Күч берен

Мээрим Момунова:
"Нанды, сууну азайтып, "бомбага" өтөм"
Мээримдин "Дзигаро Кано" клубда машыкканына эки жыл болуптур. Бу жерде КРнын дзюдо боюнча Улуттук курамга кирген саналуу гана балдар такшалат. Жакында, жаштар арсындагы Азия биринчилигинде, татыктуу күмүш медалды багынтып, эми алдыдагы салмактуу мелдештердин бирине даярданып аткан кези экен.


Блиц-анкета
Кичи мекени - Чүй, Арчалы айылы
Жашы - 19
Бою -163см
Салмагы - 57кг
Спорттогу наамы - КРнын спорт чебери
Эң жакшы көргөн тамагы - куурдак
Эс алганда - көп уктайт
Спорттогу кумири - Тамуро (Япония)
Устаты - Наталия Кулыгина
Билими - Дене-тарбия академиясы, 3- курс
Эң жакын адамдары - Ата- энеси

-Жумасына канча жолу машыкканы келесиң?
-Дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү.
-Ар бир машыгуу канча убакытты талап кылат?
-Алгач, дзюдо күрөшүнө келе баштаганда эки сааттан ашык убакыт корочу. Устатыбыз жаңы келгендерди денени чыңоо көнүгүүлөрүнө басым жасачу. Анын ичинде денени жибитүү, отуруп-туруу, буттардын тарамыштарын чоюу дегендей. Андан соң, күрөштөгү колдонуучу ыкмаларын көрсөтүп, тыкыр иштей баштайбыз. Жатыккыча. Бара-бара көнгөндөн кийин машыгуу мөөнөтү бир жарым саатка токтолду. Тартипке салынып. Бул убакыт норма деп эсептелинет.
-Үйдөгүлөрдүн кимиси ышкыбоз? Сенин бул спортко кирип кеткениңе бирөөлөр каршы чыккандыр?
-Атам волейбол ойнойт. Ынтызар адам. Мектепте окуп жүргөнүмдө мен да ушул оюндан баштагам. Тандалма курамында элем. Бир классташым спортко шыгым бар экенин байкап, дзюдо залына ээрчитип келген. Карап көрүп жактырып калдым. Апама айтсам, "кыз кишиге жарашпайт, барбай эле койчу" дегенсиди. Атам тескерисинче кубаттады. Ошентип, бул спортко баш отум менен кирип кеттим.
-Машыгуу учурунда байкап көрсөм, бири-бириңди ийинден алыс ашыра чаап атасыңар. Дене башты оорутуп албайсыңарбы?
-Андайлар болбой койбойт. Эң негизгиси, устатыңдын айткан дегендерин туура жасасаң, эч деле коркунуч туудурбайт. Колу-бутуң, дене- боюң андайларга көнүп деле калат.
-Биринчи мелдешиң эсиңдеби?
-Дзюдого келип баштагандан кийин эки айга жетпей, Кыргызтандын биринчилигине чыктым. Мелдеш өспүрүмдөр арасында болуп, үчөөсүн катары менен утуп, чемпион аталдым. Ага удаа Казак жергесине барып күрөшүп, анда да ийгилик коштолду.
-Ийгилик демекчи, татамиде жеңишке жетүүнүн кандайча жолдору бар?
-Эч качан татамиге чыгып атып, "утулам же алым келбейт го" деген күмөн ойлорду ойлобош керек. "Утам, жеңем, кыргыз намыстуу элбиз" деген гана сөздөрдү айтып, максат кылса, ал өз учурунда жемишин бербей койбойт. Андан сырткары, ар бир мелдеште кетирген каталарыңдын үстүндө көп иштөө зарыл. Күчүң, шыгың болуп туруп, мээни иштетпесең да жеңишке жетүү жол кыйындап кетет.
-Ушу мезгилдеги салмактуу турнирлердин кайсынысына катыша алдың?
-Ливан өлкөсүндө жаштар арасындагы Азия биринчилигине барып, финалда корей кызына утулуп калдым. Болбогон жерден. Утуп аткам, бир мүнөт калганда ката кетирип, "удержаниеде" калып, жеңиш колдон чыгып кетти. Чоңдордун мелдештерине чыга калып, дүйнөлүк жана Азия балбандары менен күч сынашып көрдүм. Алардан өч алуучу күндөр да келээр деп турам.
-Дүйнө алкагында япон кыздарына теңелиш кыйындыр. Бирок, кайсы бир убакта кыргыз кыздары да чыгаттыр?
-"Көрүнгөн тоонун ыраагы жок" дейт. Ал күндөр сөзсүз түрдө келет. Мен буга толук ишеним артам. Кыргыз элинен чанда-чанда гана кыз баатырлары чыгышкан. Алсак, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан датка. Булар жашоодо сейрек кездешкендери менен санжыра барактарында калышты да.
-Жакынкы пландарың менен ой бөлүшсөң?
-Менин эң жакынкы планым - 2012-жылкы олимпиада. Бирок, ага чейин өтчү чоң-чоң мелдештерди багынтууну ойлойм. Баардык күч аракеттерди жумшайм.
-Спортту таштап салбайсыңбы?
-Жок, мүмкүн эмес. Олимпиаданы багынтмайын спорттон кетүү оюмда жок. Анүстүнө өзүм Дене-тарбия окуу жайында 3- курста машыктыруучу факультетинде окуйм. Кудай буюруп, окуумду бүтсөм, келечекте устатчылык жагын да өздөштүрөм.
-Дзюдодо машыккан адамдар өзгөчө диета колдонобу?
-Бардык эле спортчулар күчтүү тамак жеши зарыл. Эгер, өз салмак ченинен жогорулап кетсе, анда диетага отуруп, бир аз салмак кууйт. Нанды, сууну азайтып, анын ордуна "бомбага"(бал, өрүк, мейиз, жаңгак кошулмалары) өтөт.