Бөктөрмө

Темир Дүйшекеев, КРнын улуттук "Көк бөрү" федерациясынын генералдык катчысы:
"Салымбеков жардам бербесе, көк бөрү көтөрүлмөк эмес"
Көк бөрү - ата-бабаларыбыздан муундан-муунга мурас катары калган ат үстүндөгү улуттук оюндарынын бири. Элибиз эгемендик алган күндөн бери бул оюндун жаңыча өнүгүшүнүн жана эл аралык деңгээлге алып чыгуудагы башатында турган адамдардын бири Темир Дүйшекеев агабыз десек жаңылбайбыз. Оош-кыйыш жагында, оту менен кирип, күлү менен чыгып жүргөнү-жүргөн. Көк бөрү оюнуна тиешелүү ар кыл суроолорду берип, жообун алдык.


-Көк бөрү оюнуна баардык эле ат жарай бербесе керек?
-Аның туура. Оюнга атты тандоодо саяпкер кайсыл ат, кай жерге жөндөмдүү деп баардык жагынан кылдат карашы керек. Мисалы, жекеме-жеке, сүрмө топ коргонууга, улакты тай казанга таштаганга, ар бир оюнчунун өзүнө ылайыктуу аты болуусу абзел. Чабуулдуку - жука, тез чуркаганга - ойноок. Жарым коргоочунуку - калыңыраак жана күлүк. Анткени, ал бир эле учурда атаандашты тайказандан сүрүп салганга жана өнөктөшүнө жол ачып берүүгө жарашы шарт. Коргоочунуку - чоң. Атаандаштын атын тайказанга жолотпой тосуп турат. Жекеме-жекеге жапалдаш, жоон болушу шарт. Себеби, тегерек чийинде улакты эңгенге ылайыктуу. Мына ушунун баарын саяпкер көрө билип, атын көндүрөт. Түйшүктүү жумуш. Айлап-жылдап эмгекти талап кылат.
-Сиз айткан аттарды саяпкер таптап, казактарга сатып ийип атканы тууралуу сөздөрдү угуп жүрөбүз. Учурда казак улакчылардын деңгээли бизден ашып баратат дешип...
- Орто Азия, Россия, же башка өлкөлөрдү алып көрбөйлү, биздин улакчыларга эч кимиси жете беришпейт. Бул жерде бизге чоң атаандаш болгон казак улакчылары. Муну моюнга алуу керек. Бойлору эки метрдей, салмактары 100 килограммдан ашык жигиттерин биздин орто бойлуу 70 килограммдык салмактагы улакчыларга салыштырып болбойт. Бирок, кыргыздар командалык бирдиктүү оюн жагынан күчтүүбүз. Аларды утуп коюп атабыз. Экинчи жагы, казактар биздин аттарды олчойгон баада сатып кетип атышат. Учурунда онго чукул атыбыздын ар бирин он миңден ашуун долларга алышкан жагдайлар болгон. Бул бир четинен саяпкерге кошумча каражат. Мындай баада кыргыз жергесинде сатылмак эмес. Экинчиден, биздин улакчылар сатып ийип куржалак калдык дегенден алысмын. Көрөңгөбүз кур эмес. Ал жагынан терең ойлонуп иш кылуудабыз.
-"Көрөңгөбүз кур эмес, аттар жетиштүү" дедиңиз. Ушундан улам суроо туулат. Ажобуз "көчмөн элдин тукумубуз, үрп-адатты өнүктүрөлү" деди эле. Силерге да тиешелүү жактары бардыр?
-Ооба. Ажобуз бир жыл мурун ушундай өңүттө сүйлөп, жалпы элге кайрылган. Ата-бабабыз көчүп-конуп, тоо шартында жашоо кечирген. Мындай шартта кыргыз эли үчүн ат чоң роль ойногон. Мен ушундан өкмөткө кайрылат элем. Мурун деле кайрыла берип тажадым. Азыр да айтайын, өзүңөр Баткен коогалаңын жакшы билесиңер. Ошондо элүүдөн ашуун атчандардан турган бир эле отряд сакалчандардын акесин окутуп коймок. Анын баарын майдалап айтып отурбайын. Бул маселе бүгүнкү күндө да олуттуу болуп кала бермекчи. Биздин жерге чектеш өлкөлөрдөн сакалчандар өтүп келип, өз билгендерин кылып атышат. Андыктан, чек араларда атчандар отряддарын түзүп. Мейли Баткен, Лейлек болбосун... Жаман айтпай, жакшы жок. Эртең эле мындай көрүнүштөр кайталанып кетсе, ким бизге учурунда кол сунат? Ошол атчандар отрядын бириктирген бир уюм болсо болмок. Илгери ДОСААФ уюму бар эле. Ушуга окшош уюм түзүп, жашы он сегизге келген балдарды, анын ичинен улак тартканга шыгы арткандарын тандап алып, үйрөтүү керек. Курал-жаракка колдонгонго дагы. Ар бир кварталда военкомат аркылуу көк бөрү мелдешин сынак түрүндө салтка айлантып өткөрүп турса жакшы болот эле. Жанагы ажобуз айткан үрп-адатты бүгүнкү шартка байлап, өнүктүрүү жолунун бирден-бири болуп калмак. Эки жылдан кийин ал солдат баардык жагынан такшалып, бир четинен улуттук көк бөрү оюнун өздөштүрүп, экинчиден чегараны коргоого толук мүмкүнчүлүгүн арттырмак.
-Кечиресиз, эки жылдан кийин ал солдат үйүнө кайтып кетет да...
- Анүчүн дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонуу шарт. Мисалы, Россияда чегараны казактар (Есаулдар) кайтарышат. Ошол жерде аттарын кармап, жер иштетип, кийин балдарына өткөрүп берип дегендей. Мына ушу тажрыйбаны биз да колдонсок болот да. Ошол Баткендин кулундарын аскерге бул жерге ташыбай, өз жергесинен чегарачы кылып алып, жерин иштетүүгө, ат берип, курал колдонууга үйрөтсө, жанагы көкбөрүсүн тартып чегарада элине жок дегенде он беш жыл кызмат кылуу менен өз оокатына өзү тың болот эле. Россиялап кетпей. Он беш жылдан кийин баласы чоңоюп, атанын ордун басып, ал чегарачылыкка өтмөк да. Ушул маселени өкмөт ойлонсо, биз мүмкүнчүлүктөргө жараша кол кабыш кылмакпыз.
-Эми көк бөрүгө кайра келип, мелдештеги опурталдуу учурдан кеп салып берсеңиз. Ат астында калып калган улакчылар, же ат кырсыкка учурап калса, айтор, ушул жагынан...
-Кыргызда бир сөз бар: "ат жалын тосот" деген. Улакчылар аттан алыс кетип, аттан жыгылган учурда миңген аты эч убакта тебелебейт. Бир жолу башка бир ат жыгылып түшкөн улакчынын үстүнөн секирип кетем деп, туягы башка тийип кеткен экен...
-Оюнчулардын кийген кийимдери да кызыктуу ээ?
-Бул жабдыктарды экипировка деп коет. Ал тууралуу сын-пикирлер айтылып келет, "эмне үчүн танкисттер баш кийимин колдонушат?" деген сыяктуу. Муну биз талдап көрдүк. Башты коргоодо шлемден өткөн баш кийим жок экени тастыкталды. Жеңил, кулактан өйдө жаап, жаракаттарга тоскоолдук кылып турат. Казактар тебетей кийгени менен кулагы жана моюн жактары ачык болуп атпайбы. Ошондуктан алар көп жаракат алышат. Ал эми буттарга хоккей, футболдукун да колдонуп көрдүк. Булар жарабайт экен. Катуу кагылышууда желим сынып кетип, улакчынын денесин тилип кетет экен. Андыктан, бутка кийиз ороп жүрүшөт.
-Чоң мелдештерде ортого салынган бир улак акырына жетпей калат болуш керек. Андыктан, улакка түспөлдөш буюм колдонсо эмне болот?
-Биз ушу багытта да ойлонуп көрдүк. Улактын өзүн ички жана кээ бир эл аралык мелдештерде тартып жүрөбүз. Ал жагынан бизде проблема жок. Эгер дүйнөлүк деңгээлге чыгарабыз десек, улактын өзүнөн Европа, Америка элдери чочулашы мүмкүн. Андай учурлар болгон. Андыктан, улактын кейпин, үлгүсүн аткара турган муляж сымал желимден бир нерсе керек окшойт. Эгер ушундай үлгү даяр болуп калса, бир четинен чет элдиктерге жайылтуу жана ошол эле учурда улакка караганда бышык болуп, такай машыкканга чоң шарт түзмөк. Бизде желим заводу жок болгондуктан, кошуна казактардын улакчыларына мындай ойду айтканбыз. Азыр жоопту күтүп атабыз.
-Ошол казактар биздин тогуз коргоол улуттук оюнун менчиктештирип алган өңдөнөт. Ушу жагынан көк бөрүнү да менчиктеп кетпейби деген суроо туулат?
-Кетпейт. Себептери бар. Маселен, Болот Шерниязов "Көк бөрү" федерациясынын биринчи президенти катары, оюндун өнүгүшүнө, жайылышына күч-аракетин жумшап, эл аралык федерация түзүлүшүнө, ал федерация казакча "көк пар", өзбекче "купкори улок", тажикче "буз каши" эмес, кыргызча көк бөрү аталып бекиген. Муну кошуна элдер кош колдоп жактырышкан. Анан ушул эле элдер биз иштеп чыккан көк бөрү эрежесинде ойноп келет.
-Көк бөрүнүн өнүгүшүнө дагы кимдер салымын кошуп келет?
-Бул жерде "Дордой" ассоциациясынын генералдык директору Аскар Салымбековду атабай койсок болбойт. Бир эле мисал, биз түптөлүп атканда улуттук каада-салт оюндары үчүн чындап күйгөн демөөрчүлөрдү табуу кыйын болду. Ал учурда күркүрөп турган "Эридан" фирмасынын башчысы Данияр Үсөнов да улуттук оюндар менен иши жоктугун айтты. Ошол эле кездеги шаардын мэри Борис Силаевге барсак, ал айтып атпайбы, "мен көк бөрү үчүн бербей кое албайм. Бирок, өзүңөрдүн улуттагы жарандардан алып көргүлөчү. Бирөө берсе эле мага келгиле" деп. Чынында эле ошондой болду. Анткен менен кыргыз элинин абийирин жаап калган бир адам чыкканы кубандырбай койгон жок. Ал - Аскар Салымбеков болчу. Бул кишиден башка кыргыздардан демөөрчү да чыккан жок. Эгер Аскар Салымбековдун опол тоодой жардамы убагында тийбегенде, Силаевге "айтканың төп келди" деп алдына салбырап барууга аргасыз болмокпуз.
-Оюндун келечеги туурасында кеп кылсаңыз? Дүйнөгө тарай алабы?
-Азия конфедерация президенти ушул жылдын башында кыргыз жергесине келди. Ушуну менен катар шаар четинде көк бөрү оюнун көрсөттүк. Алар абдан суктанышты. Баштарын чайкап, эмоцияга берилип аткандары көрүнүп турду. Оюн бүткөн соң, кээ бир улакчыларга өз жанынан бир канча суммадагы акчаларын көтөрүп чаап, белек катары берип атышты. Бетме-бет стол үстүндө отурганда жүйөлүү кептерине көңүл бурдук. Алгач Азия оюндарына киргизүү жагын жакынкы арада чечип берүүсүн айтты. Анүчүн конфедерация өкүлдөрүнө биздин эл аралык "Көк бөрү" федерациясына кирген мамлекеттер арасындагы эл аралык турнирди көргөзүшүбүз шарт. Менин оюмча, бул биздин колдон келет. Ал эми дүйнөгө көк бөрү оюну тарай алабы деген сурооңо мындай жооп берели. Биздин оюнду америкалыктарга, анын ичинен Техас, Аризона штаттарындагы ковбойлорго көрсөтсөк жакшы болгону турат. Алар менен баарлашып, "Родеосун" биздин балдар көрүп, мөңкүгөн аттарына минип дегендей. Ошол эле учурда көк бөрүнүн жайылтсак. Биздин оюн жагып, алар кызыгып, дүйнө элине жайылтууга жакшы шарт түзүлмөк.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ