Коргонууга кам уруп

Жаныш Бакиев элиталык аскер бөлүгүн түздү
Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев "Арстан" аттуу өзгөчө аскердик бөлүк түздү. "Арстандын" негизги максаты - өлкөнүн жогорку жетекчилерин аскердик коргоого алуу болмокчу.

Президент Курманбек Бакиев сунуштап аткан Башмыйзамдын жаңы редакциясында эки миңдей кызматкери бар Улуттук гвардия жоюлуп, анын милдеттери президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматына жүктөлүүдө. Эми Жаныш Бакиев жетектеген ошол күзөт кызматы "Арстан" аттуу элиталык бөлүк түзүп, аскерлерин Улуттук гвардиянын "Пантера" аттуу мурдагы өзгөчө аскер бөлүгүнүн машыгуу базасында даярдамакчы. "Сый-урматым сага - Кыргызстан!" (Честь имею - Кыргызстан!) журналы жазганга караганда, "Арстан" ошондой эле башкы командачынын кеңири тапшырмаларын да аткармакчы.
Ошентип, президенттен башка эч кимге баш ийбеген Мамлекеттик күзөт кызматы өзүнчө эле ири куралдуу күчкө айланып барат.
Саясат талдоочу Табылды Акеровдун айтымында, негизи өзгөчө аскердик бөлүктөрү Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги сыяктуу күч органдарынын алдында түзүлүшү керек эле. Ал эми Кыргызстанда президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматынын күчтөндүрүлүп атканы, бийликтин 2005-жылдагыдай окуя болуп кетишинен чочулагандыктан улам болууда:
- Абал өтө курчуп кетсе генералдар өтө чечүүчү ролдорду ойноп калат. Бүт командачылык генералдарды гана угуп калат. Эгер генералдар "аскерлерди элге же бирөөлөргө каршы чыгарбагыла" деп өз-ара сүйлөшүп алышса, андай курчуп кеткен жагдайларда Акүй коргоосуз калышы мүмкүн. Ошондуктан атайын күчтөрдү бардыгын бир адамдын, ишенимдүү адамдын колуна топтоп аткан болуулары мүмкүн.
Жогорку Кеңештин депутаты, "Ак жол" фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, 2005-жылы 24-мартта Ички иштер министрлиги менен мамлекеттик маанилүү жайларды кайтарып келген Улуттук гвардия өзүнүн алсыздыгын көрсөткөн. Андыктан Мамлекеттик күзөт кызматынын чыңалып атканы, анда атайын аскердик бөлүктүн пайда болуусу туура көрүнүш:
- Ар бир мамлекет өзүн сакташ үчүн күчтүү болушу керек. Жалгыз эле Ички иштер кызматын, Улуттук коопсуздук кызматын, Улуттук гвардияны эмес, бул жагын да карашы керек. Чет өлкөнү мындай коюп, өзүбүздөгү мисалдарга эле келелик. Мына, 2005-жылдын 24-мартында эмнелер гана болуп кетти... Ал дагы биздин Улуттук гвардиянын, Ички иштер министрлигинин жана коопсуздуктун начарлыгынан болду. Ошолордун бардыгы биздин ошондогу мамлекетибизди сактай албай калды. Ошол себептүү күзөт кызматын күчөтсөк туура эле болот болушу керек.
Президенттин Катчылыгынын кызматкерлери болсо "Арстан" аттуу жогорудагыдай элиталык аскердик бөлүктүн пайда болушу тууралуу маалыматтары жоктугун, күзөт кызматы аларга такыр маалымат бербеген өзгөчө орган экенин айтууда.
Белгилүү саясый серепчи Орозбек Молдалиевдин айтымында, Борбор Азияда эң эле жан сакчылары көп, абдан катуу кайтарылган президент - бул Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Бирок кийинки кездери Кыргызстандын президенти да коопсуздугуна көп көңүл бөлүп атканы байкалууда.
Ошондой эле талдоочунун пикиринде, соңку кездери өлкөдө биринчи ишти жасап алып, андан кийин гана аны мыйзамга тууралап коюу көрүнүшү пайда болду. "Арстан" аскер бөлүгү да ошого окшойт:
- Негизи бардык демократиялык мамлекеттерде коргонуу жана коопсуздук тармагын парламент көзөмөлдөйт. Бюджет ж.б. аркылуу аларды тескеп, "ушунча акча короткондун кереги барбы, дегеле жаңы нерселердин зарылчылыгы канча?" деп аныкташат. Бул өзүнчө эле илим. Ар ким эле өзүнчө аныктап, түзө берсе анда ушундай мыйзам ченемдүү суроолор пайда болот. Элге да түшүнүксүз болуп калат. Эми мындай аскердик бөлүктөрдүн түзүлүшүн парламент деле бекитип бермек. Бирок аны кичине мыйзамдуу жолго салымыш болуп коюшса болмок.
Буга чейин айрым оппозиция өкүлдөрү Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин кол алдында аракеттеги 700 чамалуу адамы бар экенин, Улуттук гвардия кошулганда 3000 чамалуу кишини башкарып каларын айтып келишкен. Бирок аталган жашыруун кызматтын чынында канча куралдуу кишиси бар экени, бюджети канча экени белгисиз.

Илим Жанузаков, "Азаттык"



Темикенин абалы кыйын болууда…
"Акшумкар" партиясынан Болот Алымкулов аттуу мүчөсү чыгып кеткенин эшиткенбиз. Ошондон бери Темир Сариевдин маанайы паска түшүп, кайгырып атыптыр. Жигитке кыйын болду да, бир жагынан оппозиция өгөйлөсө, экинчи тараптан бийлик жээрисе, эми кантет ыя? Ошон үчүн БЭКтен кетпеш керек эле да. Эми деле кеч эмес, оппозиция лидери Алмаз Атамбаевден Темике кечирим сурап келсе, балким кечириши ыктымал. Элдин кызыкчылыгы үчүн иш кылышса…


Бишкек арак заводу да сатылдыбы?
Жакында эле "Түндүкэлектро" менен "Кыргызтелекомдун" арзыбаган акчага сатылып кеткени коомчулукту кыйла дүрбөлөңгө салганы белгилүү. Мындай чуунун аягы басыла электе дагы бир "сатуунун" үлгүсүндөгү маалымат түшкөнүнөн, биз бул жаңылыктын чын-бышыгын Маммүлк төрагасы Турсун Турдумамбетовдон тактайлы дедик. Турсун мырза, Бишкек ликер-арак заводу 118 миң долларга сатылып кеткени чынбы? Эгер ушундай суммага "туураланып" кетсе, ит бекер баалап койдуңузбу? Себеби, бул арак завод Бишкектин чок ортосунда жайгашкан (Совет--Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде), аянты 1 гектар 67 сотых экени белгилүү. Мынчалык чоң ишкананын чыныгы баасына чач-кирпигиңиз чак келбесе керек, туура баасын айталасызбы? Ушул маселе боюнча так маалыматты билгибиз келет.


"Трибуна" Жумасарлыкты "туздаганда"
Үлкөн бизнесмен, КР соода өнүктүрүү палатасынын төрагасы Жумасарлык Нуржановду "Трибуна" гезити согуп чыгыптыр. Болушунча өйдөдөн-ылдый "туздап". Бул гезитке сындалгандар көп узабай кызматынан шыпырылып, кордук көрүп калышчу эле. Мындай мисалдар арбын. Эми Жумасарлык эмне күндү көрөр экен? Баса, эсиңерде болсо, Ж.Нуржановдун кулак-сөөмөйдү белекке алганы боюнча ММКларга жазылганы бар. Ошол кезде мындай "бадаркени" Медет Садыркулов да алып, анан тагдыры эмне болгонун көрдүңөр. Мындай шартта жамандыкты ойлогондон, албетте, алыспыз, бирок, үлкөн бизнесмендин башына кара булут айланып калгандай. Кызматынан кол жууйбу?


Акимжандын алгыры дейби...
Финполициянын бакандай кызматкери, тергөө башкармасынын ачендиги Нурбек Кадыров кол астындагы кызматкерлерин "куурдактай кууруган" сымал катуу кармайт имиш. Мындай шартта бир макалды эстейсиң, "ат көрбөгөн минип өлтүрөт, кыз көрбөгөн…" дегендей. Анан эми Н.Кадыров кызмат көрбөгөн болуп атабы? Айтор, орто деңгээлдеги чиновниктен баары титиреп корккондорун угуп атабыз. Эгер мындай "ооздуксуз" эр көкүрөк болгону ырас болсо, анда Финполициянын башчысы Акимжан Муйбиллаев эмне кылып отурат? Же "атайын жасалчу ууга" даярдаган кербезиби?


Акүйдөгү ушактын баары автогараждабы?
Акүйдүн автогаражынын башкы инженери Тынычбек Мутабаев деген бар. Ал жерде өзүнчө "хам" дейт. Баарын башкарып, дооран сүрүп аткан жоругунан угабыз. Буга чейин автогараждын беш деректирин алмаштырганы, "Интриган" атка конгону менен атагы чыгып атыптыр. Аскар Акаевдин кезинде кызматка келип, кө-өп тажрыйба топтогону, анан калса чоңдордун шоопурларынын көпчүлүгү Т.Мутабаевге түздөнгөнү, кыскасы, кичинекей кызматта болсо да, өзүн чоң кызматкердей сезгени менен кыйындыгын тастыктап келет. Бир кызык кеп бар: өзү пенсия курагынан ашса да, эс алууга кетпейт экен, бирок шоопурларды пенсияга кетирүү боюнча "уста" экенин айтышат. Жакында автогаражга жаңы деректир шайланган, Рашид Ибрагимов аттуу. Эми мунусун дагы пенсияга айдап ийбегей эле. Кызыгы, "Акүйдөгү ушактын баары автогаражда" дегенинен таңгаласың. Чын элеби?