Улугуң сокур болсо

Ветеринария тармагындагы ээнбаштык качан ооздукталат?
Бүгүнкү күндө тамак-аш коопсуздугуна жооп берчү органдардын "көзүрү" ветеринария департаменти. Учурда бул органга өлкө боюнча 128 лаборатория карайт. Булардын башкы милдети сырттан жана ичтен өндүрүлгөн азык-түлүк сапатын текшерүү. Кокус талапка жооп бербесе, сатыкка чыгарбастан жок кылуу. Бирок, алар ушул укугун толук пайдаланабы, дегеле азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө бизде кандай жүрүп жатат? Буга төмөндөгү фактылардан жооп алсаңыздар болот.

Айыл чарба министрлиги өткөн жылдын 18-декабрында "борбор калаа базарларындагы ветеринария департаментине караштуу лабораториялар текшерилсин" деген 359-номерлүү буйрук чыгарган. Анын негизинде атайын адистерден түзүлгөн топ 19-20-декабрда атайын рейд жүргүзүп, "булардын бири да азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла албайт" деген жыйынтыкка келишкен. Анткени, бул лабораториялардын биринде да тамак-аштын курамындагы туз, металл, дары, радиация өлчөмүн аныктоочу жабдыктар жок болуп чыккан. Базарлардын дээрлик бардыгында эт, балык, жумуртка, колбаса, ич эт, баш-шыйрактар атайын ветеринардык документсиз сатылат. Анысы аз келгенсип, четөлкөдөн алынып келген азыктардын экологиялык жактан таза же таза эмес экенине терең анализ жүргүзүлбөйт. Бул барып келип, баягы эле улут келечегине балта чабары анык. Генетикалык жактан өзгөрүүгө учураган алма же банан бизге зыян болбогону менен белдеги төрөлө элек укум-тукумубузга зыяндуу экени илимде эчак далилденген.
Жабдыктары талапка жооп бербегени аз келгенсип, лаборатория кызматкерлери чалагайымдыкка, атайын мыйзам бузууга жол берери ушул текшерүүдөн соң ачыкка чыкты. Мисалы, бир да лаборатория аккредитациядан өтпөгөн жана профилактикалык дезинфекция иш-чараларын жүргүзгөн эмес. Жараксыз деп табылган азыктарды жок кылууда да олуттуу кемчиликтер бар. Сертификаттарды берүүдө чоң катачылыктарга жол берилип, базарга түшкөн продукция көлөмү журналга толук жазылбастан, көмүскө сатылары белгилүү болгон. Алсак, Ош базарында жайгашкан ветсанэкспертиза лабораториясы келип түшкөн эт жана эт азыктарынын 50 пайызын эле журналга каттаары аныкталган. Ал эттер биохимиялык изилдөөдөн өттү дегени менен, мындай анализ жүргүзчү РН-метр аппараты бузук болуп чыккан.
Баса, текшерүү жайынтыгында дагы бир иштин башы кылтыйды. Тактап айтсак, ветсанэкспертиза лабораториялары тарабынан чогулчу каражаттын 50%ы кассага түшпөгөнү маалым болду. (Бул лабораториялар аккредитациядан өтпөсө, жабдыктары стандартка ылайык толук кандуу иштебесе, кайсы эмгек үчүн акча каражаты чогултулары кызык).
Ветсанэкспертиза өткөрүүчү лабораториялардын акыбалын айтсак өзүнчө кеп. 5-10 жылдан бери имараттарына капиталдык ремонт жүрбөгөн. Булардын ар биринде кеминде эле 15тен ашык адис эмгектенет. Алардын орточо айлыгы 750 сомдун тегерегинде. Бул акча күнүмдүк чыгымга да жетпеси маалым. Демек, ветеринария тармагында коррупциянын күчөп, тамыр алышына таң калыштын кереги жок.
Жогорудагы көтөрүлгөн маселелер боюнча 23-январда айыл-чарба министрлигинде атайын чакан коллегия өткөрүлгөн. Анда Бишкектеги ветсанэкспертиза лабораторияларынын иши канааттандырарлык эмес деп табылып, мунун башында турган айрым жетекчилерге тийиштүү чара көрүлсүн деген чечим чыккан. Бирок, ал аткарылабы же баягыдай эле сөз боюнча калабы белгисиз. Анткени, ветеринария тармагындагы күчөгөн "туугандык" жана "өз бала" сыяктуу коомдук жат көрүнүштөр министрдин эркин чектегендей түр калтырат. Ошол себептүү, бул чоң, олуттуу маселени жөнгө салууга өкмөт көз кырын салып эле тим болбостон, чечкиндүү кадамдарды жасашы зарыл.
Учурда тамак-аш коопсуздугуна коңшу өлкөлөр абдан маани берип жатат. Мисалга, жакынкы Россияны эле алалы. Сырттан келген азык-түлүк көлөмүн чектеп, өз өндүрүүчүлөрүнө колдоо көргөзүп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жардам берүүгө өттү. Президент Д. Медведев жакынкы 2-3 жыл ичинде элин өздөрү өндүргөн сүт, эт, балык менен 90% камсыз кылуу үчүн атайын азык-түлүк коопсуздук программасына кол коюп жана анын аткарылышына көз саларын жарыялады. Бизде мындай иш-аракеттин жыты да билинбейт. Тескерисинче коңшу Кытайдан жер-жемиштен тарта эт-ашка чейин күн алыс күргүштөп кирип жатканы белгилүү. Угушубузга караганда, бул иш-аракеттин артында чоң саясат катылуу.
Бекбол Айдаров




  Алыстагы үн

Буйрутма өлтүрүүнүн - биринчи айлампасы бүтүп, экинчиси башталабы?
29 жеринен бычак жеп, Швеция өлкөсүнөн башпаанек алып кеткен Сыргак Абдылдаев Кыргызстан элине ачык кат жолдоду. Катта журналист СДПК партиясынан чыккан депутат Руслан Шаботоевди кимдер өлтүргөнүн билерин, анан калса президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун, саясый-аналитик Сергей Слепченконун, журналист Геннадий Павлюктун өлүмдөрүнүн бири-бирине байланыштуу экенин айткан. Сыргак Абдылдаев билген сырларынын баарын ачыкка чыгара албасын белгилеп, бир аз гана бөлүгүн чыгарганын айтып өткөн. Андан сырткары, журналист депутат Шаботоевдин өлүмү саясый өлүм болгонун ачык айтып, март окуясынын учурунда маркумдун Акүйгө комендант болгондугу менен байланыштуу экендигин дагы кыйыткан. Ошону менен катар эле ал "21-кылым" аттуу интернет-басылма ачууга камынып, ага каражат издегенин, саясый-аналитик Сергей Слепченко ал каражатты МЧС (Медет Чоканович Садыркулов) менен жолукканда аларын убада бергендигин айткан. Журналисттин айтымында, ал жолугушуу 10-мартка белгиленген. Бирок ага жеткирбей эле 3-мартта журналистти белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. Коркунучтуусу, Сыргак Абдылдаев ачык катында "Павлюктун өлүмү акыркы эмес экенине ишенем, жөн гана биринчи айлампа бүттү, эми экинчиси башталат" деп жазган. "Кудай сактай көр!" деп биз айрым эксперттердин пикирлерин ортого салдык.


Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ,
БЭКтин саясый бюросунун мүчөсү:
"Заказ берип жаткан бир эле адам"
- Мен бул катты толугу менен окуп чыктым. Бул кашкайган чындык. Бүгүнкү бийликтин диктатурасы турганда, тилекке каршы, чындыкты жазган журналисттер, "оодарам" деп саясый майданга чыккан оппозициялык ишмерлердин далайлары кетет. Кудай бетин ары кылсын! Бийликтин колу-буту канга боелуп калды да. Бийликтин ошол эле кандуу кылмыштары элди ого бетер ойготуп атат. Бул бийликтин келечеги жок. Р.Шаботоев, М.Садыркулов, С.Слепченко, Г.Павлюктун өлүмдөрү бири-бирине байланыштуу. Анткени, заказ берип аткандар бир эле да.


Марс САРИЕВ, саясаттаануучу:
"Айта албаса, чыкпай турбайбы?!"
- Кат тууралуу бир нерсе айтуу кыйын болуп турат. Карап көрсөк, фактысы жок болуп атат. Буга чейин унчукпай отуруп, анан чыга калганы таң калычтуу. Ачык кат менен кайрылуунун максаты эмне экени мага түшүнүксүз болууда. Мисалы, "Р.Шаботоев, М.Садыркулов, С.Слепченко, Г.Павлюкту ким өлтүргөнүн мен билем, бирок айта албайм" деп атканы мага жакпай атат. Билгенден кийин, мына ушулар өлтүрдү деп аттары менен атап бериш керек болчу. Айта албаса, такыр эле чыкпай туруш керек эле. Өмүрүнө коркунуч болуп аткан деп ойлоюн десең, эмне үчүн анда Кыргызстандагы айрым журналисттер коркпойт? Ал азыр башка өлкөдө, билген фактыларын айтып, эл аралык уюмдарга кайрылса болот эле да.


Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:
"Айтпайм деп кылмышкерлерди жашырып атат"
- Сыргак Абдылдаевдин айткандарын мен төгүндөй да албайм, ырастай да албайм. Мен укук талаасында жүргөн адам катары, колумда фактым болбосо эч нерсе айтпайм. Сыргак Абдылдаев бүгүнкү күндө Кыргызстандан алыс, коопсуз жерде. Анан коопсуздугу толук сакталган өлкөдө туруп, интеллекти бийик журналист "мен билем, бирок айтпайм" дегенинин өзү туура эмес. Бул жерде адамдардын каны турат, билсе анда ачык айтыш керек болчу. "М.Садыркулов, С.Слепченко, Г.Павлюктун өлүмдөрүнүн бири-бири менен байланышы бар" деп айтып атат, анда кандай байланышы бар экенин айтып, чечип бербейби? Айтпайм деп кылмышкерлерди жашырып атпайбы?
Дилбар АЛИМОВА