Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Кайгы жокто

ЧОЧКО ТУМООСУНУН ДУУСУ
Чочко тумоосу атом сыяктуу адегенде илеби жетип, анан соккусу ургандай. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча бул ооруну жуктуруп алгандардын саны кырктан ашты.

Ошондон улам, Бишкектин көчөлөрүндө, ал гана эмес өлкөнүн башка шаарларында да медициналык коргонуучу беткап тагынгандар көбөйүп жатканы ар кимге маалым. Муну адистер айтпаса да, жугуштуу оорулардан: сасык тумоо, өзгөчө чочко тумоосунан сактануунун бирден-бир чарасы экендигин боолгойбуз. Демек, бул кечээ жакында эле айрыкча Англия, Германия өңдүү Европалык өлкөлөр тараптан согуш кабарындай эле уу-дуу жараткан A/H1N1 вирусу бүгүн биздин босогодо суук сурун салып турат дегендик. Албетте, анын сүрүнөн чочулаган биздин жарандар, тагыраак айтканда, ден-соолугуна кайдыгер эмес адамдар алдын-ала сактануу чарасы катары беткап тагынууда. Бул, албетте, жакшы. Бирок, айрым медициналык кызматкерлер, айталы провизорлордун ичинен ушул кырдаалдан пайда көрүү жолдорун издегендер да жок эмес. 3 сомдук беткапты 20-25 сомдон сатып жаткандарды өз көзүбүз менен да көрүүдөбүз. Ошондуктан, медициналык техникалар жана дары-дармек менен камсыздандыруу департаменти да бааны көтөрүп сатып жаткандарды аныктап, аны токтотуу үчүн алдын-ала ар бир аптекага эскертүү жана беткапка бааны көтөрүп сатууну токтотуу керектиги боюнча чара көрүүдө. Атүгүл, эскертүүдөн соң кармалгандардын лицензиясын алып кое тургандыгын да айтышууда.
Чынында, тумоодон сактануу чараларында жалпы элге беткап да пайда бере тургандай эмес, себеби ар бир эле аптекада жок, сатып алалы десе, өйдөдө айткандай баасы кымбат. Беткапты эпидемия учурунда коомдук, элдүү жайларда тагынып жүрүү дурус. Ал эми ээн жайларда зарылчылыгы деле жок. Профилактикалык нормалар боюнча беткапты 2-3 саат сайын алмаштырып туруу керек. Эгер андан узакка созулса, дем менен нымдашкан материалга вирустар көбүрөөк топтолоорун адистер айтып келишет. Ошондуктан, өз маалында алмаштырып туруу зарыл. Коомдук жайдагы өзгөчө тейлөө чөйрөсүндөгү адамдарга өзгөчө бул норма тиешелүү. Бул маселеге жаратмандык менен да кайрылса болот экен. Вирустун кирүү жолдорун тосууда төрт-беш катар марлини да пайдаланса болот, анын бир гана ыңгайсызы дем алуу оор болот. Маселен, Кытайдын дээрлик бүт аймагында беткапты аба-ырайынын ысык-суугуна карабай колдонушууда. Бир жериң ооруп турса, акчанын да көзүн карабайсың дечи. Сактансаң Кудай да сактайм дейт тура. Ал го ал, бирок, бул тумоо жер бетин каптачудай болуп калды

"Ар бир үчүнчү адам чочко тумоосуна кабылышы мүмкүн"
A/H1N1 жаңы тумоонун вирусу бир жылдын ичинде жер шарынын ар бир үчүнчү адамына жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Женевада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун генералдык катчысынын жардамчысы Кейдзи Фукуда жарыялаганын ИТАР-ТАСС билдирди. "Алдын-ала пандемиянын натыйжасы көрсөткөндөй, бир жылдык мөөнөттө дүйнөнүн ар бир үчүнчү же андан көбүрөөк адамы чочко тумоосу менен оорушу мүмкүн", - дейт Япониянын "Киодо" агенттигине берген интервьюсунда К.Фукуда. Бирок, бул так аныктама эмес экендигин да кошумчалайт. "Натыйжада, кайсы өлкөдө кандай тарайт, аны билбейбиз, бирок кеп канча адам эмес, кеп бул абдан чоң сан экендигинде. Вирус өлкөдөн өлкөгө эмес, өлкө ичинде да таралып жатат", - дейт БССУнун өкүлү. Мындан сырткары, ал Түндүк жана Түштүк Африкада башка аймактарга караганда тумоонун жаңы түрү менен олуттуу түрдө ооругандары арбып жатканын белгилеген.
Айтылгандай, беткап, оксолин мазы менен алдын-ала сактануу чараларынан башка да эмдөө жолдору коопсуз экендигин биология илимдеринин кандидаты, Казак Республикасынын Вирусология жана микробиология институтунун кызматкери Риза Икранбегийн: "Биринчи кезекте тобокел иштегилерди, тагыраак айтанда, медициналык, канаттуулар фабрикаларынын жана чочко фермасындагы кызматкерлерди эмдөө зарыл. Ошондой эле чет мамлекетке көп каттагандар да алса тоскоол болбойт. Бирок, инфекцияны токтотуу үчүн аз дегенде 40 пайыз эмдөө керек, бирок 10 пайыз деле өзүнүн көрсөткүчүн бере алат. Кадимки тумоонун вакцинасы A/H1N1вирусунан сактай албайт. Бирок жуктуруп алса оорууну жеңил өткөрөт", - дейт.
Эрнест Абдрахман,
Каракол





  Учурмаек

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, БЭКтин штаб жетекчиси:
"Күчтүү оппозиция чыкса колдойт элек"
- Азимбек мырза, сизди "бийлик менен ымалага келди, сатылды" деген сөздөр чыкты. Ушул чынбы?
- Бийлик менен бир маселе боюнча ымалага келейин дегем. Муну мен жашырбайм. Саясый куугунтуктоолор тууралуу сүйлөшөйүн дегенмин. Азыр саясый мотивдер менен ак жеринен караланып аткандар боюнча президентке жолугуп, далилдерди көрсөтөйүн дегем. Анткени, прокурор, соттор бул маселелер боюнча президентке бир тараптуу гана маалыматтарды жеткирип аткан болушу мүмкүн. Мисалы, Исмаил Исаковду "ал уулуна квартира берип салыптыр, момунча техниканы сатып жеп койгон экен" деп айтышса, президент аларга ишенип башын кармап отурат да. А чынында, техникаларга жоопкерчилик ала турган ротанын, взводдун, батальондун начальниктери бар. Мына ушуга окшогон маселелерди түшүндүрөлү дегенбиз.
- Өтө таасирдүү адамдар менен жолугупсуз...
- Ооба, силер айтып аткандай, өтө таасирдүү адамдар менен жолукканым чын. Алар болсо "президент менен башка маселе боюнча эле сүйлөшпөйсүңөрбү?" дейт. Мен саясый куугунтуктоолор боюнча гана сүйлөшөм дедим. Бардык саясый куугунтуктоолор боюнча болбосо дагы, үч негизги иш боюнча маалымат берип коюу керек. Бул - Балыкчы окуясы, Исмаил Исаковдун иши, Петровка чатагы. Президенттин акыркы кадамдары мен сүйлөшкөн адамдар таасирдүү деле эмес экенин далилдеп койду. Таасирдүү адамдар үйбүлө мүчөлөрү экенин тастыктап салбадыбы.
- Кайсы кадамдарын айтып жатасыз?
- Реформа деп жасап аткандарын. Мурда ал "эч кандай үйбүлөлүк башкаруу жок, мен өзүм башкарып атам" дечү. Эми болсо "мына менин балам башкарат, мамлекеттин реалдуу башкаруучусу, ушуну менен иш жүргүзгүлө" деген сөздү айтты. Максим дагы "ким биз менен иш кылбаса, ал биздин душманыбыз" дегендей иш жүргүзүп атат. Ал эми өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Максимдин пресс-катчысы болуп калды. Максим чечет, бул жарыялап коет. Биз бийлик менен сүйлөшөлү деп, Роза Отунбаева президент менен сүйлөшүп, башка күнү кабыл алат деп жөн эле күпүлдөп жүрүптүрбүз. Көрсө, бул маселелерди чечүү үчүн Максим менен жолугууга аракет кылышыбыз керек экен.
- Президент менен сүйлөшүүгө даяр турбайсыздарбы анда?
- Ал кишилер деле бизге байланышка чыгып турат да. "Шайлоо дагы бүтпөдүбү. Бирге иштебейлиби" деп. Биз дайым эле айтып келебиз. Шайлоого чейин эле БЭКтин саясый бюросу чечим кабыл алганбыз. Кандай сүйлөшүү болбосун, саясый куугунтуктоолор токтотулгандан кийин улантылат, президент өзү кабыл алышы керек деп. Апрель айында бизден А.Эркебаев, Т.Тургуналиев, М.Чолпонбаевдер барганда президент жолугуудан баш тартканын билесиңер да. Шайлоодон кийин биздин адамдар "оптому" менен камалып атса, куугунтукталып атса, анан биз кайсы бетибиз менен барып отуруп калабыз. Биз БЭКке киргенде "өз алдынча эч ким сүйлөшүүгө барбайт, көпчүлүктүн пикирине баш ийебиз" деп милдеттенме алганбыз.
- Сиздин сөздөрүңүздү таасирдүү адамдар Бакиевге жеткиргенде кандай жооп болуптур?
- Көрсө, Бакиев бул иштер боюнча кабардар эле экен. "Сот чечсин" деп айтыптыр. Анан Исаков, Бөлөкбаевдер тууралуу дагы айрым сөздөрдү айткан экен. Петровка чатагы эмнеден улам чыкканын баары жакшы билет. 4 жашар кызды күрт улутундагы жигит зордуктап, жоопко тартылбай калганы үчүн эл көтөрүлүп чыккан. Президент муну моюнга алып, жергиликтүү башкаруучуларды кызматтан айдайт дагы, Бөлөкбаевдерге "массалык башаламандык уюштурду" деп кылмыш ишин козгоп койду. Эч кандай логика жок.
- Ушул үч иш боюнча президент акыйкат чечим чыгарганга көмөктөшөйүн деген оюн билдирди дейли. Кандай компромисске барууга даярсыздар? Сиздерге кандай шарттарды коюшу мүмкүн?
- Мисал үчүн азыр кылмыш козголгондор акталып кетсе, кайра моралдык, материалдык зыян тарттык деп арызданышат да. Арызданбасын деп шарт коюшу мүмкүн. Оппозиция президенттик шайлоону легитимсиз деп тааныган. Кайрадан легитимдүү дегиле деген шарт коюлушу ыктымал.
- Оппозиция өчүп калган сыяктуу, үнү чыкпай кетти го?
- Мен киммин мисалы? Оппозиция өкүлү эмесминби? Биз өзүбүздүн мүчөлөрдү, пикирлештерди коргоп атабыз. Мисал үчүн, мамлекеттик бийлик бутактарынын жасаган иши силерге ачык болуп жатабы? Демек, учур ошондой. Оппозициянын иши десе эле эл "кетсин!" деген көчө оппозициясын түшүнөт. Биз бул учурдан өткөнбүз. Мындай жол менен бул бийликти жеңе албайбыз. Бийлик азыр күтүүсүз кадамдарга барып атат. Мен мисал үчүн президентти баласын бийликке алып келет деп ойлогон эмесмин. Мынчалык деңгээлге жетет деп эч ким күткөн эмес. Ал ушундай кадамдарды жасап атат. Буга жараша оппозиция дагы күрөшүүнүн башка жолдоруна өтүп атат. Биз эл аралык деңгээлде күрөшөлү деп аракеттенип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бизден күчтүү оппозиция чыкса, биз аларды колдоого даярбыз. Эгерде Максим Бакиев атасынын реформасын башка жолго буруп, "элдин байлыгына эл ээлик кылышы керек" деп чыкса, ага ким каршы чыгат? Тилекке каршы, Кыргызстанды Максим жакшы жолго салып кетерине ишенбейбиз. Анын командасын карап көрсөңөр, "киргиздер" менен кыргыз эместер. Кыргызга күйбөй тургандар. Мен силерге азыр биринчи жолу айтып коеюн, оппозициялык жаштар, бизнесмендер өздөрүнүн ячейкаларын четөлкөлөрдө түзүп жатышат. Биздин жакында боло турган аракеттерибиз ошол тараптан болот. Эл аралык уюмдар менен биргеликте эркин массалык маалымат каражаттарын ачалы деп аракеттенип жатабыз. Азыркы бийликтин түбүнө улуттук байлыктарга каршы жүргүзүп жаткан саясаты жетиши мүмкүн. Кудакааласа кыргыздын байлыктары четөлкөлүктөрдүн колуна өтөт. Эл мына ушунда түшүнүшү мүмкүн. Бул бийликтин күнүнүн бүтөрүн Максим Бакиевдин реформасы же эртелетет, же кечеңдетет. Мына ушундан дагы көз каранды.
Дилбар АЛИМОВА



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
19-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Сөз баатыры каза тапты...
2-бет
Оппозиция Консотко кайрылат
3-бет
Башпрокурордун жүзү жарыкпы?
4-бет
"Платон менин досум, бирок…"
5-бет
Аргасы куруган Данияр
6-бет
ЧОЧКО ТУМООСУНУН ДУУСУ
7-бет
Айтибай Тагаев, ЖК төрагасы:
"70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕНИ БЕЛГИЛөө ШЫБАГАСЫ БИЗГЕ ТИЙДИ"

8-бет
Тасма майданында жаңы жүздөр
9-бет
Эросфера
10-бет
Апас, буйрутма макала жазбай жүр!
11-бет
Байымбет маңка ылаңын каалайбы?
12-бет
"Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба"
13-бет
Гороскоп
14-бет
Күч берен
16-бет
Омар 21 жашта!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования