Ысык-Көлдөн сурадым!

Жылаңач денеңди сүрөткө тартканымда…
( Аңгеме )
Балким, бул окуяны жазбай деле койсом болмок. Бирок көөдөнгө сыйбады. Ичим уйгу-туйгу болуп эзилип, сен эсимен чыкпай койдуң. Чын эле, экөөбүздүн ысык күндөрдү эстеп отургам. Анан СМСиң келди. Жүрөктү "дүрт" эткизип. "Сени ойлоп отургам…" деп жаздым кайра. "Бул телепатия" деп жооп кайтарыпсың. "Ысык-Көлдөгүнү жазайынбы?" десем, "жазчы, кандай сүрөттөйсүң?" деп кызыккандай түр жараттың. Баары ушул жерден башталып кетти. Элесиң көз алдыма тартылып, кыялданып…
Жашоонун майда-барат көйгөйлөрү менен алпурушуп жүрүп, экөөбүз тең чаалыгып, бушаймандыкка батып баратыппыз. Жан дүйнө чарчап дегеним. Күндөгү офистин иштери, кагаз, интернет казмай, жазмай, кеч кирет, таң атат, айтор, ушундай окшош күндөр… Идеяга оргуп турган жаным жөн турабы, сага телефон чалдым:
-Айжаз, кандайсың? Ханышам менин!
-Жакшы. Өзүңчү?-дедиң сен да бир жакшылыкты күткөндөй.
-Баары жайында. Бирок чарчадым.
-Мен дагы…
-Сен мага караганда көп иштейсиң ээ? Тырышчааксың. Кандай сонун кызсың?-деп эле мактап баратам.
-Койчу?-дедиң жылмайгансып.
Кызык, көз алдыма ууртуңа күлкү уялаган элесиң тартылды. Телефондо сүйлөшүп атсак да. Ушул арада сени жакшы көрүп кеткенимчи, дүйнөдө экөөбүз гана бакытка чөмүлүп аткансып. Мындай магдыроо менен сага оюмду ачык билдирдим:
-Айжаз, жүр бүгүн көлгө кеттик?
-Көлгө?-деп чочудуң.
-Бүгүн жума эмеспи, кайра эки күндөн кийин келебиз. Макулбу? Мен азыр сага бир саатта барам.
-Менин иштерим көп да, эмне күтүүсүз эле? Кышында көлгө барабы?..
-Кышындагы Ысык-Көл сонун да э-эй. Даярданып турчу?
-Азыр бошобой атам.
-Кайдасың?
-Манас университетинде.
-Мен сени ошол жерден алып кетем.
Сөзүбүз бүттү. Машинемди ызгыта айдап, үйгө бардым да, кийим-кечегимди алып, дароо Айжазга жөнөдүм. Айткандай эле ал Манас университетинде экен. Он мүнөт өтпөй иштерин бүтүрүп чыкты. Учураштык. Бетинен сүйдүм. Анан мага карап:
-Ысык-Көлгө дейсиңби?-деп чочугандай элейе карап.
-Ооба. Мен даярмын. Кеттик!-дедим.
-Жок. Койчу тамашаңды…
Кайран жаным жакшылык жасоодон качмак беле? Машинемди от алдырып, шаардын быкпырдай кайнаган ылдамдыгына аралаш сүңгүй бердим. Түз эле кыял-мүдөөм Ысык-Көлгө алып учуп жөнөдү. Сен мага таңыркай карап баратасың. Ишенбегендей түр менен. Анан бир маалда:
-Чын эле көлгөбү?-деп карадың.
-Чыпчын! Эмне кылсаң да алып кетем, бүттү, кеттик!-деген боюнча көзүмдү жолдон албай, бекемдигимди көрсөттүм.
-Мен макулмун…-дедиң.
Мынчалык күтүүсүздүккө таңгалып, сага карасам, сен да менден көз албай баратыпсың. Ортодо жылмаюлар жанып кетти. Жүрөгүмдө майрам! Баардык иштерди унуттук. Эх, жараткандын бизге ыроологон күнү ушул белем? Экөөбүздүн ортобуздагы бактыбыз жанып, сен мага башкача сулуу көрүндүң. Жүрөктү эзип. Ошентип, жан дүйнө эргүүсүнүн кучагында алып учуп…
Шаардан тез эле чыгып кеттик. Жолдо ката музыканы коюп, экөөбүз жаңы таанышкан күндөрдү эске сала бараттык. Агезде мен ого бетер өрт элем, бирок сага даап, сөз айткандан айбыкчумун. "Шагымды сындырып коебу?" деп. А сен башкаларга катаал көрүнсөң да, мага келгенде сылык, боорукер сезилчүсүң. Экөөбүз аябай сый элек. Биздин ушундай сылык, сый мамилебиз аягында сүйүүгө айланып кетет деп ким ойлоптур? Бара-бара экөөбүз жакындашып, ортодо жылуу мамилелер да болуп кетти. Бирок чектен ашпадык… Кай бир мезгилде аралыгыбыз алыстай да түшкөндөй болуп, а кайрадан турмуш бизди табыштырып, жипсиз байлагандай кылганычы, ооба, жүрөктөрдү…
Чоң трассада шукшурулган бүркүттөй болуп, бейиштин төрүн көздөй ала качып бараттык. Экөөбүз өткөн күндөрдөн келечекке чейин саресеп салдык. Сөздөрүбүз философияга батып баратты, өтө тереңге кеттик, сага Кудай Таалам ушундай акылды берген экен, мен бери жакта эле калдым. Бирок, өзүңө замандаш, маектеш, сырдаш болуп баратканыма кубандым. Чын жүрөктөн!
"Убакыт деген учкан куш" деп айтсам, жанымдагы кыздар күлүп калчу эле… Мына ошол учкан куштай болуп, Айжаз экөөбүз Ысык-Көлгө кирип бардык. Айлананы караңгылык ээлеп алган. Жагымы сонун. Балыкчыдан эле делебем козголуп, көкөлөп учкум келгеничи. Айжазга карасам, көзү илинип кетиптир. "Кечке сабактан чарчады го, уктап алсын" дедим ичимен. Ошол бойдон зуулдап, Комсомол айылына кирип баратканда Айжаз ойгонуп кетти.
-Кайсы жерге келдик?-деди уйкулуу көзү менен.
-Комсомолго. Мына квартирага да жетип калдык. Азыр солго бурулабыз…
-Аябай тез жеттик ээ?
-Жашоодо экөөбүз кыйналбайбыз, күчүгүм!-дедим ага карап.
Аңгыча мелжеген үйгө дагы келдик. Сен уктап турганга сергип калыпсың. Көңүлүң ачылып. Үч бөлмөлүү, мемиреген жылуу квартирага кирдик. Көптөн бери адашып жүрүп, анан уясын тапкан канаттуулардай болуп. Маанайыбыз опокшош, бири-бирибизге жагымдуу. Төрдөгү диванга өттүк. Телевизорду жандырдым. Анан сага карасам, бир башкача сүйкүмдүү жүзүң менен тигилдиң. Мындай көз карашыңды башта көрбөптүрмүн. Акырын колуңдан алдым. Жылуу экен. Бетиңен сүйдүм, өбүшө кеттик. Мээм деңгиреп чыкты. Өзүмдү сага таштадым. А сен кичине кысылып, аярлап аткандай сезилдиң. Бир маалда сен дагы боюңду кармай албай кеттиң. Менин дүйнөмө багынып. Экөөбүз тең чечиндик. Үстүңө чыктым, көзүң сүзүлүп баратты…
Канча убакыт өткөнүн ким билди дейсиң (?), айтор, бири-бирибизге жуурулушуп бир топко жаттык. Бир маалда сен:
-Турасыңбы?-дедиң назик үнүң менен.
-Туралы…
Жуундук. Кадимкидей жеңилдеп, жашара түшкөндөй болдук. Анан чайга отурдук, экөөбүз бири-бирибизге суктануу менен жылмая карап, сейрек бир көз ирмемдин ырахатында чай ичтик. Махабаттын булагына чайынгандай. Көөдөнүбүз бакытка батпай турду.
Ал түнү таңга дейре уктабадык…
Эртеси түштөн кийин сейилдегенге чыктык. Кыш болсо да, көл жээги кандай жылуу. Экөөбүз шарпылдаган толкундарды жээктей басып, кыялга чөмүлө баратабыз. Баа жеткис десең. Алгачкы балалуу болгон күндөрдү элестетип, көкүрөгүбүзгө батпай баратканыбызчы. Бетиңен сүйдүм, биз "өткөн күндөрдү унуталы" дедик. Бири-бирибизге шыбырап. Анан бал ширин татым менен өбүштүк. Көпкө өбүштүк. Бир маалда күндүн батып баратканына күбө болуп, таттуу ирмемдерди кармап калууга тырышканыбызчы. Мен төш чөнтөгүмөн блокнотумду алып чыгып, көл толкундары менен сенин дүйнөңдү айкалыштырып, бир куплет ыр жаза салдым. Сага окуп бердим, а сенин көздөрүң жайнап:
-Менин Алыкулум!-деп бооруңа кыстың.
Ысык экенсиң. Жүрөгүм көөдөнүмө батпай баратты. Кайрадан өбүшүү. Сен мени кое бергиң келбеди. Мен дагы. Көпкө дейре. Айлананы күүгүм баса баштады. Бирок, биздин жан дүйнөбүз жарык, оттой күйүп турдук. Экөөбүз эч качан өчпөчүдөй болуп. Дүйнөнү биз гана жылытып аткандай. Эх, сүрөткө тарткан киши болсочу…
Көп убакыт өтпөй эс алып аткан үйүбүзгө жөнөдүк. Биздин кадамдарыбызга аралаш караңгылык да басып баратты. Кыналыша басып жылуу уябызга келдик. Кечээги кечтей. Жагымдуу ирмемдерге жылынып, тамак ичтик, сүйлөшүп көпкө отурдук. Жүрөктүн черин жазып.
Сөз кууп жетпейт экенсиң. Бир убакта сен:
-Жаталыбы?-дедиң.
-Жүрү…
Белиңен сыга кучактап, төркү бөлмөгө көтөрүп жөнөдүм. Кытыгың келип, каткырып күлүп бараттың. Күлгөнүң ушунчалык жүрөктү козгойт десең. Анан экөөбүз алыша ойноп кеттик. Кытыгылашып. Акырында чарчап калдың, төшөкккө бой таштадык. Башыңды жөлөдүң. Саамга дем алып жатып, анан оюма бир нерсе кылт этти: "светти өчүрөйүн" деген. Туруп жарыкты өчүрдүм. Сени акырын чечинттим, өзүм дагы, айдын нуру терезеден төгүлүп турду. Мага эркелей моюнума асылдың, кучактап, бетимен өптүң. Жуурканга кирип кеттик…
Түшкө жуук ойгондук. Бекем кучакташып жатыппыз. Сага обдулуп:
-Кандай уктадың?-дедим.
-Жыргадым. Өзүңчү?-деп бетимен сыладың.
-Мен дагы… Сонун түш көрдүм.
-Айтчы?
-Экөөбүз ат минип, бийик тоого чыгып жүрүппүз. Аябай бийик тоого…
-Жакшы түш экен. Бийик максаттарыбыз ишке ашат тура, Кудай буюрса!-деп сүйүндүң.
Кичине сүйлөшүп жаттык, кубанычтуу кептерди ортого салып. Анан турууга кам уруп, кийимдерибизди карасак, кечээ туш келди ыргыткан боюнча жатыппыз, өзүбүздөн-өзүбүз уялдык. Ушул маалда жылаңач денең укмуш көрүндү, көз жоосун алып. Атаңдын көрү, сүрөтчү болбой калганыма өкүндүм. Сенин супсулуу жантурпатыңды ак баракка тартып, аздектебейт белем? Карачы, көз ирмемдеги сулуулукту кыя кетиргенимди…
Биз кайра Бишкекке чыгарда кар лапылдатып жаап кирди. Жылуу машинеге отуруп, жолго чыктык. "Темир тулпарым" да көңүлдүү болуп, ала качат тим эле. Ысык-Көлдү бойлой ызгып баратабыз, күтүүсүздөн сен колумду кармадың.
-Акимбек, сени сүйөм…-дедиң жалооруган көздөрүң менен.
-Мен да сени сүйөм…
Ушул арада бир сага, бир Ысык-Көлгө көздөрүм чагылышып, көөдөнүмдө жагымдуу сезим толкуп-ташып, дене боюм майда калтыракка алдырганычы. Ичимен көлгө суроо бердим, "канча махабатка күбө болдуң, Ысык-Көлүм?" деп. Ысык-Көл жооп кайтарбады. А сен болсо менин колумду кармаган боюнча бараттың, ойго батып…

Сенин досуң АКИМБЕК