселе турат. Ага жалкоолонбой, шымалана киришкениңиз оң. Авантюралык иштерге азгырылбаңыз. Арты жакшылыкка алып барбайт. Сизге ушул керекпи?
Арстан (23.07 - 23.08)
Кандай гана иш баштабаңыз, баары өз жайында орундалат. Короткон каражаттарыңыз эки эсе толукталышы күтүлүүдө. Бардык ишти күн мурунтан мелжеп алыңыз. Ийгиликтен башыңызды жоготуп койбоңуз.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Жылдыздардын жайгашы сизди сабырдуулукка жана аярлап иш кылууга үндөйт. Сүйүктүү адамыңызды капа кылып албаңыз. Мурунку кетирген каталарды оңдоого аракеттениңиз.

Тараза (24.09 - 23.10)
Бардык иштер өз жайында. Ызы-чуудан оолак болуңуз. Жеке жашооңузга көбүрөөк көңүл буруп, туугандар жана досторго болгон мамилени жандандырыңыз. Ден соолугуңузга көз салып коюңуз.

Чаян (24.10 - 21.11)
Тобокелдикке барбай, чама-чаркка жараша иш кылуу керек. Ошондо гана ойлогон ой-максатыңар ишке ашат. Жаш жубайларды астыда түйшөлткөн бир маселе күтүп турат. Андан корко бербеш керек.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Шашкан шайтандын иши. Алды-артыңызды карап иш кылыңыз. Башты ооруткан, бүдөмүк ойлордон оолак болгонуңуз оң. Сиз күткөн натыйжалуу жыйынтык, ушу жуманын аягында жемишин берет.

Текечер (22.12 - 20.01)
Ийгилик коштогон күндөр келди. Бирок, өзүмчүлдүк жаман адатыңыз тоскоол болуп калышы ыктымал. Андыктан, чыдамкай жана сабырдуу болгонуңуз дурус. Ден-соолугуңузга кам көрүп койсоңуз ашыкчалык кылбайт.

Суупери (21.01 - 19.02)
Жума ичинде акча каражат алып келүүчү чакан ишкана ачсаңыз болот. Долбоорун жана ага тиешелүү документтерди тыкыр карап чыгуу кажет. Ошол эле учурда башка маанилүү иштерди өңүттө калтырбаңыз.

Балык (20.02 - 20.03)
Өз күчүңүзгө ишенип иш кылыңыз. Кайсы гана жумушту көздөбөңүз, баардыгы өз орду менен аткарылат. Анүчүн талыкпай иштеш керек. Билим алуу жагын унутта калтырбаңыз. Азыр болбосо, кийин кереги тийип калат.