Турмуш сырларынан

Ысырапкорчулук- кашыктап жыйганды, чөмүчтөп чачуу...
Ысырапкорчулук дартпы?
Психологдордун айтымында, ата-эне камкордугун аз көргөн жана ашкере эрке талтаң чоңойгон балдар кийин ысырапкор болуп калыптанат. Бири, балакезде орундалбай калган кыялын акчаны обужок чачуу менен компенсацияласа, экинчиси көнгөн адатына салып, көздөгөнүнө жетмейинче жаны жай албайт. Андыктан балага ортозаар тарбия берген туура. Ысырапкорчулук-бул дарт. Ага чалдыккан аял чүпүрөк-чапырак, косметика, бут кийим менен "ооруйт". Эркектери болсо акчаны көргөндө ээлигип, кумар оюндарына ыкыс берип турат. Эгер жакын адамдарыңыздан ушул сапатты байкасаңыз тезинен психотерапевтке көргөзүңүз.



Ысырапкорлорго кеңеш
Үнөмдөп жашоо баарыбызга эле мүнөздүү эмес. Арабызда биртике пул тапса, заматта сапырып, түгөткөндөр бар. Албетте, акча суу. Бирок, каатзаманда аны кармай билбесең, талаада каларың анык. Келгиле анда, сарамжалдуулукту үйрөнөбүз.


План түзө билүү
Адегенде өзүңүзгө керектүү буюмдарды тизмелеп алыңыз. Биринчиден, эмне сатып алышты билесиз. Экинчиден, ошого ылайыктуу акча топтойсуз. Үчүнчүдөн, аны жөн эле чогултпастан конкреттүү нерсеге жумшарды билесиз. Төртүнчүдөн, бул сизди максатсыз ысырапкорчулуктан сактайт.


Сактык
Кийим тандоодо этият болуңуз. Сатуучу эч убакта сиздин пайдаңызды көздөбөйт. Андыктан анын "эң акыркы үлгү", "сизге өтө жарашты", "абдан сапаттуу" деген сөздөрүнө кулак төшөбөңүз.


Шашылбоо
Айлык алганда же чоң суммадагы акча колго тийгенде дароо үйгө жөнөңүз. Бул күнү орто жолдон дүкөнгө же базарга кайрылбай эле коюңуз. Керектүү нерселерди тизмелеп алып, эртеси күнү алсаңыз деле жаңылбайсыз.


Виктория чыгымды сүйөбү?
Атактуу футболист Дэвид Бекхэмдин жубайы, бир кезде дүйнөгө дүң болгон "Spaise girls" тобунун ырчысы Виктория Бэкхэм Голливуддагы ысырапкорлордун башында турат. Күн алыс дүкөнгө каттап, күйөөсү таап келген миллиондорду эңшерип турбаса башы ооруйт. Кызыгы, ал кийимдердин көбү кийилмек турсун, баштыктан чыкпаган тейинче калат экен. Викториянын Бен Кук аттуу жеке чач тарачы Лондондо жашайт. Атактуу айым ага ай сайын 18 миң доллар төлөп, керек учурда Лос-Анжелеске чакыртып алат. Кайсы бир кечеге же жөн эле ресторанга барыш үчүн бетин боетконго эле 2 миң доллар сарптайт. Маникюрду 300, педикюрду 2 миң долларга жасатып, СПА-салон үчүн жумасына 600 доллар кетирет. Виктория бир ирет эки саат дүкөн кыдырып, болгону сумка, намыян, туфли гана сатып алган. Бирок, эсептей келгенде ушул үч буюмга эле 50 миң доллар короткону белгилүү болгон. "Акчаң болсо калтаңда..." деген ушул тура.


Бөлүштүрө билүү
Айлыкты ортого коюп жатканда чыгымдарды эске алуу зарыл. Алгач квартира акысы, тамак-аш, айна-самын үчүн акча бөлүштүрүңүз. Андан тышкары косметика, кийим, тамеки дегендер бар. Алардан арткан акчаны гана чогултсаңыз эп болот.


Кеңешип иш кылуу
Чыгымдар үчүн жубайлар акчаны тең ортого коюшу зарыл. Бирөөнүн маянасы короп, экинчисиники сары майдай сакталып турганы болбойт. Экинчиден, бир нерсе сатып аларда кеңешип иш кылганды үйрөнүңүз. Өзүңүз каалагандай акча коротуу чоң жаңжалдын чыгышына алып келет.


Акчаны жумшап үйрөнүү
Акча такай кыймылда болушу зарыл. Демек аны сандыктын түбүнө сактоонун кажети жок. Андан көрө банкка салып койгонуңуз оң. Биринчиден, аз болсо да үстөк кошулуп турат. Экинчиден, дайыны жок коробойт.


Пайдасыз шаан-шөкөттөн качуу
Маараке, той-топур, отуруш. Бир келген өмүрдө майрамдардын тез-тез болуп турганы жакшы дечи. Бирок, орду менен. Чамаңыз чак болсо кечелерден сылык түрдө эле баш тартканыңыз оң.


Айжан Газиева, ырчы:
"Тырышкым келбейт"
- Өтө ысырапкормун. Айрыкча дүкөн кыдырганда чөнтөктө канча акча болсо бүт коротом. Бирок, акыл калчап, иш кылам. Көзүмө көрүнгөндү эле качыра бербейм. Сапаттуу, кымбат кийимдерди жактырам. Ошого жараша бапестеп, кылдат кием. Фотосессия, клиптен каражат үнөмдөбөйм. Булар өзүн актайт эмеспи. Андан тышкары, тамак-ашка, балдарыма, косметикага көп акча сарптайм. Күнүнө эле 700-800 сомго бензин куям. Кыскасы, тырышып, битиреп жашоо мен үчүн жат. Өмүр бир келет, андыктан тапканымды өзүмөн аягым келбейт. Бирок, кафе, дискотека үчүн бир да жолу чыгым боло элекмин.

Даярдаган Санжи Туйтунова




Психологиялык тест

Көрсоодасызбы?
1. Капчыкта канча акчаңыз бар экенин билесизби?
а) Ооба
б) Болжолдуу түрдө
в) Зарылдыгы канча?
2. Жакындарыңыз сизге "акчаны эсеби жок көп коротосуң" деп айтабы?
а) Жок
б) Кез-кезде
в) Дайыма
3. Өзүңүзгө белек ыроолоп турасызбы?
а) Качандыр бир кезде кылсам керек
б) Маанайга жараша
в) Албетте
4. Базарга барганда соодалашасызбы?
а) Кай жерде болбосун соодалаша билем
б) "Ош базарына" барганда гана
в) Мен муну пастык катары көрөм
5. Майда-чүйдөгө (сагыз, тамеки ж.б.у.с) көп акча коротосузбу?
а) Керек учурда гана
б) Эсеби менен
в) Сөзсүз
6. Чыгымдар үчүн эсеп дептер ачтыңыз беле?
а) Бакубат турмуш үчүн бул нерсе зарыл деп эсептейм
б) Бар, бирок, кээде гана ачам
в) Анын эмне кереги бар?

Жооп
1). Эгер жообуңузда А варианты көп болсо, сиз өтө эле бүйрө экенсиз. Жада калса бир куту чай үчүн да акчаны калтырап сунасыз. Ашкере сараңдыкты жыйыштырып, жашоодон рахат алганды үйрөнүңүз.

2). Эгер жообуңузда Б варианты көп болсо, анда сиз акчаны акыл менен сарптай билесиз. Кээде арзыбаган нерсе үчүн деле акча коротмоюңуз бар. Бирок, ал үчүн өкүнбөйсүз. Жашоого канааттана билип, "тобоо" деп жашаган адамсыз.

3). Эгер жообуңузда В варианты көп болсо, анда сиз накта көрсоода экенсиз. Самандай сапырылган акчанын эсебин алеки заматта табасыз. Тезинен акылга келип, үнөмдөй билиңиз. Болбосо бир күнү итке минип калышыңыз мүмкүн.