Жаңы кадам

Мелис Шаршенов, "Дордой Моторс" автобазарынын жетекчиси:
"Бизде баардык автотетиктер арзан"
-Мелис мырза, азыр Бишкекте машинелер менен унаа тетиктерин саткан автобазарлар көп. Демек, рыноктук атаандашуу күч. Ушундай шартта дагы бир автобазар ачып, иштетип кетүү оор болсо керек?
-"Дордой Моторс" автобазарынын ачылганына буюрса 1 жыл 2 ай болду. Базар ачылгандан мурда биз ириде жакын жайгашкан автобазарлардын абалын дыкат карап чыктык. Алардын элге шарт түзүп бере албай жатканын, эмне кемчиликтери бар экенин бир сыйра анализдедик. Мисалы, аркы өйүздө жайгашкан Кудайберген базарында машина киргенге эмес, бут коерго жер жок. Пакистандыктар борбордук трассаларды ээлете авто унааларды тизип алышкан. Биз ушулардын баарын эске алып туруп, биринчи кезекте кардарларыбыз машинасын кенен айдап кирип-чыгып, кыйналбай токтотуп, базар аралап алсын деп 400 машина сыя турган жерди атайын унаа токтотуучу аянтка бөлдүк. Акысы бекер. Базарыбыз кайтаруудагы объект. Ошондуктан, башка базарлардагыдай бир тетикти сатып алып келгичекти кароосуз калган машинаңдын тетиктерин чыгарып кетүү фактылары жок...
-Ал эми контейнерлерде автотетиктерди сатып, иштеп жаткан ишкерлерге кандай ыңгай шарт түзүп бердиңиздер?
-Алгач биз баарын анализдеп, андан соң сатуучу ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп берүүдөн баштаганбыз. Өзүңүз байкасаңыз керек, башка базарлардын көбүнүн үстү жабылбаган. Кар жаап, жаан нөшөрлөгөн күндөрү соодага кадимкидей тоскоолдук жаратат. Андай күндөрү ылай-баткактан тартынып, зарыл муктаждыгы болбогон адамдар оңой менен базарга чыгышпайт. Ал эми ижара, патент акысы аба ырайына карап күтүп турбайт эмеспи. Ошон үчүн Бишкектин жаан-чачындуу климатын эске алып, базарды толук бойдон жаап, астына брусчатка төшөттүк. Келген эл базарды таза кыдырсын дедик. Андан сырткары, душ кабиналары, туалет салынды. Эгерде чет элден мейман келип калса, туалет, душтун тазалыгы, ыңгайлуулугу менен эч уят болбойсуң. Туалет салынып жатканда кыбыла (Мекке) тарапка карап салынбады. Бул да болсо мусулман кардарлардын талабын эске алгандык. Беш убак намаз окуган замандаштарыбыз үчүн атайын намазканабыз бар. Айтор, заманбап менеджмент, маркетингдин шарты сандан сапатка, сапаттан эл үчүн ыңгайлуу шартты түзүп берүүгө алып баратат. Андыктан, "Дордой Моторс" заман агымына, кардар талабына жооп берген, кенен жана таза, ошондой эле цивилдүү авто базар деп тартынбай айтсам болот.
-Кайсы маркадагы автоунаалардын тетиктерин көбүрөөк сатасыздар жана баалары кандай?
-Контейнерлердеги иштеген ишкерлерибиз негизинен баардык маркадагы автоунаалардын тетиктерин, аксессуар, майларын сатышат. Бирок, биздин жолдордо көбүрөөк жүргөн "Ауди", "Мерседес", "Фольксваген" автолорунун тетиктери басымдуулук кылат. Россия, Жапан өлкөлөрүнүн өндүрүшүнөн чыккан автоунааларга дагы тетиктер жетиштүү деңгээлде сатылат. Бул жерден биздин базардын баалары башка авто базарларга караганда кыйла арзан экендигин белгилей кетели.
-Алдыда кандай долбоор, максаттарыңыздар бар?
-Базар долбоорундагы биринчи этап болгон автотетиктерди сатуучу контейнерлерди бүтүрүп, ишке киргиздик. Экинчи этапта бир киргенде 80 машина кире турган ири техникалык тейлөө станциясын (ТТС) салуудабыз. Анын 70%ы бүтүп калды. Бөлөк жактагы базарлардын айланасын карасаңыз, менчик үйлөрдү эле кичинекей ТТС кылып ачып алышып, жолду бөгөп, элге ыңгайсыздык жаратып келишет. А биздин жаңы ТТСда компьютердик диагностика, мотор басуудан тартып, майда-чүйдө оңдоо иштерине чейин тейлөө кызматтары көрсөтүлөт. Ар бир бокс өзүнө тиешелүү жумуштарды жасайт. Бир бокста машинанын электрикасы каралса, бирөөндө сырдалып дегендей. Ал эми 3-этап автоунааларды сатуучу жайларды куруу болчу. Буюрса, акыркы этабыбыз да бүттү. Акыркы этап 12000 чарчы метр жерге 500 автоунаа бата турган, үстү жабылган авто салонубуз иштөө алдында турат. Каалоочулар келип машинасын авто салонго коюп сата баштаса болот. Башка базарларга салыштырмалуу коюлчу машинадан алынуучу акы өтө арзан. Азыр, бөлөк базарларда бир авто унааны сатууга коюш үчүн 250 сом төлөшөт. Биз азыркы каржы кризисинде кыйналып турган элдин акыбалын көңүлгө алып, унаа коюу акысын төмөндөттүк. Бул автосалондон тышкары 3500 чарчы метр асфальтталган аянтка 300 машина, 30000 чарчы метр аянтка 2000 машина коюп сатыла турган жерди даярдадык. Бул унаа коюлуучу эки жердин да акысы арзан. Айтмакчы, "Дордой Моторс" базары Дэн Сяопин проспектиси, 302/1де жайгашкан. Базарга проспект тараптан жана Садыгалиев, Лумумба көчөлөрүнөн кирип чыкса болот. Үч тараптуу кирип-чыгуу жолдору болгону менен алар кенен, айдоочулар бири-бирине тоскоолдук кылып, эч кандай авто тыгын жаратпайт.
Кудай буюрса, "Дордой Моторс" автобазарында техникалык тейлөө станциялары бүткөндө, биякка келгендер кааласа машинасын жасатып, ага керектүү тетиктерди, аксессуарларды алыстан издебей, ушул эле жерден арзанга таап оңдотуп, кааласа машина тандап же сатып, айтор, автоунаага эмне муктаждыгы чыкса, бүт шайма-шай бүткөрүп кетишет. Ошондуктан базарыбыз жакынкы аралыкта эле таза, кенен, цивилдүү, кызмат көрсөтүү акылары калктын чөнтөгүнө төп келген элдик базарга айланат деп турабыз.

Маектешкен
Семетей Талас уулу