К.Кадыров Бакыт акесине буркулдап…
Депутат Кубаныч Кадыров качып кеткенден бери дайыны жок. Анын каякта экенин билген да жан болбоду. Бирок, бизге жеткен маалыматтар боюнча алсак, К.Кадыров Америкага барып, Б.Бешимовго жолугуптур. Анан экөө отуруп алып, өткөн-кеткен күндөргө саресеп салышып, чер жаза сүйлөшүп алышканын айтышты. Баса, Кубан мырза Бакыт акасына таарынычын да жашырбаптыр. "Сиздин айыңыздан депутаттыгыман да айрылып, өлкөдөн дагы куулдум…" деп буркулдаганы боюнча сөз тарады. Учурда К.Кадыров саясый башпаанек алууну күтүп атыптыр. Бияктагы партиялаштары менен байланышпаганы кызык, же таарынганбы?

Прокуратура системасын титиреткен Н.Турсункулов
Мурда күнү Башпрокурор Нурлан Турсункулов атайын буйрук чыгарып, Бишкек шаардык прокурору Анарбек Калматовду кызматтан алды. Бул боюнча ар ким ар кандай жооруп атышат, кээ бирлери: А.Калматов Башпрокурорлук орунга чуркап, Нурлан мырзага катуу тоскоолдук жасаганы үчүн жазаланды десе, айрымдары башкага болжоп, шаар прокурору А.К. мэр Н.Т.дан прокуратуранын кызматкерлери үчүн жер кесип берүүнү талап кылганы, сегиз участок бөлдүрүп алганы, анын үчөөсүн өзүнө ыйгарганы, бешөөнү чоң акчага өзүнүн кызматкерлерине пулдап ийгени боюнча айтылып атат. Мындай кепти уккан Башпрокурор дароо буйрук чыгарып, кызматтан алганыбы (?), айтор, бул кадам башкаларга да сабак болсун дегендей түр жаралып, дээрлик кызматкерлердин жүрөгү түшүп, титиреп атышканынан кабар алдык. Н.Турсункулов сыртынан сыпайы, жумшак көрүнгөнү менен ичинде катуулук жатканын көрсөтүп койду.

Үсөн акеби, же "дүжүр акеби"?
Соңку кезде Үсөн аке Сыдыковдун кабагы ачылбай, кудум жомоктогудай образ жаралып, "оңго кетсем атым өлөт, солго кетсем өзүм…" дегендей кыйын абалга кептелиптир. Бир жагынан жалгыз баласынын тагдыры татаалдашып атса, экинчи жагынан өзү да коомчулук астында чайналып, эркин сөзүн айталбай бушайманга баткан чагы экен. Партиялашы Исмаил Исаков камалуу коркунучунда турса, ага карата адилеттүү сөзүн айтканга даабады. Ал эми электр энергетикасы, жылуулуктун кымбатташы боюнча да элдик кебин айталбады. Мындай шартта Үсөн аке деген аты өчүп, "Дүжүр аке" деген ат коюлуп кетпегей эле. Эмнеси болсо да, ажону такка алып келген Ү.Сыдыков учурда баардык көйгөйлөр боюнча аксакалдык кебин калк астында айтпаса, анда карапайым калк өз баасын берип деле коюшу ажеп эмес. Кыскасы, бүгүн аксакалдын бир обдулушу мезгилдин шарданына бап келип туру. Кичине күтөлү эми, балким от алып чыгаар…

В.Путин Даниярды "такалаганбы"?
Премьер-министр Д.Үсөновдун Орусия өкмөт башчысы В.Путин менен жолукканы, болгону 6 мүнөт сүйлөшкөнү, ал сүйлөшүүдө кагуу жегендей сөз укканы боюнча "Белый парус" сайты жазып чыкты. Аталган сайттын жазганы боюнча В.П. кыйла эле Д.Ү.нү жарга такап, кемсинтип, анан "такалап" туруп басып кеткени нени каңкуулайт? Ал аз келгенсип, бияктан ажо Курманбек Бакиевден да Д.Ү. катуу тил укканы боюнча кабар тарады. Кыязы, Даниярдын доораны алыс узабай калды көрүнөт…

Иса байкебиз "көгүчкөн" атка кондубу?
Соңку кездери айрым "акжолчу" депутаттар кыт-кыт күлүшүп, СДПКдан депутат Иса Өмүркуловду табалап атышыптыр. Алгач Иса байкебизге "ителги" деп ат коюшса, кичине убакыт өткөн соң "канаты кайрылган ителги" дешет, эми болсо "көгүчкөн" деп боорлорун тырмап күлүүдө. Мунун жандырмагына кызыгып көрсөк, И.Өмүркулов башта бийликке айбат кылып, ителги тепкендей катуу сүйлөчү экен. Убакыт өткөн соң жалтактай сүйлөп, баягы оппозициялык маанайынан кайта баштайт. Ал эми азыр болсо таза эле унчукпас болуп, койкойгон көгүчкөн сымал образ жаратып, жасанып-түсөнүп эле отуруп калыптыр. Ооздон айбаттуу сөзүн алдырып. Көрсө, үстүнөн кылмыш иши козголгондон бери оппозициядан кетүүгө сөз берген дешет. И.Өмүркуловдун мындай жагдайын илгиртпей сезген "акжолчу" депутаттар өздөрүнчө жыргашып, алигидей ат койгонго үлгүрүп отурушпайбы. Эми "көгүчкөн" деген тынчтыктын жарчысы да, жакшы канаттуу эмеспи. Дагы жакшы болуптур, "сагызган" деп тергебегендери…

Алике абийир соту алдында…
Бүгүн саат 14.00. дө Аликбек Жекшенкуловдун иши Биринчи Май райсотунда уланмакчы. Бул соттук процессти жаза берип чарчадык, сотторуң эле эзмейден чарчабайт экен. Эми А.Жекшенкуловду "ТИМдин каалгасын уурдаган, киллер болгон" десе ким ишенет? А коомчулукта "Аликбек саясый куугунтукка кабылды" деген пикир калыптанып, элдин боору ооруп атканын угуп да, көрүп да келатабыз. Эмнеси болсо дагы, Алике абийир соту, тарых соту алдында таза болсо болду.

Э.Каптагаев оппозицияны оңдогону калды
Оппозициянын политтехнологу Эмил Каптагаев бир топ убакыттан бери тойлордон колу бошобой, саясый күрөш жагынан аксай түшкөн. Эми болсо кайрадан жанданып, "Медиа форумдан" орун алып, оппозициянын саясый багытын оңдогону калды. Эмил мырза ишке бир кирсе катуу кетчү эле, бу саам кандай аракеттер менен элдин назарына илинет, ыя?

Мелис мырза оппозицияга кайтса…
УТРКнын экс-гендиректору Мелис Эшимканов кайсы бир көзачыкка телефон чалып, баарлашканын уктук. Акыркы кезде жолу болбой, ден соолугу начарлап, абалы оорлошкондо көзачыкка кайрылган кербезиби? Айрым маалыматтарга караганда, Мелис байкебиз "оппозицияга өтсөм, кандай кабылдашат болду экен" деп кыялданган имиш. Бул оомал-төкмөл замандан баарын күтсө болот эмеспи. Анүстүнө бүгүнкү шартта М.Эшимкановду оппозиция жылуу эле кабылдаса керек. Кантсе да "эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт" дейт эмеспи.

Тамакка тойсо да, башкасына тойбогондор бар…
Мурда күнү УТРКда тойчик болуп, андагы шаан-шөкөттө вице-спикер Кубанычбек Исабеков: "тамакка тойсок да, сиздерди, журналисттерди канча көрсөк да тойбойбуз…" деген маанайда таңгалычтуу сүйлөдү. Кызык, Кубанычбек аба УТРКнын эмне жетишкендигине, же кайсы сулуусуна "тойбой" жүрдү экен? Табышмактата сүйлөгөнүнө караганда, би-ир мандем болуп жүрбөсүн, ыя?


Т.Жумагулов Түркия элчилигине ашыктыбы?
КР президентинин астындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын статусу башкаруу реформасынын эпкини менен төмөндөп, төрагасы Ташбоо Жумагулов ээрден шыпырылып түшкөн эле. Анын кайра дайындалбай калганына Галина Куликова өңдүү каршылашынын табасы канып, байма-бай сындаганга жетишкен. Бирок, Ташбоо ага жөн жатпаптыр, жең ичинен катуу аракет жасап, Түркия элчилигине барууга ашыгып атыптыр. Бүгүнкү күндө жарыктык киши Манас-Кыргыз-Түрк университетинен түрк тилин үйрөнүп, Түркиядан агреман күтүп атканын эшиттик. Айрым имиштерге кулак салсак, бул элчилик орундан Адахан Мадумаров "аткез" кылса, а Досбол Нур уулу өзү суранып жатып да "майлуу устуканга" жетпей калыптыр дейт. "Бирөөгө кор, бирөөгө зар" деген ушул да… Ал эми "жаңыланган" мамлекеттик тил департаментинин жетекчилигине Азимжан Ибраимов менен Жедигер Саалаевдин кандидатуралары каралып атканын кабарлашты. "Кара мышык болобу, ак мышык болобу, иши кылып чычкан илсе болду" дегендей, кимиси шайланса да кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлде көтөрүп берсе гана болду. Бирок, бүгүнкү эне тилибиз тебеленгендей абалга жетпедиби, эми көтөрүү кыйынга турат го.

Акылбек бапылдаса, Адахан тапанданып…
Бая күнү "Бээжин" ресторанында белгилүү ырчы Керим Тураповдун элүү жылдык юбилейи өттү. Чакырылган коноктордун бири калбай келип, тим эле алма түшөргө жер жок, аябай тыгылышып отурушту. Той жакшы эле шаңдуу башталганы менен, бирок кыргыздын салты бузулуп, алгач аксакалдар эмес, көк сакалдар сөз сүйлөгөнгө өтсө болобу? "Көмөчтүү бала сүйкүмдүү" демекчи, 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров өкмөттүн жоон топ мүчөлөрүн ээрчитип чыгып, башкы сөздү бапылдаганга жарады. Андан кийин ЖКнын экс-пекс депутаттарына сөз тийип, экс-спикер Адахан Мадумаров: "…зоболобуз көтөрүлүп, башыбыз көккө тийсе да, биз бул жерде отурган 85 жаштагы аксакалыбыз, Кыргыз Эл Батыры Сооронбай Жусуевдин башын аттап, озунуп сүйлөгөнгө акыбыз жок! Эң башкысы, салтты бузбайлы, уруксат берсеңер ушул киши биринчи батасын берип, тойду баштап берсе" деди эле, мындай кепти уккан залдагылар жапырт кол чаап, колдоп кетишти. Сооронбай аксакал жалындуу сөздөрүн айтып, көпчүлүктү кубандырды. Ушул арада Акылбек баштаган өкмөт мүчөлөрү өздөрүн ыңгайсыз сезишип, уят болгондорунан кызарып да кетишти.