![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Маараке алдында Башпрокурордун жүзү жарыкпы? Башпрокурор менен сейил Республиканын Башпрокуратурасына катардагы ар бир атуул эле бара албайт. Барса дагы, жок эле дегенде суракка барат. Бул имаратка кароолсуз жөн гана таанышуу-сейилине баруу бактысы бизге дагы берилген экен. Себеби, прокуратура органдарынын 85 жылдык мааракесинин урматына аталган ведомствонун жетекчилери журналисттерди бейформал жолугушууга чакырып, калемгерлерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди. Прокурордук каридордогу сейилибиз протокол боюнча жүрдү. Имараттын кире беришинде бизди баштан аяк текшеришти. Музыка менен журналисттерге болгон сүйүү Бир канча мүнөттөн соң башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев чыкты. Журналисттер диктофон, камералары менен тосуп алышты. Бир саат бою болгон суроолорун беришип, канааттандырарлык жооп алууга жетишти. Көрсө, биздин прокурор анчалык деле сүрдүү эмес тура. Тамашалашканды жактырган адам экен, тыныгуу учурунда ар кайcы темаларда сүйлөшүп, журналисттер менен бат эле тил табышты... Кала берсе, музыканын бардык түрүн жактырган меломан дагы экен. Прокурордун сөздөрүнөн чагым уюштурууну каалагандар дагы болбой койгон жок, бирок Элмурза Ракиевич да оңой эмес да. Андай кайырмактарга жөн жерден илине калбайт. Баарынан дагы Башпрокурор өлүм жазасына караманча каршы экенин билдирди. Өз катарындагы коррупционерлерди дагы күнөөсүн мойнуна коюп, жазасын берерин билдик (Мындай катачылык кетиргендиги үчүн 2 жыл ичинде Башпрокуратурадан 7 адам кызматтан кеткен). Мактанганды жаман көрөт, анан дагы журналисттерге сый мамиле жасайт экен. "Кээде силер биздин тергөөчүлөрдөн дагы жакшы иштейсиңер, бизде дагы ушундай кызматкерлер болсо", - деп айтты Башпрокурор журналисттерге. Прокурорчо саякат Миң уккандан бир көргөн. Ошон үчүн бейрасмий маектешүүдөн кийин гиддин коштоосу менен прокуратуранын имаратына саякат баштадык. Гид болуу милдетин Элмурза Сатыбалдиев өзү алды. Аны менен катар Башпрокурор журналисттерди тартынбай каалаган кабинетке кирүүсүнө, прокуратурада иштеген ар бир кызматкерге суроолорду жаадыра берүүгө чакырды. Элмурза Ракиевичтин айтымында, Башпрокуратуранын кызматкерлери массалык маалымат каражатарынын өкүлдөрүнүн келиши тууралуу кабардар эмес болчу, бирок кандай суроо болбосун жооп берүүгө даяр. "Дубалдын дагы кулагы бар" дегендей, бир кызматкер коноктордун келерин билгенин айтып алды. Бирок, баары уккан эмес. Бир канча кабинеттер жабык экен. Башпрокурор ачууга аракет кылды, бирок жыйынтык чыкпады. Кээ бир кызматкерлер кабинеттерин ачык таштап чыгып кеткен учурлар кездешти. Мындайда кичине убакыт өтүп, Башпрокурордун эскертүүсүнөн кийин баары кабинеттерине келип калышты. Аягында бизге прокуратуранын "тарыхый жерин" - бул ведомствонун экс-жетекчилеринин сүрөттөрүн көрсөтүштү. Кээ бир журналисттер каридордогу саякатты улантса, дагы бирөөлөрү кызматкерлер менен маектешип калышты. Элмурза Сатыбалдиев болсо массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуу салтка айланып, бат-баттан өтүп турарын убада кылды. www.24.kg P.S. Жүзү жарык аткаминердин журналисттерден коркпогону, баардык маселеге ачык-айкын жооп берүүсү менен өзүнүн аброюн көтөрүп алды. Баракелде! Эсти эки кылган электр Электр энергиясына болгон учурдагы тарифтер өз чыгымын жаппайт. Бул тууралуу Отун, энергетика министри Ильяс Давыдов кечээ СДПК фракциясынын жыйынында билдирди. "Учурда Бишкек ТЭЦ өндүргөн электр энергиянын өздүк наркы 3 сом, 36 тыйын. Бирок ал элге 70 тыйынга бааланып, сатылат. Ал эми жылуулуктун 1 гигакалориясы 2,5 миң сом турганы менен иш жүзүндө 500 сомдон ашпайт. Анан кайдан тарифтер кеткен чыгымын жапсын" дейт ыйлактап. Ал эми СДПК лидери Алмаз Атамбаев болсо электр энергияны 1,5 сом кылуу өздүк наркынан 20 эсе кымбат түшөрүн айтып, коңшу Казакстанда да электрдин баасы өздүк наркынан болгону 3 эсе эле кымбат турарын билдирди. И. Исаковдун соту уланууда Кечээ Бишкек гарнизондук сотунда Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштүү улантылды. Процесс маалында сотко өткөн бир топ документтердин чындыгы такталды. Анда Балыкчы аскердик бөлүгүндө жоголгон техникаларды тактоо боюнча Коргоо министри "Аль Стар" фирмасына кайрылбаганы, бул ишти Башпрокуратура жасаганы дайын болду. Тумоо 44 адамга жармашты Чочко тумоосу 44 адамга жукту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов кечээ билдирди. Анын айтымында, иш жүзүндө тумоого чалдыккандар мындан да көп болушу мүмкүн. Учурда тумоо жеңил формада өткөнүнө байланыштуу дарыгерге кайрылгандар аз. Эскерте кетсек, өткөн жумада эле ооруга тушуккандардын саны 27 болчу. Жылуулук эсептегичтери 50 миң сом Жылуулук энергиясын эсептегичтерди бекер орнотуу үчүн оңбогондой акча керек. Бул "Акжол" фракциясынын кечээги жыйынында белгилүү болду. Аталган маалыматты таркаткан "Кыргызжилкоммунсоюз" ишканасынын жетекчиси Кенжебай Молдобаевдин билдирүүсүндө, бир эле эсептегичтин баасы кеминде 50 сом турат. Ал эми эки-үч бөлмө үйгө ошончо эсептегич керек. Сөз жүрүшүндө депутат Абдраим Кулбаев: "аткара албаган соң тез бүтүрөбүз деп убада бербеш керек, биз 5 жылда орнотсоңор деле ыраазы болот элек" деп чиновникти чымчып өттү. Озон катмары бизди да ойлонттубу? Мындан ары кыргызстандыктар фреон заты толтурулган ингалаяторлорду колдонбойт. Бул тууралуу биздеги Озон борборунун жетекчиси Нарынбек Мырсалиев кабарлады. Ал муну биздин өлкө атмосферадагы озон катмарын сактоо үчүн Вена конвенциясына жана Монреаль протоколуна кол койгону менен түшүндүрдү. Ал эми "Кыргыз торакалдык коомунун" жетекчиси Талантбек Сооронбаев болсо, дем алуу жана өпкө ооруларынан жабыркагандар эски ингаляторлорду таштап, жаңысын аларын айтты. Көчө балдары көбөйдү Кыргызстанда тентимиш балдардын саны 23 миңге чукулдады. Бул тууралуу көчө балдарын реабилитациялоо борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский билдирди. Анын айтымында, балдардын дээрлик көбү орус жана кыргыз улутундагылар. "Электр энергиясы жана жылуулук кымбаттаса мындан да көп балдар көчөгө чыгышы мүмкүн" дейт ал. Жетекчи муну менен катар "мамлекет балдар үйүнө убактылуу кам көрөт, бирок, жетимдер бойго жеткенде кандай күн көрөрүнө баш оорутпайт" деп кошумчалады. СДПК мандат таштайбы? Өзгөндүк социал-демократтар ЖКдагы партиялаштарын депутаттык мандатты тапшырууга чакырууда. СДПКнын Өзгөн райондук төрагасы Алишер Бакышевдин айтымында, аймакта президенттик шайлоого дейре партиянын 7,5 миң мүчөсү болгон. Саясый куугунтуктоолордон кийин анын үч миңдейи гана калды. Жергиликтүү лидер "өзгөндүк социал-демократтар өлкөдө хандык бийлик орноп, сөз эркиндигине чекит коюлгандыгы үчүн Жогорку Кеңештеги партиялаштарын мандатын тапшырууга үндөйт" деди. Ооганчылар окуясы Кечээ ооган согушуна катышуучулар жыйын өткөрүп, уюм төрагасы Нурлан Төрөбековго коюлган күнөөлөрдү четке кагышты. Алардын айтымында, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын мурунку орун басарлары Сабыржан Мамбетов менен Чолпонбек Беккелдиев 7-декабрда боло турган уюм жетекчилигин дайындоо үчүн өтчү шайлоого ушундай жол менен барууну көздөшүүдө. Айта кетчү нерсе, бул эки адам мурунку күнү жыйын өткөрүп, Н.Төрөбековдун Ооганстанда кызмат өтөгөнү күмөндүү жана кеңеште коррупция орун алып жатат деп билдиришкен. "Медиа Форум" ААКсынын башкы бухгалтери Надира Сатыгул кызына уулу Аргендин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз. "Медиа Форум" ААКсынын жамааты
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||