Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Кабылан сүр!

А.Атамбаев ыңгайсыз суроолорго жооп берди
БЭКтин төрагасы, СДПК партиясынын лидери, экс-премьер-министр, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин таскагы соңку мезгилде катуулады. Өзгөчө электр энергия, жылуулукка болгон баанын кескин көтөрүлүп кетишине Алмаз мырза катуу каршы чыгып, мындай аракеттер менен эл эзиле турганын жашырбады. Өткөн жумада парламентте бул боюнча СДПКнын жыйыны өтүп, ага партиянын төрагасы А.Атамбаев да катышып, калкты кыйнаган мындай саясатка ачуу сын пикирин айтты (бул боюнча 6-7-беттен окусаңыздар болот).
Мындан сырткары, оппозиция лидери Балыкчыдан камалган 19 адамдын үйбүлөсүнө үч-төрт айдан бери азык-түлүк жагынан каралашып келүүдө, о.э. кышка карата ар бир үйбүлөгө көмүр түшүртүп берди. А.Атамбаевдин мындай кадамына көлдүк туугандар ыраазы болуу менен алкап атышат. Элди ойлогон эрендер бийликте отурбаса да, жабыркап турган калкка минтип жардам берсе, кантип ичиң жылыбайт? Дегеле башынан эле Алмаз мырза жабыркагандарды канатына калкалап, жарыгын чачып келгени көпчүлүккө маалым. Өзү кыйналып турса да, өзгө үчүн жанын аябаган жайы бар.
Бүгүн жалпы калктын башына кыйын иш түшүп турат. Электр энергия, жылуулук, азык-түлүк жана күйүүчү май кымбаттап, татаал замандын босогосуна келип такалдык. "Эми эмне кылыш керек?" деген суроо ар бир адамдын көкүрөгүндө жана баштады. Мындай шартта эл жүгүн көтөрчү эрендер жол баштап чыгып, элге сөзүн айтчу эле. Калк тараза эмеспи, татыктууну тандап, баасын берет. Дал ушул ыңгайдан пайдаланып, биз Алмаз Атамбаев менен бүгүнкү саясый, социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү камтуу менен, ошого катар оппозициянын кийинки абалынан жеке өзүнүн айланасындагы ыңгайсыз суроолордон бери кеңири кеп козгоп, кызыктуу маек курдук. Негизинен маегибиз курч маанайда болду. Окуган да, окубаган да арманда… Кыскасы, оппозициянын астыда боло турган "толкундуу" жүрүштөрүнөн бери сөз чыгардык. Көрсө, оппозиция өлбөптүр, пенсияга да кетпеш керек экен. Кызыктын баары алдыда, жакынкы күндөрдө башталат тура. Эмесе, кийинки саныбыздан кызык маекти күтүп алгыла!
Асланбек САРТБАЕВ




  Саресеп сай!

"Феодалдык диалекти..."
Сентябрдын башында президент К.Бакиев реформа баштайм деп жар салгандан бери, өлкө башчысынан адилеттүүлүктү, калыстыкты күтүп, Кыргызстанды көп жылдан бери курутуп келе жаткан коррупционерлерге карата чаралар көрүлөрүнөн үмүт этип отурган көпчүлүк, акыркы эки айдагы реформалык жүрүштөрдөн улам ындыны өчүп, тилектери таш капкандай абалга кептелгени байкалат.
"Каждый народ заслуживает своего правителя" демекчи, бийлигин шайлай албай, тентегин тескей албай, акыркы шайлоолордон кийин дармансыз, "арсыз", ынтымагы да жоктугунун сыры ачылып, колунан эч нерсе келбеси кашкайганда, бийлик астында элдин жетимсирегендей эле кейипке түшкөнүн көргөндөйбүз. Андыктан, мамкызмат тууралуу мыйзамга шек кетип, баласын кол алдына түз баш ийген кызматка коюп, 7-кабатка ЦАРИИге отургузганда, коомчулукта: "мейли эми, Максим жабык башкарганча ачык башкарсын, кайра жоопкерчилиги өз мойнунда болот, иши кылып иштеп берсе болбодубу, иштейин деп эле чыкты, айткандарын жасаса, президент болсо да мейли" деп, мындан башка айлабыз жок экенин жон терибиз менен сезип, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, үйбүлөнүн бул "зордугуна" деле көнүүгө аргасыз экенибиз билинген.
"Анан мыйзам бузуулар боюнча" деп бир ууч оппозиция өкүлдөрү каршы ойлорун айтышып, "Ата Мекен" партиясы Конституциялык сотко арыз менен кайрылды, коомчулук колдоо көрсөтүп, нааразычылык билдиргенге жараган да жок, ашканаларда бийликти жамандап, жерге түкүрүү менен чектелди.
Реформанын багыты да "өзүм билемдикке" толук көз каранды болуп, алгачкы долбоордогу максаттардан күндөн-күнгө алыстап, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, бийлик башындагы бир ууч топтун, анан "жаңы кожоюндун" кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткандай туюлат.
Айрыкча, электр энергиясына болгон баалардын ай-асманга көтөрүлүшү элдин жонунан кайыш тилип алганга тете эле иш болду деп бааланууда. Электр энергиясынын баасы эки эседен аша кымбаттаса, ысык суу, жылуулуктардын баасынын он эсеге чейин кымбаттоосу күтүлүүдө. Орустардын "Независимая газета" басылмасы эсептеп чыгып, бул кымбаттоолордон улам бир айлык коммуналдык төлөмдөр 1 бөлмөлүү квартирага -120 АКШ долларына, 2 бөлмөлүү квартира - 170 АКШ долларына, 3 бөлмөлүү квартира - 220 АКШ долларына барабар болорун жарыялады. Мындай бааны орточо айлыктары 100-150 доллардан ашпаган Бишкек шаарынын тургундары чындыгында эле көтөрө албасын айткан.
Айрым аналитиктердин баамында, чоңдордун орточо бааны чыгарууга кылган "көзбоёмочулук" далалаттарында ТЭЦтин электринин баасын үч сомдон ашыра айтып эсептөөсү туура эмес, ал жактан кошо өндүрүлгөн ысык суу, жылуулуктан түшкөн кирешени эсепке алганда ТЭЦтин электринин баасы 0,8 сомдун тегерегин түзөт дейт. Ал эми Токтогул ГЭСинин электринин баасы 0,05 сом, башка ГЭСтердики андан жогорураак, орточо баасы он беш тыйын, ошондо ГЭС өндүргөн 11.6 млрд кВт.ч. менен ТЭЦтин 2.9 млрд кВт.ч. электр энергиясынын орточо баасы 0,20 сом, транзиттик төлөмдөрдү кошкондо 0,46 сомду түзөт дешүүдө. Анан бул кымбаттоолор карапайым элге гана жүктөлүп, "эноргобарондор" аталып келген энергосектордогу коррупциянын кылы кыйшайбаганы, ал тургай ошолордун чырагына май тамызгандай болуп жатканы эмнени түшүндүрөт?
Кылычын алып кыш келе жатканда, элдин үрөйүн учурган мындай кымбаттоо жанга батып, ар кай жерлерден нааразычылыктар да пайда боло баштады. Көлмө конушунун тургундары пенсионерлер менен жол тосууга чыгышып, жаштар Акүйгө пикетке барышты. Кой маарек тартып кенебей жаткандардын көбү колдоруна январь айынын эсептери тийгенде, тууй турган тооктой какылыктай баштаса, нааразычылык күч алып кетүүсү да толук мүмкүн.
Азыр ар кайсы аналитиктер бул кымбаттоонун негизги максаттары тууралуу ар кандай ойлорду айтышууда. Тарифтердин кескин көтөрүлүшү дүйнөлүк банктын талабы менен болуптур деген пикирди, банктын Кыргызстандагы өкүлү Роджер Робинсон "Азаттыкка" берген маегинде жокко чыгарып: "Биз бааны көтөрүү керектигин айтканбыз, бирок мынчалык кескин көтөрүүнү талап кылууга укугубуз жок, бааны мынчалык кескин көтөрүү оюбузга да келген эмес" деп четке чыга берди. Тарифтерди эки эседен ашыра көтөрүү опурталдуу экенин дүйнөлүк банк да сезип, калктын калың катмары көтөрө албасын, субсидия зарылчылыгын айтууда. Кыскасы, биздин төбөлдөрдүн мындай тобокелчилигинен дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да шок болгонун байкабай коюу мүмкүн эмес.
Башка бир версия боюнча бул кымбаттоо энергосекторду менчиктештирүү үчүн керек, тарифтердин жогорулоосу кирешени көбөйтүп, инвесторлордун кызыгуусун арттырат. Ошондой эле мураскерлик маселесине да түздөн-түз тиешеси бар, бааны кайра-кайра көтөрө бербес үчүн ушундай ШОК терапиясын колдонуп, Данияр Үсөновдун "убактылуу" өкмөтүнө баалардын жогорулашына байланыштуу нааразычылыктарды оодаруу менен кетиргенден кийин, Максим Бакиев өкмөт башына келсе, бир топ убакытка чейин тарифтерди көтөрүп жаманатты болуу азабынан да кутулат дешүүдө.
Ошентип, Конституциябызды жыл сайын бычмалап, мыйзамдарыбызды тебелеп тепсеп жатып, "демаралча" деген атыбызды унутуп, орто кылымдагыдай "мураскер", "такты" деп сүйлөп калган деңгээлге түшкөнүбүздү кантип танабыз, арга жок "феодалдык диалектиде" аңгемебизди улантууга туура келет го.
Экинчи (акыркы) мөөнөтүн өтөп жаткан президент К.Бакиев "кайра шайланбайм, өлкөнү өнүктүрүп туруп өткөрүп берем" дегени элге маалым. Бул мураскерлик маселесин да бир жаңсыл кылуу керек дегенди билдирет. Президент тактысын Максимге ыраа көрүүсүн туура түшүнсө болот, кантсе да канынан жаралган баласы эмеспи. Бирок, Азия салты боюнча бир туугандар да так талашка түшүп, тартып алмайлар болуп келгенин билебиз. Андыктан Жаныш Бакиевдин да бул багытта амбициялары болушу толук мүмкүн. Бул план парламентке К.Бакиевдин бир туугандарын киргизүү аркылуу ишке ашуусу мүмкүн эле, себеби, ЖКнын жетекчиси өлкөнүн экинчи адамы катары айрым жагдайда президенттин ордун басат эмеспи.

(Уландысы 7-бетте )








ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
26-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Каттани" жаңы жылдан кийин "жарылабы"?
2-бет
А.Атамбаев ыңгайсыз суроолорго жооп берди
3-бет
Касым Исаев, коомдук ишмер:
"Тарифти кымбаттатуу менен уурулук күчөйт"

4-бет
Ыңгайсыз собол
5-бет
Тукебиз "халалча" той өткөздү
6-бет
"Повышение тарифов приведет
к массовой нищете населения"

7-бет
"Феодалдык диалекти..."
8-бет
"Импульстун" чүрөктөрү
9-бет
Жүрөк сагынычын сиз менен бөлүшсөм...
10-бет
Күздө келип, көктөмдө кеткен Үсөн Кудайбергенов
11-бет
Мелис Шаршенов, "Дордой Моторс" автобазарынын жетекчиси:
"Бизде баардык автотетиктер арзан"

12-бет
Мода жана эркектин көркү
13-бет
Эсенжан Чокморов:
"Сүймөнкул Чыңгызханды ойноп, Оскарды жеңмек"

14-бет
30-ноябрдан 6-декабрга чейин
16-бет
Эмил Токтогонов,
Вале тудо федерациясынын президенти:
"Вале тудодо жыгылган кишини теппейт"


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования