Сырмаек

Динара Орозбаева:
"Алмаздын атаандашынын бетин талкаласам..."
Атактуу адамдын жубайы болуунун түйшүгү чоң экени айтпаса дагы белгилүү. Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мырзанын жеңилин жерден, оорун колдон алып, коомчулук алдында жүзүн жаркыратып дегендей. Бүгүн биз ошондой түйшүктү мойнуна алган Динара аттуу айым менен маектеш болуудабыз. Динара - Кыргызстандын желегин океан ары жагында желбиретип жүргөн боксчубуз Алмаз Райымкуловдун келинчеги. Экөө баш кошконуна бир жылдан ашып, Малика-Сандра аттуу кыздуу болушуптур.


-Динара, жолдошуңуз менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
-Алмаз улуу агамдын досу. Мен мектепте окуп жүргөн кезимден бери таанышпыз. Күндө деп айтпайм, кез-кезде көрүп калчумун. Кийин ал Бишкекке кетип, арада 10 жыл көрүшпөй калдык. Ал ортодо мен мектепти, университетти бүттүм, УТРКнын маалымат бөлүмүндө менеджер болуп иштей баштадым... Ошентип 2006-жылы Алмаз бир топ белгилүү болуп калганда, биз андан телефон аркылуу интервью алмай болдук. Интервьюну мен алдым. Ал мени таанып, аябай кубанды. Эртеси түнкү саат бирде телефонум шыңгырап калды. Алсам Алмаз, менин номеримди таап алыптыр. Ошол күндөн баштап күнүнө бир нече жолу чала баштады. Эки жыл телефон, интернет аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Ошол убакытта мен ага аябай көнүп, сезимдер пайда боло баштаганын байкадым. Чынын айсам, бир нече убакыттан кийин анын үнүн укмайынча уктай албай калдым. Ал мага Америкага барып, ал тууралуу репортаж кылуумду сунуш кылды. Мен жетекчиликке айтсам, алар да колдошту. Мелис Асаналиевич өзү колдоо көрсөтүп, документтериме чейин даярдоого жардам берди.
-Үйлөнүү тоюңар кайсыл жакта өттү?
-Мен 2008-жылы июль айында Кошмо штаттарга учуп кеттим. Ошол бойдон мекенге кайткан жокмун. Анткени, Алмаз колумду сурап, 08.08.08де Лас-Вегас шаарында баш коштук. Биринчи бакыт үйүнө барып, анан мечиттен нике кыйдырдык. Ошол эле убакта Кыргызстанда ата-энелерибиз жолугушуп, чоң той өткөрүштү, биз жок эле. Улам-улам телефон аркылуу сүйлөшүп аттык.
-Кыздуу болгон экенсиңер, атын ким койдуңар? Кимиңерге окшош?
-Кызыбыздын атын Малика-Сандра деп койдук. Бул жакта эки ат коюу шарт экен. Ошол себептен, атасы биринчисин кыргыздын аты, экинчисин бул жактагы шартка ылайыктап эки ысым берди. Атасына көбүрөөк окшош, көздөрү гана меники болбосо. Бирок, азыр айтыш кыйын го, төрөлгөнүнө 5 гана ай болду.
-Кыргызстанга канчадан бери келе элексиз? Ата-энени, туугандарды сагындыңызбы?
-Кыргызстандан кеткениме1 жыл 5 ай болду. Ата-энемди аябай сагындым. Телефон аркылуу күндө сүйлөшөбүз, алар небересин интернет аркылуу көрүп турушат. Декабрь айында кичүү сиңдимдин үлпөт тою болот, ошол тойго чакырышкан. Бирок кызым кичине болгондуктан, азырынча эч жакка чыга албайм. Жолдошумдун да иштери көп. Ошентип капа болуп отурам.
-Негизи эле мекенге качан кайтасыздар, же өмүр бою чет өлкөдө калуу планыңар барбы?
-Бул жакта, албетте, өмүр бою калбайбыз. Бирок жолдушумдун ишине байланыштуу дагы бир нече убакыт бул жакта жашайбыз. Кыргызстанга балким, 1-2 жылда барып каларбыз, аны эми убакыт көрсөтөт.
-Өзүңүз эмне иш кыласыз?
-Жаңы келгенде колледжге тапшыргам, азыр бала менен үйдө эле отурам.
-Алмаздын рингде таяк жеп атканын көргөндө сизде кандай сезимдер болот?
-Кээде көрүп калганда рингге чыга калып, атаандашынын бетин талкалагым келет.
-Жолдошуңуздун баардык таймаштарына барасызбы?
-Жок, анын бир да мушташына барган эмесмин. Алмаздын бирөө менен согушуп жатканын көрө албайм. Жадакалса телевизор аркылуу да аягына чейин көрүүгө чыдабайм...
-"Мелдеш алдында спортсмендин ден-соолугуна, күчүнө өзгөчө кам көрүш керек" деп айтышат. Уктаганы менен тамак-ашына чейин кылдаттыкта кам көрүп дегендей. Сиз боксчунун аялы катары Алмаздын мелдешке чыгаар алдында эмне милдет аткарасыз?
-Турнир алдында жолдошум көп сүйлөбөй калат. Анткени, машыгуудан аябай чарчап келет. Мен дагы ашыкча суроолорду бербей, ага керектүү нерсенин баарын камдап турганга аракет кылам. Көз карашынан эле ачка болгонун, суусаганын, эс алгысы келгенин билип калдым. Ошол күндөрү негизги азыгы кайнатылган тамактар менен салат эле болуп калат. Өзүмдү профессионал укалоочу болуп калдым десем да болот. Анткени күнүгө анын далысын, колдорун укалап берүүгө туура келет.
-Негизи атактуу спортчунун аялы болуу кыйын болсо керек?
-Албетте, оор. Ар кандай жагдайларга даяр болуш керек.
-"Боксерлордун жини келгенде көнгөн адаты менен муштуму иштеп кетет" деп коюшат эмеспи. Сиз кыжырына тийгенде, колу тийип кеткен учурлар болбойбу?
-Жо-ок. Кудага шүгүр, андай учур болгон эмес. Боксерлор рингде зөөкүр көрүнгөнү менен үйдө жумшак, мээримдүү адамдар болушат. Өмүрлүк жар катары да аябай камкор. Негизи эле Алмаздын жини оңой менен келбейт. Ага караганда менин жиним чукул. Мен урушуп баштаганда ал чыгып кетип, 10 мүнөттө менин сүйүктүү гүлдөрүмдү көтөрүп келип калат. Ошентип атса жибип, жиниңди жандырбаганга айлаң калбайт (күлүп).
-Таарынышып калганда ким биринчи кечирим сурайт?
-Бири-бирибизге көп таарынбайбыз. Бирок көбүнчө баягы эле мен чукчуңдап кетем. Андай учурда өзүм биринчи жазылам. Ал болсо күлүп, бетимен өпкүлөп калат.
-Кайсы атаандашы менен рингге чыгуу-чыкпоо боюнча сиз менен кеңешеби?
-Жок. Атаандаштарын дайыма өзү чечет. Ал эми башка баардык нерселерди мени менен кеңешет.
-Үйдөн кыргыздын тамактарын жасайсызбы?
-Албетте. Көбүнчө плов, манты, оромо, беш бармак, гүлчөтайды жасайбыз.




Боксчулар дагы "ыйлашат"

Рингде атаандашынын бетин кандап, чоң муштум "зөөкүрлөр" жай турмушта кандай дейсиз? Мындайча айтканда, бир эле назик, алсыз аялзатынан өмүрүндө көрбөгөн катуу соккуну жеп калышы мүмкүнбү? Тилекке каршы, турмушта баардыгы болот тура. Анткени, күйөөсүнүн канчалык атактуу, кадырлуу, күчтүү экенине карабай, коомчулук алдында абийирин төгүп, сындырып койгон аялдар бар. Кеп ушулар жөнүндө...


Майк Тайсон
Майк Тайсон Робин Гивенс аттуу биринчи жубайы менен бир гана жыл жашаган. Бирок, ошол кыска убакыт ичинде Майктын тегерегинен чатак кетпей, катуу стресске кабылган. Бирге жашап жүргөн күндөрдө Майктын "периштедей" келинчеги бир аз жини келсе, дүйнөгө атагы чыккан боксчуну элдин көзүнчө жаакка чапкандан да кайра тарчу эмес. Бул жорук Майкты психологиялык жактан талкалаган. Ал эми 1988-жылы Тайсон авто кырсыктан башына катуу жаракат алган. Айрымдар муну Майк жашоодон тажаганынан өз өмүрүн өзү кыюуну көздөгөн деп айтышат. Гивенстен Тайсон араң кутулуп, экинчи жолу Моника аттуу аялга баш кошкон. Анысы биринчисинен ашып түшкөн. Экөө ажырашып атканда Майк ага келечектеги кирешесинен 6,5 млн. доллар төлөп берүүнү убада кылган. Эгер акча белгиленген убакыттан 1 гана күн кечиксе, сумма 9 миллион долларга чейин өсмөк.

Виталий Кличко
Ал эми украиналык боксер Виталий Кличко жогорудагы кесиптештеринен айырмаланып, өмүрлүк жарынан колдоо таап келет. Жубайы боксчунун айтканын эч качан эки кылбайт. Бирок, күйөөсүнүн акыркы мезгилде саясатка аралашайын деген оюн жактырбайт. Анын айтымында, бул кадам Виталийдин өмүрүнө коркунуч жаратат. Анткени, саясатта баардык маселелер жабык эшик артында чечилип, ыплас нерселер көп болот да. "Ага караганда бокс таптаза кесип, себеп дегенде, ар бир көрүүчү оюндун шартын жакшы билет" дейт. А чемпиондун оюу таптакыр башкача. "Мен бул жерде коорупция, адилетсиздик болуп турганын көрүп билип, сырттан карап тура албайм" деп билдирген чемпион.

Артуро Гатти
Дүйнөнүн мурунку чемпиону Артуро Гатти жай мезгилинде киши колдуу болуп, өмүрү менен кош айтышканы маалым. Болгондо да бал айында. Анын өлүмүнө жубайы Аманданы күнөөлөшкөн. Өзүнүн сумкасынын боосу менен муунтту деп. Суракта аялы ага чейин экөө урушуп кетип, күйөөсүнүн кол көтөргөнүн айткан. Ага чейин да жубайлар көп чатакташып, ажарышканга чейин барышкан. Атургай бир жолкусунда Гаттини аялы "сабап жана зордуктады" деген күнөө менен каматып салган экен. Ошончо чыр-чатактан кийин жубайлар Бразилияга (Артуро ошол жактан каза болгон) экинчи бал айын өткөрүү менен кайрадан элдешип, мамилелерин түздөйлү деген ойдо барышкан болчу.