Медалдын бир жагы

Улугбек ОРМОНОВ, "Акжол" фракциясынын лидери:
"Буканын мурдуна чүлүк салган эмесмин…"
Биз буга дейре Улугбек Ормоновду сындап, ар кандай ыңгайсыз суроолорду берип келгенбиз. Албетте, ишмердигине байланыштырып. Анан бизге "интервью берем" деп күтүүсүздөн эле кайрылып калды. Мындай шартта ага гезит бетинен орун берүү мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Маектештик. Эми окурман журту таразалап, баа берип көрсө да болот.


-Улугбек мырза, Каркыранын казактарга кетиши боюнча мурдагы эл өкүлдөрүнүн, ошондой эле сиздин да кандайдыр бир деңгээлде күнөөңүз барбы? Кепти ушундан баштасак.
-Каркыра маселесине келсек, ошондогу эл өкүлдөрүнүн эч кандай күнөөсү жок. Негизги жагдайдан алганда, 1960-61-жылкы картаны кароо боюнча кыргыздардын кенебестиги болгон. Себеби, Союз мезгилинде "баардыгы жалпыбыздыкы" деген түшүнүк жашагандыктан, республикабыздын картасын кылдат кароого эч ким деле маани берген эмес. Кийин эгемендүүлүк алгандан соң талаш-тартыш жаралган, "эмне үчүн мал багып жүргөн жерибиз биздики болбой калды?" деген суроолор туулуп. Албетте, Каркыра элибиздин илгертен жайлаган жайлоосу, "Манас" эпосундагы Көкөтөйдүн ашы өткөн жер. Биз үчүн ыйык жерлерибиздин бири. Убагында ал жерге 3-чакырылыштын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү болуп барганбыз, Садыр Жапаровдун сунушу менен. Ошол жердеги абал менен таанышканбыз. Кийин комитетте да ушул маселе кайра-кайра талкуу жараткан. Өкмөт мүчөлөрүнөн жашыруун картаны да көргөнбүз. Бул жерде документтердин негизинде каралган маселе болду да, мында биздин комиссия жергиликтүү эл менен дагы сүйлөшүп, мурдагы картаны өзгөртүүгө да мүмкүнчүлүк алганын көрдүк. Ошондуктан айтат элем, Каркыра маселеси бир жактуу түрдө чечилген эмес деп. Андыктан "3-чакырылыштын депутаттарынын күнөөсү бар" дегенге кошулбайт элем.
-Сиздер Каркыраны берип жиберген жоксуздарбы?
-Мен "мыйзамдуу документтин негизинде берилген жок" деп так айта алам.
-Бир убакта сиз "Бригаданын" мүчөлөрү менен дос болуп, чай ичишип дегендей жакшы мамиледе жүрүпсүз. Бирок, кийин биз угуп калдык, "Улугбек Ормонов сатып кетти" деп. Анан "Бригаданын" балдары таарынып атканын өзүңүз деле уксаңыз керек. А эмне үчүн сизди саткынчы катары баалашты эле?
-Мындай мааниде эч ким баалаган эмес. Ушак кептердин бири. "Бригада" деген сөз мода катары айтылып калыптыр. Чогуу жүргөн, бир кампаниянын балдарын ушундай аташтын өзү туура эмес. Муну тим эле "мурдагы "Бригаданын" мүчөлөрү" деп айткандарды түшүнбөйм. Баягы кинодон кийин айтып калышса керек. Мен азыр деле мурдагы кесиптештерим, досторум менен мамилем түз. Эми бул кептердин чыкканынын негизги себебине токтолсок, 2007-жылкы парламенттик шайлоодо мен партиянын тизмесине кирип, алар кирбей калганынан ушундай маселе болгон…
-Анан алар сизди шыбаштыбы?
-Жок, аларды "шыбады" деп айтпайм, эми чогуу жүргөн адамдардын ортосунда дайыма сөз ташыгандар болот да. Бул маселе боюнча сүйлөшкөнбүз. "Сен "Акжолдун" тизмесине кирип кетип, биз кирбей калдык" деген сөздөр ортобузда айтылган. Менимче, капачылык ошондон чыкса керек. Бирок, бири-бирибизге катуу айткан эмеспиз. Мамилем азыр деле алар менен түз.
-Ошондо "Ормоновго көргүлүктү көрсөтөм!" деп Акмат Келдибековдун ызырынып жүргөнүн билчү белеңиз?
-Акматтын ызырынып жүргөнүн уккан эмесмин. Бирок, капа болгонун угуп, барып сүйлөшкөм. Эми "Акжолдун" тизмесин мен түзгөн эмесмин да. Агездеги саясый абал башка болгон.
-Сиз буга чейин "Ошко губернатор болом, министр болом" деп алдын ала жууп, жакын санаалаштарыңыз менен майрамдап, бирок иш жүзүнө андай кыялыңыз ашпай калчу экен. Эмнеге мындай кылчу элеңиз?
-(Күлүп) Мындай да, ушул сөздөрдү мен сиздердин гезитиңерден окуп атам. "Жууганымды, бирөөгө шыбыраганым…" боюнча. Дегеле өзүм кресло үчүн чуркап, кызмат алайын деген сапаттан алысмын. Мен бир заводдо 19 жыл иштеген адаммын. Өзүмдүн принцибим бар.
-"Жогорку Кеңешке келген министрлерден тыйын өндүрүү боюнча Ормонов кыйын, кыйнап коет" деген сөздөр каңгып жүрөт. Же жалган айтышабы?
-Сиздер биринчи сурабайсыңарбы, азыркы министрлер бүгүнкү парламентке акча эмес, чай береби (?) деп. Бул партиялык парламенттин табияты башка. Мурдагы бир мандаттуу округдан шайланган депутаттардын ар бири өзүнчө көзкарандысыз болчу. Агезде бир мыйзам өткөрүү үчүн баардык топтор менен сүйлөшүүгө туура келчү. Балким бул сөздөр ошол убактагы депутаттардын "ойлору" болушу мүмкүн. Ал эми азыркы чакырылыштын депутаттарынын ички абалы башка, биз премьер-министрди да өзүбүз көрсөтүп, өкмөттүн курамын да "Акжол" фракциясы түзгөндүктөн, ушундай кептердин чындыгы жок. Мыйзам долбоорлорун өкмөт менен бирдикте иштейбиз. Мына ушундай бирдиктүү ишмердиктен улам, Кыргызстан бизнести жүргүзүү боюнча дүйнөлүк банктын баасы боюнча 41-орунга чыга алды. Мурда 160-орунда болчу. Экономикасы жагынан Россия, Казакстан бизден күчтүү болсо да, алар Кыргызстандан артта калды. Себеби, биз өкмөт менен бирдикте мыйзам долбоорун иштеп чыгууда, бизнес кылгандарга жеңилдик берүүдө алдыга кетип калганыбыз белгилүү болду. Эми ошол иштелип чыккан мыйзамдарды турмуш жүзүнө ашырууга шарт түзүп беришибиз керек.
-Өзүңүз кызыкдар болгон мыйзам долбоорлорун өткөзүүдө "бул жогор жактын иши…" деген мааниде айрым депутаттарды коркутуп-үркүтүп жүргөнүңүз да айтылат.
-Муну дагы парламенттин табиятын түшүнбөгөндөр козгоп койсо керек. Эгерде мен ушундай жолго түшкөн болсом, бир жылдан бери фракциянын лидери болуп отурбайт элем. Себеби, бул жерде баардыгы ачык. Кокус мен сиз айткан иштерди жасасам, бул жагы оңой эле баарына белгилүү болот. Азыр Жогорку Кеңеште биринен-бири корко турган кишилер жок. Үркүтүп ийсең эле сени биякта колдоп калышпайт. Биздин депутаттар тең укуктуу, алар менен да жетекчи катары мамиле түзө билүү шарт. Ошондуктан бул суроо да туура эмес.
-Дагы мындай кеп бар да, "Азиз Турсунбаев фракция лидери кезинде башкача болчу, майда-чүйдөгө кийлигишчү эмес, анан Ормонов лидер болгону интрига күчөп, парламентте уруш-чатак, келишпестиктер ырбады" деп айтып атышат да. Кандай дейсиз?
-Бүгүнкү күндө ушундай көрүнүштөрдү такыр байкаган жокмун. Бул жагын мындай түшүнсөк, жаңыдан партиялык тизме менен куралган парламент бир жылдай бири-бирин таанып, өз ара ширелишүү пайда болот да. Башында депутаттардын мамилелери өз ара аяр, этият болот эмеспи. Ал эми бир жылдан соң депутаттар арасында сый мамиле, же бири-бирине карама-каршы болуу жагдайлары байкалат. Бирок, мен тескери маанидеги жамандыкты деле көргөн жокмун. Турмуш ченемдүү көрүнүш. Анчалык бөлүнүп-жарылуу дегенди деле көрбөйм. Ишке кедерин тийгизген интригалар болуп атканына да кошула албайм, бирок, мен фракциянын жетекчиси катары тартип боюнча, сапаттуу иш кылууда өзүмдүн көз карашымдын бар экенин айтып коеюн. Мурдагы фракция лидери Азиз Турсунбаевдин өзүнчө көз карашы болсо, меники өзүнчө дегендей кеп да…
- Сиз андан жакшы иштеп атасызбы?
- Бул жагына депутаттар өздөрү баа бериш керек. Сиз ошолордон сурасаңыз айтат. "Жакшымын" деп жар салбайм. Тек гана айтам, эки кишинин бир маселеге бирдей көзкарашы болбойт. Өзүңүз билесиз да, ар кимдин таанып билүүсү ар башка. Менин жеке баалоомдо жасап аткан иштерим туура эле деп ойлойм. Мындай шартта фракция мүчөлөрү баа бериш керек. Ошондо так болот. Ар бир фракциянын жыйынында маселе каралып бүткөндөн кийин, кандай ойлор, сунуштар боюнча пикир угам. Кыскача айтканда, бу жерден эки жетекчини салыштыруу туура келбейт.
- Депутаттык ишмердикке катар бизнес менен шугулдануу туура келбесин өзүңүз деле билсеңиз керек. Кызыгы, сизди "түбү Россиялык, бирок жергиликтүү жарандарга катталган" делген "Исток Авианы" калкалап, ушундан тыйын жасайт" дешет.
- Былтыркы жылга толтурган декларацияда гезиттер "бай депутаттар" деген мааниде жазышкан эле. Негизи бул купуя сыр болуш керек эле. Бирок, ошолордун ичине мени да кошушкан, себеби, мен заводдо иштегенден берки мүлктөрүмдү декларацияга ачык жазып, баардыгын мыйзамдын чегинде кылган болчумун. Ошондуктан эч нерседен коркпойм. Өзүмдүн турмушума жараша мурдагы ачкан иштерим бар эле. Аларды мен башка бирөөлөргө өткөрүп бергем.
- "Исток Авиа" боюнча айтсаңыз?
- Мурда комитеттин төрагасы болуп турганда, мага ар кандай арыздар түшүп турчу. Ошол "Исток Авиа" компаниясынан да арыз түшкөн, "иштегенге мүмкүнчүлүк бербей атат" деген мааниде. Ар бир арызды карайбыз да, биз ал арызды текшерген учурда, булар "Кыргызстандын ички каттамдарына жаңы учактарды алып келебиз" дешкен. Ошого улай эле министрди да комитетке чакырып, "эмнеге жаңы учактарды апкеле турган компанияны колдобойсуңар?" деп маселе көтөргөнүм чын. Анан тар чөйрөдө "авиа компаниясы бар экен" деген сөздөр жаралды. Бирок, Кыргызстандын ички каттамдарына 74-жылкы эски учактар учпай, бүгүнкү күндөгү коопсуздугу жагынан жооп берген жаңы учактардын учушуна кызыкдармын. Биз өзүбүз эле учабыз, эң башкысы, элибиздин кызыкчылыгы. Баса белгилеп коеюн, аталган компанияда эч кандай акциям, же кандайдыр бир тиешем жок. Болгону туура иш үчүн жардам берип, колдогом.
-Сиз ушундай колдогонуңуздун аркасынан "пул жасайт" деген кептер чыгып атат да.
-Антип айтышкандары туура эмес. Ошол эле "Итек Эйр" компаниясынын арызын комитетте караганбыз.
-"Итек Эйр" компаниясын өгөйлөгөнүңүз чын беле?
-Эч кандай өгөйлөгөн эмесмин. Эсиңизде болсо, "Итек Эйр" компаниясынын август айында болгон аба кырсыгы боюнча жоопкерчилигин кароо маселесин койгом. Өзүңөр билесиңер, мындай кырсык Кыргызстанда болгон эмес. Ошол "Боинг" учагынын өрттөнүп кетиши, 68 адамдын өлүмү үчүн жетекчилиги жооп берүүсү зарыл эле. Мына сот болуп, "учкучтар күнөөлүү" деп табылды. Бирок, ошол учурда арыздардын негизинен аларды сынга алганыбыз ырас. Ал эми алардын жабылышына менин тиешем жок. Ошондой эле "Исток Авиа" компаниясынын учагы Дубайдан кичине учуп барып, анан кайра конгонуна байланыштуу бир кепти тактап коеюн, сиздер жазгандай кыймылдаткычы өрттөнгөн эмес, "отказ" бергенден кийин биздин департамент атайын буйрук чыгарган. Дегеле "Боинг-737-200" маркасына тыюу салуу боюнча. Бул бардык авиа компанияларга тиешелүү болду.
- Былтыр фракция лидерлигине шайланганыңыздан бери ишиңиз жүрүшүп, урук-тууган, дос-тамырларыңыз Жогорку Кеңештин кызматтарына орношкону көбөйгөнү, мунун аркасынан башка кызматкерлер, депутаттар арасында нааразычылыктар угулганына не дейсиз?
-Мындай кылсак, 2009-жылдын 4-февралынан бүгүнкү күнгө чейин кылдат анализ жасап, отдел кадрдан справка алалы, менин кайсы тууганым келгени боюнча. Сиздер жазгансыздар, "парламентке ишке орношкон Ормоновдун туугандарын тизмелеп беребиз" деп, эми ошону тизмелесек. Натыйжада, кайсы жакынымды жумушка киргизиптирмин? Эгерде мен фракция лидери болгондон бери Жогорку Кеңешке ишке киргизген туугандарымдын тизмесин түзүп берсеңиздер, "атаңгөрү, чатак кылыптырмын!" деп моюнума алайын. Бирок, мындай факты жок да.
- Сиз Мавлян Амиракулов аттуу досуңузду иш башкармалыкка орноштурганыңыз, анын айынан Жогорку Кеңештин ашканасында абал өзгөргөнү, бир курдай депутаттар ууланып, атургай ичтери да өтүп жүргөнү боюнча маалыматтар бар болчу.
-2007-жылдан бери биздин ашканада үч ирет команда алмашты. Кызматтык орун алмашуу учурунда эскирип кеткен этти апкелишип, анан сиз айткандай маселе болгону чын. Бирок ушундай калпыс ишти жасаган ашпозчуларды мен тааныбайт экенмин. Аларга тиешем да болгон эмес.
-Эми ушунакай көрүнүштөр Мавлян Амиракуловдун айынан болуп атабы?
-Кеп анда эмес да, ал иш башкармалыктын башчысы. Амиракуловго негизинен ушулардын баардыгы карайт. Бирок тамакты ал өзү жасабайт да.
- Бул кишини сиз кызматка алып атпайсызбы?
- Мен ал жигит менен тааныштыгымды танбайм. Биз жакын жолдоштордон болобуз. Эми аны парламентке апкелип, ишке орноштургандай мен эмне, отдел кадр белем? Аппараттын башчысы менен иш башкармалыктын башчысын кызматка төрага коет. Биз сунуш беришибиз мүмкүн. Баса, мурдагы иш башкармалыктын башчысы кандай болуп кызматынан кеткенин билесиз да. Андан кийин Мавлян Амиракулов келип иштей баштады, бирок мен анын колунан сүйрөп келип, же бирөөнү зордоп, "ушуну ишке аласың" деген жокмун да. Бул төраганын чечиминин негизинде коюлат. Башынан эле Амиракулов экөөбүздүн мамилебиз жакшы болгонун, жакын жолдошум экенин танбайм. Эгерде азыркы иштеп аткан иши боюнча кемчиликтер болсо айтыңыздар?
- Жакын жолдошуңуз экенин танбайсыз.
- Танбайм.
- Дагы мындай кептер бар да, Улугбек мырза мурунку спикер Айтибай Тагаевдин алсыздыгынан пайдаланып, маселен, буканы мурдунан чүлүктөп алган сымал жетелегендей маанайда иштерин бүтүрүп жүрчү, анан ал кызматтан ыргыгандан кийин сиздин кызыктай абалда калганыңыз, Зайнидин Курмановго ээн-эркин үстөмдүк жасап, жеке иштерин бүтүрө албай келүүдө деген кыязда пикирлер бар.
- Айтибай Султановичти 2005-жылдан бери билем. Биз депутаттыкка өткөндөн кийин таанышканбыз. Экөөбүз өндүрүштөн келген адам катары көзкарашыбыз окшош болуп, мамилебиз жакшы болуп калган эле. Кийин 2007-жылы да партиялык тизме аркылуу депутаттыкка чогуу келдик. Албетте, ал төрагалыкка шайлангандан соң, экөөбүздүн мурдагы жылуу мамилебиз болгондугуна байланыштуу көп маселелер боюнча кеңешчибиз. Бир чети мен жолдошу, фракциянын лидери катары жакындашып калганымды жашырганда эмне? Бирок аны сиз айткандай, буканын мурдуна чүлүк салгандай кылып, жетелеп жүргөн эмесмин, ал негизи жетекчи болгон адам. Чечимдерди өзү кабыл алчу. Ошондой эле көп маселелерди кеңешип кылып жүргөнүбүз чын. Себеби, фракция лидери менен төраганын жакындан иштешкени туура эле болсо керек. Ал эми Зайнидин Карпбекович боюнча сиз айткандай пикирге кошула албайм. Ал экөөбүз деле Жогорку Кеңеште карала турган мыйзамдар боюнча кеңешип турабыз. Бирок, Айтибай Султановичтей аны менен жакын мамиледе эмесмин. Бул киши экөөбүздүн кызматташуу алкагында гана мамилебиз бар, ошондой эле карама-каршылыгыбыз да жок.
- Сиз саясый фигура болгондон кийин мыйзамдын алкагында сындалып турушуңуз керек да, туурабы? Кызыгы, гезиттерге сындалып чыкканыңыздын баарын Бегалы Наргозуевден көрүп жүргөнүңүз, "ушул эле кылып атат" деп шек санаганыңыз кандай? Же Бегалы мырзанын сизге карата кара ниеттик ою барбы?
- Гезитиңерге жазып атпайсыңарбы, "Улугбекке ашканадан тамак жетпей калып, анын айынан Бегалы экөө уруша кетиптир" деген маанайда маскаралап. Эми мунун баары имиш, ушак кептер. Мен Бегалы Молдогозуевичти сыйлайм, биздин мамилебиз түз, бири-бирибизге эч кандай катаал мамилебиз да болбойт. Бирок, кучакташкан дос дагы эмеспиз. Ага иш жагынан келгенде дагы доомат койбойм, өзүнүн сөзүн дайым түз айтат. Бегалынын кесиби журналист болгондуктан, сөзгө тапандыгы менен биздин арабыздан өзгөчөлөнүп турат. Ал эми жогорудагыдай сөздөрдү сиздер чыгарып келесиздер, "УЧУР" гезити жазат. Экөөбүздү башынан баштап эле карама-каршы коюп, "Наргозуев-Ормонов күрөшү" дегендей коллаж жасап, жазып да токтотпой койдуңуздар.
- "Акжолчулардын" ичинде сизге ниети түз эмес, тымызын каршы чыккан адамдар барбы?
- Таптакыр жок деп айталбайм. Фракциянын жыйынында кандай маселе болсо да, биз туура чечкенге аракет жасайбыз. Мага ачык капа болгон адамдарды көрө элекмин, ошондой эле 71 депутаттын ичине кирип чыккандай көзачыктык сөздү айта албайм. Фракциянын лидеринин кызматы ушундай экен, кээде командировкага чыгуу сыяктуу кагаздарга кол коюш керек болот. Өзгөчө иш сапарларына машина менен чыгуу боюнча. Эгерде фракциянын чечими болбосо, мен көпчүлүк учурда баштартып, кол койбой коем.
- Анан сизге нааразы болушат?
- Капа болушу мүмкүн. Ар бир жетекчи "жок" дегенди билиш керек. Баардык ишке эле "макул" дей берсең, анда сен жетекчи болбой каласың. Эч убакта баарына тегиз жага албайсың. Жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн жеке кызыкчылыктан өйдө турууга туура келет. Балким, мындай шартта мага капа болгондор бардыр. Көбүнчө таарынгандар жетекчиге айтышпайт. Өзүм 19 жыл заводдо иштедим, ошонун ичинде 12 жыл жетекчи болдум. Азыркы учурда деле депутаттар арасында мага тымызын капа болгондор болушу мүмкүн. Бирок, "бул ишти туура эмес кылдың" деп кине коюшкандарын уга элекмин.
- Улугбек мырза, азыркы кезде камалып аткан Исмаил Исаков боюнча оюңуз кандай, "саясый куугунтук" дегенге кошуласызбы?
-"Саясый куугунтук" дегенден алысмын. Буга чейин маалымат каражаттарына пикиримди айтып келгем. Бул адамды 2005-жылдан бери тааныйм. Көптөн берки кылган иштери боюнча тескери мааниде сөздөрдү козгогум келбейт. Бирок, баштапкы соттун чечиминен улам,"саясый куугунтук башталды!" деп айкыргандарга кошула албайм. Себеп дегенде, азыр аппеляциялык арыз каралууда. Ошол коюлган айыптагы статья боюнча 8ден 12 жылга чейин деген жери бар. Мына ушунун аз гана мөөнөтүн Исаковго беришкен. А кылган иши кандай жагдайда туура келүүдө (?), муну эми тергөөчүдөн, соттон сурашыбыз керек. Эми соттор көз карандысыз чечим чыгарат да. Бүгүнкү кезде сот процесси дале уланып аткан соң, азырынча бир жактуу баа берип, айгай салыштын кажети жок деп ойлойм. Бирок, анын туугандары, тарапкерлери өздөрүнүн оюн айтканга акылары бар.
Асланбек САРТБАЕВ