Учурмаек

Роза ОТУНБАЕВА, СДПК фракциясынын жетекчиси:
"Мага кол салса, элдин сели токтобойт"
(Башы. Уландысы 3-бетте)
- Россиянын калкы нааразчылык акцияларга, митинг, пикеттерге чогулушат бекен?
- Ошол эле тарифтердин кымбатташы боюнча январь айында Россиянын бардык аймактарында - Белгород, Ростов, Омск, Саратов областтарында, Красноярский крайында, Саха, Татар, Чуваш Республикаларында ж.б. кычыраган кыштын суугуна карабай нааразычылык акциялары кызуу өттү. Калининград областында он миң адам чыгып бийликтин эсин оодарып койду. "Биринчи айлык акыны көтөр, андан кийин квартплатаны көтөр!", "Каатчылык каптап атат, чиновниктер уурдап атат" деген ж.б. курч сөздөр жазылган плакаттар менен эл нааразычылык акцияларына чыкты. Россиянын ири шаарларында дагы бир белгилүү демилге иш жүзүнө ашып атат: ар бир айдын 31инде укук коргоочулар, саясый, коомдук активисттер митингдерге чыгышат. Анткени, Россиянын Конституциясынын 31-беренеси - тынч жыйындарга эркин чогулууга арналган. Алар ушул беренени ишке киргизели деп аракеттенишүүдө. Биз өзүбүз күрөшпөсөк, жан тартпасак, эч ким келип биз үчүн муну жасап бербейт.
- Бизде эл чыгат дейсизби?
- Биз эл менен жаңы конуштарга барып жолугуп келдик, эл кылкылдап араң эле турат. Өкмөттүн жасап аткан карасанатай саясаты менен макул эместер толуп атат. Электр энергия, ысык суу, жылуулук тарифтери эбегейсиз кымбаттады. Өзбекстандан газды былтыркыга караганда 20 долларга арзан алдык деп мактанышат, бирок элге баасын бир тыйын да түшүрүшпөйт, дагы кымбаттатабыз деп алдын ала коркутушат. Бүт тарабынан суу боюнча бизге көз каранды Өзбекстан бизге үстөмдүк кылып атат. Биз миң кубометрин 220 доллардан алып атсак, ошол эле газды казактар түштүк жагына 84 доллардан алып атканы эмне деген шылдың? Андан сырткары, уюлдук телефондун байланыш баасы кымбаттады. Эми анысы аз келгенсип, кадимки телефондорго мүнөттүк төлөм киргизүү боюнча токтому даярдалып жатат. Стратегиялык объектилерибизди арзыбаган тыйынга сатып атышат. Ошол "Түндүкэлектрону" 3 млн. долларга сатып алган делген Ширшовдун өзүнүн жеке менчик вертолету эле 9 млн. доллар турат. Азыр эл мамлекетке эмес, жаңы менчик кожоюндардын чөнтөгүнө төлөп атат. Ар бирибиз өзүбүздөн сурайлычы: "мен эмнеге байларга акча төлөшүм керек?" деп.
- 2005-жылы Аскар Акаев парламенттик шайлоону мыйзамсыз жүргүзүп, баласы менен кызын алып келип алганына эл нааразы болуп көтөрүлүп кетти эле. Азыркы президент болсо уулун алып келип отургузуп койсо деле эл унчукпайт. Буга эмне себеп? Же балким бул оппозициядан көз карандыдыр...
- Абдан курч, туура суроону берип жатасың. Исаковдун соту боюнча деле Эдил Байсалов так ушундай салыштыруу келтирген - "генерал уулуна бир квартираны берсе, Бакиев болсо уулуна республиканын баарын карматып койду" деп. Эми жазасын, жоопко тартылышын салыштырып көрсөңөр! Биз бул маселелердин баарын элдик Курултайда талкуулайбыз. Курултайды 17-мартта өткөзөлү деп чечим кабыл алдык. Бул Курултай жалаң эле БЭКтин алкагында эмес, андан кеңири масштабда өтөт. Бейөкмөт уюмдар, чыгармачыл интеллигенция кошулуп, элдин баарын кошолу, бийлик "биздики, бизге каршы" деп элди сорттосо, биз болсо бирге бололу, бирге өткөрөлү деп жатабыз. Биздин эшик баарына ачык. Ар бир айыл өкмөттөн 2-4 адам, бейөкмөт уюмдарынын активисттери, саясый партиялардын жер-жерлердеги уюштуруучулары, бийлик ишеним көрсөтпөгөн аксакалдар, жаштар, аялдар келгени турат.
- Курултайга кандай даярдыктар болуп атат?
- Курултайды өткөрө турган уюштуруу комитети түзүлдү, ага жетекчилик кылуу мага жүктөлдү. Мени менен Дүйшөн Чотонов, Эмил Каптагаев, Асел Кодуранова, Айбек Азыранкуловдор бир команда болуп ишти баштадык. Биздин штабыбыз СДПК партиясынын кеңсесинде. Тез арада областтарга чыгып, эл менен байланыша баштайбыз. "Гезит, сайттар аркылуу маалымыттарды байкап тургула" деп элге кайрылгым келет. 20-февралда өтө турган Улуттук Кеңеште Курултайдын күн тартиби, көп маселелери чечилет.
Дилбар АЛИМОВА



  Щвециядан кат

Биз кечирсек да,
арбактар кечирбес!
Элиме кайрылуу

Урматтуу кыргыз элим, бийликтин элине каршы жүргүзгөн саясатынан улам, акыл калчап иштебей, кара күч, зордук менен иш жүргүзгөнүнөн улам, мен чет жерде аргасыздан баш калкалап жүрөм. Ооба, кээ бирөөлөр "Кадыров качып кетти, ушул жерде эле жигитче туруп бербейби" деп айтып жатышканы ажеп эмес. Кетпесем болот эле, бирок, анткен күндө жөндөн-жөн эле камалып, ууру-кескилер менен бир абакта жатмакмын, намысымды тебелеп-тепсешмек, а балким жок кылып да коюшмак. Андан көрө чет жерде жүрсөм да оппозициянын катарында туруп, элимдин жакшы турмушу үчүн күрөшкөнүм туурадыр дедим. Мына ушулар жөнүндө жакын санаалаштарым менен көп ирет кеңешкен соң Мекенден чыгып кеттим. Азыр мен Швецияда жашап, оппозициянын чет өлкөдөгү ишин жандандыруу, негизги күчтү бириктирүү үчүн аракет кылып жүрөм.
Ушул жерден айта кетейин, жакында эле мени депутаттык укугумдан ажыратышты. Мени шайлаган "Акжол" же коммунистер партиясы эмес, мени шайлаган өзүмдүн элим болчу. Ошондуктан мен дале болсо элим шайлаган депутатмын деп ойлойм. Кандай болгон күндө да мен кыргыздын уулу бойдон калам!
Урматтуу кыргыз элим, азыркы бийликтин өз элине каршы жүргүзүп жаткан саясатынын теңирден тескери экендигин дагы бир ирет эскертип, сиздер дагы бу алымсыз бийликке каршы бардык мыйзамдуу күрөшкө чыккыла деп айткым келди, сиздер көрүп турган, жиниңиздерге тийип турган бийликтин туура эмес чечимдерин тынымсыз айта беришибиз керек деп ойлойм.
Биринчиден, бу бийлик элинин чөнтөгү менен эсептешпей туруп, электр энергиясын жана жылуулуктун баасын эки-үч эседен ашык кымбаттатты, анысы аз келгенсип, мобилдик байланышты да көтөрүп, өз элине чыккынчылык кылды. Мамлекеттин гана энчиси болчу энергия тармагын, "Түндүкэлектро" менен "Кыргызтелекомду" текейден арзан баада сатышты. Сатылган стратегиялык объектилерди кайра мамлекетке кайтарышыбыз керек.
Экинчиден, элим деп чындыкты бетке кармаган оппозициядагы мыкты жигиттерди куугунтуктап, жөнү жок соттоп жатат. И. Исаков, А. Жекшенкулов, Э. Булекбаев, С. Аргымбаевдердин, алардан башка Балыкчы менен Петровкада соттолуп жаткандардын кенедей да күнөөлөрү жок, ошого карабай зордук менен кордук көрүп жатышат. Бийликтин абийирсиз саясатын кенедей эле сындаган адамдар, анын ичинде журналисттер куугунтукталып, сабалып, а турсун өлтүрүлүп жатат. Фашисттик мамлекеттерде ушундай болчу эле…Элин коркутуп-үркүтүү бу бийликтин негизги саясаты да болуп калды көрүнөт.
Үчүнчүдөн, Бакиев дайыны жок жерден эле чоң иштерден түшүнүгү жок уулуна бүтүндөй бир мамлекеттин тизгинин колуна карматып, элдин акчасын алдына таштады. Мындай окуя дегеле болуп көрбөптүр. Ооба, дүйнөлүк тажрыйбада мамлекет жетекчиси өз уулун мураскер кылып кеткен учурлар бар, бирок алар баласын аябай даярдап туруп калтырышат экен. А биздин президент али президент боло элек уулуна акчаны гана тутамдаттырбай бийликти да биротоло өткөрүп берди. Азыр мамлекетти Курманбек Бакиев эмес Максим Бакиев башкарып жатат.
Төртүнчүдөн, Президент жалаң гана бийлик менен байлыкты ойлоп жатып, кыргыз эли кай келечекке бара жатканына маани бербей калды. Эртеңки күнү эли бар болобу же жок болобу иши жок. Буга дүйнөгө мактана айтып жүрчү "Манасыбыз" кытайлардыкы болуп тынганы, тилибиз эки аялдын урушунан башкага жарабачу абалга келип кептелгени, кыргызым деп күйгөн балдарды тарбиялоо талаада калганы, кумар оюндарынан башы чыкпай, акчаны сүйгөн, наркотик менен ичкиликти катырган, кыргыз экенинен уялган, бүтүндөй бир муун пайда боло баштаганы мисал. Бул улут үчүн чоң трагедия!
Бешинчиден, ата-бабалар нечен кылым жылаңач төшүн жалаңдаган кылычка тосуп, коргоп келген жерибиз сатылууда. Муну биз кечирсек да, арбактар кечирбейт! Каркыра, көл жээгиндеги пансионаттар, жерлер аз-аздан кертилип, башка улуттардын менчигине өтүп жатат. Кеткен жер үчүн азыркы бийлик бүгүн болбосо эртең сөзсүз жооп берүүгө тийиш!
Алтынчыдан, Бакиев президент болгону Конституциябыздын тамтыгын чыгарып бүттү! Ыйык Конституциябыз ыйыктык сапаттан кур калды. Ушундай да болот экен ээ, бир эле адам бүтүндөй мамлекеттин Башмыйзамын каалагандай өзгөртүп, элинин эки ооз сөзүн эске албай билген намазын окуп жатат!
Урматтуу кыргыз элим, бу бийлик сиздер үчүн эч бир жакшылык алып келбейт. Андыктан ар бир ак дил, кыргыздын эртеңки келечегин ойлогон адам мыйзамдуулукту сактап, ошого таянып, күрөш жүргүзүшү керек. Антпесек, көзүнө эч нерсе илбеген бийлик биротоло кутуруп кетиши мүмкүн. Коркутуп-үркүтүп, зордук менен башыбызга шири кийгизгенден кайра тартпайт. Баарыбыз бир бололу, намысыбызды алдыга коюп, күрөштү чогуу жүргүзөлү. Бийлик элдин колуна өтүшү зарыл. Башка жол жок.

Жогорку Кеңештин эмес, өзүн элдин депутаты деп эсептеген уулуңуздар Кубанычбек КАДЫРОВ.