![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Тукебиз "халалча" той өткөздү Өткөн жума күнү акыйкатчы Турсунбек Акун уулун үйлөндүрүп, чоң той берди. Тойго оппозициясы да, бийлик өкүлдөрү да чакырылып, абдан шаан-шөкөткө батышты. Эң кызыгы, Тукебиздин халал той кылууга жан үрөгөнү, арак-шарап берүүгө тыюу салганы, албетте, кубандырат. Бирок, арак-шарапсыз тойдо отурбаган депутаттар, чиновниктер ээ берчү беле? Тымызын "ачуу сууга" заказ беришип, чайнек, бакалашкалар менен аракты өлө эле ичишти. Жыйынтыгында халал той болбой калды. Биздин элита мындай "кыйноого" чыдабаса керек. Ал эми Т.Акундун аракетине, жакшы ниетине баа берели. Анык ажы ушундай үлгү көрсөтпөсө, анан ким бизге тазалыктын нурун чачат эле? Б.Наргозуев аэропортко конобу, же фракция башынабы?.. "Акжолдун" көкжал депутаты бар. Бегалы Наргозуев деген. "Кош жылдыз" теледолбооруна бу жигит катышып, бирок аягына жетпей "аткез" берип, жылдызы анча жаркырабай калган болчу. Кудай бир жагынан бербесе, бир өңүтүнөн береби? Дегенибиз, аз күндөн кийин Бегалы мырзанын жылдызы жана тургандай кептер угула баштады. Анын эл аралык "Манас" аэропортуна президент болору боюнча айың кептер күчөп, атургай аэропорттун кызматкерлери ич ара уу-дууга түшүп, кызык маанай жаралып атыптыр. Мындай шартта ооруканада жаткан Бакыт Сыдыковдун орду жаңы аткаминер менен алмашылабы?.. Дагы бир жагдай, ушул эле маалда Б.Наргозуевди "Акжол" фракциясынын лидерлигине шайланат деген кептер чыгып, мындай кадамды көпчүлүк депутаттар каалап атканын да эшиттик. Айтор, маңдайына кайсы жагы жазылып турганын жакында көрө жатмакчыбыз. Э.Акрамовдон кыйындар өткөн, сыйлыксыз эле… "Акжолчу" депутат Эрнест Акрамов "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине ээ болуу менен "КРнын Баатыры" даражасына арзыды. Бул эң жогорку сыйлык. Эскерте кетсек, мурда Э.Акрамов Жогорку Кеңештен бул наамга көрсөтүлүп, бирок, ошол эле "акжолчу" бир топ депутаттардын колдоосуна ээ болгон эмес. Анан күтүүсүздөн бийик даражалуу болуп чыга келди. Түшүнбөй калдык. Балким жең ичинен катуу эмгек сиңирген окшойт өлкөгө… А салыштырмалуу жактан алганда, кыргыздын Э.Акрамовдон кыйын тыңчыкмалары мынчалык сыйлык-даражага жетпей эле дүйнөдөн өтпөдү беле? Оомал-төкмөл заманың ушул беле? А.Жекшенкуловдун соту бүгүн улантылат Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун соту бүгүн кайрадан улантылат. Баягы эле Биринчи Май райондук сот залында. Саат 14.00 дө башталат. Буга чейинкисинен кабар алдык, Аликбек мырзага эч кандай күнөө кое алышпаптыр. Ушуну менен акталып кетүү жолундабы? Бул жагына эл аралык коомчулук да, карапайым калк да ынтызар болгондой. Негедир сот адилеттиги созулуп бараткандай... А кыргыз уй боор болот тура. Жамандык башка түшкөндө А.Жекшенкуловго жакын санаалаштары арка-жөлөк болуп, дем берип келатышат. Кыскасы, үй камагында отурган Алике ушу күндөрү абдан зеригип атса керек. Эски күндөрдүн оош-кыйышын эстеп, ошого катар келечекке саресеп салып… М.Эшимкановдун бөйрөгү аткез" бердиби? Ушу тапта УТРКнын экс-деректири Мелис Эшимканов ооруканада. Достору кабатырлануу менен билдирди: Мелис мырзанын кан басымы жогорулап, бөйрөгү катуу ооруп атканы боюнча. Ден-соолугуна байланыштуу уулунун сүннөт тоюн да бералбай, улам ары жылдырып, абалы оорлошуп атканын уктук. Эскерте кетсек, буга чейин да М.Эшимканов бөйрөк оорусу менен бир канча ирет дарыланган. Айрым бакан ооздордун айтымында, бу саам анын оорусу катуу имиш. Мындайда бөйрөгү "аткез" бердиби (?) деп кооптоносуң… "Биринчи байлык ден-соолук" дейт эмеспи, айыгып кетсин демекчибиз. Депутаттарды "кыйраткан" Абыт Ибраимов Экс-идиолог Осмонакун Ибраимовдун агасы бар, Абыт Ибраимов деген. Өзү окумуштуу, кезинде легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Абыт акенин бетке чабарлыгы, таамай сүйлөгөнү бизге белгилүү... Өткөн жума соңунда Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына арналган жыйын филармонияда өтүп, ага азыркы депутаттар, экс-депутаттар, о.э. чиновниктер катышышты. Ушул жерден бир хохманы айта кетпесек, сөз атасы өлчүдөй. "Акжолдун" анабашчыларынын бири салттуу миссиясын аткарууга чыгып атпайбы, ал жарыктык кишини көргөн Абыт Ибраимов: "ой, могу дабдыр го, дабдыр го, ыя! Шымын үтүктөп албайбы, төшөктөн жаңы эле тура келгендей болбой! Биринчи көрүшүм муну…" деп чаңкасынан кетсе болобу? Аны уккан айланасындагы депутаттар быкшып күлүшүп, боорлору эзилип отурушту. Бирок, А.Ибраимов анысы менен эле токтоп калган жок. Вице-спикер Чолпон Баекова менен Ибрагим Жунусовго ушундай таамай сөз айтты дейсиң, отургандар кыйрап эле калышты. Күлкүлөрүн араң тыйышып. Эми андай сөздү жазууга колуң барбайт. Кокус Ибрагим мырза ал сөздү угуп калса, ачуу чаңырып ийиши мүмкүн. Кыскасы, ушул күндөрү "акжолчулар" Абыт акенин айткандарын аңыз кылышып, түгөтө албай дагы эле быкшып күлүп жүрүшөт. А.Турсунбаев жаңы такка отурабы? Ажо Курманбек Бакиевдин көздөй жакын кишиси, ЖКнын вице-спикери Азиз Турсунбаевдин ташы өйдө кулаганы туру дейт. Депутаттар арасында күбүр-шыбыр кеп чыгып, жыл жыйынтыгы менен ЖКнын спикерлигине көтөрүлөт экен дешип, айтор, Азиз мырзаны эле айлангандар көбөйүптүр. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дейт. Анын сыңарындай, А.Турсунбаев спикер А.Тагаевди эңип түшүп, жаңы жыл менен жаңы такка отурабы? Б.Бешимов арызын жазабы, же… СДПК фракциясынын экс-жетекчиси Бакыт Бешимов Америкага кеткени коомчулукка белгилүү (сылык түрдө айтканда). Тагдырдын буйругу экен. Болор иш болду. Эми бияктагы фракция ишмердигине кыянаттык кылбай, мандатын тапшыруу боюнча арызын жазып койбойбу? Же бул жакта дагы оюн жатабы? Эгерде Бакыт Жолчубекович кийинки жумага чейин мандатын тапшыруу миссиясын жасабаса, анда ушул боюнча атайын макала чыгарабыз. "Өзүң кылган иш, өз башыңа муш" дейт. Б.Бешимов дагы бирдемени каалап атабы? Айтор, депутаттык креслосун сылык төрдө эле өткөзсө дейсиң… Элмурза аке Акүйдөн 7-кабатында… 23-ноябрда прокуратура системасынын 85 жылдык мааракеси күтүүсүз кадам менен коштолду. Ажо Курманбек Бакиев бул жыйында куттуктоо сөз сүйлөп, ошого катар Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевди КР президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчи кылып дайындады. Мындайча айтканда, жалпы күч структурасын көзөмөлдөй турган органдын жетекчилигине. Албетте, Элмурза акенин ак кызматы өзүнүн баасын алып, чоң ишенимди жаратты. Мындан ары Акүйдүн 7-кабатында отурат. Айтмакчы, кыргызда жаңы журтка арча түтөтчү беле?.. Ал эми ошол салтанаттуу жыйында Э.Сатыбалдиев толкунданганын жашыра албай кубанып, өмүрүндөгү бакыттын бир ирмемин артка калтыргандай болду. Адилеттикти айтыш керек, экс-Башпрокурор бул системаны ар тараптан оңдоп, көтөрүп койгон болчу. Эми анын ордун Нурлан Турсункулов ээледи. Бозүйдө тезек жагышат "Медиа-форум" имаратынын жанында тигилген кийиз үйдөгү аксакалдар кечээ чогулуп, жыйын өткөрүштү. Негизги маселе: Дөөлөтбек Шадыбеков баштаган аксакалдар кеңеши свет, жылуулукка болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө карата нааразчылык акцияларын өткөрүүгө даярданышууда. Жер-жерлерде бозүй тигип, кышы менен тезек жакмай болушту. Ислам аке түн түшүрөбү?.. Президент Ислам Каримов Өзбекстан 1-декабрдан тарта Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык алкагынан чыга тургандыгын жар салды. Мурдатан айтылып келген бул кадам ириде Кыргызстан менен Тажикстандан болгон суу-энергетикалык көзкарандылыктан чыгуу үчүн жасалып отурат. Мындай кадамга барардан мурун өзбектер Ташкен тараптагы Жаңы-Ангрен ТЭЦинен Фергана өрөөнүнө, Сурхандарыя облусуна жаңы ЛЭПтерди курууга жетишкендигин, ошону менен Кыргызстандан электр энергиясын алчу Фергана өрөөнү менен тажиктерден электр энергия алчу Сурхандарыя облусунун маселелери бир жаңсыл болуп, өзбек туугандар союздук айлампадан чыгууга бел байлап отурганын айтуубуз керек. Ал эми кыргыздын энергиясын бөлүштүрүүчү (союздук) рубилник Анжиянда экенин эске алсак, Токтогул ГЭСинин тогун Ошко өткөргөнү үчүн ошиналарымыз транзит акы талап кылуусу толук мүмкүн. Жазгы сугат маселесинде ийкемдик көрсөтпөсөк, электр энергиябыздын өзбек территориясы аркылуу Ош облусуна транзиттөө жабылса, өзбектердин кымбат энергиясын Ошко импорттоого мажбур болушубуз да ажеп эмес. Мындай шартта кошул-ташыл энергетикалык кризис Кыргызстандын Түштүгүнө түн түшүрүп, айлабызды курутпагай эле...
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||