Солк этсең боло, кыргызым!

"Чөөлөр менен кузгундарга"
бир атырылбайлыбы?!
Президенттин 2009-жылдын 14-декабрында Жогорку Кеңешке жиберген "Башкы мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндөгү мыйзам долбоору бүгүнкү кыргыз бийлигинин алдамчы, эки жүздүү, өлүмүш, баскынчы саясатын дагы бир жолу айгинеледи. Азыркы күчүндө турган Конституцияда "президенттин ыйгарым укугу өз арызы менен кеткенде, өтө катуу ооруп калганда, кайтыш болгондо, чыккынчылык же кылмыш кылганда токтотулат. Мындай учурда анын милдети Жогорку Кеңештин спикерине же премьер-министрге жүктөлөт" деп жазылган. Башмыйзамда мындай учурдун эске алынышы бир эсе мамлекетти стабилдүүлүк менен камсыз кылса, экинчиден, бийликтин экинчи, үчүнчү тепкичиндеги адамдарга элдин ишенимин жандантат жана жогорудагыдай кырдаалдарда бийликти бузбай, үзгүлтүксүз улап кетүүгө шанс берет.
Ал эми Курманбек Бакиев сунуш кылган азыркы мыйзам долбоордо жогорудагы ачык, так принциптер бузулган. Башкасын кой, долбоор өзөгүн түзгөн "президент Конституциянын 46-беренесинин 6-пунктуна ылайык өзүнө баш ийген кеңешмени ж.б кеңешүү органдарын түзүп, жобосун бекитет, Конституциянын 52-беренесине ылайык "президенттик кеңешме аныктаган адам", өлкө башчысы өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда, "убактылуу президенттин ыйгарым укуктарын аткарат" деген сүйлөмдүн өзү эле бүдөмүк ой жаратары талашсыз. Себеп дегенде, "президенттик кеңешме" мамлекеттик орган эмес. Экинчиден, ал кеңешмеге ажого жаккандар гана кирип, ал бекиткен жобо менен иштейт экен. Үчүнчүдөн, "президенттик кеңешме аныктаган адамдын" Конституциялык деңгээлде өлкө башчысынын ордун ээлеши кимди болбосун кооптондурбай койбойт. Кокус, "президенттик кеңешме" аныктаган адам Кыргызстандын жараны же кызмат адамы болбой калсачы? Эгер президент автокырсыкка кабылып же башка себептер менен көз жумса (кудай анын бетин ары кылсын) президенттик кеңешме канча мөөнөттө чогулат, эгер алар аныктаган ишкер милдетти аткара албай калса, анда мамлекетти ким башкарат? Президент эмне себептен мындай өзгөртүүгө барып жатат? Эмне үчүн спикерге, премьер-министрге ишеним жок? Айтор, суроолор чубап түгөнбөйт, бирок жооп жок. Айласыз, айрым эксперттердин "бул өзгөртүү артында өз жакындарын мураскер кылып калтыруу мүдөөсү катылып жатат" деген оюна ынанууга туура келет. Бирок, кандай болгон күндө да президенттин Конституцияга кол салганы кечиримсиз болуп калды. Мураскерди Б. Ельцин, Г. Алиевге окшоп эле "ыйык" нерсени козгобой, дайындаса, эл алдында жүзү жарык болуп, тарыхта жакшы аты калмак. Д. Үсөновдун ордуна уулун же инисин деле премьерлик тактыга отургузуп, парламентти таркатып, туугандарынын партиясын жеңишке жеткирип, каалаганын спикер кылса да жарашмак. Анча болду "президенттик кеңешме аныктаган адам" деп элдин башын оорутпай эле "Максим" же "Жаныш" десе чапанын эч ким сыйрып алмак эмес. Көп болсо бир ууч оппозиция чырылдап алмакпыз. Бүткүл дүйнө мамлекеттик өнүгүүнүн, түзүлүштүн жаңыча жолдорун издеп, демократияга умтулуп жатканда биздин бийликтин хандык доорду көздөп, артка кетип жатканы өкүнүчтүү.
Долбоордун экинчи өзөгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Конституциялык деңгээлде аныкталган, дегеле аткаруу бийлигине гана таандык бир нече ыйгарым укуктардын Башмыйзамдын 73-беренесинен алынып салынышы түзөт. Андагы
- финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүү;
- республикалык бюджетти иштеп чыгуу;
- социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү саясатты жүргүзүү...ж.б. 9 пункттан турган аткаруу бийлигине таандык укуктар президенттик институт деген уюмуна (Конституцияда жок, долбоордо да жок, чындап келгенде президенттин үйбүлөлүк кеңешме институту десек жарашат) кирген уулу Максим башкарган (ЦАРИИ) КР өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча Борбордук агенттигине өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө ЦАРИИ өкмөт үстүнөн өкмөт болуп, Конституция боюнча өкмөт башчысы-премьер-министр агенттиктин мүчөсү катары анын улагасында отурат.
Мындан сырткары, мамлекеттик катчы институту жоюлуп, анын ыйгарым укуктары өзүнүн "үйбүлөлүк институтуна" кирген катчылыгына жүктөлдү. Улуттук Гвардия жоголуп, иниси башкарган күзөт кызматынын мүмкүнчүлүгү кеңейди. Бардык мамлекеттик органдар "үйбүлөнүн" расмий жана расмий эмес мүчөлөрү тарабынан эчак "ээленип", башкарылып жатат. Конституциядагы мамлекеттик бийликтин үч бутагынын (аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги) бөлүнүү принциптери бузулуп, иш жүзүндө ажонун жакындарына ылайык бөлүнө башташы Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган адамдарды кыжаалат кылып жатат.
Бүгүн өлкөдө Конституция, мыйзамдар көз көрүнөө президент жана анын тегерегиндегилер тарабынан тепселиши ачык эле көрүнүшкө айланды. "Үйбүлөлүк диктатура" орноп, шайлоо системасы толук кыйрап, "үйбүлөгө" керектүү гана иш-чарага айланды. Ой-пикир, ынанымдар үчүн да соттолуп кеткен тоталитардык режим кайталанууда. Кошоматчы, саясый сойкулардын күнү тууп, акты ак, караны кара дегендер "эл душманына" айланды. Бардык стратегиялык объектилер, жаратылыш байлыктары бир үйбүлөнүн энчисине басылып, устукан болуп кетүү коркунучу туулду. Мамлекеттик органдар үйбүлөнүн колуна суу куюп, кызмат кылган абалга жетти.
Атаңдын көрү, кыргызым... Үзөңгү-Кууш, Хан-Тоо, Каркыра кеткенде унчукпадың эле, эми Сох, Аксай, Арпа, Жетим-Тоо кетип жатканда ойгоно албай, уктап турасың. Бүткүл ата-бабабыз туу туткан, айкөл Манастын көрү казылганда үн катпадың эле, эми Манасыңдын өзү кетип жатат, кыргызым... Эсил кайран Иличтен калган электриң чоочун колго өтүп жатканда солк этсең болбойбу, кыргызым... Жок дегенде жолборс жылында сырттан келген "чөөлөр менен кузгундарга" каршы бир атырылсаң болбойт беле. кыргызым?
Же өмүр баяны күмөндүү, кайсы өлкөнүн жараны экени белгисиз, тили, дини буруу кыргыз эместер жана "киргиздер" менен кеңешип жаткан "көзү жакшы" Максим менен убагында Кулов, Жапаров ишке ашыра албай калган ХИПИКке киребиз деп Ала-Тообузга кошулуп, өзүбүз да барымтага кетебизби?
Азимбек Бекназаров,
БЭК штабынын жетекчиси




К.Кадыров каяша кылганга камынууда
Балыкчы окуясынан улам Кубаныч Кадыровго кылмыш иши козголуп, депутаттык кол тийбестигинен ажырады эле. Анан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошол бойдон дымын чыгарбай кеткен болчу. Кайда кеткенин да көпчүлүк билбей калган, көрсө, Кыргызстанга жакын жайгашкан бир өлкөдө баш калкалап жатыптыр. А жакта да жөн жүрбөй бийликке азуусун шакылдатып, ызырынып атканын эшиттик. Жакында курч маанидеги интервьюсун берип, өлкөдөгү саясый абалга ой пикирлерин билдирүү менен өзүнүн ичиндеги сенсациялуу сырларын төгөт имиш. Күтө туралы, чындап эле жарылабы (?), же эртеңки келечегин ойлоп, интервью берүүдөн үркүп кетеби?


И.Айдаралиевге компромат топтолууда дейт
Айыл чарба министри Искендер Айдаралиевдин кол астында иштегендер тымызын интрига жасоо менен шефин кызматтан алып түшүүнү көздөштүбү? Дегенибиз, Искендер мырзанын ишмердиги боюнча жең ичинен компромат топтолгону айтылууда. Ветеринарияга тиешелүү контрабандалык дары-дармектер боюнча дейт. Эгерде чындап эле бу чатак чыкса, анда И.Айдаралиевдин абалы оорлошу мүмкүн. Биз ушул жаатынан материал топтоп, коомчулукка чагылдырууга аракет кылмакчыбыз. Деги эле мал-жандыкка делген миллиондогон сомдордун агымы таза агуудабы, же?..


Оппозиция жаңы сыйлык ойлоп тапты
"Ата Мекен" партиясы "Геннадий Павлюк" атындагы сыйлык белгиледи. Бул сыйлык жыл сайын берилет экен. Болгондо да адам укугу, сөз эркиндиги жана демократия үчүн кайратынан жанбай, туруктуу күрөшкөндөр "Геннадий Павлюк" сыйлыгына арзымакчы. О.э. "Ата Мекен" партиясы Г.Павлюктун эстелигин борбор калаага тургузуу демилгесин көтөрүп, Бишкек шаар бийлигинен уруксат сурады.


Мураттын "шумкарлары" көчөдө мушташканда
Жаңы жыл астында кыкеңдерде уруш-талаш арбын болот эмеспи. Анын сыңарындай, 26-декабрь күнү Бишкектеги "Ырахат" кафесинде чоң жаңжал чыгыптыр. Ошол кафеде УКМК кызматкерлери майрамдап отурушуп, кокусунан жаш балдар менен чатакташып, көчөгө чейин кубалаша мушташкандарына караганда, кызык окуя болсо керек. Мушташ соңунда УКМК "шумкарлары" үстөмдүк көрсөтүү менен жеңишке жетишкендерин айтышты. Берки тараптын катуу жабыркаганын уктук. Мындай окуядан соң ойлонот экенсиң, төрага Мурат Суталинов кол астындагыларды аябай алгыр кылып, катуу тарбиялаганбы? Андай болсо күчтөрүн жаш балдардан эмес, Кыргызстандын коопсуздугуна шек келтире турган жагдайлардан чыгарбайбы? УКМК кызматкерлери куушуп-сүрүшүп көчөдө мушташат деген эмне шумдук (!), мамлекеттик абройго, сапатка доо кетириштиби?.. Ал эми берки жабыркаган тараптын абалы бүгүн кандай экен? Бул жагына кызыгып көрмөкчүбүз.