Нарындын 4 орто мектебинин жамааты нааразычылык акцияга чыгышат
Нарын шаарындагы №1, 4, 9 жана облустук жатак мектеп лицейдин жамааттары 24-февралда нааразылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу 10-февралда Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу, Нарын шаар мэриясына билдирүү берилгендигин акциянын катышуучусу Алымбек Кудайбергенов "Азаттыкка" маалымдады. Акцияга чыгуучулар электр наркынын 1 сом 50 тыйынга кымбатташы, 110 кВт жеңилдиктин алынып салынышы жана тоолуу аймактарга төлөнүүчү 50 пайыздык кошумча акыны өзгөртүүсүз калтыруу талаптарын коюшмакчы. Кайрылууга жана билдирүүгө аталган 4 орто мектептен 183 жаран кол койду.


Мурат Суталинов уят жест көрсөтөбү?
Жогорку Кеңештин "Ак жол" фракциясы "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечимдери боюнча Өзбекстан Республикасына газга алмашууга продукцияны 1993-1994 жана 1998-жылдарда клирингдик жөнөтүүлөрдү аткарган республиканын чарбакер субъектилеринин алдында мамлекеттин карызын таануу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча талкуу жүргүздү. Анда Каржы министри Марат Султанов өкмөт Өзбекстанга эт жеткирип, газга алмаштыруу үчүн 6 эт комбинатка 29,5 млн. сом карыздарын төлөп берүүнү ниеттенип жатканын билдирди. Депутаттар айрым эт комбинаттары, анын ичинде Балыкчы эт комбинаты иштебей турганын айтышып, "иштебей аткан комбинатка эмнеге акча беришибиз керек?" деп чыгышты. Бул маселени парламенттин "Ак жол" фракциясы кызуу талкуулашып өкмөттүн сунушуна макул болгон жок. Ал эми Марат Султанов болсо, эгерде парламент бул мыйзам долбоорун өткөрбөө чечимин кабыл алса, Балыкчы эт комбинатынын жетекчиси Урманаевге үч манжасынан жасалган уят жест көрсөтөрүн айтты.


Кумшекер менен камсыз кыла албайбыз
Улуттук Банктын изилдөөсү боюнча Кыргызстандын элине бир жылда 116 миң тонна кумшекер керек. 2009-жылдын 1-декабрына карата көрсөткүчтө эл кумшекер менен 74% камсыз болгон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2009-жыл ичинде 5,6 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн, бул 2008-жылга салыштырганда 5,1 миң тоннага аздык кылат. Улуттук Банктын маалыматында 2009-жылда Кыргызстанга башка жактан 81,2 миң тонна кумшекер алынып келингени көрсөтүлгөн.


Соттордун үстүнөн арыздануулар көбөйдү
Соттордун тартип бузуусуна даттануулар көбөйүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева бүгүн парламенттин СДПК фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, жарандар соттордун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып арызданышууда. "Алардын арызы боюнча иш жүргүзүлүүдө, күнөөлүүлөр мыйзамдын чегинде жоопко тартылат",-дейт Ж.Алиева. Кыргызстанда сотко түшкөн арыздардын саны күн сайын өскөн менен ишти караган соттордун саны ошол бойдон эле калып атканын да кошумчалады Алиева. Анын сөзүнө караганда, арыздануулардын көбөйүшү элдин укуктук жактан сабаттуулугунун өсүшүнө байланыштуу. Ал эми арыздар канчалык көп түшкөн сайын сотторго ошончолук күч келет. "Соттор бир күндө бир канча ишти карап чыгууга мажбур болушат. Эгер бир сот 20 ишти карап чыгуу керек болсо, азыркы тапта 40тан ашык ишти караганга туура келип атат", - дейт ал.


Петербургда кыргыздын баласы жоголду
Санкт-Петербург шаарынын милиция бөлүмүнө соода борборунда ашпозчу болуп иштеген кыргызстандык аял 12 жаштагы уулунун жоголгонун айтып кайрылган. Арызда уулу апасы менен урушуп кетип, үйдөн чыгып кеткен бойдон келбегенин көрсөткөн.


Камаз көмүрү менен күйүп кетти
8-февраль күнү Баткен облусунда Камаз көмүрү менен күйүп кетти. Өрткө каршы коопсуздук агенттигинин маалыматына караганда, 549ОК мамлекеттик номерлүү машине Кызыл-Кыя - Караван авто жолунда кетип бараткан кезде, көмүр өзүнөн өзү күйүп кеткен. Жүк менен кошо кузову дагы быт-чыт болгон.


Москвада кыргыз жаранын өлтүрүштү
Мурдагы күнү Москвада 18 жаштагы Кыргызстандын атуулун өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматына таянып билдирди. 9-февраль күнү саат 20.00ларда Чонгарск бульварында жайгашкан үйдүн подъездинен мойну, сол ыптасы кескиленген кыргыз жаранынын сөөгү табылган. Укук коргоо органдары бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлашкан.


"Камбар-Ата-2ге"
жаңы техникалар келди
"Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушуна 25 тонналык жүк ташуучу он автомашина, жүктөөчү эки жана цемент ташуучу эки автомашина Кытайдан алынып келинди. Бул тууралуу "Нарынсуукурулуш" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, техникалар ГЭСтин курулушу башталгандан бери 5-жолу сатылып алынып жатат. Эки жыл аралыгында "Нарынсуукурулуш" АК курулушка керектүү алтымыштан ашуун атайын негиздеги оор техника сатып алган.


ИИМ сотко эмнеге кийлигишет?
Биринчи Май райондук сотто каралып аткан экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши боюнча ИИМдин маалымат кызматынын комментарий бергенин СДПКдан чыккан депутат Галина Скрипкина сынга алды. "Эмне үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери сот процессине кийлигишет? Аталган ведомствонун жетекчилиги бул боюнча тиешелүү чара көрүшү зарыл" дейт депутат. Эскерте кетсек, 5-февраль күнү ИИМдин басма сөз кызматы экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен айыпталып аткан Ильяс Абдыкадыровдун берген көрсөтмөлөрүн жокко чыгарган билдирүү тараткан.
"Мен берилген комментарийге эмес, ИИМдин пресс-кызматы сот процессине кийлигишкен фактыга таң калып атам", - дейт профессионал юрист, депутат.
"Көрсөтмөлөрдүн, далилдердин туура же туура эмес экендигин, кимдир бирөөнүн күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендигин бир гана сот аныктайт да", - деп таң калат Скрипкина.

ӨКМда өзгөрүү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Өрткө каршы коопсуздук агенттиги жана Суучулдарды даярдоо борбору түзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Бакыт Төрөбаевдин көрсөтмөсү менен Жаныбек Иманов Өрт коопсуздугуна каршы агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды. Эске салсак, буга чейин ӨКМнын базасында Өрткө каршы коопсуздук боюнча мамлекеттик башкармалык иштеп келген, эми ал агенттик болуп кайрадан түзүлүп отурат. Ал эми Суучулдарды даярдоо борборунун башчылыгына Алмабек Айдакеев келди.


69 адам кар көчкүнүн
астында калды
69 адам Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу авто жолунда кар көчкүнүн астында калышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, азыркы тапта куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Куткаруучулар Коргоо министрлигинен вертолет чакыртып, 67 адамды көчкүдөн алып чыкты.