![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
К.Сатиндиевич аман эле болсун! Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков эмнеге эле "Манас" аэропортундагы американын аскер базасын колдоп-жактап, улам эле депутаттарды ал базага сүйрөп эле алпара берет деп депутаттар түшүнчү эмес. Көрсө, Сатиндиевичке караштуу туалеттерди тазалоочу фирма америкалыктардын базадагы туалеттерин тазалоо боюнча келишим түзүп, андан чоң пайда табат сыягында. "Пулуң болсо кулуңмун" деген кыргыздын сөзү бекер айтылбаган турбайбы. Аман эле болсун, жарыктык киши! А.Эркебаев ээндеп, "үркүй" баштадыбы? 15-декабрда Коомдук парламенттин жыйыны өттү. Бул жыйынга оппозициялык күчтөрдүн баардык катмарынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, журналисттер жана кызыккан байкоочулар да келишти. Эки жүз чамасында адам болуп, зал толду. Таңгалычтуусу, Коомдук парламенттин спикери Абдыганы Эркебаев катышкан жок. Кыязы бийликтен коркуп, жалтактап катышпай койду көрүнөт. Анүстүнө А.Эркебаев жарым жылдан ашуун убакыттан бери оппозициядан ээндеп, өзүнчө эле "үркүп" жүргөндөй. Эми коркоктор оппозицияда жүрө албасы белгилүү да. Ал эми бу жыйынга Темир Сариевдин катышпай койгону кандай? Акүйдөгүлөр билип калса "куйрук толгойт" дегениби? Пара албаган мэр көрдүңөр беле? Ош шаарына быйыл эле мэр болуп барган экс-депутат Мелис Мырзакматов барган күндөн тартып, бир жыл ичинде канча пара берүү сунушу болгонун каттаптыр. Бирок, өзү параны албайт имиш. Жыйынтыгында, бир жыл ичинде 700 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү пара сунушталыптыр. Андыктан, ким пара албаган мэрди көргүсү келсе, Ошко барсын. Башкы "бригадирге" эскертүү берилди Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов атайын билдирүү жасап, кө-өп маселенин учугун чыгаргандай болду. Анын баарына кайрылып отурсак, сөз көбөйчүдөй. Ток этерин айтканда, Каржы министри Марат Султановдун ишмердигине Искендер мырза кайрылып, ишинде кетирген айрым катачылыктарды эске салды. Бирок, бул боюнча азырынча кылмыш иши козголбойт экен. Жөн гана зекимей катары түшүнсөк болот окшойт. Себеби, М.Султанов "Бригада" тобунун таасирдүү мүчөсү. Кокус К.Ташиевге жантартып кетсе, анда кайырмакка илинери ажеп эмес. Ошондуктан унчукпай жүрүшү шарт, а болбосо иш козголушу ыктымал. Бир чети Мараттын бийликке каршы чыгууга духу жетпейт, анүчүн арты таза болуш керек… Мукебиз өзүнө-өзү каршы Өзүнчө кытайлашкан сымал бир дипломат бар. Муратбек Иманалиев деген. Табиятынан жылжытма интриганы сүйөт дешет. Көчүгүнө калдыркан илээшкендей эле тирукмуш сөздөрдү артынан угуп калабыз. Албетте, кылган-эткени боюнча. Дегеле бул кишинин ишмердигин казсаң, артынан кылмыш иши да козголушу мүмкүнбү? Аза бойду дүркүрөтүп. Эсиңерге жара чыкпаса, Үзөнгү-Кууштун Кытайга кетиши, кийин Каркыранын казактарга энчилениши боюнча ММКлар М.Иманалиевди айыптап жүрүшкөн. Министр болуп турганда иштин баарын былгыткан кыязында күнөөлөшүп. Дагы бир кызык жагдай, кезинде Муратбек мырза ШОСту сынга алып жүргөнүн укканбыз. Батыштын жарыгы, жылуулугу тийип турганда. Эми болсо өзү сындап жүргөн ШОСко Генсек болуп кетүүдө. Кайсы логикага сыйат ыя (?), принцип деген болуш керек да. Же жеке кызыкчылык үчүн болгон мыдырын сатып кете береби? Ички дүйнөдөгү карама-каршылык деген ушул да. Эркин Маматов неге камалды? "КАМЭК" клиникасынын жетекчиси Эркин Маматов камакка алынып, сурак берүүдө. Бул боюча маалымат алууга аракет жасап көрдүк, азырынча ачык пикир айтууга чек коюп атышыптыр. Дарыгердин камалуусу боюнча ар кандай пикирлер бар, айрымдары "медицина тармагына аты сиңген аттуу-баштуу адамдардын көралбастыгынан" деп баалашууда. Бул боюнча кийинки сандарда толук кандуу маалымат бермекчибиз. "Бөрк ал десе баш алган" саясаттын соңу Азыр жүрүп жаткан башкаруу системасын реформалоо өнөктүгүндө өкмөт 72 кызматкерин кыскартса, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев "бөрк ал десе баш алып", "мен 200 кызматкерди кыскартам" деп кыйкырып чыккан эле. Элдин каргышына калдыбы, айтор, эми өзү да көп узабай "кыскаруу алдында турат". Бүгүн, бейшемби күнү кызматтан кетет дешүүдө. Угушубузга караганда, А.Тагаев Баткенге сүргүнгө айдалып, ошондон ары пенсияга кетет экен. Анын ордуна спикер болом деп чуркагандын баары четке кагылып, азыр үч эле талапкер калыптыр, Данияр Үсөнов сүрөгөн Аскар Салымбеков, Оксана Малеваная айым түрткөн Зайнидин Курманов жана кээ бир таасирдүү күчтөр сүрөгөн Табылды Орозалиев. Бүгүн-эртең кимисинин саясый майданда жылдызы жанат - күтө туралы. Даниярдын жүргөн жери чуулган Премьер-министр Данияр Үсөновду Жалал-Абад тургундары "кызматынан кетсин!" деп, Камчыбек Ташиевди колдоп чыгышкан. Андан кийин Коомдук парламентте да ушундай талап жаңырып турду. Эми үчүнчү ирет кезек кимдерде? Айтор, Д.Үсөнов кайсы кызматка барбасын чуу чыгып, артынан сөз ээрчиткенди модага айлантып алды го. Кезинде вице-премьерликке өтпөй атып 300 миң доллар уу-дуусу угулуп, бул боюнча андагы премьер-министр Ф.Кулов Даниярды айыптап чыккан. А мэр болгондо лотерея чатагы чыгып, анда да бир топ талаш-тартыш ырбаган. Кыскасы, Д.Үсөнов кайсы жерде жүрбөсүн, артында ызы-чуу, дүрбөлөң токтобойт да. Натыйжада, Акүйдүн 7-кабатында канча убакыт "кайфка" батат болду экен? Эмил мырза БЭКтин төрага орун басары Оппозиция барган сайын тазаланып, ички чыңалуулары да ойгоно баштады. Мындай кадамга эң башкы себеп, политтехнолог Эмил Каптагаевдин саясатка катуу киришкени болууда. Кечээ БЭКтин төрага орун басарлыгына Эмил мырза шайланды. Мындан ары оппозициянын жандануусуна, реалдуу күрөштүн нугу менен кете турганына күбө болот экенбиз. Эсиңерде болсо, Алмаз Атамбаевди президенттик шайлоодон кийин БЭКке төрага кылып шайлашкан. Эми орун басары дайындалды. № 2 лидерби? Бул оппозиция үчүн жакшы көрүнүш. Себеби, Э.Каптагаевдин акыл көрөңгөсү, билими, туруктуу эрки бар. Дал ушундай саясатчы баштаган иш жөнөкөй болбойт. Анда эмесе, бийликке каршы саясатты Каптагайдын уулунун көзү менен көрүп калабызбы? Адахан Мадумаров бизнеске кеттиби? "Кызмат колдун кири, бүгүн бар да, эртең жок" деген чын белем, бир кезде өлкөдөгү үлкөн кызматтарды аркалап жүргөн айтылуу Адахан Мадумаров "тойдум байдын кызына" кыязында жерге түкүрүп басып кетти дейт. Бир түркиялык бай фирманын Кыргызстандагы өкүлү болуп дайындалыптыр. Алган айлыгы бир жарым миң доллар имиш. Кызыгы, элдин баары бизнестен саясатка келип атса, Адахан мырза саясаттан бизнеске кетип атканы нени каңкуулайт? Күйөөсү статс-катчы болсо, аялы саякаттайбы? Мамлекеттик тышкы иштер боюнча министрлиги жакында өз кызматкерлерин Египетке дипломатиялык окуу-курстарына жиберген эле. Бул курстарды Египет тарап уюштурган болчу. Кызматкерлеринин билим-деңгээлин, тажрыйбасын өнүктүрүп атат деп бул демилгени колдойлу десек, чет өлкөгө баруучулардын тизмеси адилет түзүлбөгөнүнө кызматкерлер нааразы болуп атышканы кандай? Көрсө, ал тизмеге дагы тууган-урук, тааныш-билиш ойноп кетиптир. Бир эле мисал, ТИМдин статс-катчысы Асеин Исаевдин жубайынын бул курска кандай тиешеси бар? Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, статс-катчы аялына саякат уюштуруп бергениби?
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||