Күч берен

Канат Ибраев, КРнын спорт чебери:
"Атактуу оюнчуну алдап өтүп..."
Блиц-анкета
Кичи мекени - Ысык-Көл, Тепке айылы
Жашы - 22де
Бою - 195 см.
Салмагы - 87 кг.
Спорт даражасы - КРнын спорт чебери
Спорттогу жетишкендиктери - КРнын бир нече жолку чемпиону
Жакшы көргөн тамагы - Плов
Эс алганда - Достор менен кино көрөт
Устаты - Алексей Сергиенко
Ойногон клубу - "Ак Барс"
Билими - КЭУда 5-курс
Жакшы өздөштүргөн ыкмасы - Баарын алдап өтүү
Кумири - Майкл Джордан


Бул күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп аткан баскетбол оюну боюнча ордо калаабыздын клубдар аралык кызуу мелдештерине күбө болдум. Деңгээли жагынан океан ары жагында НБА турнирине жетпесе да, андагы бой тиреген атлеттеринин аракеттери күч экени байкалып турду. Кадимки К.Орозов атындагы оркестрдин солисти, "Бишкегим" деген ырды көркүнө чыгара ырдаган Анарбек Ибраев агабыздын уулу Канаттын "Ак барс" клубунда шыгын артып, өнөктөштөр арасында өнөрү бийик экенинен улам жакындан тааныштым.

-Боюң узун болгонуна байланыштуу баскетболго келдиңби же тескерисинче, баскетбол ойноп жүрүп боюң өстүбү?
-Баскетболго келип жүрүп боюм өстү окшойт. Анткени, 6-класста окуп жүргөндө эки досум ээрчитип келишкен. Мен курактуулардын арасында кичинеси болчумун. Максат кылып бойду өстүрөйүн деген деле эмесмин. Бара-бара баскетболго кызыгуум артып кетти. Төрт жылдан кийин чогуу ойногон балдар арасында бөлүнүп калдым. Бой жагынан.
-Атайын көнүгүүлөрдү жасадыңбы?
-Спорт мектепте машыгып жүргөндө устатым ар кыл көнүгүүлөрдү жасатчу. Анын ичинде турникке асып койчу. Жөн эле. Чоюлуп, денең ооруса да чыдап туруш керек.
-Баскетболдо жөндөмгө жараша "чабуулчу", "коргоочу" деп бөлүнөбү?
-Негизинен үчкө: биринчиси - бою узун, салмактуулар. Бул атлеттер алкактын түбүндө гана болушат. Экинчиси, бою жапыз, салмагы жеңил. Булар алкакка жакын барышпайт. Топту өнөктөшкө тез жеткирип, чечүүчү комбинацияларга жандуу катышат. Үчүнчүсү, бойлору узун, кыймылы тездер. Универсалдуулар. Алкакка чабуул коюп. Кирип барышат, ошол эле учурда арт жактан жөн турушпайт. Менин жөндөмүм үчүнчү жагындагыларга кирет.
-Жеке рекордуңа токтолсоң?
-Новосибирск шаарына мелдешке барып, бир оюндан 37 упай топтогом. Бул турнир жаштар арасында өтүп, биздин командада ойногон балдардын жоон тобу 5-эскертүүсүн алып, оюндан четтетилген. Топ ыргытчу, шыктуу балдардан жалгыз өзүм акыркы он мүнөт ичинде атаандаштын алкагына чабуул коюп, үстүдөгү көрсөткүчкө жетишкем. Ал оюнду 75:51 эсебинде биз утканбыз.
-Кыргыз баскетболу дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүшү мүмкүнбү?
-Мүмкүн. Бир жума мурун Америка элчилиги тарабынан биздин "Ак Барс" командасынан 3 бала жана устатыбыз болуп жети облусту түрө кыдырдык. Кыргыз баскетболун көтөрүү максатында. Көп жерде баскетбол стадиону бар экен жана бул оюнга кызыккан балдарды көрүп абдан кубандык. Жалгыз мүчүлүш - жергиликтүү аймакта устаттардын жетишпегени болду. Бул эң оор маселе. Мына, баскетбол боюнча өлкөнүн ички чемпионаты канча жылдан бери жеткиликтүү деңгээлде өтпөй келет. Себеби, Бишкек шаарынан башка жерлерде команда чогулбайт. Ушунун баары устаттардын жоктугунан болуп атпайбы. Анан ушу талуу маселеге спорт чиновниктери жүзүн буруп, бир чечимге келишсе жакшы эле болгону турат.
-Кыдырып эле тим болдуңарбы?
-Ошо жети областтан жети команда курадык. Жакынкы күндөрү Бишкекке келип, мелдешке катышат. Бул да болсо иштин алга жылышы деп ойлойм.
-Өзгөчө тартипти сактап, режимдери барбы?
-Мен көп эле чет өлкөгө барып ойноп, ал жердеги спортчулар менен баарлашып, ушу маселе жөнүндө байкап көрдүм. Спортчуга баардык шарттар бар болгондуктан, алар да мүнөздүү режим түзүшүп, ал калыптан чыкпаганга аракет калышат экен. Маселен, үч маал күчтүү тамактанышат, үч маал машыгат. Жумасына бир жолу эс алып, саунага тердеп, жеңилдешет. Кока-Кола ичкенге тыюу салынган, бизде андай тартип жокко эсе.
-Чет эл деп калдың. Аттуу-баштуу оюнчулар менен бир командада ойногуң келеби?
- Бул ар бир спортчунун тилеги болсо керек. Мисалы, Американы жайына коелу. Москва, Санкт-Петербург шаарларында 5 миңден ашуун эл баткан стадиондорунда күйөрмандар кылкылдап, сүрөөнчүлөп турса, оюнчуга эмне деген дем, шык берип турат эле. Ал жерде атактуу команда менен карсылдашып, атактуу оюнчуну "мыш" кылып алдап өтүп, топту алкакка секирип барып, төбөдөн салып жиберсең эмне деген керемет, эмне деген сыймык. Айтып болбойт.




Футбол
"Дордой-Динамо" алтынчы ирет чемпион
15-ноябрь күнү борборубуздагы "Спартак" стадионунда өлкө чемпионун аныктоочу оюн өттү. "Алтын таймашка" аттанган командалардын бирөөсү буга чейин республиканын 5 жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамосу" болсо, экинчиси - быйылкы жылдын кубогун жеңип алган Канттын "Абдыш-Атасы" эле.Топ тоголок дегендей, адистер күн мурун тиги же бу команда чемпион болот деп так кесе айтпаганы менен теңиртоолуктардын тажрыйбасы жана команда даярдыктары бир карыш өйдө турганын моюнга алуу керек эле. Эсеп 3:2 менен "дордойлуктардын" пайдасына чечилип, өлкөнүн алты жолку чемпиону болуп калды. Татыктуу иретте.

Азия оюндары
Кендирди кескен каражат
Въетнамда жабык имарат астында өтүүчү III Азия оюндарына кендирди кескен каражат айынан кыргыз жергесинен баардык спортчулар бара албады. Бирок, жеңген спортчуларбыз бар экенине кубанып турабыз. Мында балбандарыбыз Салават уулу Темирлан менен Арсений Фуфачев экөө күрөш жаатында сөзгө алынаарлык иш кылды. Экөө тең бирден алтын, бирден күмүш медалды мойнуна илишти.

Эрежесиз эр уруш
Азия чемпиондугу үчүн
21-ноябрь күнү валетудо жааты боюнча, эки салмак ченинде Азия чемпиондугу үчүн чоң таймаш болгону турат. Кыргыз эр уруш балбандарынан Актилек Асанов (75 кг.) менен Кылыч Саркарбаев (95 кг.)экөө намыстарына бек туруу иретинде рингге чыгышат. Азия алкагынан бир топ балбандар Бишкекти көздөй келатышат. Мелдеш олимпиада тартибинде өтөт. Утканың мөрөйдү көздөй, утулганың үйдү көздөй деген кеп.



Волейбол
С.Чокморовдун жаркын элесине арналып
СССРдин Эл артисти, КРнын Эл сүрөтчүсү, КР спортунун чебери Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналып, эл аралык турнир өттү. Салтка айланып, 18-жолкусу, агабыздын 70-жылдыгына багышталды. Бир жума созулган мелдештин финалына Казакстандан келген Чымкенттин "Казыгурт" командасы менен "Солвейг-спорт" курамы чыкты. Мелдеш жыйынтыгында 3:1 эсебинде бүтүп, казак коноктор экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орун үчүн "Алай" менен "Папан-Курулуш" клубдары чыгып, "Папан-Курулуш" командасы күчтүү экенин тастыктады.

Дзюдо
Жаштардан тыңчыкмалар Ливанда
Бейрут шаарында жаштар арасында Азия биринчилиги өттү. 55 мамлекет катышкан бул мелдеште биздин тыңчыкмалар бир күмүш, үч коло медалды багындырып кайтышты. Алар: Шекербек уулу Алишер (66 кг.) - күмүш, Бакытбек уулу Арген (42 кг.), Жаныбек уулу Руслан (66 кг.), Болот Токтогонов (66 кг.) - коло.

Бокс
Мэнни Пакьяону ким токтотот?
WВО жаатынын жарым орто салмак чени боюнча чемпиондук титулу үчүн чоң таймаш болуп өттү. Пуэрторикалык Мигель Котто деген мушкер филиппиндик атагы айды жанган Мэнни Пакьяо менен рингге чыккан. Чемпиондук кемер кур үчүн салгылаш 12 раунд созулуп, Мигель Котто техникалык нокаут менен жеңилген. Мэнни бүгүнкү күндө өз салмак чениндеги дүйнө алкагындагы жеңилбес мушкерлердин бирөөсү. Эми муну ким токтотот?