Береги коллажга
эң мыкты смс жазгандарды белек күтөт!
"Вампир" күйөөмдү
не кылам?..
1765. Эгер Алмаз Атамбаевди орустар колдосо, ажо болушу мүмкүн. Эл колдойт деп ойлойм.
Жаркынбек
1766. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургундарына жана Э.Гапаров орто мектебин аяктаган классташтарыма ысык салам!
Бурулсун
1767. Папам менен Улугбекти жана Русланды, Турдубек жездемди келаткан майрамдары менен куттуктайм! Денсоолукта болгула. Мама, батыраак айыгып кетчи…
1987 абоненти
1768. Салам Мики! Келе жаткан майрамың менен куттуктайм!
1987 абоненти
1769. Саламатсыздар! Мен 18-20 жаштагы ыймандуу, акылдуу, сулуу кыздар менен таанышам. Чыныгы мамиле түзгөнгө! Жөн эле ойной бербеңиздер, сураныч! Телефон номерим: 0550-810528
0528 абоненти
1770. Кыргыз элинин жерин, байлыгын сатканга каршымын! Бакиевдердин менчиги беле? Баш көтөрүүгө убакыт келди го дейм…
Көлдүк
1771. Маркум Дооронбек абабыздай калыс, туура сөзүн айтчу сакалдуулар соолуп калганбы?
2709 абоненти
1772. Аваз, сенин келе жаткан 23-февраль майрамың менен куттуктайм!
Марта
1773. Тейит хан баласына атын бербей аяп, душманга элин чаптырган. Эми карагыла, азыркы ажобуздун тушунда эл тентиди, бул тарыхтын тамашасыбы?
Али
1774. Айка эже, мен сени жакшы көрөм. Айжамал, Альзина силерге салам!
Азиза 92
1775. Аликбек Жекшенкуловдун акталышын талап кылабыз! Кыргыз элинин чыныгы патриоту!
7449 абоненти
1776. Ата, апа денсоолукта болуңуздар! Жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин!
Азиза
1777. "Учур", азаматсыңар! Ушул калыбыңардан жазбагыла! Сиздерге салам айткан
Айжамал, Азиза
1778. Кубанычбек Исабеков мырза, "Нарынэлектро" менен Токтогул ГЭСин сатылыш керек" деп кантип айттың? Сен кыргыз элинин чыккынчысы болдуңбу?
Жанара
1779. Элин алга эмес, артка сүйрөгөн бийликтин кереги жок! Бул бийлик аргабызды кетирип бүттү го. Жаа, союл, таш менен куралданып чыгалыбы?
Жанара
1780. Акаев элин таштай качса, Бакиев элин сата качабы? Оозубузду ачып жүрө берсек, кимге сатылганыбызды туйбай калышыбыз мүмкүн.
9419 абоненти
1781. Кетсем да айга, жылдызга, жетсе да төбөм булутка, эстен кетпейт ар бир айткан сөздөрүң, жүрөгүмө сени сактап жүрөм Аскат…
Азиза 92
1782. Экс-шоопур Ырысбек байкени сүйүп калдым. Бул дүйнөнүн кызыгын эми сезе баштадым, бирок, ал киши менин сүйүүмдү билбейт… Кандай өкүнүчтүү?
Жамила
1783. Бийлик түбөлүктүү эмес, акыры жооп берчү күн алыс эмес. Исмаил Исаковдун тагдыры өз башыңарга келет!
9344 абоненти
1784. Соттор! Генерал Исаковго эмнеге жабышып калдыңар? Качкандарды, жер мүлктү саткандарды соттогула!
Акыл
1785. Рахмат "УЧУР"! Жакшы жазыпсыңар… "Вампир" күйөөнү не кылыш керек? Андайлар жакшы сөзгө да алданбайт, ажырашып да кете албайм. Кызым, уулум бар. Жашым 21де. Кеңеш берсеңиздер?
4703 абоненти
1786. Урматтуу УТРКнын жетекчилери, орустарды туураганды качан коесуңар? Силерди көрүп атып биз уялабып атабыз…
9203 абоненти
1787. Ажал азап, Кудайдан. Арман, дөөлөт акылдан. Сапатың ата-энеңден…
9046 абоненти
1788. Эми азык-түлүк да кымбаттаса, элдин шору катат го. Деги кайда баратабыз?
0879 абоненти
1789. Өзүңдөн 20 жаш улуу адамды сүйүп калыш кандай кыйын?!
Бактыгүл
1790. 14-февралда далай кыздар алданды го. Кыздык белгилеринен ажырап…
Жылдызбек
1791. "Дүжүр чалдар" нанга такси менен барып калышты, Курултайдын алдында…
1189 абоненти
1792. Ильяз Абдыразаков супер ырчы! Кыргыз элинин сүймөнчүгү. Бар бол, Ильяз!
9848 абоненти
1793. МАИде иштеген Закир, эмне мынча керсейип жүрөсүң?
0450 абоненти
1794. Жаныш Бакиев "Салам" деген партияны эмнеге түзүптүр? Жакында шайлоо болобу? Ушул жөнүндө маалымат берип коесуңарбы?
Омон
1795. Бегалы Наргозуевди эмнеге жамандайсыңар? Аны "кошоматчы" дебегиле. Ал жигит оюн эркин айтып жүрөт. Кыргыз элине жүзү жарык. Бегалыга тийишпегиле!!
5050 абоненти
1796. Кыргыздар эчен кыргындарга чыдаган. Ал эми азыркы кыйынчылык да өтөт. Биз биримдик менен жеңебиз баарын. Намыстуу болгула, туугандар!
Жолдош
1797. Кайсы бийлик болсо да, айтылуу Чолпон Баекованын жылдызы жанат экен. Үчүнчү президенттин ишине дагы жарап бересизби, же…
8705 абоненти
1798. Эки аял алууну мыйзамдаштырып койсо, кыргыздар чындап көбөйөт эле. Бирок, мындай мыйзам кыргыздарга гана тиешелүү болсо. Ансыз да байлар экинчи, үчүнчү аялдары менен жашыруун жашап жүрүшөт. Ажо ойлонуп көрбөйбү, жаңы мыйзам жөнүндө…
Дурус
1799. Эх, сүйүп калуу кандай жакшы. Элнураны жанымдай жактырып, эзилип баратам. Бул дүйнөдө менден ашкан бактылуу адам болбосо керек. Чексиз кубанычтамын!
Найза
1800. Ырыскелди Момбеков мырза, Таласка качан губернатор болосуң?
Таластыктар
1801. Аялым менен ажырашып кеттим. Абалым оор. Келечегимди билгим келет. Парапсихолог Мелис Карыбековду каяктан табам? Урматтуу редакция, жардам бергилечи?
Бакыт
1802. Жаныбек байке, сиз кызыл роза көтөрүп кайда бардыңыз?
Түнкатар
1803. Гүлнара Дербишова деген депутаттын сүйлөгөнү жакпайт. Өзүмчө эле кыжырым кайнай берет!
4568 абоненти
1804. Мелис Эшимканов сулуу кыздар менен сүрөткө түшүп, анан гезитке чыкканды жакшы көрөбү? Бою узун сулууларды кайдан таап алган? Кызык экен.
7670 абоненти
1805. Чоңдугуңа чорбойгонум. Мага кызматтын кереги жок.
Элсүйөр
1806. Кыргыздар кыйналды, эми "акжолчулар" уккула, эртең абийир сотунда кантип актанасыңар?
Жарабас
1807. Генерал Исаков чыныгы аскер адамы тура. Кыргыздын жигиттери Исмаил акеден үлгү алгыла!
Оштук
1808. Алмаз Шаршенович, биздин көчөдө качан той болот?
Оппозиционер
1809. Күмүшбек Курманалиевди куп гана жазыпсыңар! Дагы жазсаңар болобу?
Окурман

1810. Мен күйөөгө тийгенден коркуп атам. Жигитимди жактырам, бирок төшөккө жаткандан корком…
Айгерим
1811. Кулов, Эшимканов, Мадумаров, Үсөнов, Сыдыковго окшогондор кыргыз элинин трагедиясыбы? Ушул сыяктуулар болбосо, жалгыз Бакиев тескери жолго баспайт беле?
3899 абоненти
1812. Эгерде Акаев башында турган мурдагы аткаминерлердин кылмыш кылгандары соттолуп, жоопко тартылганда азыркы бийлик бир жерин кысып жүрөт беле?
Али
1813. Чындыгы аз, жалганы көп, күлкүсү аз, күйүттүү арманы көп… Бирөөгө той, бирөөгө азап берген бул дүйнө жалган тура…
5675 абоненти
1814. Урматтуу кыргыз элим! Сиздерге кайрылуумдун себеби, "ар бир койго паспорт алыш керек" деген биздин менталитетибизге туура келбеген иш. Энергетиканын асмандаганы, баланстын 60 тыйынга көтөрүлгөнү аздык кылып атабы? Ошондой эле жогор жактагылар кыйын болсо, кыргыз үчүн асыл ойду ойлонуп, чындыкты сүйлөп, таза иш менен ак кызмат кылышса. Кыргыз деп күйгөн патриоттордун уучу кур эмес.
Дамир, патриот
1815. "Сынган кылыч" романын жазган жазуучу, ардагер Төлөгөн Касымбековду көзү барда сыйлап, эске алышса жакшы болмок. Чыңгыз Айтматовго окшотпой.
Динара, Ылай-Талаадан
1816. Жыргалдын өзү кайда экен? Кымбатчылык кимдин пайдасы ыя? Жылт этип өткөн өмүрдө жыргаган бирөө бар бекен? Чоңдор электр энергиясы менен телефон байланышын арзандатпаса, маселени чечпесе абал оорлойт го. Дух жетпей атабы?
Шерайбаян
1817. Урматтуу "УЧУР" гезитинде эмгектенген агалар! Сиздерди 23-февраль майрамыңар менен куттуктайм! Үйбүлөлүк бакыт, денсоолук, узун өмүр жана ишиңиздерге ийгилик каалайм! Ишиңер менен бийиктиктин туу чокусун багындыргыла! Кыргыз элине ак ниеттик менен кызмат өтөй бергиле! Гезитиңердин нускасы миллионго жетсин!
Айчүрөк, 93
1818. Салам "УЧУР"! Биз көлдүк кыздар менен таанышабыз, достук мамиле куруу үчүн! Жашыбыз 25те. Телефон номерибиз: 0555-031909, 0555-850602, 0770-284407. Маякка жооп жок.
0602 абоненти
1819. Курултайга чын эле эл ишенгендер шайланса, алар электр энергетикасы менен ишканаларды, жерлерди сатылбасын дешсе, үйбүлөлүк башкарууга каршы болушса, анда бийликке жакпаган маселелер козголушу мүмкүн болчу. Бирок, бийлик мындайга жол бербейт. Болгону "дүжүрлөрдүн" сабаттуулары отурушу ыктымал…
Алик
1820. Токтогулдун тойтоңдогон, тойбогон бир ити Маскөөгө эмне издеп барды? Бопкадан "боф-бофту" укканыбы?
0514 абоненти
1821. Башмыйзам кыргызымдын карапайым калкы үчүн эле жазылган. Ал эми бийликтегилерге жетеленген төөдөй…
Шамшыев
1822. Садык Шер-Нияз кыргыздын патриоту!
8505 абоненти
1823. Кыргыз шоумендери казактарга, өзбектерге жетпей калды. Аларды туурайт көп учурда. Уяласың көрүп отуруп.
Жаку
1824. Акүйдөгү чоң Аалы Карашев ичкиликти көп ичеби? Көзүнүн асты аябай шишип кетиптир. Же бөйрөгү ооруйбу?
Нуке
1825. Жаш саясатчы Жоомарт Сапарбаев такыр көрүнбөй кетти. Гезиттерге да чыкпайт. Эмне болгон, же саясаттан көңүлү калдыбы?
8748 абоненти
1826. Тимошенкодон Отунбаеванын эмнеси кем? Алга, Роза эже!
Рамил