Күч берен

Шахмат чемпиондорун жеңип алган Келсинбек
Келсинбек Исакжанов балдар арасында өткөн шахмат боюнча турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү. Жыл санап чеберчилигин өстүргөнү өстүргөн. Жакында КРнын эркектер арасындагы биринчилигинде чоңдор менен ат салышып, бир канча спорт чеберлерин утуп алган жери бар.

- Келсинбек, чоңдор арасында өтүүчү мелдешке биринчи эле жолу катышып атасыңбы?
- Мурун бир-эки жолу катышкам. Анда шахмат оюнун жаңыдан үйрөнүп жүргөн элем.
- Бу жолку мелдештеги абалың жөнүндө айтчы?
- 10 оюндан 5,5 упай топтодум. Белинен аштым. Олег Пахомеев деген спорттун чеберин жеңип алдым. Мени баласынтып, мындай эле утуп алам десе керек.
- Сен кайсы түстөгү таштар менен ойногон элең?
- Ак түстөгү таштар менен. Жакшы өздөштүргөн "Эски индия коргонуу" партиясында баштадым. Ал биринчи эле жүрүштөрдө ката кетире баштады. Онунчу жүрүшкө келгенде "уктап калып" (зевок), атын алдырып ийди. Мен чабуулду күчөтүп, айласын алты кетирдим окшойт. Көпкө чейин башын мыкчып, өңү бирде кубарып, бирде кызарып жаман болду. Чечүүчү деген бир жүрүшүмө жооп кылам деп 35 мүнөт ойлонду. Акыры багынууга аргасыз болду.
- Шахматты кимден үйрөнүп жүрөсүң?
- Кичине кезимде менден бир аз чоңураак балдардын ойноп аткандарын көрүп калгам. Кийин атама "шахматка кызыгып атам" деп айттым. Анан атам мени Болот Алыбаев агайга ээрчитип келди. 5- классты бүткөнгө чейин чогуу машыктык.
- Агайың таластык болсо керек эле?
- Ооба. Мен да Таластын Көпүрө - Базарынан болом.
- Мектепте жакшы окуйсуңбу?
- Шахматчы деген жакшы окушу керек. Мен муну жакшы билем. Математика сабагынан мага эч ким жетпейт. Ырларды көп жаттайм. Себеби, эс тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, кээ бир партияларды талдоодо жардамы тийет.
- Аны кайдан билесиң?
- Мектептин китепканасынан Гарри Каспаров жөнүндө жазылган китепчеден окуп калдым. Ал жерде мындай жери бар: "дүйнө чемпиону Каспаровго апасы бала чагынан ырды көп жаттатчу. Математика сабагындагы мисалдарды талыкпай, оозеки чыгарта берчү. Булардын баары өз учурунда Гарринин дүйнө чемпиону болууга жакшы шартын түзгөн" деп. Ошо китепчени окуп, аябагандай таасирлендим.
- Шахмат партияларын талдап көргөнсүңбү?
- Карпов менен Каспаровдун партияларын агайым экөөбүз талдап чыкканбыз. Сабак иретинде.
- Атагы чыккан шахматчылардын кимиси менен ойногуң келет?
- Вишванатан Ананд менен. Себеби, анын ойноо стили менен меники окшоштой сезилет. Ал да "Эски индия коргонуу" партиясын жакшы өздөштүргөн.
- Дүйнө чемпиону болгуң келеби?
- Болгум келет. Ушу кезге чейин кыргыздардан дүйнө чемпиону болгон эмес. Колдон келишинче бул даражага жеткенге умтулам.
- Мектепти бүткөндөн кийин кайсы окуу жайга тапшырып, кайсы кесипти аркалагың келет?
- Экономист кесибине ээ болуп, өлкөнүн президенти болууну самайм.
- Азыр кимде машыгып жүрөсүң?
- Замир Кыдыралиев агайда.
- Айыл жергесинде шахмат менен алпурушкандан тышкары да башка ийримдерге катышасыңбы?
- Спорт мелдеши өтүп аткан жерлерден кыя өтпөйм. Кызыгам. Бирок, башка түрлөрүнө катышканга убакыт жок. Бош учурда чоң атамдыкына барып, кол кабыш кылам. Отун-суусун, мал-тегесин жайлап.
- Замир агайыңды шахматтан ута баштасаң эмне кылат элең?
- Биздин чөйрөдө эч кимибиз агайды ута элекпиз. Сабак учурунда айтып калат. "Кимде-ким мени ута баштаган күндөн тартып, ал шакиртимди гроссмейстерге тапшырам. Ошондуктан жакшы тырмышып үйрөнгүлө" деген. Агайдын бул сөзүн бардыгыбыз стимул катары баалайбыз.