Балмуздак ээригенче

Шайырбек Арапов, телеалпаруучу:
"Күлүмсүрөгөн бир бийкечти күтүп келем"
- Кесиби боюнча юрист деп уктук эле, балким кийин орустардыкындай "Час суда", "Суд идет" сыяктуу укуктук берүүлөрдү даярдайсың?
- Кичинемде теле алпаруучу болгум келчү. Бала кездеги кыялым жогорку окуу жайын бүткөндө орундалды. Азыр өзүмдү журналистикада сынап жүрөм. Эми ушул жаатта эле өсүп-өнөйүн деп жатам. "Артык дөөлөт баш жарбайт" эмеспи, юридикалык билим баары бир керек. Бирок, укуктук берүүлөрдү алып чыгууну ойлонбопмун. "Ийгиликтин эрте-кечи жок" дейт, балким келечекте Россияныкындай шарт, мүмкүнчүлүк түзүлсө даярдап калармын.
- Айтмакчы, "Капкан шоу", "Унуталбайм" аттуу берүүлөрдүн идеясы өзүңө таандыкпы?
- Чынын айтыш керек, "Капкан шоунун" идеясы батыштыкы. Бирок, аны баштан-аяк көчүргөн эмесмин. Бөлөк форматта алып чыккам. Тилекке каршы, каражат тартыш болуп, уланта албай калдык. Ал эми "Унуталбайм" берүүсүн режиссер Бекбол Кылычбеков экөөбүз даярдап жатабыз. Идеяны күндөлүк жашоодон алгандыктан, өзүмдү автормун деп эсептебейм.
- Берүүңөрдө бейтаалай тагдырлар көп чагылдырылат, себеби неде?
- Бактысыз тагдырларды көрсөтүү менен өзүбүзгө упай топтойлу деген максат жок. Берүүнүн тарбиялык мааниси бар. Бир адамдын катачылыгы башкаларга сабак болсун деп ойлоп, ушул форматты тандап алганбыз.
- КТРде чагымчылдык күч дешет, чыгармачылыгыңа бут тоскондор көп эле болсо керек?
- КТР чоң жамаат да. Ар кандай адамдар иштейт. Арасында жакшысы, жаманы бар дегендей. Ошол себептүү, баарын бир кылка көрүү туура эмес. Балким берүүсүнүн рейтинги жок, иш көзүн билбегендер чагым жасап жаткандыр. Жеке мен бул нерсеге баш ооруткум келбейт. Өзүмдүн принцибим, максатым бар.
- Чыгармачыл адам ар тараптуу болот эмеспи, ыр жазып, обон созуп дегендей...
- Башта ырдап жүрчүмүн. Бирок, көп кызыкпагандыктан, баш-отум менен киришкен эмесмин. Бирок, поэзияга жакынмын. Кээде эргүү келгенде, кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам. Акыркы кезде буга чоло тийбей жүрөт. Убакыт тардыгынан, жада калса китеп да барактабай калдым. Эстесем акыркы жолу 2008-жылы "Табыттагы Денни Фишер" аттуу драманы окупмун.
- Кантип эле бош убактың жок болсун, бильярд, казино, ичимдик, достор кантет анда?
- Кумар оюндары менин турмуштук көз карашыма дал келбейт. Ошон үчүн жолобойм. Бильярдга да жокмун. Бирок, волейбол дегенде ичкен ашымды жерге коем. Жакшы күндөрү досторум менен жолукканда анча-мынча ичимдик уурттаганым болбосо, шарактап эс алганга чындап эле убакыт тартыш.
- Эл алдына чыгып, көзгө көрүнүп калган жаштар кийин саясатка аралашабыз деп калышат. Сенде мындай мүдөө жокпу?
- Антип так кесе айта албайм. Студент кезде саясатка аябай кызыгар элем. Ар түрдүү форумдардан калбай катышчумун. Кийин бул оюман кайттым. Азыркы ой-мүдөөм, көксөгөн тилегим такыр башка. Анын үстүнө саясаттын да кадыры кетип калбадыбы. Ошого карабай, билгени деле, билбегени деле бул чөйрөгө талпына берет. Өлкөңө саясатка аралашпай эле салым кошсоң болот да, туурабы? Жеке мен атуул катары мекенимди сүйөм, келечегибиз кең болоруна ишенем. Ар дайым өзүмө "эл-жер үчүн эмне кылдым?" деп суроо берем. Ашкере патриот болгон үчүнбү, жердешчилик "оорусу" мага жат. "Кай жерликсиң" деп собол узаткандарга "кыргызстандыкмын" деп жооп узатып, тим болом.
- Жеке турмушуңа кайрылсак, жүрөгүңдү ээлеген бийкеч барбы?
- Булуттан чыккан айга окшоп, күлүмсүрөп алдыман кезикчү бийкечти күтүп жүрөм. Бул эми тамаша дечи. Негизи өзүм жөнөкөй, ички дүйнөсү бай кыздарды баалайм. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи. "Чырайын чылап ичесиңби?" деген. Өң-келбети периштедей, бирок мүнөзү, жүрүм-туруму начар аялдан Кудай сактасын.
- Демек, жакында үйлөнбөйт турбайсыңбы?
- Бул эми тагдырдын буйругу менен болчу иш да. Андыктан бул суроого баланча жылы, түкүнчө жашымда деп жооп бериштен кармана турайын.
Санжи Туйтунова




  Уютку

Мастура Бердибекова:
"Комуз сүйүүчүлөргө жаңы китеп"
"Нурактын күүлөрү" аттуу нота китеби жарыкка чыкты. Заманыбыздын чыгаан күүчү-комузчусу, ырчы, чебер аткаруучу жана устат Нурак Абдырахманов агабыздын чыгармачылыгына багышталган. Китеп эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө күүчүнүн өздүк күүлөрү, ал эми экинчи бөлүмү өзүнүн вариантында аткарган жана иштеп чыккан залкар комузчулардын күүлөрү ноталаштырылган. Ушу негизде, китептин түзүүчүсү жана редактору, Бишкек шаардык №9 Балдар музыкалык мектебинин мугалими Мастура Бердибекованы кепке тарттык.

- Нота китебин түзүүгө эмне түрткү берди?
- Өзүм бала кезден комузга ык коюп, музыкалык мектебин, училищасын, андан соң Консерваториядан билим алдым. Ага улай, 2 жылдык аспирантурада Самарбүбү Токтакунова эжеден билим алдым.Ушу кездерге чейин комузга арналган нота китептеринин толук кандуу канааттандыра албаганын көп ирет байкагам. Маселен, аспирантуранын стажировкасында жүрүп, Карамолдо Орозовдун "Дүйнө" деген күүсүнө кызыгып, өздөштүрүүдө бир кыйла түйшүк тарттым. Балбай Алагушев,Тургуналы Медетовдун "Карамолдонун күүлөрү" нота китеби менен Молдокемдин аткаруусундагы үн жазмадагысына дал келбегендиги мени көпкө ойлонтту. Бирдеме жетишпегенсийт...
- Өзүңдүн ойногонуңдабы же...
- Китепте. Кантсе да ошого таяндым да. Анан нотасына үңүлө, биринчилерден күүнү чечмелеп баштадым. "Эмне үчүн Карамолдонун күүлөрүн өзүндөй кылып ойной албайбыз, эмне үчүн нотасы мындай жазылып калган?" деп. Бул менин биринчи тажрыйбам болду.
- Андан кийинкилери жеңил кеттиби?
- "Алтын фонддогу" кара күүлөрдүн нотасын түшүрө берсем болмок. Бирок, комуздун аки-чүкүсүн даана, так жазууда кылдаттык керек экенин байкап, Нурак агайдын чыгармачылыгына кайрылдым. Себеби, замандын залкар адамы менен бетме-бет отуруп алып, иштешкенге не жетсин? Ал киши көрсөтүп берип, мен жазып дегендей. Мага жеңил эле болгонсуду. Китептин биринчи бөлүмүн түзгөн 15 өздүк жана экинчи бөлүмдөгү Токтогул Сатылгановдун "Чоң кербез", Атай Огонбаевдин "Кыз кербез", Болуш Мадазимовдун "Эргиме" жана Карамолдо Орозовдун "Сынган бугу", "Дүйнө" күүлөрүн аткарууда нотага түшүрүлдү.
- Китепте тактамалар да берилдиби?
- Ушул мезгилге чейин нотага түшүрүлүп келген комуздук ойноо ыкмаларды бир нукка салууга аракет жасадым. Комуз кылдары, тоомдор, толгоолор, толгоолук аталыштар, өздүк буроо, музыкалык терминдер, дегеле айтканда, кыргыз комуздук музыкасына байланыштуу теориялык эрежелерге көңүл бурдум. Бир нече кошумча ыкмалык "Нурактык" тактама белгилери коюлду. Элибизге таандык чейрек тондор, мындайча айтканда, 17 баскычтуу система жөнүндө түшүнүктөр берилди.
- Китепти чыгарууда толук каражатын ким көтөрдү?
- Бишкек шаарында бир уюм бар. Ал төмөндөгүчө аталат. Кыргыз Республикасындагы кызматташтык боюнча Швейцариялык бюро деп. Мына ушул уюм маданият жана искусство тармагында "Тилекке-тирек" чакан гранттар негизинде конкурс жарыялаган. Мен долбоор даярдап, алар жактырып, утуп алгам. Бирок, бул жакка кайрылганым аргасыздан болуп калды. Өзүбүздүн жеке ишкерлерге, колунда барларга бара берип, эч жыйынтык чыкпай койду. Эң өкүнүчтүүсү, кыргыз комузуна, керемет күүлөрүнө, бүгүнкү күндөгү кайдыгерлик мамилебиз деп түшүндүм.
- Берген каражаты жетиштүү болдубу?
- Толук чыгымына жетпеди. Кептин баары ушунда болуп атпайбы. Айла жоктон кошумча каражатты өз жаныбыздан коштук.
- Китеп Нурак агабыздын чыгармачылыгына багышталган соң, ал киши сенин иштериңе толук канааттандыбы, нотанын күчүнө ишендиби?
- Алгач, бир топко мени сынап жүрдү. Нотанын күчүнө ишенбегендей. Ойноп бергендерин кагаз бетине түшүрүп, өзүм кайра күүсүн аткарып берем. Жазганым боюнча. Ошондо толугу менен ынанып, муюду.
- Нота кагаздарды басмаканага даярдоодо кыйынчылыктар болсо керек?
- Албетте. Илим жана техника өсүү жолунда, салыштырмалуу кошуна өлкөлөрдөн бир топ артта калганыбызды моюнга алуу керек. Бул жерде компьютер тилин билип, кол жазмадагыдай түшүрүүдө, адистердин жоктугу мени бираз түйшөлттү. Кантсе да, бизде андай адам бар экен. Музыка чөйрөсүнөн алыс эмес, композитор Совхозбек Айтикеев агабыз бул жагынан опол тоодой иш кылды. Ноталарды толугу менен компьютерге терип, түп нускасында калтырганга күчү жетти. Эгер бу кишинин жардамы өз убагында тийбегенде, китеп жарыкка чыкпай калмак.
- Китеп кимдерге багышталды?
- Күүлөрдү таасын аткаруу- башкы максат. Бул аракеттерден улам, комуз өнөрчүлүгүндө толук кандуу окуу курал даярдалды десем болот. Аспаптык музыкабыздын дагы бир жаңы тепкичке көтөрүлүүсүнө шарт түзүлдү. Китеп музыкалык мектептер, атайын орто жана жогорку окуу жайлар, жалпы комуз сүйүүчүлөргө арналды. Комуз күүлөрүнө кызыгуучулар жана үйрөнүүчүлөр үчүн колдонмо окуу курал катары пайдаланса болот. Бул китепке чейинки жазылган күү жыйнактарында камтылбай кеткен мүчүлүштүктөр четтетилүү менен, күү билермандарынын пикирлери эске алынды.
- Мындай иш-чараларды дагы улантасыңбы?
- Менде бир ой турат. Нурак агайдын комузда ойноосун чар тараптуу видео тасмага тартуу. Бери дегенде бетмаңдай, оң колу, сол колу, манжалардын ойноо ыкмаларын толук чагылдыра алгандай кылып. Швейцариялык уюм ушул жаатта дагы грант беребиз дегендей кылышкан. Бербеген күндө да бул ишти акырына чейин жүзөгө ашырганга аракет кылам.
Сурат Жылкычиев