Көздүү мончок

Каныкей, ырчы:
"Жеке дүйнөмө эмес, чыгармачылыгыма кызыкса..."
Акыркы кезде өзгөчөлөнгөн ырлары менен белгилүү боло баштаган Каныкейди маекке чакырганбыз. Маектешүүгө Каныкей продюсери менен чогуу келгендиктен, баарлашуу дагы чогуу болду. Бирок, продюсери атын атап, өзүн "рекламалоону" каалабагандыктан, "продюсер" деп гана жаздык.

- Каныкей, учурда эмне иштер менен алектенип атасың?
Каныкей: - Баш-отум менен чыгармачылыкка берилип, жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Кудай буюрса, жакында радиолордон угуп каласыздар. Кыргыз тилинде "Сарала" деген ырды жаздырып жатабыз. Бул ыр мааниси боюнча кыргыз элинин бабаларга кайрылуусу. Улуу нерселерге таазим кылуу.
- Репертуарларды кандайча тандайсың, ким жардам көрсөтөт?
Каныкей: - Ырларды негизинен өзүм жазам. Обонун дагы, текстин дагы.
- Жаштардын сүймөнчүгүнө ээ болгон "Носонте" ырың эмнени түшүндүрөт?
Каныкей: - Бул сөз көп ойлонуулардан кийин пайда болгон табылга. Бул сырдуу сөз. Так чечмеленмеси жок. Бул сөздү угармандардын ар бири каалагандай кабыл алсын деп чакырык таштап койдук. Балким, бул ички дүйнөнүн абалы болушу мүмкүн, же кимдир бирөө үчүн жогорку күч катары кабыл болгондур. Азыр интернетте бул сөздү ар ким ар кандай чечмелеп талкууга алып атканы бизди кубандырды. Ырдын максаты ушул болчу. Ар бир адам өзүнүн жан дүйнөсүнө жараша каалаганындай чечмелеп уксун дегенбиз. Мисал үчүн, менин ички дүйнөмдө бул сөздүн өзүнчө чечмелениши бар, а сиздикинде ал башкача болушу мүмкүн...
- Бир жылдын ичинде эле эл арасына жарк этип чыга келдиң. Буга чейин каякта жүрдүң эле?
Каныкей: - Чынында буга чейин деле ырдап чыгып алсам болмок. Бирок, мен чыгармачылыкка аябай олуттуу карагандыктан, көп жылдар бою даярданып жүрдүк. Бирок, даярданып чыгып, жарып салайын деп деле максат кылган жокмун, болгону элге өзүмдүн ички дүйнөмдүн бир бөлүгүн тартуулайын дедим.
Проюсери: - Чынында азыркы шоу-бизнестегилер же үнү жакшы болсо, же сырткы келбети жакшы болсо эле чыгып атышат. Биз эгерде жеңил-желпи эле мамиле кылган болсок, бир нече жыл мурун Каныкейди эл алдына алып чыгып койсок болот эле. Анткени, үнү бар, жөнөкөй эле ырларды ырдап чыкса деле башкалардан өзгөчөлөнө алмак. Бирок, Каныкей менен көмүскөдө эки жылдай иштедик. Убакыт келди, анан чыкты. Эл дагы "бал-ширин" ырлардан тажап, жан дүйнөгө азык болгон ырларга суусап калган экен, жакшы кабыл алышты.
- Продюсериң менен кандайча табышып калдыңар?
Каныкей: - Продюсерим чыгармачыл чөйрөдөн эмес. Менеджмент чөйрөсүндөгү адам. Ал бир канча бизнес-долбоорлорду пландап, анын ичинде бир таланттууну дагы алып чыгууну максат кылган экен. Кастинг жарыялаганда, мен дагы угуп калып, барып катыштым. Мени тандашты, ошондон тартып иштешип калдык. Бул кастинг төрт жыл мурун болгон.
- Россиялык продюсерлерден иштешүү боюнча сунуш түшкөнүн уктук эле. Ал сунушка макул болдуңбу?
Продюсер: - Бул бир айда эле бүтүп кала турган иш эмес экен. Сунуштар талант чыккан сайын көбөйө берет деп ойлойбуз. Азыр эле бирөөнүн колуна "ме" деп эле кармата койгонго даяр эмес экенбиз. Каныкей Каныкей бойдон калышын каалайбыз. Мисал үчүн башка продюсер алса, өздөрүнүн идеяларын таңуулап, "мындай кийимдерди кийет, мындай ырларды ырдайт" деп башташат. А биз Каныкейди нукура кыргыздын "продуктусу" катары чыгаргыбыз келет. Каныкейдин таланты аркылуу башка элдер Кыргызстанды тааный турган деңгээлге жеткирели деген максатыбыз бар. Эгер четөлкөлүк продюсерлердин сунушу биздин талаптар менен дал келип калса, биз иштешүүгө даярбыз.
- Мисал үчүн сиз Каныкейди бизнес-долбоор катары алганмын деп атасыз, анан башка продюсерлерге берип койгонго ичиңиз ачышпайбы, же бул жерде сиздин деле кызыкчылыгыңыз барбы?
Продюсер: - Мен бизнес-долбоордон биринчи Каныкейдин чыгармачылыгынын фанаты болуп калдым. Анын ырларынан мен өзүм азык алам. Каныкейден башка деле менин жумуштарым бар. Эгерде башка продюсерлер көп жылдардан кийин деле Каныкей дал ушундай жан дүйнөнүн азыгы болгон ырларды ырдайт деп кепилдик берсе, мен аябай кубанычта болуп, колдойт элем.
- Каныкей, стилиң дагы башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Аны ким ойлоп тапкан?
Каныкей: - Стилди тандоодо дагы көп убакыт ойлонгонбуз. Идея продюсерлериме таандык. Ошол идеяны ишке ашырган стилист Замира Молдошева болду. Мен бул кишинин талантын баалайм.
Продюсер: - Көптөр Замира Молдошева дегенде эле "аа, биздин артисттерибизди жалтыр-жултур кылып жасаган стилист" деп түшүнүшөт да. Замира ар кимдин өзүнүн талабына жараша жасайт. Молдошеваны стилист эле деп койгон жетишсиз деп ойлойм. Аны сүрөтчү десек болот. Идеяны биз ар кандай айта беришибиз мүмкүн, аны ишке ашыруу дагы бул өзүнчө чоң эмгек. Анан стиль жөнүндө сөз болгондо эле бизге "кийимдериңер абдан жупуну" дешет. Көптөр жалтыраган кийимдерди кийип алып, Батышты туураганын стилдүү деп түшүнүшөт экен. Каныкей кайсы чөйрөдөн чыкса, ошол чөйрөнү чагылдырыш керек деп ойлобуз. Орой мисал келтирсем кечирип коюңуздар, мисалы, айылдан эле чоңоюп келген балдар ырдап чыгып, лимузинден түшпөй, бирөөлөрдүн чоң-чоң особняк үйлөрүндө клиптерин тартышат. Карап отурсаң, өздөрүнүн турмушунда жок нерсени чагылдырып жатышат. Балким, бул убагында мода болгондур, бирок, мен жасалмалуулуктун мезгили өттү деп ойлойм.
- "Кое бер мени, кайгы" деген ырыңдын клибинин идеясын кайдан алгансың. "Орус жылдыздарын туурайт экен" деген дагы сөздөр чыгып атат...
Каныкей: - Идея продюсериме таандык. Бул клипти бир эле адам жасап койгон эмес, бир чыгармачыл топтун эмгеги десек болот. Кайгы тууралуу ырлар бизде көп эле, бул сөздү угар менен бардык адамдардын маанайы чөгөт. Биз болсо бул сөзгө башка боек бердик деп ойлойм. "Кое бер, мени кайгы, мен эми башкамын" деп. Бул жерде кайгыга баш ийбей, алдыга умтулган оптимисттик ой жатат. Клипте дагы мына ушул ойду чагылдырганга аракет кылдык. Биздеги көп клиптерде кайгы тууралуу ыр болсо эле сөзсүз түрдө же жигити таштап кетет, же дагы бир кокустук болуп калат. Биз болсо бул нерсени символдор менен бергенге далалаттандык. Мисалы, гезиттер чапталган бөлмөгө камалып калган кызды, ошондой туңгуюкка кабылды деп түшүнсө болот. Ал эми гезиттер күн сайын биздин башыбызга жүк болуп аткан маалыматтардын көптүгү. Маалымат көп болгон учурда адам өзүнө таандык сапаттарды жоготуп коюшу мүмкүн. Биздин каарман ошол туңгуюкта мүңкүрөп кала бербей, чыкканга аракет кылды. Бир жылчык таап алып, анан бардык гезиттерди айрып салды. Аягында күзгүдөн өзүн көрүп, өзүнө таандык нерселерди тапты. Клиптин идеясы дагы мына ушундай оптимисттик маанайда.
Продюсер: - Клиптин сценарийи мага таандык. Каныкейдин клиптеринин баарын өзүм тартам деп ниет кылып койгом. Режиссер, сценарист катары.
- Жылдыз "оорусунун" эпкиндери сага дагы тийип атабы?
Каныкей: - Мага бул "оору" жукпайт. Жылдыз "оорусу" менен ооруган бул адамдардын пастыгы деп эсептейм. Мен мурда кандай болсом, ошол бойдон калам деп ойлойм.
- Чыгармачылыктагы бут тосууларга кабылып жатасыңбы?
Каныкей: - Биз мындайларга кезиксек деле ага сынып калбай, улам алга умтулуудабыз. Эгер бирөө көралбастык кылып атса, аны менен мен башымды оорутпашым керек, демек, ал адамдын дүйнөсү ошондой деп гана коем.
- Эл алдына чыгып баштаган ырчы кыздарга эле аттуу-баштуу мырзалар көз артып башташат экен, шоу-бизнесте ийгиликке жеткирүүгө сөз берип, көңүлдөш болууну сунуштап. Мындай сунуштар сага дагы болсо керек?
Продюсер: - Адам өзүн кандай алып жүрсө, ошого жараша мамиле жасашат болуш керек. Каныкейдин ички дүйнөсү таптакыр башка нерсе менен алек, ал чыгармачылык менен "ооруп" аткан чагы.
- Каныкей, жигитиң барбы?
- Угармандар менин канчанчы сорттогу ун жээриме эмес, чыгармачылыгыма кызыгыш керек деп ойлойм. Ошон үчүн мен жеке жашоом тууралуу эч нерсе айткым келбейт.
Дилбар АЛИМОВА