Ийне менен кудук казып...

Орхан Инанды, "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчиси:
"2009-жыл "Себат" үчүн ийгиликтүү жылдардан болду"
-Орхан мырза, Кыргызстандын билим берүү системасында изги чыйыр салып, кыска убакыт ичинде флагман болууга жетишкен "Себат" билим берүү мекемеси качан жана кандай максатта ачылды эле?
-Бул суроого мен бир аз тарыхка кылчаюу менен жооп бергим келип турат. Биз, түрктөр Кыргызстанды жана Орто Азияны түпкү Ата Мекенибиз деп эсептеп келебиз. Боордош эки элдин ортосундагы ынтымак, биримдик, кызматташуу союз тараганда эле чыга калган жаңылык эмес. Мүмкүн айрымдар билбейт чыгар, бирок кезинде Осмон империясынын түптөлүшүнө кыргыздардын жардамы чоң болгон экен. Азыр ошол байыркы шейит кеткен баатыр кыргыз жоокерлеринин күмбөзү Түркияда бар. Кийин биринчи дүйнөлүк согуш учурунда сиздер тараптан Шабдан баатыр баштаган кыргыз журтунун уруу аксакалдары, бийлери каражат топтоп жардам көрсөтүшкөн. Муну ар бир түрк баласы жакшы билет. Тарых сабагыбызда дагы ушундай окутулат. Түрктөр Орто Азия, айрыкча, Кыргызстан дегенде боордоштук сезим менен жан тартып турат. Бул туугандык мамилени көргөн Түркияга барып окуп келген кыргыз студенттери да ыраазы болуп айтып келишет. Ошондуктан, биз бабалардан мураска калган тарыхый карызыбызды өтөйлү деп эч кандай пайда, кызыкчылыкты көздөбөстөн, 1992-жылы Кыргызстанда ишмердүүлүгүбүздү баштаганбыз. Кыргызстан көргөн кыйынчылык биздин кыйынчылык, тектеш эл көргөн жакшылык, ийгилик - биздин жакшылык деген ниетте келгенбиз. Азыр дагы ошол изги ниетте иш алып баруудабыз. Алгач үч лицей менен баштасак, учурда Кыргызстандын баардык облустарында 14 лицей, "Силк Роуд" эл аралык мектеби, "Секом" тилдерди жана компьютердик сабаттуулукту үйрөтүү борбору, "Ата Түрк Ала-Тоо" эл аралык университетибиз "Себат" билим берүү мекемесинин алдында жемиштүү иштеп жатышат. Мындан сырткары Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында студенттик жатаканаларды ачууга жетиштик.
-Ушул 17 жыл аралыгында "Себат" кандай көрсөткүчтөргө жетише алды?
-Быйыл "Себат" билим берүү мекемесинин ачылганына 17 жыл толуптур. 17 жылдын ичинде 7 миңден ашуун улан-кыздарыбызды уядан учурдук. Булардын 61%ы Кыргызстандын, 15%ы Европанын, 6%ы АКШнын, 14%ы КМШнын, 4%ы Индокитай өлкөлөрүнүн кадыр-барктуу жогорку окуу жайларын бүтүрүштү жана ошол өлкөлөрдө үзүрлүү иштеп жатышкандары дагы көп. Учурда аты аталган мамлекеттерде билимин улантып жатышкан студенттерибиз көп. Окуучуларыбыз 1994-жылдан тартып дүйнөлүк олимпиадаларга катышып келишет. Ал олимпиадаларда 14 алтын, 34 күмүш, 51 коло медалдарга ээ болдук. Бул жеке эле "Себаттын" ийгилиги, жакшылыгы эмес, жалпы кыргыз элинин, Кыргызстандын билим берүү системасынын ийгилиги деп баса белгилегим келет. Келечекте кыргыз балдарынын ичинен дүйнө коомчулугунун таңдандырган Эйнштейн, же Билл Гейтс сындуу генийлер чыкса мен таңгалбайм. Анткени, Кыргызстан балдары абдан таланттуу жана акылдуу. Бир нерсени тез өздөштүргөнгө шыгы бар.
-Сиздердин максаттарыңыздарды жакшы түшүнбөгөндөр "Себат" мекемеси пантүркизмди көздөйт" деп сын айтып калышат...
-"Себаттын" жүргүзгөн ишинен кабарсыз адамдар андай олутсуз, далилсиз сындарды айтканда, албетте, жүрөгүң оорубай койбойт. Бизден биринчи окуучуларыбыздын ата-энелери "бизден деле балаңды кандай окутуп жатышат?" деп сурап койбойбу деп абдан нааразы болушат. "Себат" билим берүү мекемелери Кыргызстандын билим берүү министрлиги менен биргеликте иштейбиз. Ишмердигибиз демократиянын негизги принциптерине, светтик коом талабына, жалпы адамзаттын баалуулуктарына жооп бергендиктен бизде баардык нерсе ачык-айкын. Баардык окуу программаларыбызды билим берүү министрлиги бекитет. Башка кыргыз мектептеринде окуу стандарты, усулу кандай болсо, "Себатта" да ошондой. Министрлик кандай суроо-талап койсо баарын аткарабыз, мугалимдерибиз тиешелүү аттестациядан өтүп турушат. Ал эми "Себат" пантүркизм идеясын көздөйт" деген сөздөр суу кечпеген сөздөр. Бизде математика, физика, биология, химия, информатика сабактары англис тилинде жүргүзүлөт. Себеби, биздин максат кыргызстандык улан-кыздарга дүйнөлүк стандартта билим берүү. Экинчи чет тил катары түрк тили кирет. Болгону. Калган гуманитардык сабактар кыргыз, орус тилдеринде. Биз окуучуларыбызды өз мекенин сүйгөн бийик патриоттуулукка тарбиялап келебиз. Окуучуларга таалим-тарбия бергенде кыргыздын каада-салты, наркы, үрп-адатына басым жасайбыз. Себеби, кыргыздар абдан улуу эл. Дүйнө элдери ушул күнгө адамзаттын баалуулуктарын талкуулап, анын түйүнүн чече албай, том-том кылып илимий изилдөөлөрдү жазып келишсе, кыргыздар анын баарын салтына, наркына сиңирип алган. Андыктан, колубузда таалим-тарбиянын адамзаттын кылымдарды карыткан асыл сапаттары кыргыз элинин дээринде, көкүрөгүндө жашап турганда башка идеологиянын, таалим-тарбиянын кереги не?
Улан-кыздарыбызга "Кыргызстандын келечеги - жаш муун, силерсиңер. Илим жана технологиянын кылымында күчтүү билим менен мамлекет алдыга жылат. Ата Мекениңерди сүйгүлө, кадырлагыла" деп акыл-насааттарыбызды айтып келебиз. Азыр "Себаттын" ар кандай абройлуу ЖОЖдорду бүткөн бүтүрүүчүлөрү ар кандай мамлекеттик кызматтарда, эл аралык уюмдарда, бизнесте иштешет. Бүтүрүүчүлөрүбүз менен чогуу иштегендер "силер сапаттуу, таза иштеген, накта патриот балдарды окутуп чыгарыпсыңар" деп бизге рахматын айтып келишет. Мугалим үчүн окуучунун ийгилигин көргөндөн, уккандан артык бакыт барбы? Андайда төбөбүз көккө жетип, сүйүнүп калабыз. Бирок, "биз ушундай жетишкендиктерге жеттик" деп бошоңдогон жокпуз. Анткени, ийгиликтин туу чокусуна чыгуу оор. Андан оору ошол туу чокуда кармалып калуу.
-Азыркы ааламдашуу процессинде мезгил шары компьютердик ылдамдыкта баратат. Доор агымы билимге болгон суроо-талапты күн сайын жаңылашууга мажбур кылууда. Сиздер дүйнөлүк билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдөн кабар алып, анализдеп, керектүүсүн колдонуп турасыздарбы?
-Албетте. Адам баласында балалык, жаштык, карылык мезгилдери болгон сыяктуу билим берүү системасынын да өзүнчө мезгилдери болот. Мисалы, биздин куракта компьютер деген жок болчу. Азыркы күндө компьютер жана компьютердик программалар улам жаңырып, эскиси керектен чыгууда. Кечээ эле негизги сабак катары окутулган айрым сабактар бүгүн утопия катары эсептелип, окуу программаларынан алынып салынган. Мындан 15-20 жыл мурда окуучуларды тажаткан, чыгарылышы узун математикалык, физикалык теңдеме, мисалдар азыр кыска жана абдан түшүнүктүү жолдор менен чыгарылат. Айталы, жаңы технологиянын өнүгүшү менен генетика илими улам жаңы ачылыштарды жасоодо. Мурдагы лабораториялар менен учурдагы лабораторияларды салыштырууга мүмкүн эмес. Демек, билимге болгон суроо-талап кылым шарына жараша дайыма ыкчам шартта өзгөрүлүп жатканы айгине. Ошондуктан, биз дүйнөлүк билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү такай анализдеп, изилдеп турабыз. Ошого жараша билим берүү мекемелерибизди модернизациялап келебиз. Мисалы, азыр мектептерибизде Европалык стандартка жооп берген EMIS автоматташтырылган системасын киргиздик. Электрондук доска аттуу жаңыча ыкма чыккан. Компьютердин жардамы аркылуу класстык досканы компьютердик экран катары колдонуп, сабак өтүлөт. Бул ыкманын артыкчылыгы балдар доскага жазылган информацияны, сабакты көчүрүп отурбастан, дароо компьютерине сактап алса болот. Бирок, канчалык дүйнөлүк стандарттагы билимге умтулганыбыз менен биз үчүн эң башкысы балдардын өз тарыхын, эне тилин, туусун, гимнин урматтаганды, таазим кылганды үйрөтүү негизги максат. Себеби, эне тилин, улутун, тарыхын билгендер, урматтагандар гана өз мекенине чын ниеттен кызмат кылат. Кыргызда "эне тилин сүйбөгөн - элин сүйүп жарытпайт" деген эң сонун таамай айтылган сөз бар. Эне тилинин, өз тарыхынын кадырына жетпеген муун пайдубалы жок тамга окшош. Эртең эле мезгилдин катуу шамалына туруштук бере албай, урап калат.
-Элет жергесинде таланттуу балдар көп. Арийне көпчүлүгү контрактты төлөө мүмкүнчүлүгү жоктугунан "Себатта" окуй алышпайт. Ушул көйгөйдү кандайча чечип жатасыздар?
-Окуучуларыбыздын 26%ы элеттен келгендер. 204 атасы, 47 апасы жок балдар окуйт. 325 окуучубуз көп балалуу үйбүлөдөн, 34 балабыз томолой жетим. Жыл сайын республика боюнча тестирлөө өтөт. Орточо эсеп менен алганда мекемелерибиздеги 900 орун үчүн 50 миңден ашуун 6-классты бүтүргөн балдар-кыздар тест тапшырышат. Анан сөзсүз түрдө жеңилдиктер каралат. Негизи, "Себат" 1 балага жылына 1700 доллар бөлөт. Анын ичинен мугалимдердин айлыгы, жатакана, үч маал ысык тамак, окуу куралдары сындуу чыгымдар кирет. Бизде орточо контракт 800 доллар болсо, 900 баланын ичинен 120сы көрсөтүлгөн каражатты толук төлөйт. Калгандарынын окуусундагы жетишкендигине, социалдык абалына назар салынып, жеңилдиктер каралат. Мисалы, 543 окуучубуз контракттын болгону 10%ын гана төлөйт. Анткени, биздин максат - боордош кыргыз элине сапаттуу билим берүү. Өткөндө президентибиз Курманбек Бакиев менен жолукканда ал киши биз аткарып жаткан иштерибизге ыраазычылыгын айтып, бирок, айылдык балдарга көңүл буруп, ушундай мектептерди, жатаканаларды борбордон алыс, шарты оор аймактарга көбүрөөк куруубузду айткан. Биз урматтуу президентибиздин айткан сөзүн эске алып, алыскы региондордогу мектептерибизге көңүл буруудабыз. Мисалы, Нарын жергесинин шарты катаал,кышы узак. Ошон үчүн ал жердеги лицейдин жылуулук берүүчү жайын жаңыдан курдук. Кезекте заманбап спорт залын куруу турат. Анын пайдубалын тургузуп койдук. Токмок лицейинин спорт залын бүтүрдүк. Чокталда жаңы лицейдин курулуш иштери жүрүүдө. Буюрса, эмдиги окуу жылга даяр болот. Таласта 400 орундуу жатаканабыз бүтүп калды. Каржы кризисине карабай спорт зал, спорттук аянтчаларды куруп атабыз. Оюбузда, Кыргызстанда жыл сайын экиден объект бүтүрөлү деген максат бар. Мунун баары эле балдарыбыз үшүбөсүн, толук кандуу билим алсын, спорт менен машыгып ден-соолугу чың болсун деген изги ниеттер. Ал эми жалпысынан алганда 2009-жыл дагы "Себат" үчүн ийгиликтүү жылдардан болду.
Маектешкен Семетей Талас уулу