Күч берен

Анара Эстебесова:
"Спорттун "наркоманына" айландым"
Жыл аягында Бишкек шаарынын мэриясы ордо калаанын мыкты спортчуларын аныктап, ардак грамотасын салтанаттуу түрдө тапшырды. Алардын ичинде саналуу кыздар мындай сыймыкка татыды. Дзюдо жана самбо боюнча өлкөбүздүн бир канча жолку чемпиону, Азия алкагында да эки алтын, эки күмүш жана бир коло медалдын ээси Анара Эстебесова аттуу кызыбыз Нариман Түлеевдин өз колунан сый баракчасын алды.


Блиц-анкета
Кичи мекени - Каракол шаары
Жашы - 20
Бою - 152 см.
Салмагы - 56 кг.
Эңсеп жеген тамагы - Каракол ашлямфусу
Спорттогу даражасы - КРнын спорт чебери
Спорттогу жетишкендиктери - Азиянын эки жолку чемпиону
Устаты - Андрей Туппик
Кумири - Олимпиаданын 3 жолку чемпиону Реко Тани (Япония)
Жакын адамдары - Ата-энеси
Билими - КУУ, 3 -курс

-Жашоодо кыз кишинин күрөш жаатында жүргөнү сейрек кездешет эмеспи...
-Ооба, "кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы" деп коюшат эмеспи. Эркек мүнөздүү жан болуп калганыма өзүм да таң калам. Мектепте окуп жүргөндө эле короодогу балдар менен топ тепкилеп, күрөшсө күрөшө кетип, мушташкан күндөрдү көп кечирдим. Эки байкем учурунда күрөш секцияларына катышып жүрүштү. Мелдештерине барып жүрдүм. Бир жолу Бишкек шаарына чогуу келип, күрөш турниринен кыздардын катышып аткандарын көзүм чалып калды. Байкелериме "мен дагы дзюдо секциясына барсам эмне болот" десем, алар так секирип кетишти. "Эмне бир үйдө экөөбүздүкү аз болуп атабы, андан көрө ата-энебизге кол кабыш кылып, үй тиричилигине жардам бер" деп. Бирок алардын айтканындай үй күчүк болгум келбеди. Агалардан жашырынып, биздеги, Каракол шаарындагы "Алга" спорт клубунда дзюдо боюнча машыктыруучу Келдибек Эсенов агайга бардым.
-Кийин байкелериң билдиби?
-Эки айдай тымызын машыгып жүргөн кезимде Келдибек агай атама кайрылыптыр. Кызыңдын шык-жөндөмү бар экен. Бир нерсе чыгат деп ынандырган окшойт. Үйдөгүлөр жоошуп, дзюдо менен машыкканыма каршы чыкпай калышты.
-Канча убакыт машыккандан кийин мелдештерге чыга баштадың?
-Жумасына үч жолудан жандуу машыгып, бир калыпка көнгөндө жыл айланбай мелдештерге чыга баштадым. Өспүрүмдөр арасында өлкөнүн жана Казакстан биринчилигинде күчүмдү сынап көрдүм. Бирде утуп, бирде утулуп дегендей.
-Спорттон кеткиң келген күндөр да болгондур?..
-Андай учурлар да болду. Мындан үч жыл мурун мелдеш учурунда оң колум ийнимден чыгып кетип, катуу жаракат алдым. "Жаман экен, болду, спортту таштайм" деп үйдө жатып алдым. Убакыт өтүп, жакшы болуп кеттим. Өзүмдөн-өзүм эле күрөш залына жетеленип кайра келдим. Аз өтпөй ушундай жагдай дагы кайталанды. Мында сол ийним чыгып кетти. "Күрөшүң менен куруп кал, экинчи барбайм" дегенге чейин жеттим. Калыбыма келген соң, ичим бышып, буулугуп, спортсуз жашоо супсак экенин түшүндүм. Же каныма сиңип кеткенби, түшүнбөйм. Бир сөз менен айканда, спорттун "наркоманы" болуп калган окшойм.
-Биз сени дзюдо күрөшүнөн сырткары самбо боюнча жараткан ийгиликтериңден кабардарбыз...
-Ушул убакка чейин спорттун эки түрүн чогуу алып келатам. Себеби, окшоштук жактары көп. Бирок, азыркы устатым Андрей Туппик самбо боюнча машыктырып, менин жөндөмүмдү байкап, ушу жаатка басым кылып атат.
-Жана айтып кеттиң, эки спорттун окшоштук жактары бар деп. Айырмалары дагы бардыр?
-Дзюдо япон элине тиешелүү, самбо болсо орустардан келген. Дзюдо олимпиада спорт түрлөрүнө кирген. Самбо азырынча кире элек. Бирок мелдештери дүйнө алкагына кенен жайылып, ар кыл мелдештер өтүп келет. Кийген кийимдеринде дагы өзгөчөлүктөр бар. Дзюдодо кимоно кийилсе, самбонуку куртка жана чолок шым. Эми ыкмалары: япон күрөшүндө муунтуу жана колду бурамайы бар. Орустукунда муунтмайы жок, бирок бутту толгоп ийсе болот.
-Кийген кийимдериңерди дүкөндөн көрүп калам. Бүгүнкү шартта кымбатырак сыяктанат. Бул жагын кантип атасыңар?
-Биздин спорт клуб шаардын Ленин районуна тиешелүү болгондуктан, райондун акими Айбек Осмоналиев агайыбыз колунан келген жардамын берип келет. Мелдештерге кол кабыш кылып, белек-бечкектерин, сыйлыгын уюштуруп турат.
-Буга чейинки жараткан ийгиликтериңдин жолу уланабы?
-Кудай буюрса дейли. Самбо боюнча дүйнөнү, дзюдодон олимпиаданы багынтсам деген тилегим бар.