Карлыгач

Карина Ураимова:
"Александр Жулин устатым экенине сыймыктанам"
Муз бийи (фигурное катание) - эстетикалык жана оюн-зоок жагынан адамзаттын кумарын жазчу спорттун бир түрү. Бекеринен кышкы олимпиада оюндарына кирбеген чыгар. Андагы СССР кезинде түптөлгөн чоң мектеп бүгүнкү күнгө чейин күчүн жоготпой келет. Биз кумир туткан орус фигуристтери, ар качандан бир качан дүйнө алкагында көч башында жүргөнү жүргөн. Мындай сыймыктуу даражага бир эле күндө жете коюшпаса керек. Канча муун муз үстүндө да терин төктү. Төгүп келет. Бизде бул жагынан орус элинен үлгү алууга шарт бышып жетилди. Дегеним, ордо калаабызда курулган муз майданы бүгүнкү күндүн талабына жооп берип, муз тебүүчүлөрдүн саны көбөйгөндөн көбөйүп барат. Жыл тогошкон күндөрү ар кыл иш чаралар, оюн-зооктор өтүп, бирине күбө болдук. Муз ышкыбоздоруна өнөрлөрүн тартуулаган фигуристтердин жоон тобу кошуна Алматы шаарынан келиптир. Бирок арасында кыргыздар да жок эмес экен. Өзгөчө өзгөндүк Каринанын кадимки эле орус фигуристтериндей кабат-кабат чимириктери көздүн жоосун алып, чеберчиликте аткарган бий элементтерин кынтыксыз жасап атканы бир кездеги Ирина Слуцкаяны элететип ийди. Көрүүчүлөр муз майданына гүл ыргытып, шатырата кол чаап кубаттады. Мен да бир-эки ооз сөз сураганга үлгүрдүм.


-Бүгүнкү жараткан ийгиликтериңе канча убакыт кетти? Бир күндүк оокат эместир?
-Эс тартканы Новосибирск шаарында турабыз. Биринчи кадамды көркөм гимнастикадан баштагам. Муз бийине мындан 7 жыл мурун келдим. Тактап айтканда, 9 жашымда. Аны да кокустан көрүп калып. Атам экөөбүз шаар аралап жүрүп, мелдеш өтүп аткан жерге кирсек, мен курактуулар фигурное катание боюнча күч сынашып аткан экен. Кызыгып калдым. Эртеси атама айтсам, бир аз кыйылып атып макул болду.
-Конькиде өз алдынча туруу кыйын болсо керек?
-Башында кыйын эле болот. Тайгаланып жыгыла бересиң. Коркосуң. Эки кадам шилтеп барып, же чалкаңан, же көмкөрөңөн муз сүзөсүң. Кыймылдабай турса да болбойт. Көк беттенип атып, 3 жума дегенде өз алдымча муз тээп калдым.
-Алгачкы мелдештериңден айтып берсең?
-10 жашымда Новосибирск шаарынын биринчилигине катышып, байгелүү орундарга илиндим. Мелдеш астында бираз толкундандым. Буттарым титиреп, денем жыйрылып барып оңолуп кеттим. Устатымдын үйрөткөндөрүн толугу менен кынтыксыз бийлеп бердик. Мелдештен кийинки сүйүнгөнүмдү айтып жеткире албайм. Алып-учуп... Анда мелдеште өнөгүм менен чыккам. Кийин өз алдымча кеттим.
-Эң чоң мелдештердин ичинен кайсынысын багынттың?
-Акыркы мезгилдерде мен катышкандардын баары эле даражалуу болуп атат. Мисалы, Россия кубогун жеңдим. "Сибирь жана ыраакы чыгыш" аттуу турнирде чемпион, ал эми бир жыл мурун Москвадан өткөн эл аралык турнирде үчүнчү орунду ээледим.
-Мындай чоң таймаштарда атактуу фигуристтердин кимиси менен жолуга алдың?
-Россия кубогунда кадимки Плющенко, Клинкиндер менен аламан байгеге чогуу түштүм.
-Бүгүнкү күндө эркектер муз бийиндеги элементтерин күчөтүп, төрт кабат чимириктерди жасап жүрүшөт. Ал эми кыздарчы?
-Биз деле алар менен куйрук улаш келаткандайбыз. Дүйнөлүк стандартта үч кабат секириктер жаңылык болбой калган. Бирок, эркектер жасаган элементтер эч кимибиздин колубуздан келбеши турулуу иш. Андыктан үч чимириктер менен токтоп турабыз. Менимче кыздардын жүүнү бошоңураак болуп, көбүнчө кыймылдын көрктүүлүгүнө басым кылсак керек.
-Машыгуу жүрүшүнөн бир аз токтолсоң...
-Эки жагдайда өтөт. Биринчиси - кадимки залда машыгабыз. Ал жерде секирик, чимирик, үч кабаттарды кайталап такшалган соң музда жасап үйрөнөбүз.
-Россия жергесинде сени ким машыктырчу эле?
- Новосибирск шаарында устаттан устатка өтүп жүрүп, бир жолу жаштар арасында Россия биринчилиги Москва шаарында болуп калды. Байгелүү орунду ээлеп, Новосибирскиге кайталы деп атсак, бизге жылуу кабар угузушту. Кадимки эле Жулин менин бийимди толугу менен көрүптүр. Жактырып, чогуу иштешүүнү сунуш этти. Ошентип Москвада калып калдык.
-Жогорку даражадагы устаттардын "алкымы" да жогору болсо керек?
-Бир саат машыктыруу акысына менден 100 доллардан алып турду. Россия курамына киргендигим жана Россия жараны катары. Чет элдик спортчулардан болсо 500-1000 доллардан кем эмес алып атты. Кантсе да ал киши устат катары кумирим болуп кала бермекчи. Эң негизгиси, адам менен иштешкенди билет. Мүчүлүш жактарды кантип оңдоп-түзөө жолун айтып, көргөзгөнгө чебер адам экенин тастыктады. Муз бийиндеги катылуу сырларды көрсөтүп берсе, көзүң ачыла башка дүйнөгө кеткендей болосуң. Өркөнүм өстү. Бул адам менен түбөлүк сыймыктанам.
-Азыр Бишкекке көчүп келдиңерби?
-Үйбүлөбүздүн жарымы Новосибирскиде эле. Бул жерге атам экөөбүз туугандар менен жашап атабыз. Өзүбүздүн үйүбүз жок. Бизди болсо спорт агенттиги чакырып, бардык шартты түзүп беребиз дешкен. Келгенибизге бир жыл болуп калды, убадаларына турушабы же жокпу билбейм. Атам чуркап жүрөт.
-Чоң спорт кантти?
-Өз алдынча машыгып жүрөм. Чукулда Азия оюндарына даярданып атам. Ушу жерден сиздердин гезит аркылуу муз майданы жетекчилигине ыраазычылык айткым келет. Мага колдоо иретинде түшүнүү менен мамиле кылып атканына.
-Ал мелдеш кай жерде өтөт? Россия туусу астында чыгасыңбы?
- Астана шаарында. Ага чейин Россия жергесинде эл аралык жана Венгрия өлкөсүндө гран-при мелдештери бар. Мына ушу жерлерде кыргыз желегин желбиретким келет. Дегеле мындан кийинки ийгиликтердин баарысын мекениме арнап, мүмкүнчүлүк болуп калса артымда келаткан кыргыздардын болочок фигуристтерине насаат айтып, колумдан келген жардамымды аябаганга аракет кылам.
Сурат Жылкычиев