Анаш мандатын неге тапшырган?
Эсиңерден чыкпаса, парламенттеги "коммунисттерден" Анаш Сейтказиев "жылкы теппей, жылан чакпай" эле мандатын тапшырып, баса берген эле. Мындай кадамды көпчүлүгү түшүнбөй калган. Көрсө, аталган фракциянын аксакал депутаты Бейшебек Акунов менен Анаш Сейтказиев катуу чырлашып, ошондон улам мандат таштамай чечимди кабыл алышыптыр. Чырлашуу боюнча гезитке жазганга болбойт экен, уят иш дейт. Күнөө Анаштан кеткенин айтышты, аксакал депутаттын жардамчысына "тийишип" койгонбу (?), айтор, ушундай маанидеги чатак эл өкүлдөрүнө жайылып кетиптир. Ушул боюнча окуяны уккандар таңгалышып, жакаларын кармап атышыптыр…


А.Атамбаевдин акырынан жем жегендерге…
Президенттик шайлоо учурунда бир катар гезиттер Алмазбек Атамбаевдин акырынан жем жешип, кыйла эле чөнтөктөрүн кампайтып кетишкен эле. Кыргызда "ичкен кудугуңа түкүрбө" деген лакап кеп бар. Анын сыңарындай, Алмаз мырзанын шайлоо штабынан майкандап алышып, эми оппозиция лидерине "жугунду" куюп, шалпактата сындагандар токтобой келет. Мындай калемдештерге айта турган бир сөз бар: сындагыла, бирок мыйзамдын чеги менен. Анан "жугунду" куйганыңарды токтоткулачы, эй! Кудайдан корксоңор, Кудайды карап сындагыла! Башка геп-ям еок…


Таалай Субанбековдун башы аман
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, бизнесмен Таалай Субанбековго бир жума мурун кол салуу аракеттери болуп, мындай катаал жагдайдан Кудай сактаптыр дешүүдө. Дал ушул кооптуу көрүнүш боюнча Таалай мырзанын өзүнөн сурайлы десек, кашайып байланыша албадык. Уккандар баш чайкашып, Т.Субанбековго тынчсызданып атышыптыр. Боорлору ооруп. Эмнеси болсо да, экс-депутаттын башы аман болгонуна сүйүнүп атабыз. Жазыгы жок жигит эмеспи?


Адилеттүү чечим, же элдин каргышы...
22-декабрда Балыкчы окуясы боюнча сот иши каралып, жабыр тартуучуларга өкүм угузулмак. Бирок, кандайдыр бир белгисиз себептерден улам сот процесси жылдырылды. 25-декабрь күнү кайрадан иш каралат экен. Коомчулук Балыкчы окуясынын соңу кандай бүтөт деп тынчсыздануу менен күтүп аткан чагы. Натыйжада сот аке адилеттүү чечим чыгарабы, же элдин каргышына калабы? Күтө туралык.


Камчы "хоп-майли" дебегенде кайда барат?
Экс-министр Камчы Ташиев премьер-министр Данияр Үсөновду кызматтан кетирмейинче жөн жатпастыгын билдирип, катуу жарылып алган эле. Тилекке каршы, бир жума өтүп-өтпөй тынчыды. Кайрат-духу чектелүү экенин көрсөттү. Анүстүнө артынан кылмыш иши да козголуп, катуу кагуу жегендей эле болуп туру. Бийликтен кетсе эле баатыр эмес да, эгер өзүнүн арты таза болсо, анда аягына чейин күрөшпөйбү? Болбосо неге күпүлдөп чыкты дейсиң да. Коомчулукту ашыкча эле дүрбөтүп. Камчы мырзанын министр болгондон кийин бизнесин гүлдөткөнү, Түштүктө күйүүчү май куйуучу жайларын көбөйткөнү айтылууда. Негизинен мамлекеттик кызматкердин бизнеси болбош керек, мыйзамда да жазылган. Кыскасы, К.Ташиевдин иши бүтүп, Акүйгө "хоп-майли" дебегенде кайда барат?


Доорон Нуриев сот болгону калыптыр
Экс-ырчы, адвокат Доорон Нуриевди билбеген жан болбосо керек. Кезинде "Аялдама" аттуу ыры менен далай кыздын жүрөгүнө чок салып коюп, анан ырчылыгын таштаган бойдон адвокаттык кесипти аркалап кеткен. Учурда А.Бакиевдин юристи болуп иштеп атат. Мындай таасирдүү фигуранын жанында жөнөкөй киши иштечү беле (?), Доорон мырза дооран сүрүп аткан кербези экен. Жакында бир районго бакыйган сот болгону калыптыр, жердиги жалалабаттык болсо, кантип сот болбосун? Тамашакөй, ыр жандуу адам кантип соттойт экен, ыя? Жылдызы жанат деген ушул да…


"Бизнес менен алекмин…"
Гезитибиздин өткөн санында Мухтар Өмүракунов боюнча кабар кеткен. "ММКлар менен тымызын иштешип атыптыр, чоң саясый күрөшкө даярданып атабы?" деген маанайда. Негизги өзөгү ушул. Бирок, бул маалыматты Мухтар мырза жокко чыгарып, өзүнүн чындыгын билдирди:
-Саясаттан кеткениме бир жылдан ашып калды. Учурда бизнес менен гана алекмин. Эл керегине жарай турган долбоорлордун үстүндө иштеп атам. Анан эми сиздер жазган маалыматка кошула албайм, эч кандай журналисттер менен тымызын иштешип, саясатка аралашайын деген оюм жок. Бул мага карата атайын жасалган интрига болсо керек. Мен бир багытты беттесем, ошонун аягына чыгуу үчүн максат коюп, ошондой эле кыргыз элине аз да болсо салымымды кошоюн деген ниеттемин. Ал эми "эки-үч жыл мурун ак боз бээ союп, ак кийизге Өмүракуновду көтөрдү" деген маалымат да айтылып калат экен. Бу дагы жалган. Балким кээ бир адамдар ушундай ушак сөздөрдү чыгарганга кызыкдар болсо керек…-деп сөзүн аяктады ишкер.
Негизи ММКлар мыйзамы боюнча алсак, журналист бир тараптуу кабар берген соң, анын экинчи тарабын да бериши абзел. Андыктан, бул кабарды да ынануу менен окуп койсоңуздар болот. Ток этери, биз М.Өмүракуновдун түз жүргөн жигит экенин билебиз, ошон үчүн анын пикирин сыйлоо иретинде чагылдырып атканыбыз.


"Акжолчулар" жок шумдукту баштаганда
Жогорку Кеңеште оң рулдуу автоунаалар менен адамдарды ташуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу маселеси каралып, бул боюнча коомчулукта нааразы пикирлер жаралууда. Бир эсе "акжолчу" депутаттардын мындай маселе козгоп атышы Башмыйзамга каршы келет. Анда неге элдин кыжырына тийүүдө? Же оң рулдуу автоунааларды айдатпай тыйып, элдин шоруна калуу менен бир заказды аткарып атышабы? Деги эмне кызыкчылыкты көздөшүүдө? Айтор, депутаттардын мындай кылыгына түшүнбөдүк. "Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу?" дегендей, элдин калың катмары жыргаганынан оң рулдуу автоунаа минип аткан жок да. Арзанына, сапатына качырышып, алган машиналары менен көпчүлүгү таксист болууда. Мындай шартта элдин кыжырына тийип, жок шумдукту баштаган туура эмес. Ансыз да айдоочулар телефон менен сүйлөшкөнгө, ылдамдыкка, "ремень илбейсиң" деген сыяктуу жарлыктарга айып пул төлөй берип, шорлору катууда. Эми айдоочулар көтөрүлүшкө чыгыш керекпи?


Улуке тердеп-кургап жүгүрдүбү?
"Акжол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов буга чейин Ош губернаторлугуна, Транспорт министрлигине тымызын чуркаганы боюнча айтылып келген. Ээрге минүү кыялында. Эми ЖК спикерлигине да тердеп-кургап жүгүргөнү, бирок жогор жактан сылык түрдө кагуу жегени боюнча да кеп болууда. Кыргызда "чуркаган эмес, буюрган алат" дейт. Анын сыңарындай, ким спикер болорун да көрө жатмакчыбыз. Деги эле Улугбек үчүн фракция лидери болуш деле чоң олжо эмеспи. "Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлүптүр" дегендей, бир күнү талаада калбас бекен?


Нурландан куулган, Элмурзадан таяк жеп кала жаздаган Анарбек
Өткөн сандарыбызда жазганбыз, Бишкек шаарынын прокурору Анарбек Калматов мэр Нариман Түлеевден бир канча жер участокторун бөлдүрүп алып, натыйжада, өз энчисине ыйгаруу менен сатып ийгени боюнча. Ушул жоруктун негизинен Башпрокурор Нурлан Турсункулов аны иштен айдап, өз жазасын чектелүү деңгээлде берсе керек да. Анан эми Анарбек жөн жатпай, жогорку бийлик өкүлдөрүнөн кызмат сурап барыптыр. Мындай жагдайда А.Калматовго уникалдуу жооп болуптур: Кадамжайга же Кызыл-Кыяга прокурордун жардамчысы кызматына барасыңбы (?) деген. Өчүрүптүр да тим эле. Кызыгы, шабашкасы жок жерге түртүп, тынчыраак иштетели дегендериби? Эсиңерде болсо, кезинде А.Калматов Башпрокурор болом деп жанталашканы, бир чамадан көтөрүп жүргөнү боюнча айың кеп тарап кеткен. Бул жагынан чет-бучкагын жазып да ийгенбиз. Дал ушул маалыматты андагы Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев да угуп, Анарбекти сөгүп, аз жерден уруп кое жаздаганын эшиткенбиз. Себеби, Элмурза аке адилетсиздик болгон жерде чыдап тура албайт эмеспи, ким болбосун көмөлөтө бир муштап ийиши ыктымал.


Үчүнчү ажо Шаршенбек Абдыкеримов болобу?
Өткөндө Түндүктүн аттуу-баштуу аксакалдары сүйлөшүптүр. "2014-жылы, же ага чейин деле президенттик шайлоо болуп калса, кимди көтөрөбүз?" кыязында баш катырышып. Булардын аңгеме-дүкөнүнө баам салсак, кийинки ажо жаштардан болсо деген кыялдары бар экен. Бир топко чайлашып отурушуп, анан бир талапкерди таап чыкса болобу? Темир Сариевдин өкүл уулу Шаршенбек Абдыкеримов деген жигитти. Көрсө, бул оенду бекер тандап атышпаптыр. Шаршенбек мырзанын төгөрөгү төп келген жигит тура, жаш, өң десе өңү бар, бою узун, өзүнчө эле зоот жигит, анан эң башкысы, акча деген саман дейт. Анан калса дээрлик четөлкөгө бизнесин жайылтып, тамырын тереңдетүүдө. Мисалы, АКШга арак экспорттоп, Түркияга заводунун филиалын ачканы атыптыр дейт. Мындай бай, билимдүү жигит турганда башка талапкериң шоона эшмек беле? Аксакалдардын айтымында, Ш.Абдыкеримов эл аралык коомчулукта да кыргызды уят кылбайт имиш. А неге Темикенин башын атташып, өкүл баласына токтоп атышат? Сыры жөпжөнөкөй, Т.Сариевди "болбой калды, булганды" дешип, кыртыштары сүйбөй атыптыр. Мына, Түндүктөн, болгондо да Ат-Башыдан ажолукка ат салышчу татыктуу талапкер өсүп чыкса, кантип эле кыргыз эли колдобосун?