Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Башат

Зарианна:
"МАИчилерге диск берип кутулам"
Кыргыз шоу-дүйнөсүндө Зарианна аттуу ырчы пайда болду. 1989-жылы Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. Бир жылдан ашык вокалдан сабак алып, учурда 6 ыр, 2 клип жаратууга жетишти. Ырчылардын арасынан Бекчоронун чыгармачылыгын жактырып, өзү андан да өзгөчө стилдеги ырчы болсом деп максат кылат.


-Зарианна, жаңы чыгып аткан көптөгөн ырчы кыз-жигиттердин арасынан кантип айырмаланайын деген оюң бар?
- Өзгөчө ыр жана стилге басым жасайм.
- Мисалы, стилиң эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Мен азыр кыргыз тилиндеги ырларды ырдап жүрөм, чыгыш стилине басым жасап. Бирок, стилимди толугу менен иштеп чыга элекпиз. Репертуарыма орус, англис, казак тилдериндеги ырларды да кошсомбу деген максат-тилегим бар.
- Аялзатына ырчы болуу, салыштырмалуу түрдө көп тоскоолдуу болот эмеспи. Аркасынан ар кандай айың кептер ээрчип дегендей...
- Ооба, мен аны жакшы билем. Негизи мен 8 жашыман эле ыр дүйнөсүнө аралашып калгам. Бул талант мага апамдан берилди десем болот. Анткени, ал жаш кезинде ырчы болууну самап, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда Айчүрөк Иманалиева, Анапия Райымбековалар менен бирге билим алган. Ал ортодо атам алакачып кетип, ошол бойдон үйбүлөлүк турмушту тандап алган экен. Ошондон улам атам: "Апаң убагында ырдабай калды. Эми сенин да талантың жерде калбасын" деп чоң колдоо көрсөтүп жүрөт.
- Сага да апаңдай болуп, үйбүлө же чыгармачылыкты тандоого туура келип калса, кадамың кандай болот?
- Мен ырчылыкты дагы, үйбүлөнү дагы бирдей алып кетем. Мүмкүнчүлүгүм бул жагынан жетет.
- "Артисттин аты жеңил" деп коюшат эмеспи. Учурда ырчы кыздарыбыздын талантынан мурда сырткы сулуулугуна гана көңүл бургандар жок эмес. "Меники болсоң минтип берем, тигинтип берем" деп, "алтын тоону" убада кылгандар болобу?
- Тилекке каршы, андай жаман ойлору бар эркектер көп экен. Бул нерсе, албетте, жан кейитет. Негизгиси, өзүмдү андай ыпластыктан оолак кармап жүрүүгө эрким жетет.
- Андай адамдардан коргой турган мырза барбы?
- Ооба, жигитим бар. Бир аз кызганыч сезимдери бар, бирок чыгармачылыкты сыйлаган адам.
- Бош убактыңда эмне кыласың?
- Бош убактым жок. Мурда бош деп эсептелген 2 саатым бар болчу. Азыр ал убактымда бий ийримине барып атам.
- Эмнеден ырахат аласың?
- Машина айдаганды жакшы көрөм.
- Анан темир тулпарың барбы?
- Ооба. 18 жашка толгондо ата-энем "Марседес" маркасындагы авто белек кылышкан.
- Жолдо эрежелерди бузуп кеткен учурлар болобу?
- Албетте (күлүп). Жаныма дайыма дисктеримди салып жүрөм, ошолорду белек кылып, МАИчилерден кутулуп кетем.
- Өзүңдөн кайсы сапаттарды баалайсың? А тескерисинче, кандай кемчилик жактарың бар?
- Адамгерчиликтүүмүн. Бирөөнүн кылган жакшылыгын унутпайм. Ал эми жаман сапатым - аябай ишенчээкмин. Анын азабын далай жолу тарткам. Жигитим менен жаңы мамиле куруп жүргөндө, жакын курбу кызым "ой аның мындай экен, тигиндей экен" деп ортобузга далай чок салган. Кийин жигитим менен таарынышып кетсем, эмнегедир тиги курбума жигитим жага баштаптыр (күлүп). Ошондо гана анын мага айткан сөздөрү жалган экенин, менин ишенчээктигимди пайдаланып жүргөнүн билдим.
Бегимай БАКАШЕВА




  Башат

Баары максаттан башталат. Максат алгачкы аракет менен уланат. Ал экөөнүн айкалышынан ийгилик жаралат. А бирок, баары башаттан… Сахна астанасын жаңыдан аттап, андан бекем орун алууга умтулуп, жаңыдан жанып келаткан жылдыз - өнөрпоз кыз-жигиттерден четинен кепке тартууга өттүк.

Дархан

- Сахнага чыкканга ким түрткү болгон?
- Бирөө-жарым түрткү болду десем натуура. Мага көбүнесе бирге жүргөн чөйрөм таасир этти окшойт. Дос балдарым гитарада ойноп, ырдашчу. Аларга кошулуп мен да гитара үйрөндүм. Бара-бара ыр жаратып, ага обон кошуп отуруп эле кандайча ырга жакындашып кеткенимди элес албай калдым. Анан музыка жашоомдун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Азыр ата-энемдин каалоосу менен экономисттик кесипке окуп атканым менен жакынкы келечекте Улуттук консерваториянын композитордук бөлүмүндө билим алсам дейм.
- Гитара коллекциялоо ошондон улам го…
- Баары ошол гитарага болгон кызыгуудан башталган да. Кийин комуз, фортепианодо ойногонду да өздөштүрүп алдым.
- Чыгармачылык сага балким, тай журтуңдан же чоң аталарыңдан өткөндүр…
- Ата-энем таңгалып күлүп калат. Биздин уруктан ырчылыкты аркалаган адамды билишпейт экен. Болгону бир агам сүрөтчү экен.
- "Жаңы ысымдар" долбоору чыгармачылык тушооңду кескени чынбы?
- Чоң сахнага дал ушул долбоор аркылуу чыкканым болбосо, мектеп сахнасынын төрүндө жүрчүмүн. Ал эми "Жаңы ысымдар" чындап мени чыгармачылыктын олуттуу тепкичине чыгарды. Долбоордун жарыясын көрүп алып бир күн толкунданып жүрүп, эртеси анда көрсөтүлгөн номурду бурадым. Алексей Филатовго жолугуп, ага ырларымды угуздум. Төрт ирет катышып, 2008-жылдын жыйынтыгы менен жеңүүчү аталдым. Бирок, атаандаштык абдан күч эле… Ошону менен Алексей менен кызматташа баштадык.
- Жакынкы аралыкта күйөрмандарың сенден кандай өзгөчөлүк күтө алат?
- Мурда рок менен попсаны аралаштырып келсем, жакындан тарта накта рок менен чыга баштайм. Ушул тапта бул жанрда 5-6 ыр даяр болуп калды.
- Негизи жандүйнөңө кандай ыргак жакын?
- Мен бала кезден роктон башканы жактырып уккан эмесмин. Дале рок менен жолумду уласам дейм. Продюсерим Алексейдин сунушу менен гана попсаны аралаштырган элем.
- Сахна жашоосу жактыбы?
- Албетте, эл алдында ырдап атканыма чексиз бактылуумун. Сахна ыйыктыгын сездим. Чыгармачылык жаатында ниетим ак. Кудай буюрса, жолум дагы ак, ачык болсо экен деп тилейм. Ал эми жылдыз дартынан Кудай сактасын! Чыгармачыл адамдын жашоосу кандай экенин башынан түшүнчүмүн. Андыктан, азгырыктарга алдырбайм деп ишенем. Сахнадан тышкары эч нерсем өзгөрбөйт, мурда кандай жигит болсом, ошол эле калыпта турмуш улантып келем.

Даярдаган
Айым НУРЖИГИТОВА




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
17-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Президент мураскерин аныктайбы?
2-бет
"Ата баркы менен уул өтөт…"
3-бет
Кусейин Исаев, мударис:
"Дүйнөлүк банк көз каранды кылуу жолдорун издеп атат"

4-бет
Үмүт үзүлбөй
5-бет
К.Сатиндиевич аман эле болсун!
6-бет
КСДП өлкөдөгү мыйзамсыз көрүнүштөргө тынчсызданат
8-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, экс-опер:
"Арак ичкенде жиниме тийсе, мушташа кетем"

9-бет
"ИМПУЛЬС"
- кыргыз "Виаграсыбы"?!

10-бет
Энергетикалык саясат - элге каршы
11-бет
Коломто...
12-бет
Жаз жыттанган
Кундуз Саадабаева

13-бет
SMS
14-бет
Роман Юлдашев: "Шакирттерим келечекте кыргызды дүйнөгө таанытат"
16-бет
Зарианна:
"МАИчилерге диск берип кутулам"


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования