"Учур"-көйгөй

Абийирдин акыр заманыбы?
Мындан бир топ жыл мурда Мелистин "Асабасы", анан "Агымы" окурман колунан түшпөй, тытылгыча окушчу эле. Эгемен кыргыз журналистикасы ушул эки гезиттен түптөлдү десек, чындыкты айткан болобуз. "Асаба" менен "Агымдан" тапталып-түптөнүп алган кыз-жигиттер азыр да кыргыз тилиндеги гезит-журналдардын өзөгүн, саясатын, дегеле мазмунун түзүп, багытын аныктап турушат. Мелис менен Кубатбектин сөз түзүмү, ой жоруусу мурдагы "асабачы-агымчылардан" кийинки муунга да жугуп калганы кызык. Текебаев айткандай, Эшимканов кыргыз журналистикасынын "злой генийи" болсо да, биздин кесиптеги бүтүндөй бир доорду аныктап тураарын кантип танабыз? Болгондо да кайталангыс доорду. Ошол мурдагы "асабачы-агымчылардын" ар бири бүгүнкү кыргыз саясатын жаратып, оңдоп, бузуп-талкалап, калың журттун аң-сезимин каалагандай калчап, айтор, кандайынан болсо да майын чыгарып турушпайбы. Ар кимиси өзүнчө эле бир "злой гений".
Ал ортодо биздин кесипке кокусунан аралашып калган акын-жазуучулар, адабиятчылар өмүрү өткүчө арада жүрө беришет, кыпчылган кыпчындыдай болуп, же журналист эмес, же акын эмес. Мындайларды туш кийиздин саймасын сайгансып саймедирей шөкөттөп жазганынан, бирок, ток этээрин айта албай кайпактаганынан, анан, тубаса коркоктугунан, жасакерленип, жагалданганынан эле байкаса болот. Болбосо, өзүн журналист эсептеген жан эч качан атка минерлерге, чоң чиновниктерге, мамлекет башчыларына, алардын урук-тууганына, жакындарына Арзыматчасынан ыр жазып жагымпоздонбойт. Журналист акын-жазуучудан эмнеси менен айырмаланат? Сабаттуу, кыска-нуска, таамай сөзү менен. Азыркы кыргыз гезиттеринен мындайды табыш өтө-ө кыйын.
Дегеле кесип адеби соңку мезгилде унутулуп, кайсы кесиптегилер болбосун, көрпенделикке баш урганы жакшылыкка алып барбайт. Башка кесиптен айырмаланып, чыныгы журналист доордун абийири, күзгүсү, жарчысы, аяны, сыйкыры, айтор, маңыз-мааниси болуп берет. Эгерде колунан келсе. Дагы айтсак, нукура журналист эч качан бийликке жагынбайт, жасакерленбейт, кошоматтанбайт. Колунан келишинче чындыкты айтат, жазат. Ал үчүн жабырланат. Бийликти сындайт десе аша чаап, жалаң бийликтегилердин жеке турмушуна сүзө кирип, жеңил-желпи ушак-айың таратып, майда-баратын укуп-чукуп жан көргөн "журналисттер" да толтура. Ток этээрин айтсак, бийлик деле өзүн күзгүдөн карангысы келет. Бирок, жалаң эле ычкырдан ылдый жагынан, былык-чылыктарынан эмес. Мамлекеттик кызматта туруп, эл үчүн, өлкө үчүн эмнени жасабай, эмне колунан келбей жатканын билгиси келишет, куургур аткаминерлер. Себеби, дагы бир аныгын айтсак, бүгүн журналисттерден бөлөк, бийликтин кемтигин, катасын, былыгын өз көзүнө күзгүдөй көрсөтүп, чочутуп, ойлонтуп, кызарта уяткараар, ойлонтоор күч калбай баратат…
Кийинки мезгилде кыргыз гезиттери, андагы журналисттер чындап мээнеттенгендин, кесипкөйлүк деңгээлине жараша аброй күткөндүн ордуна кара жаактана тантыганга, биринин кабарын бири уурдап күн көрө баштаганы иренжитет. Атап айтсак, адегенде "Учурга" чыккан курч жаңылык-маалыматты эртеси башка кыргыз гезиттери кээси уят-сыйытты жыйыштырып коюп ачыктан-ачык, кээси анча-мынча сөз кошумуш болуп уурдап жүргөнү байкалууда. Аттанганда эле ээрге түз отурган бойдон келаткан "Учурдан" башка кыргыз гезиттеринин дээрлик бардыгы бирине бири коендой окшош, жалаң кожоюндарынын кетменин чаап калыптыр. Дегинкисин айтсак, кыргыздагы эң жаман кырс кулк-мүнөз, терс сапаттар журналистикага да жайылып баратканы абийирдин акыр заманынан кабар бербейби?
Садырбек Чериков




  Мужиктөр

Абдылда ИМАНКУЛОВ, куудул:
"Аялымдын көзүн көгөртүп, үйгө камап кеткем"
- Эркектердин баары эле "үйдө мен кожоюн" деп мактанат экен. Сиз дагы ошондойсузбу?
- Ар бир үйдө эркек кожоюн болгону жакшы да. Эркек деген эркек. Ал аялга караганда бир-эки тепкич жогору туруш керек. Менин үйүмдө ошондой.
- Аялыңыз демек сиздин айтканыңызды дайыма кылат?..
- Кээде кылбай коет.
- Анда сиздин кожоюндугуңуз кайсы?
- Жо-ок, мындай да, аял менен кеңеше турган маселе бар, кеңешпей турган маселе бар. Андай маселени аялыңдан сурабай туруп эле чечип кое берсең болот.
- Эркектерге тиешелүү жумуштардын кайсынысын майын чыгара жасайсыз?
- Бирөөлөрдү жумшаганга устамын.
- Өткөндө "куудулдардын ичинен Күмөндөр Абыловдон башка эч ким мал сойгонду билбейт" деп уктум эле. Чын эле сиз дагы мал сойгонду билбейсизби?
- Шакылдатып сое албайм, бирок сойдурам. Анда дагы бирөөлөрдү жумшайм.
- Устукандап жиликтегендичи?
- Устукандын баарын тааныйм, кайсынысы кимге тартылыш керектигин дагы билем.
- Өз колуңуз менен үй салгансызбы?
- Өз күчүм менен үй салгам, бирок бирөөнү жумшап.
- Мык какканды, кыш куйганды билбейсизби?
- Билбейм.
- Достор менен кыз ала качууга катышкансызбы?
- Аябай көп катышкам. Бир жолу досума кыз ала качмай болдук. Бирок, ала турган кызыбызды башка бирөө ала качып кетиптир. Анан ошол досумдун карындашынын дос кызы келин келе турган үйгө жардамдашканы келиптир. Күйөө жандын кийимдерин үтүктөп, тазалашып... Анан ошол кызды "бир кызды чыгарып бер" деп алдап алып чыгып, кайра өзүн алып кирип отургузуп койгонбуз.
- Дароо эле отуруп калдыбы?
- Каякта, тополоң кылды. Ата-энеси "отура бер" деп кат жазып беришкенден кийин отуруп калды.
- Өзүңүздөрдү "баатыр" сезип калдыңыздар анан?..
- Ала качып келгенде "баатыр" сезип атканбыз, отурбай ызы-чуу салганда "чумобуз" чыгып калды. Отуруп калгандан кийин кайра "баатыр" сезип калдык.
- Өзүңүз дагы ала качып үйлөнгөн жок белеңиз?
- Ала качып үйлөнгөм. Жеңеңер ал кезде китепканада иштечү, мен театрда. Сыртынан көрүп эле жүрчүмүн. Экөөбүз сүйүү жөнүндө болгон-толгон бир эле сөз сүйлөшкөнбүз. "Мага эле тийип албайсыңбы?" десем, "мени сенден башка ким алмак эле?" деген. Аа, "макул экен" деп ала качып барып алсам, бир топ тополоң кылса болобу? Ошол бир эле сөз менен 27 жылдан бери чогуу жашап келатабыз.
- Ал кезде сүйүү тууралуу сүйлөшпөптүрсүздөр, үйлөнгөндөн кийин "романдар" болдубу?
- Каяктагы "роман"? Балалуу-чакалуу болуп калгандан кийин. "Сүйөм-күйөм" деп отурган уят го.
- Жеңебиз сизди кызганабы?
- Кызганып-кызганып бүттү окшойт. Колунан эч нерсе келбесин сезип калган го дейм.
- 27 жылдын ичинде казан-аяк кагышат да...
- Казан-аяк жаман нерсе да, тез-тез эле кагышып турат.
- Ошол кездердин биринде ачууга алдырып кол көтөрүп көрдүңүз беле?
- Бир жолу кол көтөргөм. Мас болчумун, уктап жатып калсам керек. Аяшым ойготом деп чымчылап атса, колумду катуу силкип жиберсем, аялымдын көзүнө тийиптир. Көгөрүп кетти. Бирөөлөр үйгө келип, көзүнүн көгөргөнүн көрүп калбасын деп, үйдү сыртынан бекитип кетип жүрдүм.
- Эркектер "ала жипти аттабаган эркек болбойт" деп айтып калат экен. Ошол туурабы?
- Жооп бергенге "неудобный" суроолорду бересиңер да... Силердин гезит чыккандан кийин деле биякта жашоо уланыш керек да...
- Мушташуу эркектердин арасында нормалдуу көрүнүш катары каралат экен. Акыркы жолу качан мушташкансыз?
- Жаш кезде, армиядан келгенден кийин далай эле жолу мушташтык. Бирок азыр жашыбыз мушташа турган дэңгээлден өтүп калбадыбы.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Достор менен, жакшы маанайда отуруп ичсем, аябай жакшымын.
- Тамекини дагы "жейсизби"?
- Тамекини тартам. Бир күнгө бир пачке жетпей калат. Таштаганга аракет кылдым эле, он күн тартпай, кайра тартып алдым.
- "Эркекке бир нече жолу сүйүү келет" деп коет экен. Кечиккен сүйүүгө кезигип көрдүңүз беле?
- Ошентип коюшат экен. Келсе келип кетип аткандыр мага дагы. Кайдан билем анысын?
- Раймаалы менен Бегимайдай болуп калам деп коркпойсузбу?
- Бала кезден эле мен бирөөнү сүйүп, анын азабын тартып көргөн киши эмесмин. Эми минтип жашым бир топ өйдөлөп калганда ошол сүйүү келбей эле койсун. Мен таарындым ошол сүйүүгө.
- "Сулуу кыздарды көргөндө эркектер кыя өтө албай калат" деп коет экен. Чын эле ошондойбу?
- Кыя өтө албоо акыл-эстүү, ден-соолугу чың эркектин милдети деп эсептейм.
- Тескерисинче, сизге кыздар тийишип калганда кандай жооп кыласыз?
- Кыздар тийишет, смс жазат, гезиттерге жазышат. Бирок, анын баарына эле жооп кайтара бербейсиң да...
- Эркектер мончонун парын жакшы көрүшөт экен. Сиз дагы ошолордун катарына киресизби?
- Жок, мен тескерисинче, жаман көрөм.
- Стресстен кантип чыгасыз?
- Жайдын күнү болсо, жаратылышка чыгып кеткенди жакшы көрөм. Айылга кеткенде сүйүнүп кетем. Иштер бүтүп, кайра шаарга кайтып атканда, кадимкидей маанайым түшөт.
- Куудулдарды сахнадан жалаң эле күлүп турганын көрөбүз, ачууңуз келгенде кандайсыз?
- Ачуум келгенде айланама көз салбай калышым мүмкүн. Ушул суроону менин жанымда жүргөн балдарга берсеңер, алар далай эле көрүп калышты.
- Чаап жиберсеңиз керек да...
- Чаап жибербесем дагы, абдан жакшы сөгүүлөрдү угушкан.
- Эркектер сөгүнгөндү дагы эрдик сезишет экен. Сөгүнбөгөн эркектер болбойбу?
- Сөгүнбөгөн эркектерди мен көргөм. Болот экен, ошондой эркетер, бирок чанда гана. Мен алардын катарына кирбейм го дейм.
- Машине айдап, оңдогонду билесизби?
- Машине айдап жүргөнүмө 20 жылдай болуп калды. Бирок, оңдогонду билбейм.
Дилбар АЛИМОВА