Сыр аяк

Хоккей легендарлары
Кыргызстанда
Жума аягында кыргыз жергесине СССРдин атактуу орус хоккейчилери Александр Якушев, Сергей Макаров, Виктор Шалимов, Юрий Ляпкин, Владимир Лутченко келди. 1970-80- жылдары дүйнө чаңын сапырып, боз балдардын кумирине айланган кара чачтуу жигиттер бүгүн 60 жашты багынтканына күбө болдук. Бирок, "сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" тура, атактуу спортчулар 29-январь күнү Бишкек шаардык муз майданында "Хан-Теңири", 30-январда Чаектин "Шортон" командалары менен достук таймашта беттешип, экөөндө тең жеңишке жетти.

Нурлан Төрөбеков,
Афган ардагерлер кеңешинин төрагасы:
- Бул иш чара мындан 2 ай мурун башталган. Москва шаары менен Бишкек шаарынын афганчылары жолугушканда, биз "кыргыздар хоккей оюнун ойнойбуз. Бир жыл мурун хоккей федерациясы түзүлүп, муз майданы да курулду. Ушул дүйнөлүк спорттун бизде өнүгүп кетерине, силер тараптан жардам керек болуп атат. Көкүрөк көөдөнүбүз сугарылып келген легендарлуу хоккейчилерден Кыргыз жергесине келип, "мастер класс" өткөзүп берсе, демибизге дем кошулуп калат эле" деп кыйыткан элек. Сунушубузду москвалык достор колдоп, бүгүн "хоккей жылдыздары" бизге келип отурат.

Мурат Жакыпов,
КРнын хоккей Федерациясынын президенти:
- Союз убагында эле хоккей оюнун ойноп келгенбиз. Кийин СССР кулап, өлкөбүз эгемендикти алды. 1997-жылы Жумгал райондук спорт комитети тарабынан "Кыргыз хоккейи" долбоору иштелип чыкты. Мына ушундан улам, бул оюн жанданып, күчөп, элдин сүймөнчүгүнө айланды. Аны менен гана чектелип калбай, республикалык жана эл аралык денгээлге чыгууга умтула баштадык. Бирок, бул спорт түрүн ырааттуулук түрдө иш алып барууда, кандайдыр бир уюм керек экенин түшүнүп, 2008-жылы биринчи болуп Кыргыз Республикасынын хоккей Федерациясы түзүлдү. Салыштырмалуу Россия же коңшу Казакстанга караганда жаңы төрөлгөн баладай десек болот. Ошондуктан, бизге боор тарткан легендага айланган Россия хоккейчилеринин келгени, Кыргыз жергеси үчүн чоң утуш деп ойлойм. Биздин хоккейчилердин көөдөнүнө чок салып, бир силкинтип алса керек. Азыркы тапта дымагыбыз 2011-жылы Астана шаарында өтчү Азия кышкы оюндарында. Чеберчиликтин денгээлин көтөрүү жана тажрыйба алмашуу иретинде казак хоккейчилери менен таймаштарды өткөрүп атабыз. Алар бизге келип, биз ал жакка барып дегендей. Эми минтип, легендарлуу хоккейчилер менен да достук көпүрө куруп, карым- катнаш түздүк. Мындай иш-чаралардын болуп турушу, бизге маңыздуу натыйжаларды берсе керек. Кудай буюрса, биздин жигиттер намыстарына бек туруп, азыртан "өжөрлүк" касиеттерин көрсөтүшүп, жигердүү машыгуунун негизинде Азия кышкы оюндарында байгелүү орундарды жеңет деген үмүттөмүн.

Александр Якушев,
эки жолку олимпиада чемпиону:
- Кыргыз жерине биринчи жолу келип атам. Убактыбыз чектелүү болгондуктан бир өкүнүч бар. Кичине болсо да хоккей оюнундагы купуя сырлар менен жаш спортчулар арасында ой бөлүшсөм жакшы болмок. Тажрыйба иретинде. Кийинки келгенде бул жагын эске алам. Бирок, биздин бияка келип кеткенибиз, силердеги коомчулукта жакшы маанай жаратып, хоккей оюнуна кызыгуу арткандар көбөйсө керек деп ойлойм. Мүмкүн мамлекет да заманбап муз майданын салып берер. Мен качандыр бир убакта силердин хоккейчилер мыкты оюн көрсөтүп, кучагын аалам алкагына жайып, арасынан бизге окшогон спортчулардын чыгарына ишенем.

Турдалы Аскарбеков, ырчы, "Хан-Теңири" курамынын оюнчусу:
- Союз маалы болчу. Биз бала кезден бул оюнчуларды телевизордон эле көрчүбүз. Кумир тутуп. Айылда аттын тезегин же болбосо, солдат өтүгүнүн такасын тегерек кылып кесип алып, шайба жасап, клюшкаларга Якушев, Макаров, Шалимов деп жазып, мурдубузга муз тоңгуча хоккей ойнойт элек. Анда да ата-энелер үйдү көздөй ээрчитип, бирден жетелеп кетээр эле. Антпесе, айдын жарыгына салып, оюн бүтчү эмес. Көчө менен көчө, айыл менен айыл мелдешке чыгып калганда, тиги же бу командада "Макаров", "Якушев" деп сырт кийимдерине жазып алган балдар, "мына мен Якушевмин, сен алдагы чапаныңды чечип сал" дешип мушташканга чейин барышчу. Анысы аз келгенсип, үй-үйлөрдү сураштырып, "кимдин телевизору жакшы тартат. Кечинде "Время" бүткөндө СССР менен Канада ойнойт экен" деп сүрмө топ бала бир үйдө чогуу-чаран көрөр элек. Ал үй бир заматта тополонго түшүп калчу. Анда да баягы эле талаш-тартыштар. Эгер кокустан СССР утулуп калган болсо, анда шорубуз шорподой кайнап, ыйлачубуз. Тимеле согуштан утулуп калгансып. Эртеси сабакка да барбай койчубуз. Ал эми утуп алган болсо, төбөбүз көккө жетип, "мына мен эртең Лутченко болом" дешип...
Бүгүн үч уктасам түшүмө кирбеген нерсе болуп атат. Мен эч качан ойлогон эмесмин. Ошол бала кездеги Макаров, Якушев, Шалимовдорду бул жашоодо маңдай-тескей жолуктура алам деп. Жөн эле жомок. Анын үстүнө муз майданына бирге чыгып, шайба талашып, жөөлөшүп, түртүшүп көргөнүм өзүнчө ырахат болду. Бул күн мен үчүн эсте калаарлык күн болду десем жаңылбайм... Тагдырдын тамашасы ушу экен, 30 жылдан кийин бутума коньки кийип, былтыр күз айында "Хан-Теңири" командасына келдим. "Тоолор, тоолорду" ырдап жүргөн ырчы, хоккеист болуп чыга келди (күлүп). Анткен менен бул оюнга киргени 15 кило арыктадым. Баскан турганым жеңил болуп калды. Ырчылык өнөрүмө өбөлгө түзүп, чыгармачылык эргүүгө шык берип турат экен...

Сурат Жылкычиев