Айажар

Ала жипти аттабаган эркек барбы?
Илимде эркектин табияты полигамдуу экени далилденген. Демек, мырзалар бир эле аялга алымсынбайт. Күйөөңүз канчалык мыкты болсо да, суйкайган сулуу көрсө шилекейи чууруп, ээрчип кетиши ыктымал. Бул албетте, сизге оор тийбей койбойт. Мындай кырдаалда аял өзүн кандай кармаш керек? Ушул тууралуу сүйлөшүп көрбөйлүбү...

Жакын жүргөн менен алыспыз
Жай айында күйөөмдү чогуу иштеген катчысы менен кармап алгам. Күйөөм ошол эле күнү кийимдерин жыйнап, үйдөн чыгып кеткен эле. Бирок, жакында кайра кайрылып келиптир. Курун моюнуна салып, "ит болдум, куш болдум" деп. Туугандарыбыз, бир жагынан балдарым жаалап жатып, акыры жараштык. Өкүнүчтүүсү мамилебиз мурдагыдай болбой калды. Экөөбүз эчтемке болбогондой ээрчишип жүргөнүбүз менен ортобуз алыс. Жүрөгүм муздап калыптыр. Эрим болсо мага жагыныштын түркүн амалын кылып жатат. Үйгө эрте келет, кымбат белектерди ыроолойт, баарыбызды жума сайын шаар четине алып барат. Мен болсо анткен сайын кыжырланып, "неге кечирдим?" деп өзүмдү жей берем. Анын сүйлөгөнү, кылыгы мени шылдыңдап жаткандай туюлат. Кээде отуруп, өч алгым келет. Жашмын, өңдүүмүн, көз артып, сөз ыргыткандар көп. Эмне үчүн мага ала жипти аттоого болбосун? Кайра балдарды ойлойм. Айтор, баш катып бүттү.


Айсалкын, Бишкек
Кечирүү керекпи же?..
Сынган аяк баштагы калыбына келбейт. Канча желимдеп, кадасаң дагы. Бир кезде көзүңүзгө чөп салган адамды кечирүү оңой эмес. Бирок, балдар үчүн же башка себептер менен аягы суюк эриңиз менен жашап жатсаңыз, анда төмөнкү эрежелерди эске тутканыңыз оң.
1. Эмне себептен күйөөңүз ушул кадамга барганын иликтеңиз. Балким кемчиликтериңиз бардыр. Андай болсо оңолууга бет алыңыз.
2. Жүрөктөгү ыза, кекти унутууга аракет кылыңыз. (Эгер үйбүлөнү сактайм деген ой болсо).
3. Күйөөңүзгө эрегишип, балдарды көңүлдөн чыгарбаңыз. Ал балдарга эч ким сиздей мээрим төгө албасын сезгендей болсун.
4. Мурдагы убакта бардык түйшүктү моюнга алып келсеңиз эми аны жыйыштырыңыз. Аял экениңизди унутпаңыз.
5. Эгер ал кемчилигин түзөп, оңолууга аракет кылып жатса мүмкүнчүлүк бериңиз. Эски жараны ырбатып, өткөндү чукугандан пайда жок.
6. Мурдагыдай күйөөңүздүн көзүн карап, жагалданбаңыз. Андан көрө үстү-башыңызды түзөп, эки жакка чыгып эс алыңыз.
7. Башка адамдарга да керек экениңизди унутпаңыз. Күйөөңүздү эле айланчыктай бербей курбу, туугандарыңыз менен бат-бат жолугуп туруңуз.
8. Айрым аялдар мындай учурда күйөөсүнөн өч алыш үчүн солго кеткен учурлары кездешет. Жүрөк дартынан минтип арыла албайсыз.
9. Күйөөңүз сизге кайрылып келген күндө да көңүлдөшүн унута албаса, анда ажырашып кеткениңиз эле туура. Сизге да, ага да жеңил болот.
10. Күйөөңүз көзүңүзгө чөп салганын бирөөгө айтуу кажетсиз. Кокус жарашып калсаңыз өзүңүз эле уят болосуз.

Эркекке өчөшүп, аял ала жипти аттаса болобу?
Жамал Фронтбек кызы, "Мутакалим" уюмунун жетекчиси:
- Аял мындай учурда кечире билүүсү керек. Күйөөмдөн өч алам деп, ала жипти аттаган чоң күнөө. Эми чыдамдын да чеги болот дечи. Эгер күйөөсү ит адатын таштабаса, анда ажырашып кеткени деле оң. Буга шарият уруксат берет. Бакпаса, карабаса, сыйлабаса, бузуку жолго барса, андай күйөөнүн барынан жогу жакшы эмеспи.

Съездбек Искеналиев, ырчы:
- Кыргызда "битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба" деген жакшы сөз бар. Демек, жүрөнөөк күйөөгө эрегишкенден пайда жок. Эртеби-кечпи ал өз жазасын алат. Бул дүйнөдөн болбосо, акыреттен. Аял мындай учурда ага маани бербей эле койгону оң. "Таш менен урганды, аш менен уруп" жашай бериш керек. Ортодогу балдарды атасыз калтырган болбойт да. Эми аягы суюк эркек менен жашашты же жашабашты аял өзү билет дечи. Жеке менин пикирим ушундай.


Аягы суюк эрди жазалоо жолдору
Күйөөсү көзүнө чөп салган учурда аял кандай реакция кылуу керек. Буга атактуу аялдарды мисалга тартып, жооп издеп көрбөйлүбү...

Кек сактоо
Американын 32-президенти Теодор Рузвельтке жубайы Элеонора Рузвельт алты бала төрөп берген. Бирок, бир ирет Рузвельттин ала жипти аттаганын билген соң, "кечирем, бирок, унута албайм" деп эринин койнуна өлөр-өлгүчө жатпай койгон. Чөгүп кетпеш үчүн коомдук иштер менен алышып, элдин сый-урматына ээ болгон.


Кол шилтеп
басып кетүү
Топ-модель Синди Кроуфорд биринчи күйөөсү актер Ричард Гир менен ажырашкан соң, Ренди Гербер аттуу бизнесменге турмушка чыккан. Бирок, бул никеси да көпкө созулбаган. Эки балалуу болгондон кийин күйөөсү кайсы бир официантка менен ойноп кеткен. Синди буга чыдаган эмес. Балдарын алып, кетип калган.

Кууп чыгуу
Голливуд сулуусу Николь Кидман актер Том Круз менен ажырашкан соң Ленни Кравитиц менен мамиле түзгөн. Жүрүм-туруму менен атагы чыккан кара тору бул ырчы Николь менен жашагандан көп өтпөй эле көзүнө чөп сала баштаган. Мындай бети жоктукка чыдабаган актриса акыры аны үйүнөн кууп чыккан.

Өч алуу
Орус ырчысы Ирина Салтыкова күйөөсү Виктор Салтыковдун ала жипти аттаганы жанына батканда, өзү да көңүлдөш таап алган. Ушундай ыкма менен ал эрин акылга келтирүүнү көздөгөн. Бирок, бул аракетинен майнап чыккан эмес. Акыркы эки ырчы ажырашып тынышкан.


Анекдот
"Күйөөң сени башкага алмаштырат деген кепке ишенбей калдым. Качан аңдыбайын ал досу менен жүрөт. Экөө чогуу иштейт, балыкка барат, спорт менен машыгат. Ал турсун төшөккө да бир жатышат..."


Дайым бийик туруу
Моника Левински менен болгон окуясынан кийин деле Хиллари Клинтон күйөөсү менен жашоосун улантып келет. Учурда мамкатчылык орунду ээлеп, жылдызы жанып турган кези. Бир убакта АКШнын 42-президенти болгон Билл азыр аялынын көлөкөсүндө калганы жашыруун эмес.

Көз жумуу
Дагы бир орус ырчысы Наташа Королеванын күйөөсү Тарзанга көз арткан айымдар көп. Ошондонбу бул мырза да солго көп кетет деген ушактар бар. Бирок, Наташа анын баарына чыдап келет. Бул тууралуу сурагандарга "мен үчүн үйбүлөлүк бакыт башкы орунда, сүйүүм үчүн Тарзандын анча-мынча жоруктарына маани бергим келбейт" деп кутулат.