![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Гиннес китебинен Күздө келип, көктөмдө кеткен Үсөн Кудайбергенов Ушул күндөрү Үсөн Кудайбергеновдун көзү тирүү болгондо 27-ноябрь күнү 60 жашка толмок. Дегеним, 2005-жылы көктөмдө (10-апрель), белгисиз бирөөлөрдүн колунан ок жеп, жалган дүйнө менен кош айтышкан. Орто Азия жана Казакстан чөлкөмүндө аттын кулагы менен тең ойногон жана баталдык трюк сценаларын койгон режиссер катары алгачкылардан эле. Бул жаатта жүздөн ашуун кинотасмаларга катышып, учурунда орошон талантын бир нече жолу тастыктаган. Алсак, "Кыргызфильмде" - "Ак илбирстин тукуму", "Казакфильмде" - "Көчмөндөр", "Свердлов" киностудиясында - "Ай тутулган түндө", "Тажикфильмде" - "Туткун", "Өзбекфильмде" - "Генийдин бала чагы", Польшада - "Ташкын", Болгарияда - "Аспарух ханы", АКШда - "Атактуу Петр" ж.б. толуп аткан тасмалары. Бул бир эле чети десек болот. Ү.Кудайбергеновдун чыгармачылыгы жана адамдык сапаты жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт болуш керек. Кесиптештери, инилери, окуучулары бир чымчымдан кеп кылышты. Алмаз Бейшенбиев, тууганы, каскадер: "Таланты дүйнө жарган" -Мен Үсөн байкемди кыргыздын чыгаан уулу деп билем. Себеби, мындай адамдар коом ичинде сейрек кездешет. 1990-жыл эле. Анда Үсөн байке кыргыздын булуң-бурчунан каскадерлукка шыгы бар балдарды чогултуп, иштеп жаткан кези болчу. Арасында мен да иргелип алынып калдым. Алгач өзүнүн жөнөкөй, карапайым бой көтөрбөгөн мүнөзү менен арбап алды. Балдардын ар бирине өз баласындай мамиле кылган жагынан аталык касиетин байкадым. Насаат сөздөрүн айтып, бизди улуулукка, тазалыктын бийиктигине үндөп турчу. Кыргыздын үч чоң куту бар. Бул - Манас, Ысык-Көл, жана Чыңгызы" деп айтып. Байке менен кыргыздын гана киносу эмес, чет өлкөлүк көп тасмаларга түштүк. Анын Гиннес китебине кирген 27 метр бийиктиктеги аскадан ат менен Сыр-Дарыяга секирген эрдигин ким билбейт? Бул иш кыргыз элинин сыймыгы жана ат көтөргүс баркы да. Кино тартуу учурунда көптөгөн чет өлкөлүк чыгармачыл адамдар анын талантына баа берди. Кандай гана кинодо иштебесин, анын өтөөсүнө жеткире ойночу. Трюктар менен эле чектелбестен режиссерлук дараметти да коштой жүрчү. Миңдеген кишилер катышкан эпизоддорду башкарып, уюштуруучулук жагына билек түрө киришкенде, кыбыр эткен жандын баары баш оту менен образга сүңгүп, окуянын организмине куюлуп, кайталангыс шедеврлер жаралчу. Ушундай таланты менен атагы дүйнө жарган. Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элеси ушу күндөрү да көз алдымда турат. Федор Башинский, кесиптеши: "Намыскөй эр болчу..." -Бул киши жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Биринчиден, эр жүрөк киши эле. Эч нерседен тайманчу эмес. Эгер көздөгөн максаты алдында турса, эч ойлонбостон шымалана киришчү. Тияк-биягын майдалана карап отурбай, тобокелчиликке өз өмүрүн сайып. "Атактуу Петр" киносун тартып жатабыз. Беш жаштагы бала декорациянын ичинде капысынан чоң өрткө чулганды. Эч кимиси даай албай турганда, Үсөн ойлонбостон отко кирип, жаш баланы сууруп чыгып, өлүмдөн сактап калды. Өзүнүн денесинин кээ бир жерлери күйүп калды. Накта берилген каскадер деп айтса болот. Бул кесипти аркалап, өмүрүнүн акырына чейин ардактай алып жүрдү. Ошону менен катар үйдө-чүйдө, чет элде болбосун, "менин элим" деп кыргызды даңктап жүрүп өттү. Чынчыл, так, намыскөйлүгүн эч кимге берчү эмес. Кандай гана адам менен жолукпасын, тил табышып кетээр эле. Досторунун көптүгүнө сан жетпей, ошолордун баарынын көңүлүн алып, мамиле түзгөндү укмуштай билчү. Таң калам. Кимдин колунан ажал тапты, кимдин колунан кандай жаман иш келди деп. Аттиң! Өлүмү тууралуу "Ү.Кудайбергеновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишинин бети ачылдыбы" деген суроо менен ИИМ маалымат катчысы милициянын полковниги Бакыт Сейитовго кайрылып "Үсөн Кудайбергеновду өлтүргөндөр табылган. Алар Рысбек Акматбаев менен Нурлан Коноевдин уюшкан кылмыштуу тобунун балдары болуп чыкты" деген жооп алдым. Бул боюнча 2008-жылы 21-ноябрда ИИМдин орун басары Федоровдун катышуусунда журналисттерге берген пресс-конференциясында айтылганын эскертти. -Каскадердун өлүмү саясый заказ болгонбу? Эмил Каптагаев, "Улуу Биримдик"партиясынын лидери: -Өлтүрүүнү аткарган ким болсо да, Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү азыркы бийликти бекемдөөгө багытталган биринчи кадамдардан болгон. Кийинки кандуу жүрүштөрдүн башталышы эле десек болот. Анткени, анын өлүмү Акүйдүн кызыкчылыгындагы окуя болчу. Самсалы Четимбаев, "Асаба" партиясынын мүчөсү: -2005-жылдан бери канчалаган кыргыздын мыкты уулдары атылды. Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү ушулардын арасында. Албетте, саясый заказ. Антпесе, таламанын так түшүндө кимди ким атат? Бу киши бирөөнүн колкосунда кылкандай сайылып турган. Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" БӨУнун жетекчиси: -2005-жылы 24-марттагы окуяда Бишкек шаары талап-тоноочулукка тушукпадыбы. Ошол учурда Үсөн Кудайбергенов элдик кошун башында болуп, талап-тоноочулукту токтотуу жана коомчулукту тартипке чакырып жүрдү. Демек, Үсөн көп нерселерди билген. Кийин бул иштердин айыбын ачмак. Ошон үчүн Кудайбергеновдун өлүмү саясый заказ деп түшүнүш керек. Эдил Молдалиев, шакирти: "Акындык өнөрү да бар эле" -Мен Үсөн Кудайбергенов агай менен сыймыктанам. Учурунда көп иштешип, кино, каскадерлук тармак боюнча дүйнөнү жарып өттүк. Тиягы Голливуд жылдыздарын "талкалап" биягы СССРди багындырдык. 1999-жылы кутман курак элүү жашына арнап панкратион эл аралык турнирин өткөрүп, ак боз атты мингизип, устатчылык өнөрүнө таазим эттик. "Салынуу кашык" демекчи, а киши да кур калбай эки эселеп жообун берген. Кырсык болуп, 2005-жылы атып кетишти. Кабыргалар кайышып, жер муштап кала бердик. Бирок өзү курап кеткен каскадерлор мектебинин пайдубалын окуучулары уратып ийбей, бүгүнкү күнгө чейин өркүндөтүп, өрчүтүп келебиз. 2007-жылы мамлекеттик циркте агабыздын панкратион боюнча эл аралык эскерүү турнирин өткөздүк. Арбагына таазим этип, куран окулду. Үсөн агабыз кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек кылды. Ошол эле Баткен окуясына күчтүү отряд топтоп даярдадык. Тилекке каршы, андагы улуттук коопсуздук министри Мисир Ашыркулов "ээ Кудай сакта, кимге курал берип атасыңар, буларыңар мамлекетке төңкөрүш жасашат" деп бизди жибербей коюшкан. Ошондо Үсөн агабыз Баткенге барып, иштин башынан аягына чейин болуп келген. Бу кишиде акындык "чымыны" да бар эле. "Кыргыз эл" деген ыр саптарын 2000-жылы 10 жылга кесилип, эки жыл УКМКнын жертөлөсүндө жатканда жазыптыр. Чыкканда мага окуп берген. Төрт сабы эсимде. Көк асманда көтөрүлүп, булуттан төшөп бешигин, Босогодон кол сунуп, жылдыздарды терген эл. Ой-пикирин бийиктен, айга-күнгө теңелип, Периште менен кеңешип, Кудайга салам берген эл.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||