"Ата баркы менен уул өтөт…"
Кыргызда "ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт" деген кеп бар. Бүгүнү күндө бу лакап кептин мааниси бурмаланып кеткендей, "ата баркы менен уул өтөт…" болуп. Дегенибиз, кадимки Эргеш Төрөбаевдин уулу, ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды. Бакыт мырзанын аталган системага эмгеги өтүп, тоону томкоргон эмес. Бу жакка чоочун адам. Кандайча министрлик орунга секирип кеткенине да түшүнбөдүк. Кызыгы, атасын Акүй сыйласа, баласы чоңойот деген ушулбу? Айтор, суроолор көп. Натыйжада, Б.Төрөбаев ӨКМ жетекчилигин эптей алабы, же тажрыйбасыздык менен жаза басабы?

Иса байкебиз "Учурга" капа
Депутат Иса Өмүркулов "Учурга" капа экенин ачык билдирүүдө. Алмаз байкеге да арызданып ыйлаган имиш. Себеби, сындап койгонбуз. Эми саясат деген ушундай тура. Бирде өйдө, бирде ылдый дегендей. Баса, "Платон менин досум, бирок чындык андан жогору" демекчи, алакан жайгандан башка арга жок. Бүгүн тымызын таарынышып турсак, эртең балким дос болуп кетебиз. Бу жалганда саясатка айла жок тура…


М.Өмүракунов өрттүгүнөн кайтпаптыр
Эсиңерде болсо, "Замандаш" партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов эки-үч жыл мурун катуу чыгып, Кыргызстандын кыйырына коңгуроо кага баштаган. Болочок ажо катары кыйыткандай жүрүш жасап. Атургай анын таламдаштары ак боз бээ союп, ак кийизге Мухтарды көтөргөнү боюнча ММКларга да жазылып кеткен. Көп өтпөй М.Өмүракуновго кылтак салынып, ишинде кетирген катачылыктары үчүн үч күнгө камакка алынган, андан зорго бошоп, ошол бойдон тынчып калган болчу. Көрсө, өткөн күндөр бат эле унутулабы, айтор, эми кайрадан М.Өмүракунов жанданып, тымызын ММКлар менен иштешип, чо-оң саясый күрөшкө даярдангандай элес жаратууда. Негизи бу жигит өрт, табиятынан кыйын, Ат Башынын бирден-бир мыкты уулу. Бирок, мындай тымызын жүрүштөрүн Акүй билсе, кыйын болуп калбайбы?


Мирослав "чоң казатка" аттанды
Генерал Мирослав Ниязов өлкөдөгү соңку кырдаалдарга кабатыр болуп, саясый "чоң казатка" аттанганын билдирди. Жанына таяныч болгон Касым Исаев аксакалы бар. Эми эки лөк эмненин ичинен чыгат, ыя? Айтмакчы, М.Ниязов оппозицияга да ишенбей турганын жашырбады. "Бир гана элге таянуу менен адилеттик заманды орнотом" деп билек түргөнүн эшиттик. Баракелде (!), көрө жаталык.


К.Абдиевдин ишмердигине көз салабыз
Мурда прокуратура системасында өргүп жүргөн Курмантай Абдиев юстиция министри болуп дайындалып, аябай жууп, өлө жыргап атат дейт. Негизинен ушул система башынан эле жогор жактын көрсөтмөсү менен шүк отуруп, эң жөнөкөй гезиттин, партиянын күбөлүгүн тапшырууда кылдан кыйкым издеп, каттоодон өткөрбөй келгенин билебиз. Мисалы, саясый жарлык кесепетинен бир топ гезиттин күбөлүктөрү берилбей келет. Жок шылтоо менен. Мына ушул жагына Курмантай адилеттик кылып, мыйзамдуу алкакта иштей алабы, же эски жорукту кайталаганга киришеби? Азырынча күтө туралы, бир айга жетпей эле К.Абдиевдин ахвалы ачык көрүнөт…


Кыргыз өңү Байымбеттин өңүндөй
Буга чейин ветеринария департаментинин директору Байымбет Мураталиевди сындап келгенбиз. Албетте, мыйзамдын алкагында. Сыныбызга кошул-ташыл ыңгайсыз суроолорубуз да бар эле. Анан жаза тайып кечээ Байымбет мырза менен кезигишип калып, сүйлөшүү жүргүздүк. Атаңгөрү, эр киши тура. Ишмердигине байланышкан баардык суроого түз жооп берип, өзүнүн ачык жүзүн көрсөтүп койду. Кудум эле кыргыз өңү Байымбеттин өңүндөй демекчи, накта таластык экенин көрсөттү. Эмки саныбызда ыңгайсыз суроолордон турган маекти жарыялайбыз.


Өзүнчө эле көкөлөп, анча-мынчаны карабайбы?
Ажо Курманбек Бакиевдин колтугуна кирип алган адам бар. Азиз Турсунбаев деген. Соңку учурда Азиз мырзанын күнү туугандай кырдаал жаралып, маанайы өтө жакшы экен. Санаалаш депутаттардын арасында кеп болуп, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Азиз мырза жанталашып атканын эшиттик. Бир жагынан А.Турсунбаевге "Манас" Эл аралык аэропортунун жетекчилиги сунушталганын да айтышты. Айтор, бүгүнкү күндө вице-спикер өзүнчө эле көкөлөп, анча-мынча адамды карабай калыптыр дейт. Кызык, эмитен минтип отурса, кокус дагы көтөрүлсө тебелеп кетет го. Акүйдүн чоңдору ушул жагын ойлоду бекен? Кимди өстүрүп атабыз деп…


Ч.Абышкаев генерал-майорго татыктуубу?
Өлкөдө кызык эле жагдайлар болуп атат. Мурдагы күнү кадимки Чубак Абышкаев юстициянын генерал-майору деген наамына татыды. Чын эле татыктуубу? Эсиңерден чыкпаса, Чубак аксакал Аксы окуясына күнөөсү бар шекилинде суракта жүрбөдү беле? Кезинде Азике Башпрокурор болуп турганда Ч.Абышкаевдин айласын кетирип, аз жерден камап кое жаздаган дейт. Себеби, Аксыда кан төгүлгөндө Ч.Абышкаев Башпрокурор болчу. Бул каргашага канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин биз айталбайбыз… Кандуу окуяга мезгил соту өз кезеги келгенде баасын берет демекчибиз, чыныгы күнөөлүүлөр кимдер экени талданып…


Темике кектебей, кечирим сураса…
Өткөн сандарыбызда СДПК лидери Алмазбек Атамбаевдин интервьюсу гезитибизге чыккан. Анан көп өтпөй эле "Акшумкар" партиясынан реакция болуп, сындамыш эткенге үлгүрүштү. Эми сындаса сындашсын. Кеп анда эмес. Бирок, оппозиция лидерине бул партиянын каршы чыкканы кызык болууда. Бийликтин заказын аткарганыбы? Себеби, бүгүнкү күндө кааласак да, каалабасак да А.Атамбаев оппозиция лидери. Мындай шартта бул фигурага "Акшумкардын" каршы чыкканы Темир Сариевдин позициясын билдирет. Эми Алмаз мырзанын ал маегинде Темикеге каршы бир сөз жок. Анан эмнеге кажынат, ыя? Же тиреше тургандай шайлоо деле өттү, аласа-береселери деле жок. А балким шайлоодо А.Атамбаевден ат чабым артта калганы үчүн Темикенин ичи күйүп, кектеп жүргөнүбү? Айтор түшүнбөдүк. Дал ушундай оппозициянын оор күндөрүндө Т.Сариев амбициясын жыйыштырып, курун моюнуна салып, агасынан кечирим сураса, ак көңүл Алмаз байке кантип кечирбесин? Ушу тапта кырдаал башка, чүйлүк тыңчыкмалар эстерине келсе дейсиң. "Акшумкарчы" ойлонбойбу?




Кезек Камчыга келди, эртең…
Коомчулукта Данияр Үсөнов менен Камчыбек Ташиевдин чатагы дүң болуп атат. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн "кыл чайнашмайдын" башынан баштап, ырааттуулук менен түшүндүрө кетели. Ошол чатак чыккан өкмөт жыйынында премьер-министр Д.Үсөнов Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ошко негизсиз үй курулганын айтып (резервдеги акчалар короп), К.Ташиевди жарга такаган. Камчыбек мырза мындай айыптоого чыдабастыгын билдирип, арыз жазуу менен кызматтан кеткен эле. Ажо анын арызын кабыл алды да, кызматтан бошотуп койду. Анан К.Ташиев маалымат жыйынын берип, президентке каршы оппозиция эместигин билдирип, аны колдой турганын жашырбады. Бирок, Даниярды кызматтан кетирүүгө жан үрөй турганын баса белгилеп, ал эми үй куруу иши өкмөттүн токтомунда бекитилген план экенин да айтты. Ал ортодо экс-министрди колдогон үч жүз чамасындагы тарапташтары Сузакта көтөрүлүп, "Данияр Үсөнов кызматынан кетсин!" деп чыгышты. Кыскасы, кайым айтышуудан чатак ырбады. Мындай саясый жоруктан соң, К.Ташиевге кылмыш иши да козголуп, бүгүн тагдыры жарга асылгандай абалга кептелүүдө. Ажо Курманбек Бакиев өкмөт башчынын позициясын колдоп, анын сунушуна кайдыгер эместигин көрсөттү. Эми бул жерде чоң оюн жүрүп атканы сокурга да көрүнүп турат. Камчыбекти бийликтин короосундагы күчтөр тымызын колдоп дух бербесе, ал мынчалык атырылып чыкмак эмес. Албетте, ажонун айланасындагы айрым адамдар К.Ташиевди колдоп аткандыр, бирок Д.Үсөновду да ошондой эле колдогондор бар да. Кыязы, бул чуулгандын аркасы К.Ташиевдин жеңилүүсү менен бүтүп, атургай анын чоң бизнесине доо кетип, кыйрашы ыктымал. Ага карата кылмыш иши да козголду. Себеби, бийлик үчүн "Бригада" тобундагы М.Султанов, А.Келдибеков, С.Жапаров, К.Ташиевдердин күндөн-күнгө дүркүрөп өсүп баратышы кооптуу көрүнүш. Акча жагынан да, электораты жагынан да булар башкаларга салыштырмалуу күчтүү клан. Анүстүнө 2014-жылдагы президенттик шайлоодо "Бригада" негизги ролду ойноп, так талашты жеңип кетиши да ыктымал. Анүчүн булардын бизнес гүлдөткөндөрү, таасирдүү кызматтарды аркалашы опурталдуу. Ошон үчүн бийлик алдын ала чараларды көрүп, коюн-колтукта жүргөн коркунучтуу күчтөрдү тазалашы менен коопсуздугун бекемдейби? Андыктан кийинки кезек "Бригаданын" башка мүчөлөрүнө да келиши мүмкүн. Саясый күрөш ушундай татаал эмеспи.