Учурмаек

Табылды Акеров, саясат таануучу:
"Орусия биздеги кландык системага каршы"
- Айрым серепчилердин айтымында, азыркы кыргыз бийлигине расмий Москванын көзү түз эмес экен, буга эмне себеп болушу мүмкүн?
- Орусия Кыргызстан менен Тажикстанда өнүгүп жаткан кландык системаларга каршы болуп жатат. Себеби, кландык системанын күчөшүнүн аягы эмне менен бүтөөрүн 2005-жылдагы март окуялары көргөзгөн. Ошол себептүү, Орусия эч качан КМШда "түстүү революциялардын" кайталанышын каалабайт. Анткени, мындай нерселер Орусиянын геосаясый кызыкчылыктарына дал келбейт. Азыр Орусия "Кыргызстан берилген насыя акчаларды максаттуу жумшабай жатат" деп күмөн саноодо. Буга биздин тышкы саясат жүргүзүүдөгү катачылыктарыбыз дагы кошумча болуп жаткан өңдүү. Акыркы Кытай сапары жана андагы сүйлөшүүлөрдүн маани-маңызы, ("Камбар- Атага" акча сурап, кытайдын самолетторун сатып алуу ж.б. у.с.) орустардын кыжырын кайнатууда.
- Орус президенти Д. Медведев "Кыргызстан менен Тажикстандын Бирдиктүү Экономикалык Аймакка мүчөлүккө киришин биз аныктайбыз" деген билдирүүсү ушуга байланыштуу эмеспи?
- Буга биринчиден, биз дагы, Тажикстан дагы Орусия менен чектеш эместигибиз себеп. Экинчиден, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу аймактарга коңшубуз. (Афганистан, Иран, Пакистан менен). Үчүнчүдөн, жана башта айткандай, биздин да, Тажикстандын да экономикасы толук бойдон бир кландын колуна өткөнү себеп болууда. Ал эми кландык түзүлүш Орусия ж. б. чоң өлкөлөрдүн карызынын кайтарылып берилишине жана аймактагы стабилдүүлүккө кепил болуп бере албайт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, орустар ушул эки бийликке тең ишеним артпайт. Ошондон улам, Д. Медведев бул маселе Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө жетекчилери менен жекече сүйлөшүүлөрдөн кийин карала турганын билдирүүдө.
- Кыргыз бийлигине Батыштын да, орустардын да ичи чыккан жок, мындай учурда "жоогазын революциясы" дагы кайталанышы мүмкүн деген кептерге кошуласызбы?
- Батыш биздеги демократиянын өнүгүүсүнө такай байкоо салып келет. Демек, биздеги кырдаалдын оңолушуна анын таасири чоң экени талашсыз. Кокус ал бүгүнкү бийликтен демократиялык баалуулуктарды сыйлоону талап кылып, таасир берүүгө өтсө, оппозиция дароо жандана баштайт. Анда бийлик туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Себеби, бүгүнкү бийликтин күчтүү оппозиция жана демократиялуу коом менен кызматташууга келгенде дарамети жетпеси жалпыга белгилүү болуп калды. Ал эми Орусия биздеги саясый абал курчуп кетсе, өз кызыкчылыгын сакташ үчүн бардык аракетин жумшайт десем болот.
- Айтмакчы, батыш кыргыз бийлигинин экономика боюнча жүргүзгөн саясатына да нааразы экенин немец эксперти Михаель Лаубаш "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелекомду" менчиктештирүүнү мисалга тартып, дүйнө коомчулугуна жарыялады. Буга пикириңиз кандай?
- Батыш өлкөлөрү ишканаларды менчиктештирүү боюнча бай тажрыйбага ээ. Менчиктин шарты боюнча аларда тендер жарыяланып, ишкана мыкты сунуш киргизген жана чоң өлчөмдөгү инвестиция алып келген бизнесмендерге, компанияларга сатылат. Акча инвестиция түрүндө өлкөгө кирип, ишкана кирешелүү болуп, салык төлөө жөндөмдүүлүгү артат. Тактап айтканда, акчанын айлануусу арбып, өлкө кризистен тез чыгат. Тилекке каршы, бизде иш теңирден тескери. Стратегиялык объектилерди бийликте олтурган адамдар жеке кызыкчылыгы үчүн итбекер сатып алууда. Бул өлкөгө да, ишканага да эч кандай пайда алып келбейт. Себеби, жаңы кожоюн ишкананы оңдоп-түзөп, аны көтөрүүнү эмес, баюу жолун гана көздөйт.
- Биздикиндей революцияны баштан кечирген Украинада жакында президенттик шайлоо өттү. Ага саясат таануучу катары кандай баа бердиңиз?
- Украина бизге караганда Европага жакын өлкө. Эли сабаттуу, өз кызыкчылыгын коргой билет. Жоогазын революциясынан кийин демократия баалуулуктарын өздөрүнө бат сиңире алышты. Буга жакында болуп өткөн шайлоо далил. В. Янукович Орусия багытын колдосо деле жеңишке жетишти. Берки тарап бут тосуп, административдик ресурсту колдонбоду. Баары мыйзам чегинде жүрдү. Коомдогу саясый маданияттын жогору экенин көрсөтүштү. Бул Украина элинин чоң утушу болду. Биз болсо тескерисинче, артка кетип баратабыз. Март окуясынан кийин кыргыз бийлиги демократиялык баалуулуктарды карманбай, коомчулук болсо аны сактоо талабын кое албай келет. Акыркы кезде байкасаңыз керек, саясый ишмерлерге, журналисттерге аңчылык күчөдү. Заказдык өлтүрүүлөр, уруп-сабоолор, жалган жалаа менен камакка алуу нормага айланып баратат. Эл аралык уюмдар Кыргызстанды бүгүн демократиялуу эмес мамлекеттердин катарына кошууда.
Санжи Туйтунова




  Люмпен

"ШАШКАН КОЁН АҢГА КИРБЕЙТ"
(Уландысы. Башы 2-бетте)
Элдик кеңештин атынан интернет сайтта БЭКтин саясый бюросунун бардык мүчөлөрүн өтө ыплас көөлөнгөнүн, Мукар Чолпонбаев менен Сагынбек Момбековдон башка ишенимдүү жол башчы калбаганы тууралуу маалымат жарыяланганын айтып туруп, алар же "бул маалыматка биздин тиешебиз жок" деп жокко чыгарышы керектигин, болбосо кайра ошол өзүлөрү көөлөгөн адамдардын арасында отуруу мүмкүн болбой турган жорук экенин айтты. Уяты бар адамдар мындай жагдайда чыгып кетиши керектигин эскертти. Чындыгында эле БЭКтин жыйынында "бийликтин курултайына барбайбыз дегендер менен биргебиз" деп, кайра "ынтымак" курултайына барабыз" деп жүргөндөрү логикага сыйбай турат. Анткен менен БЭКти тытыштыруу планына жыйындын катышуучулары жол бербей, бу сапар дагы провокация таш капкандай болгонсуду. Бирок маселе ачык бойдон, бөлүп-жаруу улантыла береринде шек жок. Андыктан бул маселеге айрыкча көңүл бөлүү учурдун талабы болуп турганы анык.
Ал эми ошол "люмпендерге" карап көрсөк, арасында акыл токтоткон, элге баш-көз болоор бирөө жарымы деле байкалбайт. Каны ичине тартып, бийликке катуу нааразы болгон, (же нааразы болумуш болуп атайын кошулган) амбициялары асмандаган, бирок "чөйчөктөрү бөксөрөөк" жарандар жыйылгандай. "Көтөрүлүш керек, талкалаш керек, жоготуш керек" дегенден башка деле эч нерсе уга албайсың. Андан кийин эмне кылабыз (?) десең жаман көрүшөт. Кайбирлери элди Түндүк-Түштүк кылып кайраштырып, кырылышууга алып келчү обонду созуп атканын көргөндө, "Кудай ушундайлардан сактай көр" деп жакаңды кармайсың. Ошолорго окшогон шашмалар, бир ирет Акүйгө дүргүп кирип, кайра үркүп чыкканы эсибизде.
Эми азыр эл ичинде нааразычылыктар курчуп, коом учурдагы бийликтен арылуу аракетине өткөнү жаткан кырдаалда, ушуларга окшогон "люмпендердин" кесири тийип, элдин шагы сынып, бийлик бекемделүүсү да толук мүмкүн. Анткени, римдиктерден бери колдонулуп келе жаткан "бөлгүн дагы башкара бер" тактикасын колдонуу аркылуу, даярдыгы жок элди бийлик жанагындай шашмалардын жардамы менен бөлүп, эртелетип көчөгө чыгарып, четинен сындырып, жалпы көтөрүлүштү болтурбай коюуга мээси жетет. Ал үчүн керек болсо ошол шашма "люмпендерди" бийлик өзү каржылашы да толук мүмкүн (м: акчаны үчүнчү тараптар аркылуу бердирип. "Командировкага акча алып, элди аралайбыз" дегендерине караганда, бирөөлөр "сөөк-саак" ыргыткандай). Алар аркылуу, бийликке ылайыктуу идеологиянын таратылып жатышы, араларындагы атайын кызматтын адамдарынын айрым жетишкендиктеринен кабар бергенсийт.
Ошентип, кыйынсынган кыкеңдерге кыйын болду чындап. Эми эмне, биз ушинтип эле эки шайлоодон жеңилгенден чүнчүп, бири-бирибизди күнөөлөп, айрымдарыбыз сатылып, качып, чилче тарап кетебизби? "Чапкан сайын көз чыкпайт" дегендей, керек болсо 30-40 жыл бою жеңилип, бирок багынбай күрөшүп жүрүп жеңишке жеткен чет элдеги оппозициялык партиялардын тарыхына баам салсак кантет? Балким биздин элдин акыйкат жолундагы күрөшү да ондогон жылдарга созулаар. "Шашкан коен аңга кирбейт" дейт эмеспи...
Бир чети эл кыш-күрөөдө жыргаганынан нааразычылык акциясына чыгууга бел байлап жаткан жери жок, жетээр жерине жеткен соң, көчөгө чыгууга мажбур болууда. Андыктан, бул коом үчүн кооптуу процессти "чалагайымдарга" салып берип, чектен чыгарбай тажрыйбалуу, жоопкерчиликтүү партиялар, элге белгилүү, кадыр-баркы бар коомдук ишмерлер көзөмөлгө албаса арты жакшы болбой калчудай.
Антпесе, бу "Кудай ургандар" элди тополоңго салып, арасында "ит-кушу" көп немелерди бийликтин атайын провокациясына алып барып, канжалатып даана өчүрсө эмне болот? Азыр эми элдик кыймылга баш-көз болуп, жоопкерчиликти моюнга ала турган БЭК менен Коомдук парламенттен башка реалдуу күч жок экени белгилүү. Ал эми айрым адашкандардын "люмпендерге" жем болуусуна бөгөт коюу, жол бербөө, алардын анык жүзүн элге ачып, оң жолго багыттоону массалык маалымат каражаттары моюнуна алуу кажет десек жаңылышпаспыз.
Орун алмаштыргандан сумма өзгөрбөйт демекчи, төңкөрүшкө караганда, бийлик сестенип эсептеше турган, туруктуу коомду курап алуу, натыйжасыз төңкөрүштөргө караганда, кулчулук психологияга каршы, эркиндик үчүн талбай, кашык кан калганча күрөшүүнүн традициясына жетүү маанилүүрөк экенин түшүнмөйүнчө, ушинтип улам бир төңкөрүштүн "үзүрүн" көрүп жүрүп жок болуп кетүүбүз да толук мүмкүн!
Сабыр МУКАНБЕТОВ

"Люмпен - деклассированные элементы, люди без социальных корней, нравственного кодекса (бродяги, нищие, уголовные элементы и др.), готовые нерассуждающе повиноваться сильному, то есть обладающему в данный момент реальной властью". Прф. В.М. Карельский.