Тирандардын турмушунан

Нерон:
"Мен өлгөндө жер күлгө айлансын"
Нерон жарык дүйнөгө келгенде атасы: "Агриппина экөөбүздөн шумпай туулду да..." деп күрсүнгөн экен. Оозуна сала бергендей, уулу кийин чындап эле зулумдугу менен тарых бетинде түбөлүк калды.
Неронду бийликке алып келиш үчүн энеси Агриппина император Клавдийге алгач уу берип, тындым кылган. Ал кезде Нерон 17 жашта гана болгон. Жаш падыша такка отурганда өлкө абалы кыйла оңолгон. Салык түрлөрү азайып, согуштар токтогон. Бирок, бул бейпилдик көпкө созулган эмес. Луций Доминцийдин башка урпактарындай эле Нерон да тез эле көөп, колу чыканакка чейин канга боелгон.
Анын бейбаштыгы, канкордугу өлкөнү 7 жыл башкаргандан кийин күчөп, ээ-жаа бербечү абалга жеткен.
Нерон бала кезинде актер болууну кыялдангандыктан, таажы кийген күндөн тарта мамлекеттик байлыкты таң-тамашаларга сарптай баштаган. Кифарда ойногонду үйрөнүп, өнөрүн көргөзүүгө элди театрга кыйнап алдырып келген. Концерти антраксыз узакка созулуп, эч кимге сыртка чыгууга уруксат берилген эмес. Ошонун айынан театр ичинде далай аялдар төрөгөн.
Жоругу жолдо калган Нерон сахнада түшкө кирбес оюндарды уюштурган. Бирде мамыга байланган жылаңач аял-эркекке айгыр болуп катылса, бирде зордукталган аялдын образын жаратып, кыйкырып, өкүрүп жаш жигиттер менен жыныстык катнашка барган. Алтургай Дорифор деген эренге үлпөт той менен турмушка чыгып, римдик аксөөктөрдү жерге түкүрткөн.
Кечкисин болсо кебетесин адам таанылгыстай өзгөртүп, көчөгө чыккан да, жалгыз-жарымдарды тоноону адатка айланткан. Кээде ушунусунун айынан бейтааныш адамдардан токмок да жеп калчу.
Урук-туугандарынын эсебин катары менен тапкан. Биринчи аялы Октавияны жалган жалаа менен өлтүртсө, экинчиси Поппея Сабинаны "ырдай албайсың" дегени үчүн өзү тындым кылган. Анын ээрчитип келген баласын сууга чөктүртүп, Клавдийдин уулу Британикке уу бердирткен. Кичинесинен бери тарбиялаган окутуучусу Сенеканы болсо өз жанын кыюуга мажбурлаган. Андан соң кезек энесине жеткен. Агриппина Нерондун буйругун укканда эле, "тирукмуш төрөгөнүмө өкүнөм" деп өзүн канжар менен жатынга сайып салган.
Жакындарынан арылган соң, падыша ырайымсыздыгын карапайым элге көрсөтө баштаган. Каяша айткандардын эмчектеги баласына чейин аесуз кырдырган.
"Мен өлгөндө жер күлгө айланып кетсин" деген анын сүйгөн сөзү эле. Ошондонбу, айтор, эргүү келбей жатат деген шылтоо менен 64-жылы Римге от койгузган. Алты күн бою жалбырттап күйгөн шаарга аксарайынын чокусунан маашырлана карап, дастан айтып отурган. Өрт басылганда, кыжырланган элден коркуп, күнөөнү динчилдерге оодара салган. Кур жалаага кабылган далай христиандар арстандарга жем болуп, дарга асылып, жыгачка керилип ажал тапкан.
Падышанын обу жок кылыктары, саясат жүргүзгөнү аскер башчыларды, төрөлөрдү нааразы кылган. Жедеп чыдамдары түгөнгөндө алар тымызын сүйлөшүү жүргүзүп, тополоң башташкан. Нерондон көз көрүнөө оомат кеткен.
Ичер суусу түгөнгөнүн сезген император түндөп Римден качып кеткен. Шаар четиндеги вилласына барып, "кандай гана улуу артист өлгөнү жатат" деп бир нече ирет кыйкырган соң, кокосуна бычак матырып өмүрү менен коштошкон.
Анын сөөгү ойношу Акта тарабынан өрттөлүп, жерге берилген. Ошентип, Рим тарыхында эң залим, бузулган император катары калган Нерондун 14 жылдык бийлиги биздин замандын 68-жылы аяктаган.
Санжи Туйтунова




  Көздүү мончок

Урушчаак, куу көрүнгөн Асел
- Өзүң Ошто болсоң, борбордон алыс болгонуң чыгармачылыкта кыйынчылыкты жаратпайбы?
- Кыйынчылыгы билинбейт деле. Бишкекке бат-баттан барып турам. Барганда ал жакта көпкө кармалам, Ошту сагынганда келем. Ал эми концерттер көбөйгөн мезгилде Бишкекке келем. Мага дайыма жардам берип, продюсердик кызмат көрсөтүп жүргөн курбум Миргүл Эсеналиева концерттер болуп калса мага кабарлап турат.
-Миргүл менен кандайча табышып калгансың? Атайын келишимдин негизинде иштешесиңерби?
- Атайын түзүлгөн келишим жок. Аны менен иштеше электе эле Неля үчөөбүз курбу элек. Миргүл менен Неля аркылуу таанышкам. Азыркы күнгө чейин бир туугандайбыз.
- Мурда "Кыз-Буракта" иштеп жүргөнүңдү уккан элем. Эмнеге ал топ менен иштешпей калгансың?
- "Кыз-Буракка" апам аркылуу баргам. Себеби, апам өзү ошол топто бир кезде ырдачу. Жылдыз Кадырбаева деген. Кийин турмушка чыккандан кийин атам ырдатпай койгон экен. А менин топтон чыгып кетүүм окуума байланыштуу. Сабакты таштап узак убакытка гастролдоп кетиш керек болчу. Мен окууну тандагам. Анда 7-класста окучумун.
- Демек, ырчылык тукумуңда бар турбайбы?
- Апамдын дагы, атамдын дагы биртуугандары музыкага шыгы бар адамдар. Таятам, тайкелерим, эжелеримдин баарынын "чымыны" бар.
- Апаң орундалбай калган максатын сен аркылуу ишке ашыргысы келген экен да. А атаң сенин ырдап чыгышыңа каршы чыккан жокпу?
- Жок, атам каршы эмес. Тескерисинче, мени колдоп турат. Негизи эле ата-энем мен кайсы жолду тандабайын, жаман жол болбосо эле ар дайым колдоп, ишеним көрсөтүп турушат.
-Апаңдын жолун кайталап, турмушка чыккандан кийин ырдабай калам деп коркпойсуңбу? Дегеле турмушка качан камынып атасың?
- Эми аны убакыт көрсөтөт да. Жан дүйнөм канчалык музыкага жакын болуп, ырдабай калыштан корксом дагы, баары бир мен үчүн үйбүлөлүк бакыт биринчи орунда турат.
- Жигитим жок десең күйөрмандарың ишенбесе керек…
- Эми аны айткан менен кажети жок го. Деги эле мен айтуу менен эмес, иш жүзүндө көрсөткөндү жактырам. Дегеним, турмушка чыкканда эле айтпасам, айткандарды деле көрүп атпайбызбы. Жаман-жакшы сөз аралайт, андан көрө сезимдерим таза бойдон өзүмө гана белгилүү болуусун каалайм.
- Ушактан коркот окшойсуң...
- Ушак болуп келген, боло берет. Көп маани бербейм. Мени ушак ээрчисе, угуп алып күлүп отура берем. Мен тууралуу ушактын айтылып атканы, демек, мени эл байкап атканы да. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген жакшы сөз бар. Эң негизгиси жакын адамдарым, досторум, ата-энем ишенсе болду.
- Өзүңдү сулуулардын катарына кошосуңбу?
- Сулуулукка маани берем, бирок өзүмдү жылдыздуу адамдардын катарына кошом. Ар бир адамдын өзүнө тарта турган өзгөчөлүгү болуш керек. А эң негизгиси, жан дүйнөсү сулуу адамдардын катарына кошулганга умтулам.
- Адамдарды тартып турган өзгөчөлүк болот деп калдың. Өзүңдүн өзгөчөлүгүң катары эмнени эсептээр элең?
- Мени көбүнчө "аябай урушчаак, куу көрүнөсүң, алгач сүйлөгөндөн коркконбуз" деп калышат. А мени тааныгандар болсо, "адамдар менен бат тил табышасың" дешет. Бирок мен жан дүйнөм, мүнөзүм, табитим төп келишпеген адамдар менен тил табыша албайм. Көп талашам. Ал эми ички сезимге төп келишкендер менен аябай жакшы тил табышам. Анан дагы "күлгөндө көздөрүңдүн жылдызы чыга түшөт" деп комплимент айтып калышат.
- Аялзаты бир аз "стервакан" болуш керек деп калышат экен. Сенде ушул сапат барбы?
- Билбейм. Бирок мен эч качан өзүмдүн айтканымды бербейм. Эгерде менин пикирим туура экенин билип турсам, аягына чейин талашам. Бирок жөнү жок ызы-чуу салбайм.
- Шоу-бизнестен мүнөзүңө жат, ыплас көрүнүштөргө туш болдуңбу?
- Мен шоу-бизнеске 7-класстан бери эле аралашып келгендиктен, көп нерселерге түз эле карайм. Андай нерселер мага жаңылык деле эмес. Адилетсиздик болуп атса кыжырым кайнайт. Мисалы, бут тосуу, гезит беттерине ушактардын жазылышы дегендей.
- "Артисттин аты жеңил" деп коюшат экен, сага дагы ушундай эле көз караш менен жеңил мамиле кылган учурлар кездештиби?
- Андай адамдарды сүйлөгөн, жасаган мамилесинен эле байкайм. Сөз менен эле түшүндүрүп айтам. Түшүнбөй баратса айтыша деле кетем. Негизи эле ырчылар тууралуу жаман сөз болуп калганда менин ачуум келет. Бирок чегинен өтүп сүйлөгөндөрдү кезиктире элекмин.
Дилбар Алимова