Укмуштуунун төөсү жорго

Дүйнө алкагында
Асман тиреген имарат
Дубай шаарында дүйнөдөгү эң бийик имарат курулуп бүттү. Бийиктиги 828 метрди түзүп, 160 кабаттан турат. Мунара сымал курулуш 2004-жылы башталып, 12 миң жумушчу эмгектенген. Имаратты абдан тез жүрүүчү 57 лифт тейлейт. Долбоорду жүзөгө ашыргандардын айтымында, асман тиреген Дубай Бурдж мунарасына 4,1млрд америка пулу сарпталганын эскертишет.


Эң узак тутулган күн
Түштүк-чыгыш Азия жана тропикалык Африка өлкөлөрүндө жашаган элдер эң узак күндүн тутулганын байкай алышкан. Бул жаратылыш кубулушу ( 10- январь) 11 мүнөткө созулган. Адамзаттын тарыхында мындай болуп көрбөптүр. Астрономия илимпоздорунун айтымында, эмки узак күн тутулуусу 3043-жылы болот имиш.


Эки чакырым жердин ортосу 21 саат айырма
Адамзаты жаралгандан бери, күн нуру биринчи Япония жергесине чачырайт деп келебиз. Ошого карата саат алкагы тартиптелген. Маселен, бизде Москва убактысы менен салыштырмалуу 3 саат айырма бар. Эки ортонун аралыгы да (5миң чакырым) кыйла. Эми, Ратманов аралы (Россия) менен Крузенштерн (АКШ) аралынын ортосу эки чакырымды түзгөнү менен 21саат айырмасы катталган. Россия аралында чак түш(12,00) бейшемби болсо, Крузенштернде түш ооп(15,00) шаршемби экен.


11миң долларлык арак ичкиң келеби?
Blackwood Distillers шотландиялык ичимдик чыгарган компаниясы өзүнүн Дива арагы менен 2006-жылы дүйнө жүзү жүргүзгөн сынакта жеңүүчү болгон. Ичимдик үч жолу кайың көмүрүнөн жана алмаз, рубин, изумруд баалуу таштарынын майда кыпындарынан чыпкаланып өтөт имиш. Бөтөлкөнүн сырты болсо ошол баалуу таштардын өзгөчө жасалгалоосунда камтылып, сатыкка коюлат экен. Бир бөтөлкө экинчи бөтөлкөгө окшошпогонун айтышат. Баасы 11000 доллардан жогору.


Өзүңдү өзүң дарыла
Кыкеңдер (баары эмес) бир күнү оору, бир күн соо жүрө берген калкпыз. Төшөккө жатып такыр жылбай калганга чейин. Индеецтер антпейт экен. Жумшактан-ич, катуудан-тиши ооруп баштаса, өзүн-өзү миңдин бири болгон навахо элдик ыкмасы менен дарыланышат. Ал мындай: таш баканын калканын майдалап, бүркүттүн кыгын, жүз жылдык карагайдын кабыгын 200 грамм кайнак суу кошуп, илбирстин тырмактары менен аралаштырып 20 мүнөтчө демдеп, жылуу кезинде ичүү керек. Кадимкидей алка-шалка түшүп тердейсиң. Андан соң, жылуу жамынып жатып ал. Эртеси оору-сыркоону сен көр, мен көр куландан соо айыгып кетесиң.


Дүйнөдө медуза гана өлбөйт
Аалам алкагында океанографтардын жана суу жаныбарларын изилдөөчү окумуштуулардын айтымында, жалгыз медуза гана түбөлүк жашай алат имиш. Буга чейин бул жагдайда нечен илимпоздор баштарын катырып келген. Себеби, медуза өз алдынча көбөйгөндөн кийин өлүп калганы менен бирге аз убакыт өтпөй, кайра жаш организмге айланып кетери байкалган. Медузанын биологиялык өлбөс клеткалары жана анын уникалдуу түзүлүштөрү жаратылышта кайталангыс экенин күн санап сыры ачылууда.


Денеси ооруганын сезбейт
Кичинекей Эшлин Блоккер ата-энеси менен Паттерсон (АКШ) шаарчасында жашайт. Жалпы элден бир өзгөчөлүгү бар. Денесинин ооруганын таптакыр сезбейт. Муну апасы үч жашында экенинде байкаган. Жыгылып түшүп, балбылдап күйүп турган плиткага жабышып калат. Эттери ылжырап сыйрылганына карабай, күлүп жайнай апасына барган. Ошо кезде энеси эс-учун жоготуп койгон. Анткени менен учурда кызынын жанынан такыр кетпегенге аракет кылат. Дүйнө жүзүндө денесинин ооруганын сезбеген адамдар сейрек кездешип, Америкада болгону 30у катталган.


Мейкиндикте калкыган шаар
Чукулда дүйнөдөгү эң чоң телескоптон мейкиндикте калкыган шаарды байкашкан. НАСА (Америка) астрономдору, жер шарынан чексиз ыраак жайгашканын, ал жерде жашоо бар экенин айтышкан. Бирок, бизге салыштырмалуу өнүгүү шарты, алда канча өзгөчөлөнүп турат имиш. Чоо жайын бүгүнкү күндө изилдеп, эң негизги деген көлөмүн аныктап, жер шары анын жанында кыпын болуп калаарын жарыя кылган.


Мышык менен сүйлөштүрчү аппарат
Япония эли мышыктын мойнуна тагыла турган аппарат ойлоп табышты. "Токара" акустика институту тарабынан. Ал- котормочулук милдет аткарып турат. Эгер мышыгың сийгиси, чычкысы келсе мышыктын мойнуна тагылган аппарат сага үн салат. Андан сырткары жардамчы пульту аркылуу мыймыйыңа команда берсең болот. "Укта", "бырылдаба", "дивандан түш", "чычкан карма" дегендей. Мындай аппарат япония дүкөндөрүндө 7 доллардан сатыла баштады.


Кыска шилтемдер

Дүйнөдө эң көп жолу операция кылган перулук Фульвиа Селика Сигуас аттуу кыз болгон. Ал 64 жолу догдур "бычагына" жатып берген.
Дүйнөдө бойлору жапыз эгиздер Джон, Грег Райстар(86см) эсептелет. Америкада жашап, миллионерлердин катарына киришет.
Дүйнөдө эң көп колу-буту сынган (435 жолу) киши америкалык каскадер Роберт Крег Книвел эсептелет.
Дүйнөдө эң узакка өбүшүү (30 саат, 59 мүнөт, 27 секунд) 19 жаштагы америкалык Луиза Альмедовар менен 22 жаштагы досу Рич Ленгли ортосунда болгон.
Дүйнөдө эң алыскы аралыкка (29,1 км) велосипедин тетири карап минип айдаган Дармштадт Маркус Ризе (Германия) болгон. Ал бул аралыкты бир саат чамасында басып өткөн.
Дүйнөдө эң көп манжасы барлар деп индиялык ага-ини Трибхуван, Трилоки Ядавдар. Булардын эки колу, эки буттарында 6дан манжалары бар.
Дүйнөдө эң көп акчага сатылган сүрөт деп Пабло Пикассонун "Труба ойногон бала" картинасы эсептелет. Аукциондо 104 млн долларга бааланган.
Дүйнөдө эң кичинекей деп чихуахуа тукумундагы ит эсептелет. Анын мурдунун учунан куйругуна чейин болгону 15 см.
Дүйнөдө эң кичинекей жаныбар- наноб эсептелет. Өлчөмү-20 нанометрден ашпайт (1 метр барабар 1 млрд. нанометрге) . Алар 5 миң метр жер астында жашайт.