Учурмаек

Роза ОТУНБАЕВА, СДПК фракциясынын жетекчиси:
"Мага кол салса, элдин сели токтобойт"
- Роза айым, Москвага эмне максат менен бардыңыздар? Сизди үлкөн адамдар менен жолугуп келиптир деген маалыматтар тарады...
- Россия Думасында оппозициячыл "Справедливая Россия" (справоростар) партиясынын лидери жана фракциянын чакыруусу менен барып келдик. Бул партия жакында эле эл аралык "Социнтерн" уюмуна мүчө болуп кириптир. Анан алар КМШ өлкөлөрүнүн солчул партияларын бириктирип, КМШ алкагында кичи Социнтерн түзөлү деген максатта бизди чакырган экен. "Ата Мекен" социалисттик партиясынан Эркин Алымбеков менен Болот Шерниязов, СДПКдан мени менен Ирина Карамушкина барды. Украина, Белорусия, Казакстан, Молдова, Армения, Азербайжан өлкөлөрүнүн солчул партияларынын өкүлдөрү келди. Мамлекеттик Думада болуп, "Справедливая Россия" партиясынын депутаттары, фракция жетекчиси менен жолуктук, алардын иши менен тааныштык. Андан кийин форум башталды. Ошол жерде ар республикадан жарыш сөзгө чыгып социал-демократиялык, солчулдардын кыймылдарын күчөтүү маселелерин кызуу талкууладык. Либералдык долбоор жарабаганын өзгөчө акыркы дүйнөлүк кризис даана көрсөттү. Бир паста эле базар экономикасын курабыз деп, миллиондогон элди жылаңайлак калтырдык. Демек мындан ары акыйкаттыкты туу тутуп, социалисттик идеяны реабилитациялап, элдин аң-сезиминде турмуштун жаңы идеалын беките башташ керек. Биздин өлкөлөр модернизация поездине жете албай калып жатат, ошондуктан биз өзүбүздүн өлкөлөрдө социалисттик мамлекетти курганга, акыйкатты кайра ордуна коюу үчүн солчул партиялар биригишибиз керек деген ойлор кайра-кайра айтылып жатты. Эртеси күнү белгилүү "Эхо-Москвы" радиосунан түз эфирде интервью бердим. Карнеги фондунун Москвадагы бөлүмүндө аңгеме курдук, ага бир топ эксперттер, Орто Азия боюнча ой-пикир түзгөн Санобар Шерматова, Виктория Панфилова, Аркадий Дубнов, Аждар Куртов, Даниил Кислов сыяктуу журналисттер да катышты.
- Россиянын парламентинде оппозициялык партиялардын орду кандай экен?
- МамДумада 450 депутаттын ичинен 315и "Единая Россиядан"(ЕдРо). КПРФ - 57, ЛДПР - 47, ал эми "Справедливая Россиянын" 38 депутаты бар экен. Биздин парламент Россияны туурап, коендой окшош болгон уюм, бийликтин партиясы абсолюттук көпчүлүктү түзөт. Азыр да "Акжолчулар" ЕдРодон кол үзбөй, көп нерселерин жазбай туурап, алардын тажырыйбасын ишке ашырып жүрүшөт. Бирок, справоростар ЕдРого караганда он эсе аз болгонуна карабай, МамДуманын 32 комитетинен 2 комитеттин башчылыгын, 9 комитетте орун басарлыкты ээлешет экен. Думага кирген төрт партия тең спикердин орун басарлыгына ээ болгон. Бизде болсо "Акжол" ээнбаштык кылып, Кокон хандыгындагыдай басмачылыкка салып, баарын өздөрүнө тартып алышкан. СДПК фракциясына бир да комитетти бербей, төрдө төрт "Акжолчу", үчөө спикерди эки жактан кысып батпай, түрткүлөп отурушат. Мына Кыргызстандын көп партиялуу парламетинин кейпи! Справоростардын Россиянын 83 субъекттеринде регионалдык бөлүмдөрү бар экен, 50 регионунун депутаттык кеңештеринде булардын фракциясы бар. Бул жерлерде же мэр, же губернатор, же болбосо жергиликтүү депутаттар кеңешинин жетекчиси справорос болуп шайланган. Ошондо да булардын фракцияларынын ортосунда жигердүү карама-каршылыктар бар экенин жашырышкан жок. Биз барган күнү 9-февралда СССРдин Конституциясында "КПСС жолдоочу жана жетектөөчү күч" деген берене алынып салынганына 20 жыл толуптур. Зюганов ЕдРонун өзбилемдигин сындап: "КПСС ЕдРого караганда канчалык күчтүү, терең, билимдүү, жагымдуу болуп турса да көпкө чыдаган жок, бир партиялык коомдо талкаланды, саясый диалогсуз кыйрады, жок болду" деп айтты...
- Украинадагы шайлоолор КМШ өлкөлөрүнүн баарына сабак болду окшойт. Сиз кандай дейсиз?
- Туура айтасың. Чоң сабак жана тарбия болду. Акыркы 6 жылдын ичинде бул өлкөдө тектоникалык өзгөрүүлөр жүрүп кетти. Кудайга шүгүр туура нукта, позитивдүү жыйынтык менен. Жоогазын революциясынын алкагында эл лидерлери менен болуп, чарчаса да айныбай, жүдөсө да жадабай чоң бир сыноодон өтүп кетишти. Тоодой бийик өзгөрүүлөрдү жасаганга жетишти. Акыркы президенттик шайлоо Украинада демократиялык институттар, мамлекеттик органдар иштеп жатканынын далили болду. Шайлоого байкоочу катары Кыргызстандан калың топ өкүлдөр, өзгөчө жаштар барышты. Алар шайлоонун таза, эркин, кысымы жок өткөнүнө таң калып, Донецк, Чернигов областтарында жана Киев шаарында коркутуп-үркүтүп, административдик ресурстарды пайдаланып добуш бердирткен учур болбогонуна күбө болгонун айтып келишти. Мурдагы шайлоосунда Украинада шайлоодо мыйзам бузууларды жасагандыгы үчүн бир нече адамдар камалып кеткен. Бизде болсо шайлоочуларда кандай гана мыйзам бузуулар болуп атса да, бир дагы адам жоопко тартылганын уктуңузбу?! Жыйынтыгында, Янукович жеңди, Тимошенко утулду.
- Демократиялык абал Россияда кандай экен?
- Өткөндө Россияда Мамлекеттик кеңеш өтүп, бул өлкөнүн саясый келечеги жөнүндө кеңири сөз болду. Ага Россиянын курамына кирген облус, край, республикалар болуп 83 федерациянын субъектиси катышты. Россия эгемендикти алганына мына жыйырма жылга жакындап калды, ошондон бери чынында биринчи жолу саясый системанын өнүгүүсүнүн проблемалары, аларды чечүүнүн жолдору, келечеги терең талкууга алынды. Ошол Мамлекеттик кеңеште Дмитрий Медведев "азыркы биздин коом ушунчалык татаал, бизде көп тараптуу, ар түркүн көз караштар бар. Элдин интеллекти, ой жүгүртүүсү терең, кенен жана жогору. Мындай коомду команда берип башкарууга болбойт, мындай коом менен диалог аркылуу гана сүйлөшүү керек " деген абдан туура сөз айтты. Декабрда өткөн Россияда жергиликтүү шайлоолор болгондо добуш бурмалоолор биздикиндей эле болгон экен. Күчкө салып, коркутуп-үркүтүү менен Москвада ар түрдүү саясый көз караштагы адамдар бар болгондугун көзгө илбей эки партиянын өкүлдөрүнөн, "Единая Россия" менен Коммунисттерден эле Москванын Думасы түзүлгөн. Буга декабрда оппозициячыл партиялар кескин түрдө протест жасап, Мамлекеттик думадан чыгып кеткен болчу. Президент Дмитрий Медведев бул протестке көңүл буруп, ошол партиялардын лидерлерин жолугушууга чакырып, тамак тартуулап, дартын укту. Андан кийин бир нече жума өткөндөн кийин, ушул лидерлерди өзүнүн дачасына балык уулоого чакырды. Ал жактан өз ара сүйлөшүп, бири-бирине ой-пикир, нааразычылактарын айтышыптыр. Ошондон эки жумадан кийин Мамлекеттик кеңеш чакырылып атат. Ошол эле оппозициянын өкүлдөрү менен бетме-бет отуруп сүйлөшүп атышат. Ал жыйындын стенограммасы Россиянын Интернет сайттарында турат. Ошону "акжолчуларга" "Россияны туурап атасыңар, мына " саясый система өнүкмөйүнчө модернизацияга жол жок" деген концептти окугулачы деп кайрылдым. Путин менен Медведев тиги Жириновский менен Зюгановду жек көрсө дагы, "кандай саясый көз-карашта болбойлу, баарыбыз Россияда жашап атабыз, өлкөбүз бир" деп сүйлөшүүгө барып атат, аларды президент катары угуп атат. Муну цивилизацияга таандык чечүүчү жол, цивилизациялуу коом дейт.
- А биздин президентчи?
- Бакиев болсо оппоненттерин адилетсиз соттор аркылуу түрмөгө тыгып атат, башкаларга сабак болсун деп элди коркутуп-үркүтүп, басмырлап кирди. Бийликтин Курултай деп элди бөлүп-жарып, өздөрүнө жаккандарын тандап, башка элди жыйын болуп жаткан жерлерге жолотпой, элдин акчасынан түзүлгөн бюджетти жумшап, бузуку иштерин жасап жатканына жалпы эл, коомчулук кандай баа бериш керек?! Кечээ мага дагы "жөн жүрсүн" деп салам дубай айттырып жиберишиптир. Ошол эле Өнүктүрүү фондунун балдары: "биз Роза эже үчүн коркуп атабыз, бир нерсе болуп кетпесин, этият болсун" деп айттырышыптыр. Мени жок кылып койсо эле эл тынчып калбайт да. Мага тийсе, аскадан кулаган жеке таш сыяктуу, аркаман элдин сели ошол замат буларды жууп кетпесе болду! Мен Бакиевдин бийлигине, анын "жоокерлерине" кулак кагыш кылып койгум келет, мен саясатка Фрунзе шаарынын Ленин районунун экинчи секретары болуп, тээ 1979-жылы Усубалиевдин тушунда келгенмин, ал убакта Бакиев Куйбышевде электромеханик болуп иштеп жүргөн экен. Ал киши Көк-Жаңгакта заводдо жүргөндө мен Апсамат Масалиевдин саясый бюросунда мүчө болуп иштеп жүргөнмүн. Бакиев ошол эле кымындай шаарчанын биринчи катчысы болуп иштеп жүргөн кезинде мен Советтер Союзунун элчиси болуп, СССРдин тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы, коллегиянын мүчөсү болуп жүргөм. Ошондон кийин мен үч жолу өлкөнүн тышкы иштер министри, Кыргызстандын Америкадагы, Канададагы, Улуу Британиядагы биринчи элчиси болдум. Анан мени Бакиевдин бийлиги жок кылат бекен?! Элчи менен ырчыга, эл айткандай, душмандын колу кыска!
- Бакиевди сиздер өзүңүздөр алып келбедиңиздер беле?
- Мени баары эле ушинтип күнөөлөп келишет. "Сүрөттөрдө жанында баратпайсыңбы" дешип. Менин Бакиевге такыр тиешем жок. Бул адамды жакшы да тааныбайм. Тышкы иштер министри болуп иштеп жүргөн учурда президентти коштоп бир жолу Кытайга чогуу барып калдык, Жалал-Абад областына жаңы эле губернатор болуп дайындалган экен ошондо... 2005-жылы ЖКга шайлоонун алдында Дооронбек Садырбаев экөөбүз "Ата-Журт" кыймылын негиздеп, аны жетектечүбүз. Булар башка саясый топ түзүп Кыргызстан Элдик кыймылы деп чыгышкан. Ыңкылап өткөндөн кийин өзү менен чогуу келген КЭКтин бир мүчөсү Исмаил Исаков камакта, бул кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров кыйналып жүрсө, дагы бир каарманы Топчубек Тургуналиев куугунтукта. Үсөн Сыдыковун "тээп" чыкты. КЭКти Бакиев ыңкылап жасаганга гана пайдаланып, аңды секирип өткөндөн кийин талкалап жокко чыгарды. Азыр эми Оксана Малеванаяны бооруна тартып, Зайнидин Курмановду спикер кылып, Медет Садыркуловдун адамдарын өзүнө иштетип жүрөт. Азыркы бийликтин билим жагынан жүдөп-какаганын, үлкөн татаал шаарда сабаттуулугу жетпей атканын Акүйдөгүлөрдүн, о.э. министрлердин түрүнөн, документтеринен, сүйлөгөндөрүнөн көрүп жүрөбүз. Акыркы Конституцияга киргизип жаткан өзгөрүүлөр буга анык далил.
- Сиз Бакиев менен жолугам деп жүрдүңүз эле го...
- Мен мыйзамдагы оппозициянын өкүлү катары, Исмаил Исаков боюнча сүйлөшөйүн деп эки жолу Бакиев менен жолугууну расмий түрдө сурандым. Кабыл алган жок. Анткени, айта турган сөзү жок. Исаковго каршы коюлган үч кылмыш ишинин ичинен баласына мыйзамсыз үй-жай берилген деп мыйзамсыз айып тагып жаткандыгын жогорку аскер сотунда толук көрсөтүп, аныктап беребиз деген ишенимде турабыз. Анткени уулуна 2005-жылы берилген турак-жай 2007-жылы кайра кайтарылган, мамлекет бир тамчы дагы экономикалык зыян тарткан эмес. Демек, муну кылмыш дешке негиз жок. Жарым жылдан ашык өтүп жаткан сот процессине катышып, эки башка кылмыш иштери кумдан жасалган үйдөй эле урап калганына биз да, СДПК фракциясынын депутаттары күбөбүз. Исаковду күнөөсү жок жерден кесип жаткан сот, прокуратура эмне себептен мыйзамдын негизинде ишти аягына чыгарбайт?! Айтайын дегеним, аскер курал-жабдыктарын сатуу тууралуу. Ушул Исаковдун сотунун алкагында Кайымов деген Балыкчыда иштеген полковник 7 жылга соттолуп кетти. Чын эле аскер техникасы сатылыптыр, бирок Исаковдун заманында эмес, ал киши кеткенден кийин. Анда эмне себептен мейли сот, мейли прокуратура ал ишти өзүнчө бөлүп алып, азыркы коргоо министрлигинин жетекчилигине каршы кылмыш козгобойт?! Эмнеге аларды жоопко тартпайт? Демек, буларга жүгүнүп эле иштеп берсе туура болот экен дагы, "сенин саясатың менен макул эмесмин" деп ачык айтып, басып кеткендиги үчүн өч алып сегиз жылга камайт экен.

(Уландысы 5-бетте)