Гороскоп

2010-жылга жылдыздардан төлгө
Кыргыздарга жылдыздар эмне дейт?
2010-жыл ар тармакта кызыктуу окуяларга бай келет. Чыгыш календары боюнча келаткан жыл - жолборс жылы. Андыктан бул жылы демилгени өз колуна алып, жагдайды башкара билген лидер адамдардын жолу ачылат.
Келаткан жылда көбүнесе искусство, саясат, билим берүү жана илим тармагына көңүл бурулушу шарт. Саясатта жаңы ысымдар пайда болуп, алардын ичинен экономика тармагына басым жасагандардын ташы өйдө кулайт. Жаз мезгилинде коом революциялык маанайда болуп, абал июль айында курчушу ыктымал. Ал эми август айы кайрадан бейпилдик алып келет.
Жылдын башында эгиздер жана балыктар жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келгендердин жашоосунда чукул өзгөрүүлөр болот. Ийгиликтерге жетишкиси келген айымдар бул жылы өз ичиндеги "мен" деген өзүмчүлдүгүн унута турганы жакшы. Жылдын аягы ар тармактан жемиштүү болуп, элдин маанайы жакшырат.

Кой (21.03 - 20.04)
Турмушта: Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр келаткан жылы өзүн ар тараптан активдүү алып жүрүүсү кажет. Колдон келишинче туруктуулукка умтулуп, ар кандай "чукул" бурулуудан оолак болгону оң. Март, июнь, август айларында ишиңизде мол жетишкендиктер болот.
Сүйүүдө: Жылдын башында жеке жашоодо өзгөрүүлөр болбойт. Сүйүүсүн кезиктире электер жылдын экинчи жарымын күтө турганы оң. Үйбүлөлүү болсоңуз, түгөйүңүз менен кеңешип иш кылганыңыз туура. Өзгөчө жаз, жай мезгилдеринде.
Акча: Финансы жаатында мол жетишкендиктер болот. Бирок канча киреше кирсе, ошончо берешендик жогорулап, тапкан акчаны тез эле жоготуп алышыңыз дагы ыктымал. Сарамжал болуңуз. Жылдын аягында чоң суммадагы каражат керек болуп калышы ыктымал.

Букачар (21.04 - 20.05)
Турмушта: Жыл башында ишиңизге байланышкан тоскоолдуктар күтүлүүдө. Бул көрүнүш июнь айына чейин созулуп, жай мезгилинин башында алга жылуулар болот. Бирок, жылдын акыркы айларына чейин өзүңүз каалаган бийиктикти багындыра албайсыз.
Сүйүүдө: Жыл бою жылуу сезимдердин койнунда жашайсыз. Түгөйүңүз бул жылы болуп көрбөгөн романтикалуу мүнөттөрдү тартуулай алат. Күз мезгилинин ортосунда курч сезимдерге учурап, кыштын башталышы менен кайрадан көнүмүш ыргакка өтөсүз.
Акча: Каражат жаатында төрт мезгилде тең мол ийгиликтер болуусу күтүлүүдө. Сиз ойлобогон тараптан чоң киреше келиши ыктымал. Сентябрь, октябрь айында айлыгыңыз көтөрүлүп, же жакындардан финансылык колдоо табасыз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Турмушта: Эгиздерден жолборс жылы чоң эмгектенүүнү талап кылат. Февраль айынан баштап эмгегиңиздин акыбети кайтып, май айында анын жемишин тата баштайсыз. Август өнөктөштөр менен иш алып барууга ыңгайлуу болсо, декабрда жеке иш баштасаңыз туура болот.
Сүйүүдө: Түгөйлүү эгиздер сүйүү майданында ката кетирип алуудан сактанышы шарт. Жыл ортосунда көрө албастар пайда болуп, ортого от салгандар чыгышы ыктымал. Ал эми сүйүүсүн кезиктире электер жылдын биринчи жарымында убара болбой, жеке жашоодогу эрдиктерди күздө гана ишке ашыра алаарын эсине алганы жакшы.
Акча: Акчалай киреше жылдын биринчи айларына туура келет. Ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, келечектеги материалдык абалыңызды бекемдеп алууңуз керек.


Бөйөн (22.06 - 22.07)
Турмушта: Жылдын башынан баштап өзүңүздү активдүү алып жүрүшүңүз керек, ошондо гана иш жаатында ийгиликтерге жете аласыз. Май, июнь айларында тегерек-четтегилерге карата көз карашыңызды өзгөртүп, сын айтуудан качыңыз.
Сүйүүдө: Бул жылдыздын алдында жарык дүйнөгө келген жаштар быйылкы жылы романтикалуу сезимдерден бир аз да болсо сактанып турганы жакшы. Анткени, быйыл алар үчүн карьера түзүүгө ыңгайлуу мезгил.
Акча: Капчыгыңыз жыл башында бир аз бошоңдой түшкөнү менен август айында чоң киреше алып келе турган сунуштар түшөт. Кам санабай макул боло бериңиз, жемиши мол болорун жылдыздар эскертишет.

Арстан (23.07 - 23.08)
Турмушта: Жылдын башынан жаныңыз тынбай эмгектенишиң зарыл. Үзүрүн жаз айларында көрө баштайсыз. Бирок, көзгө көрүнгөн эле нерсенин артынан чуркай берүүнүн кажети жок. Колуңуздан келе турган ишти аркалаңыз. Болбосо, эмгегиңиз талаага кетип калышы ыктымал.
Сүйүүдө: Бул жылы жагымсыз бүтүп калган сүйүү мамилелерин трагедияга айландыруунун кереги жок. Тагдыр сизге өткөндөгүсүнөн да жагымдуу сезимдерди жылдын аяганда тартуулашы мүмкүн.
Акча: Жылдын башынан ноябрь айына чейин чыгымыңыз өскөндөн өсө берет. Бирок, декабрдагы кирешеңиз болгон жоготууларды жаап кетет.
Бийкеч (24.08 - 23.09)
Турмушта: Жеке ишкерчилик менен алектенген бийкечтер өткөн жылы иштен кетирген катачылыктарын оңдосо болот. Жай мезгилинде жаңы иш баштоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. Чыгармачыл бийкечтерди жылдын аягында эргүү коштоп, бир топ ийгилик эшиктери ачылышы күтүлүүдө.
Сүйүүдө: Бийкечтер үчүн кыш айлары жагымдуу көз ирмемдерди тартуу кылат. Буга чейин сүйүүсүн таап алгандар жаз мезгилинде ийгиликтерге жетише алат.
Акча: Акчалуулар жаз айларында сарамжал болгону оң. Анткени, жылдын экинчи жарымында чоң материалдык чыгымды талап кылган окуялар болушу ыктымал.

Тараза (24.09 - 23.10)
Турмушта: Таразаларды иш жаатында мол ийгиликтер коштойт. Январдан баштап жыл аягына чейин профессионалдык жөндөмүңүз өсүп, кесиптештер менен мамилеңиз жакшырат.
Сүйүүдө: Бул жылы жакындардын арасында сиздин жеке жашооңузга кызыккандар көп болот. Бирок аларга кийлигишүүгө жол бербей эле койгонуңуз оң.
Акча: Жылдын июнь айында финансылык жактан мол кирешелүү болосуз. Күз айларында дагы күтүлбөгөн булактардан келген чоң суммадагы акча капчыгыңызды кампайтат.

Чаян (24.10 - 21.11)
Турмушта: Бул жылы сизди жакшы идеялар коштойт. Бирок аны кыш мезгилинде гана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Сүйүүдө: Жылгыз бой чаяндар сентябрь, октябрь айларында үйбүлө куруу маселесин биринчи орунга койгону жакшы. Дал ушул мезгилде сизге эң сонун өмүрлүк жар болуп бере турган адам менен таанышып калышыңыз мүмкүн. Кылдат болуңуз, байкабай ал адамдан кыя өтүп кетүү коркунучу бар.
Акча: Чаяндар акчага сарамжал мамиле кылса акылдуулук кылат. Анткени, ошондой гана жол менен өзүн кризистен сактап кала алат. Жөнү жок каражат корото берүүнүн кажети жок.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Турмушта: Жаачылар оригиналдуулугу менен башкалардан айырмалана алышы шарт. Анткени, дал ушул сапаттары аркылуу жетекчиликтин сүймөнчүлүгүнө арзып, кызматтык тепкичтен көтөрүлүшү ыктымал.
Сүйүүдө: Жаз мезгили баш айланткан сүйүү тартуулаганы турат. Ал сезимдердин даамын татуу үчүн ар бир кадамыңызды кылдат жасаганыңыз оң. Бир гана катачылык кетсе, "жүрөк оору" пайда болушу мүмкүн.
Акча: Бул жылы сизди мол киреше күтөт. Жылдын экинчи жарымында өтө чоң киреше алып кете турган сунуш түшүшү күтүлүүдө.

Текечер (22.12 - 20.01)
Турмушта: Канчалык эмгектенсеңиз, ошончолук үзүрүн көрөсүз. Жылдын баштапкы айларында ар кандай жаңылыштык кетирип алышыңыз ыктымал, бирок декабрь айында аны толугу менен жоюп, айланадагылардын сизге болгон ишенимин кайтара аласыз.
Сүйүүдө: Бойдок текечерлерге сүйүү мамилесин курууга жаз мезгили ыңгайлуу. Ал эми үйбүлөлүү түгөйлөр билбей калат деген ойдо түгөйүнүн көзүнө чөп салуудан оолак болгону жакшы. Кылмышыңыз билинип калат.
Акча: Айдан айга киреше өсөт. Бирок үнөмдүүлүктү унутпаңыз. Кымбат баалуу буюм сатып алууну ойлосоңуз, буга эң ыңгайлуу мезгил - жай.

Суупери (21.01 - 19.02)
Турмушта: Улам жаңы, кызык сунуштар болот. Сизди дагы жаңы идеялар коштогону коштогон. Бирок жылдыздар ар бир чечимди кылдат ойлонуп кабыл алууну сунуш кылат.
Сүйүүдө: Сүйүктүүңүз менен канчалык ысык болсоңуз дагы, жай мезгилинин башында ажырашуу коркунучу турат. Сак болуңуз. Ал эми жайдын аягы кайрадан жагымдуу сезимдерге бай.
Акча: Бул жылы капчыгыңыз калың болушу күтүлүүдө. Эгер эс алууну кааласаңыз, чет өлкөгө чыгып келгениңиз жакшы.

Балык (20.02 - 20.03)
Турмушта: Балыктар ишке болгон мамилесин жакшыртып, керектүү жерден болгон күчүн жумшоого аракет кылышы керек. Кесиптештер тарабынан жай, күз мезгилдеринде атаандаштык күчөйт.
Сүйүүдө: Сүйүү жаатына келгенде, бул жылы эрикпейсиз, кам санабаңыз. Бир көрүп сүйүп калуу, жан эргиткен сезимдер, романтикалуу кечтерден жыл бою колуңуз бошобойт.
Акча: Жаз мезгилинде айлык акыңыз көтөрүлүшү күтүлүүдө. Ага катар башка булактардан да киреше келет. Күз мезгилинде сиздин финансылык колдооңузга муктаж болгондор чыгат. Аянбаңыз.