Маек-төр

Пери, спортчу, ашкана чебери, ал эми келечекте жылуу мештин түбүндө неберелерин эркелеткен балпайган чоң эне болчу "Бишкек периси-2009" титулунун ээси Адинай КЕМЕЛОВА менен маек окурмандардын назарында.

Адинай КЕМЕЛОВА:
"Өзүңө өзүң Чынчыл бол"
- "Бишкек перисинин" жашоо принциптери - …
- Өзүң менен өзүң шайкеш, өзүңө өзүң чынчыл жана сабыр күтүп жашоо.
- Кызыктырган нерселер…
- Көп тараптуу адаммын, ошол себептен жашообуздун көп аспектилерине кызыгам. Музыка алардын бир бөлүгү. Анын бардык багыт, стилдерин жактырам, анткени, ар биринен өзүнө тартып ала турган жаңылык табууга болот. Көбүнесе музыканы үй иштерин аткарууда угам. Адатта үй тазалоого көп убакыт сарпталат эмеспи, мындай убакта музыка мени алаксытат. Спортко да мамилем түз, өзгөчө футбол жана айкидо. Дүйнөлүк футболдук матчтарды калтырбай көрүүгө аракет кылам. Анык бир сүйүктүү командам жок, ошондуктан, курама командаларга күйөрман болууга туура келет. Ал эми айкидону аябай жакшы көргөндүктөн, машыгууга эч ойлонбостон жазылгам. Мелдеш, семинарларга катышып жүрүп, дан алган соң спорттук карьераны бүтүрүүгө кез келди деп чечкем. Булардан сырткары психология, мода, адабият жана кулинария да кызыгууну туудурат.
- Хобби?
- Бош убактарда китеп окуганды жакшы көрөм. Себеби, көп суроолорума жоопту алардан табам. Дүйнөлүк классиктердин чыгармалары арасында чоңойгом, бирок, акыркы жылдарда психология боюнча атайын адабияттарга кызыкчу болдум. Ошол эле убакта балалыгымдын баштапкы жылдарынан бери кийим жана аксессуарлар дизайны хоббим катары саналат. Азыр мектептеги дептерлеримдин акыркы барактарына үңүлсөңөр, сөзсүз бир көйнөктүн эскизин табасыңар. Эртеден кечке эскиздерди кагазга түшүрө берчүмүн. Бирок бул сабактарыма эч тоскоол эткен эмес, андыктан, мектепти аяктаганда алтын медаль тагындым. Балким келечекте өздүк кийим жана аксессуарлардын коллекциясын чыгарып калгым бардыр.
- Достордун катары кандай?
- Дос-тааныштарым арбын. Достукка ачык адаммын, бирок, эң жакындарыма гана жандүйнөмдү ача алам. Ошол себептен, толугу менен ишене алган жакын досторум аз. Достукту баалайм жана досторумду аябай жакшы көрөм. Алар мага ишеним арта алган сымал, мен да аларга толук ишене алам.
- Борбор калаанын перисинде кандай артыкчылык, кандай кемчил сапаттар бар?
- Мүнөзүмдөгү артыкчылык - максатка умтулгандыгым, себеп дегенде адам максат менен кыймылда! Ал эми кемчил, тагыраак айтканда, чабал жагым - шоколадга болгон махабатым.
- Адинай кандай эс алат?
- Үйбүлөм, досторум менен убакыт өткөрүүнү жактырам. Биздин жаратылыш, тоолорубуз аябай жагат, дем алыш күндөрү дайым дал ошол жактарда болууга аракет кылам. Кээде үйбүлөбүз менен балык уулоого барабыз - бул мени кубанычка бөлөйт. Ошондой эле кино, КВН оюндары да жагат. Жалпысынан, убакытты шаң, жакшы маанайда өткөрүүнү каалайм.
- Бишкектин кайсы бурчу көңүлүңө жакын?
- Эмен паркы. Бишкектин дал борборунда туруп да ушул жерде шаардын ызы-чуусунан алыстай түшөсүң.
- Калаабыздын акыркы кездеги өзгөрүүлөрүн кандай кабылдадың?
- Шаарыбыз алдаканча жаңырганы кубандырбай койбойт. Бишкектиктердин айныгыс эс алуучу жайына айланган Алатоо аянты, Махабат сейил багы, жаңы жол, жарык көчөлөр, ж.б. Биздин Бишкек алдаканча тазарып, кооздук алып барат.
- Бала кезиңдеги Бишкек элестери кандай эле?
- Аябай активдүү наристе болгондуктан, Бишкек мен үчүн оюндун ири аянтчасы болчу. Шаардын ар кайсы жери балалыгымдын кайсы бир ирмемдерин эске салып турат. Күнүгө досторубуз менен Панфилов, Эмен сейил бактарын аралачубуз. Троллейбустун акыркы аялдамасына чейин барып, айланып кайра келчүбүз, Филармониянын алдындагы фонтандарда ойночубуз. Ошол себептен, андай ирмемдерди эстегенде Бишкекке болгон эң жылуу, жагымдуу сезимдер келет.
- Нариман Түлеев "Жыл мэри" аталды, негизи эле ал киши туурасында акыркы кездери жылуу кептер көп. Мэрдин ишмердиктерин сен кандай баалайт элең?
- Анын аракеттерин байкабай коюуга болбойт. Терезеден көз салганыбыз эле жетиштүү. Ишке жаңы киришкен маалдагы маектеринин биринде ал өзүн "кризис-менеджер" атаганы эсимде. Көп өтпөй ал айтканын иш жүзүндө айгинеледи. Шаарыбыз чындап эле гүлдөй түштү. Бул иштин башталышы гана экенине ишенгим келет. Менимче, биз дагы көптөгөн жагымдуу күтүүсүздүктөргө күбө болобуз.
- Бишкектен башка кандай борбор калаалар менен жакындан таанышсың же кыдыргың келет?
- Кайсы шаарда, кандай өлкөдө болбоюн баары бир Бишкекке шашып турам. Анткени, бул мен үчүн сүйүктүү шаар болуп келген жана сүйүктүү бойдон кала берет. Бир топ шаарды көрдүм, баарынан эстен чыккыс таасир алгам. Албетте, дагы бир жолу көргүм келген шаарлардын катарында Токио, Венеция, Гавана, ж.б. да бар.
- "Бишкек периси" борбордун көйгөйлөрүнөн толук кабардарбы?
- Көйгөйлөр дүйнөнүн ар бир өнүккөн шаарында бар, биз да андайдан тыш эмеспиз. Бирок, бактыга жараша биз алдыга баратабыз, калаабыз көйгөйлөрүн четинен чечип, көз алдыбызда жаңырууда. Азыркы тапта маанилүү жаңы көйгөйлөрдүн бири - көчөдөгү "пробкалар". Биздин мэрия бул жагын да жөнгө салуу аракетин көрүп, жаңы жолдорду кура баштаганына да күбөбүз. Чечилбеген көйгөй болбойт, анүчүн болгону каалоо, сабырдуулук жана көйгөйдү чечүү үчүн чындап аракет көрүү.
- Моделдик ишмердик уланабы?
- Бул - кызыгуумду жаратып келген жана учурда билим алуудан сырткары алек болгон ишмердигим. Бирок, жашоодо баары өзгөрөт экен, аны менен кошо баалуулуктарыбыз алмашат. Андыктан, жаңы кызыгуулар, жаңы максаттарым пайда болду. Эми аларды ишке ашырууга күч жумшамакчымын.
- Бишкектин биринчи сулуусу ашканада кандай?
- Тамак жасаганды аябай жакшы көрөм. Улам жаңы тамак жасоону өздөштүрүүгө умтулам. Мактангандык эмес, бирок, ашканада чебер жана мыкты кондитермин десем болот. Жок эле дегенде бардык жасаган тамактарыма меймандарым ыраазы болушат.
- Сулуулук туурасында жеке сырың барбы?
- Адамдарда да, өзүмдө да эң башкы сулуулук деп жандүйнөнүн аруулугун санайм. Өзүң менен өзүң гармонияда, башка адамдарга түшүнүү менен мамиле кылып, адамгерчилик жана жылуулук арнап жашообуз абзел. Кайталангыс сулуулуктун сыры ушул!
- Өздөрүн сулуу деп санабаган кыздарга берер кеңешиң…
- Сулуу эмес кыздар жок экенин так билем, өзгөчө Кыргызстанда! Ар бир кыз уникалдуу жана кайталангыс экенин эстен чыгарбагыла! Сырткы келбет турмушта эң башкы нерсе эмес. Жандүйнө - мына ушул нерсеге чындап көңүл буруу керек.
- Мода артынан кубалаган адамдар арасына сени кошсок болобу?
- Модага байкоо салып турам, бирок, анын туткуну эмесмин. Карманган өз стилим бар, андыктан, моданын мезгилдик жаңы тенденциялары сырткы көрүнүшүмө гана көрк кошууга көмөкчү.
- Адинай Кемелованын турмуштук философиясы эмнеден турат?
- Кебиң менен ишиң ача кетпей, өзүң менен өзүң гармонияда жашоо.
- Сүйүү! Бул жаатында жеке аныктама жаралганбы?
- Сүйүү - бул бүт ааламдын бир адамда топтолушу.
- Көксөгөн кыялыңыз - …
- Бул боюнча ойлоно баштаганда дайым көз алдыма мындай элес тартылат: өзүмдү жылуу мештин жанында жолдошу, балдары менен отурган, тегерегин үй жаныбарларын ойнотуп аткан неберелери курчаган бактылуу чоң эненин ролунда көрөм. Ошондо мен татыктуу өмүр сүрүпмүн жана эч нерсеге өкүнбөйм деп айта алмакмын.
- Сага сыймык алып келген жылды узаттык. Бишкектин кийинки перисине таажыңды тапшыраар кез да жакын. Кандай сезимдер, кандай бүтүмдөр…
- "Бишкек периси" титулун алып жүрүү - чоң жоопкерчилик. Жаңырган жылы табылчу сулуудан бул жогорку титулга татыктуу сапаттарды көргүм келет. Анткени, "Бишкек периси" - бул биринчи кезекте борбор калаанын жүзү эмеспи.
Маек курган
Айым НУРЖИГИТОВА