Ыңгайсыз соболдон соң

Г. Байымбетова, МТИМдин мамлекеттик тил секторунун жетекчиси:
"ТИМде тилге мамиле оңолуп атат"
- Гүлбарчын Байымбетовна, КР тышкы иштер министрлигинде Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам иштеп жатабы?
- Бизде 2008-жылдын январь айынан тартып мамлекеттик тил боюнча сектор ачылган. Ал жерде азыр министрликке тиешелүү расмий документтер мамлекеттик тилге которулуп жатат.
Сиздерге маалым болгондой, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери, ченемдик укуктук актылары жана башка чечимдери мамлекеттик тилде кабыл алынып, КР мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын бул талаптары аткарылып жатат.
- Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин интернет-сайты кыргыз тилиндеби?
- Башында министрликтин веб-сайтына расмий жана англис тилдериндеги маалыматтар жарыяланчу. Кийин кыргызча бөлүгү толук иштей баштады. Которуу иштерин жүргүзүү үчүн министрликке атайын штаттык бирдик бөлүнгөн. Ушул күндө чет жерлердеги жайгашкан элчиликтердин веб-сайттарындагы маалыматтарды да кыргыз тилине которуу аракети көрүлүүдө.
-Тышкы иштер министрлигинде иштеген дипломаттар кыргыз тилине караганда башка тилдерди жакшы билишет деген сөздөр айтылып келет?
- Тышкы иштер министрлигинде иштеген кызматкерлер бир эмес, бери дегенде, эки чет тилин билүүгө тийиш. Мамлекеттик тилди мыкты билген дипломаттар да арбын. Ал эми шаарда, чет мамлекетте окуп кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбей калган жаш дипломаттар үчүн ТИМдин имаратында атайын сабактар уюштурулган. Келечекте Мамлекеттик тил комиссиясы менен бирдикте курстардын жыйынтыгын чыгаруу, кызматкерлердин билим деңгээлин көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү планга коюлду. Андан тышкары, кызматтык компьютерлерге кыргыз шрифти киргизилген.
-Иш-кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлөбү?
-Жакындан бери иш кагаздар толугу менен кыргыз тилине өтө баштады. Министрликтин кызматкерлери чет мамлекеттердин элчиликтерине, эл аралык уюмдарга жөнөтүлгөн нота, куттуктоо, ыраазычылык каттар, жолдомолорду мамлекеттик тилде жазып, тариздөөнү колго алышты.
Министрликте мамлекеттик тилде иш алып баруунун ролун жогорулатуу, тилди өнүктүрүү программасынын алкагында максатка ылайыктуу иш алып баруу үчүн келерки жылдарга пландар түзүлүүдө.
Тышкы саясый ведомствонун кызматкерлеринин мамлекеттик тилде иш алып баруусунда көмөк болуучу терминдер сөздүгү үчүн терминдер, аталыштар жыйналып, Кыргыз терминкомунун кароосуна коюлган. Буюрса, бул сөздүк жакынкы убакытта кыргыз дипломаттары тарабынан кеңири пайдаланыла баштайт. Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Кыргыз Республикасынын чет жерлердеги элчиликтери менен башкы консулдуктары да иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрө башташты. Чет жерлердеги дипломаттардын негизги бөлүгү кыргыз тилин жакшы билишкенинен, иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзө алышат.
К.Тайчабар





Абак кызматкерлери камакка алынды
Оштогу 5-СИЗОнун кызматкерлери камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Эскерте кетсек, 5-СИЗОдон үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында өмүр бою абакка жатууга тийиш болгон үч адам качып кеткен. Башпрокуратура ошол эле күнү СИЗО кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогон.


"Түнөк" фестивалды багындырды
Азербайжан өлкөсүнүн борбору Баку шаарында "Старт" аттуу кино фестиваль аяктады. Сынак мүчөлөрү бир добуштан "Түнөк" даректүү тасмасын жеңүүчү деп табышты. Фильмдин режиссеру, биздин жердешибиз Алижан Насиров. Тасмада тоо койнунда карышкыр жана топоздор менен коюн-колтук алып жашаган бир үйбүлө чагылдырылган.


Президент алтын медалдуу болду
Курманбек Бакиев алтын медалга татыды. Ажого бул сыйлыкты "Түрк тилдүү мамлекеттерди колдоо фондусу" тапшырды. Аталган фонд жетекчиси Нурсед Мамедов мамлекет башчысынын түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн кошкон салымы зор экенин айтты. К. Бакиев дагы өз ишмердүүлүлүгү минтип жогору бааланганына ыраазы экенин билдирди. Айтмакчы медалга Гейдар Алиевдин сүрөтү түшүрүлүп, алтындан жасалган. Мындай төш белгини убагында Ч. Айтматов алган болчу.


Майыптар сыйлык
алышты
Бүгүн эл аралык майыптар күнү. Өкмөттүн жарлыгы менен 3-ноябрдан 3-декабрга чейин кайрымдуулук айы жарыяланган. Кечээ президенттин жарлыгы менен азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси К.Мамбетакунов үчүнчү баскычтагы "Манас" ордени менен сыйланды. Ошону менен катар аталган коомдун мүчөлөрү К.Бегимбаев, К.Дайыров, Ж.Жамалова, А.Кудайкулова, Ж.Үсөнова жана Ж.Мирзалиевге ардак грамоталар берилди. Учурда өлкөбүздө 112 миңге чукул ар кандай баскычтагы мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жашайт. Алардын 18 миңи балакатка жете электер.


Бизге жетпесе болду
Тажик мигранттары үйбүлөлүк очок бузуунун жаңы ыкмасын табышты. Алар акыркы кезде жубайлары менен СМС аркылуу ажырашып жатат. 25 жаштагы Азиза Кобилова да Россияда жүргөн жолдошу менен ушунун айынан ажырашкан. Күйөөсү ага "талак" деп жазылган СМС жиберген. Сунни мусулмандарынын салтында ажырашуу үчүн ушул сөз жетиштүү.


Жаштар мугалим болгусу келбейт
Бүгүнкү күндө 30% гана дипломдуу адистер мугалимдикти тандап алат. Бул тууралуу кечээ Бишкек шаардык кеңеши өткөргөн жыйында айкын болду. Алардын айтымында, 2008-2009-жылдары Бишкектеги мектептерге жиберилген 186 ЖОЖ бүтүрүүчүсүнүн 100ү гана мектепте иштеп жатат.


Ошто жаштар тынч эмес
Ош облусуна тиешелүү бир катар саясый партиялардын жаш мүчөлөрү, жаштар уюмдарынын активисттери Ош шаардык дене-тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин жетекчиси Замир Аскаровду кызматтан кетирүү боюнча Ош мэрине кайрылуу жолдошту. Кайрылууда З. Аскаров алты жылдан бери жаштар үчүн алгылыктуу эмгек кылбаганы жазылган. Бул кайрылууга "Акжол", "Ата Мекен", "Жаңы Кыргызстан" партияларынын 56дай жаш мүчөлөрү кол койгон.




  Соболчак

Электр кубатынын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу айрым пенсионерлерге, бюджеттик кызматкерлерге, майыптарга төлөм каралмай болду. Ал акча кем-карчты бүтөөгө жетеби?

Марс Сариев, саясат таануучу:
- Тариф жогорулайт дегенден бери нааразычылык күчөдү. Мамлекет бөлгөн каражат баарына жетпейт. Элдин социалдык абалы да буга туруштук бере албайт. Бирок, өкмөт тарифке байланыштуу баштапкы чечимин өзгөртүшү мүмкүн. Вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова "экинчи жолу кымбаттоо болбойт" деп бекер айткан жок го.

Кубат Осмонбетов, ардагер геолог:
- Эмдиги жылы кыймылсыз мүлккө салык алабыз дешүүдө. Ага кошул-ташыл жылуулук менен электр энергиясы кымбаттаса, байкуш пенсионерлерге убал болот. Жеңилдик баарына эле берилбейт да. Менин оюмча, өкмөт бааны чактап көтөрүп, жардамга каралган акчаны электр тармагына жумшаса утмак.

Жангороз Каниметов, ЖК депутаты:
- Өкмөт бул кадамга аргасыз барды. Электр жабдуулары эскирди, дүйнөдө жылуулук баасы өсүп жатат. Бирок, азыркы тариф саясаты менен социалдык абал шайкеш келбей калды. Ушу күндө байларга караганда, чөнтөгү жукалар басымдуу. Ал эске алынган жок. Эми жардам иретинде компенсация берилет дечи. Бирок муктаждыкты канааттандырбасы белгилүү.

Бекташ Шамшиев, экономист:
- Азыр кризис күчүндө. Жашоо болсо оор. Муну өкмөт жакшы билет. Ошого карабай, тарифти көтөрүүгө билек түрө киришти. Буга эл күн мурунтан даяр болбогондуктан, кыжырлангандар арбын. Аз айлык, пенсия алгандарга компенсация каралды дешти. Ал деле абалды жеңилдетпейт го.

Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
- Тариф көтөрүлсө электр тармагы оңдолот деген болбогон сөз. Мындай нерсени жасаш үчүн чоң акыл жумшап, техника саясатын туура жүргүзүү керек.



Собол узаткан Санжи Туйтунова