Көктөм эле

Айнура Кайыпова:
"Атамдын жылмаюусу көз алдымда..."
1970-80- жылдары Кыргыз телевидениесинде үзүрлүү эмгек кылган Жолдубай Кайыповду кимдер билбейт. Көзү тирүү болгондо, быйыл 65 жашка чыкмак. Кырсыкка кабылып, арабыздан шум ажал алып кеткенине чейрек кылым өтүп кетиптир. Үйдүн тун кызы Айнурага жолукканыбызда, каргашалуу күндү чогуу эскерип, анын тегерегинде кеп чубай отурдук.


- Ошол каргашалуу күн сенин эсиңдеби?
- Баары эсимде. 9-класста окуп аткам. 1984-жылдын 29-марты болчу. Мурунку күнү кечинде атам, эки бөбөгүмдү, мени циркке алып келген. Бизди таштап коюп, жумушуна кетти. Оюндан кийин көчө жээгине келип турдук. "Алып кетем" деген эле. Күтсөк келбеди. "Жумушу чыгып калган окшойт" деп, бөбөктөрүмдү ээрчитип алып үйгө бардым.
- Үй алыс беле?
- Москва жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги 9 кабаттуу үйдөн 4 бөлмөлүү квартираны жаңы эле алганбыз. Атама Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы менен кошо берилген.
- Бир нерсени астын ала туюп аттыңбы?
- Үйгө келгенде, телевизорду тиктеп отуруп калдык. Апам тынчсыздана ар кайсы жакка чала баштады. Жумушундагылар, "үйгө кеткен" дептир. Менин да ичим уйгу-туйгу болгонсуп, тиктеген телевизордо эмне болуп атканын түшүнбөй аттым. Жамандык жышааны көкүрөгүмдү аралагандан-аралап. Кечинде тамак ичтик да, жатып алдык. Бир топко чейин уктай албай кыйналдым. Ар нерсе башыма кирип туруп алды. Кантип уктап кеткенимди билбейм. Кызыктай түш көрүп, чоочуп ойгонуп кеттим.
- Аян бердиби?
- Түшүмдө, эң жаман көргөн НВП (Баштапкы Аскерге Даярдоо) сабагынын мугалими мени урушуп атыптыр. "Сабак билбейсиң, окубайсың, тил албайсың" деп. Атам жанымда унчукпай, күлүп коюп турат. Оозу бирдеме дегенсип. Бирок, сөздөрү мага угулбайт. Тап-такыр. Кулак төшөп, жок дегенде бир сөзүн укканга аракет кылам. Менден көзүн албай, сүйкүмдүү жылмайып. Ата мээримин төгүп... Мугалимдин ачуу кыйкырыгынан ойгонуп кеттим. Турсам, апам телефондон дале сурамжылап атыптыр. Ооруканага, милийсага, моргго деги койчу сурабаган жери калган жок окшойт. Суй жыгылды. Таң эрте ымалашкан кошуналарга кирип, "атамды көргөн жоксуңарбы, табышып коесуңарбы?" деп жалдырайм. Ар бир кошунага кирип ушинтип айта берипмин. Жинди болуп кете жаздадым. Шолоктоп ыйлап алгам. Көзүмдүн жашы токтобой. Уйку соонун арасында эңги-деңги болуп. Бир маалда үйгө келсем, апам жана бөбөктөрүм үндөрүн катуу чыгарып, ыйлап отуруптур. Ошондо түшүндүм. Бирдеме болгонун... Күйүткө алдырып, андан аркылары көп эсимде калбаптыр. Оорукчал болуп, Нарын ооруканасында 3 ай дарыландым.
- Кимдер колдуу болду экен?
- Атам жөн жерден бейажалга туш болгон. Себеби, ошо 28-март күнү жумуштан үйгө чыгып келаткан болот. Жолдон 2 кыз кол булгалайт. Кыздардын түндө калганына боор ооруп, машинесин токтоткон. Ал убакта көчө тентектери күчөп турган чак эле. Ошолорго жем болбосун деген таризде. Аңгыча, ал экөөнө дагы 2 эркек кошулат. Шаардын четине айдоо буйругун берип, мажбурлашат. Анан бир эркеги мойнуна жип салып муунтуп, бирөөсү бычак менен сайып салган.
- Эмне максат менен?
- Эмне максат болмок эле. Жаштары жыйырманын тегерегиндеги көпкөн немелер да. Нашаа чегип, арак ичип алган жиндилер, ушундай куу ыкма менен жалгыз айдоочуларды токтотуп алып, тоноп, машинелерин ары-бери айдап, кумарга баталы дептир. Чөнтөктү аңтарып, документтерден Жолдубай Кайыпов деген жазууну окушат. Эгер ушундай атактуу киши экенин билгенибизде, биз мындай кылмышка барбайт болчубуз деп, бычак сайган бала сотто суракта айтыптыр.
- Атаң келечек тууралуу сени менен ой бөлүшчү беле?
- Ооба. Бир жылдан кийин мектепти бүткөн соң, Москва, же Ленинградга чоң окуу жайдан билим алышымды максат кылган. Тилекке каршы, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, бул оюбуз ишке ашпай калды. Апамдын берген кеңеши боюнча Мединститутка тапшырып, балдар бөлүмүн бүттүм.
- Бир кездерде телевидениеде диктор болуп, иштеп жүрдүң беле?
- Атамдын ишин улап, өзүмдү сынап көргөм. Жаңылыктарды орусча, кыргызча алып барып дегендей. Жөндөмүңө багыт берип туруучу ишеничтүү адам болбосо, ишти алып баруу кыйын экен. Ал кезде ошондой адамдарга муктаж элем. Жашмын да. Жыйырмадагы кезим. Андай кишилер табылбады. Бирок, мен үчүн дикторлук иш - жашоо тажрыйбама чоң сабак бергендей болду. Быштым, чыйралдым.
- Азыр эмне иш менен алексиң?
- Афган ардагерлер уюмунда иштейм. Невропатолог, психолог болуп. Алар бизге кайрылып, ден-соолуктарын чыңап, дарыланып турушат. Жылына эки жолу медициналык кароодон өтүшөт. Афган согушуна катышкандардын көпчүлүгү контузия менен жабыркагандар. Билинбей туруп эле кармайт. Баштарын мыкчып жатып калышат. Жумуш оор.
- Азыр Жумабүбү эже ким менен турат?
- Апам эң кичүү иним Бакай менен чогуу. Анын төрт баласы менен алпурушуп, неберелерин карап турат. Ортончу иним Бакыт өз алдынча. Жеке ишкерликтин майын чыгарып жүргөнсүйт. Апабызга күн алыс барып, келиндин колунан ысык чай ичип, баарлашып, отуруп кетебиз. Аркы-беркини сүйлөшүп... Атабыз гана жетишпейт. Ушул күндөрдү атам менен чогуу өткөрсөк болбойт беле(?) деп арман кылат экенсиң. Неберелеринин кубанычына ортоктош болуп жүрмөк да. Мындан артык ырахат бар беле? Аттиң дүйнө... Бул - биздин үйбүлө үчүн чоң өксүк болду. Орду эч качан толбойт болуш керек. Ошол 29-март, ошондогу көктөм, Атамын жылмаюусу...
Сурат Жылкычиев





Гороскоп

22-февралдан 28-февралга чейин

Кой (21.03 - 20.04)
Өткөнгө бир кылчайып, келечекке көз чаптырууга мезгил жетти. Күнүмдүк иштерди убагынан кечиктирбей аткарыңыз. Бул көздөгөн пландарыңыздын эрте жана ийгиликтүү бүтүшүнө өбөлгө түзөт.

Букачар
(21.04 - 20.05)
Бул жума сиз үчүн татаал болушу мүмкүн. Эң башкысы өзүңүзгө ишениңиз. Ар бир кыймылыңызга жана каалооңузга анализ бере алсаңыз кыйынчылыктан чыгып кетесиз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Мүмкүнчүлүк, каалоо, аракетти бириктирүүгө ыңгайлуу жума. Бул үчүн ашыкча мээнет кылуу керек. Күчтүү, шайдоот болуңуз. Эбин тапсаңыз жумшаган эмгегиңиздин акыбети кайтат.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Акылыңызга кулак төшөңүз. Бирок, чечим кабыл алууга ашыкпаңыз. Иште да, чыгармачылыкта да жардамга муктаж болосуз. Достор, сүйүктүүңүз менен чатакташуудан качыңыз.

Арстан (23.07 - 23.08)
Каалоо менен керектөөңүздү тактап алыңыз. Киреше менен чыгымды так эсептеп алганыңыз дурус. Бул алдыдагы материалдык бакубаттуулукка жасаган сиздин камкордугуңуз болмокчу.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Ички энергияңыз ашып-ташып турган учур. Канча кыйынчылык туулбасын эмоцияга алдырып, жинденбеңиз. Өзүңүздү алаксытчу иш табуу ден-соолугуңузга өтө пайдалуу.

Тараза (24.09 - 23.10)
Бул жумада "кыймыл бул ийгилик" деген девиз астында иштөөгө туура келет. Демилге көтөрө билсеңиз, жеңиш сиз тарапта. Жалкоолук менен күрөшө билсеңиз, тез ирденип кетериңизге шек жок.

Чаян (24.10 - 21.11)
Эмоциялык жактан кыйынчылык тартуучу жума. Өтө эле шек саноодон, чарпылуудан карманыңыз. Ачууга алдырбай, маселени так чечерге келгенде ойлонуңуз.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Жеке турмуштагы жана финансылык иштерди бүтүрүүгө келгенде так болуңуз. Ири көлөмдөгү кредит, грант алууда өзүңүзгө гана ишениңиз. Кимдир-бирөөлөргө таянуу натыйжа бербейт.

Текечер (22.12 - 20.01)
Күмөн саноолорду артка таштаңыз. Жашоодогу айрым кыйынчылыктарга моюн сунбаңыз. Келечек пландарыңызды тактап, күчүңүз жеткен гана ишти колго алыңыз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Бул жумада сиздин финансыңыз, стабилдүү ишиңиз күтүлбөгөн жерден үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ызы-чууга алдырбай, кемчиликти тапсаңыз көйгөйдү жоюп, мындан ары иштеп кетесиз.

Балык (20.02 - 20.03)
Туура эмес жүрүм-турумуңуздун айынан көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Айрым адаттарыңызды кан буугандай токтотуп, күнөөңүздү моюнга албасаңыз кыйынчылыктан арылбайсыз.