Күмүш сырга

Жаңы жылда кантип тамактанабыз?
Ар бир кожойке 31-декабрь күнү колдон келишинче жакшы дасторкон даярдоого аракет кылат. Көргөн-билгенин жасап. Үстөл үстү толгон даамдарга ар биринен мүмкүн болушунча тое жегенге аракет кылабыз. Өтө майлуу, таттуу тамактардын зыяны бар экенин билип-билбей жей беребиз, жей беребиз... Эртесичи? Тамакты сиңире албай калган ашказан, андан улам чөккөн маанай, же ооруган баштар... А жаңы жылдын биринчи күнүн минтип кор кылуунун кажети барбы? Майрамдык даамдан, миңдеген асыл тилектер айтылган "ачуулардан" тапкакыр эле баш тартууга болбойт. Бирок аны ашказанга чактап кабыл алуу менен сиз өз ден-соолугуңузга кам көрө аласыз.


"Жакшы тамак калса калсын, жаман курсак айрылбасын"
Ашыкча тамактанып албаш үчүн кичинекей табак алып тамакты ошого салып жеңиз. Анан колдон келишинче жеген тамакты кайра кайталабай башкасынын да даамын татып көргөнүңүз оң.
***
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ичимдик ичүүнүн нормасын иштеп чыгышты. Анда күнүнө 40 грамм арак, 150 гармм вино, 330 грамм сыра ичкен адам ичкич деп саналбайт.
***
Жаңы жыл күнү эч качан кечки тамактанууну күтүп, ачка жүрбөңүз. Кадимкидей эртең менен да, анан түштө да тое тамактанганыңыз жакшы. Анткени, кечке ачка жүрүп, кечкисин көп өлчөмдө тамакты кабыл алуу ашказанга өтө оор.




Кайыркүл ШАРШЕНАЛИЕВА,
тамак-аш жана спирт ичимдиктери боюнча адис:
"Майрамдын эртеси ачкачылык жарыялап..."

-Жаңы жыл алдындагы жана андан кийинки күндөрдө адамдын ашказаны майлуу тамактан жана спирт ичимдиктеринен жабыр тартып калары белгилүү. Ошол бир жума ичинде организмге кантип жардам берсе болот?
- Биринчиден, тамакты колдон келишинче жеңилдеткенге аракет кылышыбыз керек. Мисалы, этти сууга же бууга бышырсак болот. Эти көп тамак менен дасторконго жеңил салат коюлушу керек. Өтө майлуу майонез кошулган салатты күчтүү тамактар менен жебей эле койгон жакшы. Тамактанып бүткөндөн кийин сөзсүз бир алма жеп койгула. Ал тамакты сиңире турган касиетке ээ. Балыктан даярдалган тамактарды жеген да туура. Аталган бир жума ичинде курамында углевод көп тамактарга качыш керек. Аларга кара нан, картошка, күрүч кирет. Азыр колдон келишинче кичинерек дасторкон даярдаганга, анан бир гана ысык тамак жасаганга аракет кылыңыз. Бул ашказанды "сактап калуунун" эң жакшы жолу. Ал эми тамакка жык толгон дасторкон совет доорундагы нерсе. Бирок элде жаңы жылды канчалык жакшы, молчулукта тоссоң, ошончолук бакубат болот деген түшүнүк бар.
- Ашказандын оорушунун тамакты ашыра жеп алгандан башка себептери барбы?
-Адам организминде бири-бири менен келише албаган тамактарды жеп-ичүү- ашказан ооруусунун биринчи себеби. Мисалы, майлуу тамактан кийин газдалган суусундук ичпеш керек. Ал ашказандагы тамактарды ачытып ийиши мүмкүн. Майлуу тамак менен спирт ичимдиктери дагы келише албайт. Арактын аркасынан майлуу нерсе жеген күнү ашказандагы тамактын сиңими начарлайт.
-Болбой эле ашказанды кыйнап койдук дейли...
- Анда майрамдар өткөндөн кийин сөзсүз бир күндүк ачкачылык жарыялаш керек. Мындан ашказаныңыз эч бир жабыр тартпайт. Тескерисинче, пайда табат. Аябай суусап, же тамактангыңыз келсе, алма жеп, айран, чай ичип койсоңуз болот.
-Жемиш ширелери жардам береби?
-Эгер ал таза болсо. Ал эми учурда таза нерсе табуу өтө кыйын. Мисалы, дүкөндөрдө тизилип турган коробкадагы ширелерде кант менен азык боегу абдан көп. Андан бир күндө көп болсо 200 гана грамм ичсе болот.
-Тамак-ашты го жеңилдетсе болот экен. А спирт ичимдиктеринчи?
- Алкоголдун зыяндуу экенин билсе дагы жаңы жыл майрамында аны ичпей коюуга болбойт. Өзгөчө, бизде, кыргыздарда "алып ий эми", "ачууңду калтырба", "мени сыйлабайт экенсиң" деген сыяктуу догурунма сөздөн качкан конок "шып" эттирип ичип ийет. Статистика боюнча жаңы жылда 50% адамдар спирт ичимдиктерин кыйноо аркылуу ичет.
-Жума бою ичилген ичкиликтин негизги зыяны эмнеде?
- Ден-соолукка зыяндулугу: биричиден, аракта организмди азыктандыра турган эч нерсе жок. Ошол себептен жаңы жыл учурунда 3-4 күн катары менен тамак жебей, же аз гана тамактанып жүргөн адамдын ашказанында күч-кубат бере турган эч нерсе калбайт. Экинчиден, спиртке организм ууланып, биринчилерден болуп боор жабыр тартат. Ошондон улам катуу мас болгондун эртеси адамдын тамагынан суюк тамактан башка нерсе өтпөй калат.




Добр, рэпер:
"Эртеси башы ооругандарга түшүнбөйм"
-Жаңы жыл тоскон түнү кайсы ичимдиктерди ичесиң?
-Биздин үйдө дайым жаңы жыл түнү дасторконго шампан менен кымыз коюлат. Кээде ошол экөөнө деле мас болуп калган күндөр болот.
-Эртеси күнкү баш оорудан кантип кутуласың?
-Негизи ичкендин эртеси күнү башым ооруп көргөн эмес. Башы ооругандарга түшүнбөйм. Балким ден-соолугуна жараша болсо керек, айтор, менде андай проблема жок.
-Ал эми тамакка аша тоюп алган учурлар болобу?
-Майрам болуп атса, досторкон толгон тамактан жебей койгон болбойт го. Мен тамакты жакшы эле жейм. Ашказанды оорутпаш үчүн, ага бир аз жардам берип коем. Ары-бери басып, бийлеп койгон жакшы. Тамак бат эле сиңип кетет.