Чолпон айымдын албууту, буркан-шарканы...
Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекова Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн "Кош жылдыз" долбооруна катышып, биринчи турда ортозаар ырдап, калыстар канча көтөрмөлөсө да, жакшы баага ээ боло албаганына ызаланып, "мен экинчи турга катышпайм, менин талантымды татыктуу баалашкан жок" деп буркулдаган экен. "Таарынсаң Таласка бар" деп теленин жетекчилери көңүл бурбай коюшса, айласы кеткен Баекова кайра өзү телефон чалып, "мени эмнеге экинчи турга чакырбайсыңар? Мен ырдайм!" деп эсти оодарган эле.
Эми кече, Жогорку Кеңештин 70 жылдык юбилейинин салтанаттуу концертин даярдоо учурунда да ушундай кызык окуя болду. "Мени концерттик программага кошосуңар, мен ырдайм" деп чыкты. Айласы алты кеткен Көкүйдүн уюштуруучулары "макул" деп программага кошуп коюшса, жогор жактан "бу 70 жылдык юбилей силерге эмне, үйлөнүү үлпөтү беле (?), көрүнгөн ырдай бергидей, бу расмий иш-чара, профессионалдуу гана ырчылар ырдаш керек" деп Баекованы чийип салышат. Аны уккан Чолпон айым буркан-шаркан түшүп, албууттанат. "Эгер мени концерттик программага кошуп ырдатпасаңар, мен силердин майрамыңарга барбайм!" деп. "Уялбагандан өзүң уял" дегендей акыры ага да көнүүгө аргасыз болушат.

"Наполеончик" "Каттаниге" "тиш салдыбы"?
"Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси, Өмүрбек Текебаевдин оң колу, Темир Сариевге тең тайлашкан саясатчы, "Наполеончик" жарлыгы бар Алмамбет Шыкмаматовду ким билбесин? Өзгөчө өткөн президенттик шайлоодон кийин кыргыз коомчулугуна катуу таанылган. Бу жигитке бийлик депутаттык мандат, анан УТРК менен 5-каналдан эркин микрофон бербей кууратып келет, кокус элге үнү толук кандуу жетсе, далайын кыйратмак. Дайыма чоң саясатчынын жанында жүрүп, өмүрү, шык-дарамети анын көлөкөсүндө калып, "арманда кетти бир аккуу" дегендей эле сыздабасак болду. Дегенибиз, Алмамбет баатырда кайрат, анан катуу сүр дагы бар да. Кабагына кар жааса каптап кирген жоодой эле капсалаң салышы ыктымал. Анан кечээ "Наполеончиктин" маанайы өзгөрүп, кадимки Өмүрбек Суваналиевге бир тийди. "Каттанини" мактап эле жазасыңар, кыйын болсо бизге окшоп чыкпайбы! Үйүнөн эле стойкага туруп, курдымактана бербей!.." деп ачууланды. Кыжыры кайнап. "Комиссар Каттаниге" оңой менен саясатчылар "тиш салчу" эмес эле. Бу "Наполеончиктин" бир билгени бар го. Баса, жыл башында Темикени да бир ирет "каап" өткөн... Эми болсо Ө.Текебаевдин ордуна Европага аттанганы туру, "чоң жыйынга катышам" деп дүүлүгүп...

Улукенин духун би-ир көрөлүчү...
Биз "акжолчу" Улукбек Ормоновду эки-үч ирет сындап койгонбуз. Анын ишмердиги, кылган жорук-жосундары боюнча гана. Катуу деле кеткен эмеспиз. ММК мыйзамдарына ылайык, чектен деле чыкпаганыбызды окурман журтчулугу билсе керек. Мындай миссиябызга Улуке улуп-уңшугандай түр көрсөтүп, ормон опуза сымал опурулуп, бизге катуу ачуусу келип атыптыр. Айрым аттуу-баштуу адамдарга да арызданып, бир топ сөздөрдү айтканын эшиттик. Кызык, саясатчы деген ырааттуу сынды көтөрүш керек да, же журналисттер менен жоолашып, акыйнек айтышабы? Айтор, түшүнбөдүк. Эгер чын эле ушунакай эр болсо, анда кийинки саныбызда "супер ыңгайсыз" суроолорубузду берели дедик. Макала жазсак ай-асмандан түйүлөт экен. Кызырыңдап, чычалап. Мындай шартта суроолорубузга эле жооп берип алсынчы, эгер духу жетсе!..

Д.Молдошева жер басып алганбы?
"Акжолчу" депутат Динара Молдошеванын үстүнөн арыздар түштү. Жер чатагы боюнча. Арыз ээлеринин айтымында, Динара айым депутаттык мандатынын күчү менен үстөмдүк жасап аткан имиш. Бул боюнча узу-ун материалды иликтеп, эмки саныбызда жарыяламакчыбыз. Д.Молдошева жер басып алдыбы, же?..

Бакыт аке жөнүндө дагы бир сөз
Бая күнү айтылуу Үсөн аке Сыдыковдун баласы, "Манас" аэропортунун президенти Бакыт Сыдыковду катуу сабап, анан тоноп кетишпеди беле. Анын бетин эч кимге салгылык кылбасын, байкушту жаман эле кылышыптыр, оң жаагын эки жерден, сол жаагын бир жерден, анан баш сөөгүн да сындыра чааптыр. Бу жигитти кандай күч менен муштаганын билбейсиң, ушунчалык да катуу талкалайбы? Мындай кырсыктан кийин Бакыт Сыдыковду Австриядагы бизнес-өнөктөш достору, айтылуу Толстуновдор дарыланганы Австрияга чакырышыптыр. Бакыт ошоякка учуп кетти. Кызыгы, "өзүм жалгыз учам" деп самолет заказ кылган экен, анан авиабизнесмендер "Сессна" деген самолетту бир миллион 750 миң сомго, а "Челленджер" самолетун үч миллион 740 миңге сунушташыптыр. Бакыттын даремети бар да, "Челленджерди" тандап алып, жалгыз учуп кетиптир дейт. Эми кайтканда кадимки эле рейстеги учактар менен келет го, кыязы. Анан биз ойлоп калдык, бизде деле миллионерлер бар турбайбы деп. Ушуну адал эмгек менен тапты бекен?


Кайкалап эле баратат, кайкалап эле баратат...
Тажикан Калимбетова кызматынан көтөрүлүп, вице-пермьер-министр болгондон бери кыялы тез өзгөрүп, кайкалап асманды карагандай образданып, таза кызык маанай жаратууда. Кабинетинин кабыл алуу бөлмөсүндө мурда болуп көрбөгөндөй кезек пайда болуп, Тажикан айымга кире албай жүргөндөрдөн баш айланат. Кызыгы, мурун министр кезинде парламентке бүжүрөп келип жүргөнүн тез унутканын кара. Баса, саламаттыкты сактоо министрлигинин бир чогулушунда: "депутаттарды тартипке чакырыш керек!" деп айкырат имиш. Айла жоктон күлөсүң да, "адам баласы жылкы мүнөз" деген ушу беле? Өмүрү Акүйдүн 7-кабатында түбөлүк өтчүдөй көкөлөйт да, жарыктык эже...

Ч.Айтматовдун ашы Шекерде
12-декабрда залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ашы өтөт. Туулуп-өскөн Шекер айылында. Кыргыздын мен мыкты деген аттуу-баштуулары чакырылса керек. Маркумдун сөөгү агарса болду.

Балыкчы - Бишкек жолунда...
Кечээ Алмазбек Атамбаев "армиясы" менен Балыкчыда өтө турган сотко барган. Жаза басып сот болбой калды. Же атайын кылыштыбы? Анысын ким билди, айтор, бүгүн таң эрте Алмаз мырза кайрадан Балыкчыга жөнөп кетти. Сотко катышууга. Биздин билишибизге караганда, СДПК лидерин көлдүктөр жылуу маанайда кабылдап атышыптыр. Өз баласындай көрүшүп...


Өмүкенин
колу-буту иштебей калып...
Мурда күнү Өмүрбек Текебаев өзүн жакшы сезбей, догдурга бара калса, а жердегилер абалын текшерип, анан аркасына ийне сайып киришет. Бир маалда Өмүкенин колу-буту иштебей калып, таза эле жатып калат. Ошол замат оорукана дүң болуп, ызы-чуу башталып кетиптир. Анан араңдан-зорго кайрадан догдурлар дарылашып, Ө.Текебаевдин колу-бутун иштетишиптир. Айтор, Өмүкени бир Кудай сактаптыр!


И.Карамушкинадан этият болгула!
Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина кыргыз тилине, кыргыз гимнине, дегеле кыргыздын жакшы нерселерине каршы чыга бергенинен акыркы айларда кесиптештери ур-токмокко алып, айласын алты кетирип жатышкан. Муну сырттан байкап турушкан Орусиянын элчилигиндеги атайын кызматтын өкүлдөрү козголушуп, акыры Ираны өз канаттарына калкалап, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтө баштаган имиш. Өзүбүздүн кызыбызды жергиликтүү улутчулдарга жем кылбайбыз кыязында. Эми К.Исабеков этият болбосо, баягыдай "оозуңду эмес, тиягыңды жап" деп айталбай калды го. Баары бир кыкеңдердин укуругу кыска эмеспи.